РЫСБАЕВ, профессор БААЛУУЛУКТАРЫБЫЗДЫ САКТАЙЛЫ!! 1. Үй-бүлѳнүн бактысы үчүн үч кабат үй эмес, сүйүү жана ынтымак баалуу; 2. Кызматта мансап эмес, кызмат ордуна татыктуу болуу жана акыйкаттуулук баалуу! 3. Достукта материалдык колдоодон- ишеним жана руханий жакындык баалуу; 4. Кошуналыкта - жылуу ымала жана жылуу чай баалуу; 5. Кийим кийүүдѳ кымбаттыгы эмес, жарашыктуулугу баалуу; 6. Билимде үйрѳнүп алуу эмес, турмушуна керектүүлүгү баалуу; 7. Тарбияда элиталык короздонуу эмес, улуттук нарктуулук баалуу; 8. Күрѳштѳ утуу эмес, оюндун эрежесин так сактоо баалуу; 9. Соодада байлыкка туйтунуу эмес, кардардын кѳңүлүн ыраазы кылуу; 10. Сүйүүдѳ күйүп жануу эмес, туруктуулук баалуу; 11. Тамак ичүүдѳ чүйгүндүүлүгү эмес, аш болумдуулугу баалуу; 12. Коомдук жайда расмийлүүлүктѳн маданияттуулук баалуу; 13. Маданияттуулукта куучирендик эмес, илбериңкилик баалуу; 14. Эл алдында сүйлѳѳдѳ популисттик эмес, чындыкты айтуу баалуу; 15. Мамиледе эсептешүү эмес, ак ниеттүүлүк баалуу; 16. Жүрүм-турумда ѳзүн кѳрсѳтүү эмес, жѳнѳкѳйлүк баалуу; 17. Чыгармачылыкта канча чыгарма жазууда эмес, элге жаккандыгы баалуу; 18. Той берүүдѳ мактануу эмес, бата алуу баалуу; 19. Аш берүүдѳ ашыкча чыгым эмес, соопчулук баалуу; 20. Сүйлѳѳдѳ кооз сѳздүүлүк эмес, тактык, таамайлык баалуу; 21. Аялзатынын сулуулугунан мээримдүүлүгү баалуу; 22. Эркектин сымбаттуулугунан ар-намыстуулугу баалуу: 23. Талашта тактык гана эмес, сабырдуулук баалуу; 24. Карыянын улуулугу гана эмес, нарктуулугу баалуу; 25. Жаштын жаштыгы эмес, уяттуулугу баалуу!!
ШАЙЫР КЫЗДАР
С.
РЫСБАЕВ, профессор
БААЛУУЛУКТАРЫБЫЗДЫ САКТАЙЛЫ!!
1. Үй-бүлѳнүн бактысы үчүн үч кабат үй эмес, сүйүү жана ынтымак баалуу;
2. Кызматта мансап эмес, кызмат ордуна татыктуу болуу жана акыйкаттуулук баалуу!
3. Достукта материалдык колдоодон- ишеним жана руханий жакындык баалуу;
4. Кошуналыкта - жылуу ымала жана жылуу чай баалуу;
5. Кийим кийүүдѳ кымбаттыгы эмес, жарашыктуулугу баалуу;
6. Билимде үйрѳнүп алуу эмес, турмушуна керектүүлүгү баалуу;
7. Тарбияда элиталык короздонуу эмес, улуттук нарктуулук баалуу;
8. Күрѳштѳ утуу эмес, оюндун эрежесин так сактоо баалуу;
9. Соодада байлыкка туйтунуу эмес, кардардын кѳңүлүн ыраазы кылуу;
10. Сүйүүдѳ күйүп жануу эмес, туруктуулук баалуу;
11. Тамак ичүүдѳ чүйгүндүүлүгү эмес, аш болумдуулугу баалуу;
12. Коомдук жайда расмийлүүлүктѳн маданияттуулук баалуу;
13. Маданияттуулукта куучирендик эмес, илбериңкилик баалуу;
14. Эл алдында сүйлѳѳдѳ популисттик эмес, чындыкты айтуу баалуу;
15. Мамиледе эсептешүү эмес, ак ниеттүүлүк баалуу;
16. Жүрүм-турумда ѳзүн кѳрсѳтүү эмес, жѳнѳкѳйлүк баалуу;
17. Чыгармачылыкта канча чыгарма жазууда эмес, элге жаккандыгы баалуу;
18. Той берүүдѳ мактануу эмес, бата алуу баалуу;
19. Аш берүүдѳ ашыкча чыгым эмес, соопчулук баалуу;
20. Сүйлѳѳдѳ кооз сѳздүүлүк эмес, тактык, таамайлык баалуу;
21. Аялзатынын сулуулугунан мээримдүүлүгү баалуу;
22. Эркектин сымбаттуулугунан ар-намыстуулугу баалуу:
23. Талашта тактык гана эмес, сабырдуулук баалуу;
24. Карыянын улуулугу гана эмес, нарктуулугу баалуу;
25. Жаштын жаштыгы эмес, уяттуулугу баалуу!!