Баягы эле күчүмдү ыйдан чыгарып жатам, көзүмдүн жашы өзүнчө эле куюлуп, ичимдеги болгон букту, ызаны тышка алып чыгып жаткандай, өпкө- өпкөмө батпай ,жаш баладай ыйладым.

Караңгы түндүн кунарсыз коюнунда, жапжалгыз калгандай, дүйнөм ээнсирейт.Айланам: - Сага чала - дегендей, үнсүз табалап, тунжурайт. Бир жылуулук издеп жүргөн жүрөгүм, бүгүн мүздай муздап , жашоонун кызыгы токтогондой, эч нерсенин кереги жоктой , өз өкүнүчүнө, өз арманына уугуп, сыздайт. Кечөө эле ичи толо сүйүү, мээрим болсо, , бүгүн анын баары тоңуп, таштай катып калган сыяктуу сыздайт. . Кайран көңүлүм, канча жолу калдың экен, канча жолу суук сөздөрдү сиңире албай, соолудуң экен, канча жолу кайра тирилдиң ,тилиндиң, чөктүң экен. Жан дүйнөмдүн оорусунан онтоп, салбыраган көңүлүмдүн көлдөй көз жашы, жүзүмдү бүгүн дагы жууду, Дегеле бул жашоодо , жандалбастаган жан дүйнөнүн үнүн уга турчу адам болобу..Ошол адам сен дебедим беле , жаңылдымбы, кантип , жүрөгүм , ички туюмум адаштыбы, эмнеге унчукпайсың , кенедей болсо да мага болгон сезимиң жок беле , мен деле сен үчүн көптүн бири белем , бирок сен мен үчүн баардыгы болчусуң,ар күнкү ууртумдагы кубанычым, тоскоолдуктарга тоо болуп бере турган күчүм , жашоого дем берип турган жарыгым сыяктанчусуң.Көрсө баары жөн гана закым , куру кыялдар менен убактылуу элестер беле. Кантип эле жүрөгүңдө мага деген кичине сезим болбоду, кантип эле мен сага кайдыгер катардагы бирөө болдум. Жок мен азыр деле ишенбейм, сен эки жүздүү эмессиң, сен менин элесимде,жүрөгүмдө жакшым бойдон ,жаным бойдон калышыңды каалайм. Ансыз да оорукчан жүрөгүмө жүк эмес, кубат болуп,сокпой калганча бакыт болуп беришиңди каалайм. Менин каалоом сен үчүн оорбу, балким оор, балким мен сени кыйнап жатам ...
Ичимдеги бир үн каткырып ,шылдыңдап күлүп дагы, акылын айтып жаткандай -- ,,Дагы эле көңүлүң кала элекпи, эмнеге баркыңды билбегенге, кадырыңды кетирип жүрөсүң, өзүңдү карачы , соолубачы, өзүң үчүн жашачы, айланаңдагы бакытты көрбөй, кайдагы бир адамга байланбачы , ал сенин теңиң эмес, кое бер, жетишет, жакшы эле эзилдиң, болду, өз жашооңду кур, сен бактылуу болуга татыктуу жансың ,тур, күлүп-жайнап , жашооңду өз жолуң менен улант деп жатты. Оба, анын айткандары чындык, мен сени кандай сүйсөм,ошондой жек көрөм,эми сени кое берем, эми мен сага чоочунмун, бөлөкмүн, сен дагы өз теңиңди тап, бактылуу бол, менин бактысыз ,арсыз кур кыялдарым, кечиккен махабатым....

Баягы эле күчүмдү ыйдан чыгарып  жатам, көзүмдүн жашы өзүнчө эле куюлуп,  ичимдеги болгон букту,  ызаны тышка  алып чыгып жаткандай,  өпкө- өпкөмө батпай ,жаш баладай ыйладым. - 995428688217
gif
Баягы эле күчүмдү ыйдан чыгарып  жатам, көзүмдүн жашы өзүнчө эле куюлуп,  ичимдеги болгон букту,  ызаны тышка  алып чыгып жаткандай,  өпкө- өпкөмө батпай ,жаш баладай ыйладым. - 995428688473

Комментарии

Комментариев нет.