Ата деген, Ата экен да аты улук,

Перзенти учун жер тырмалап, казып кудук.
Мээнет кылып, куну-туну баласы учун,
Алы жеткен жумушуна болуп кулдук.
Ата деген, Ата экен да озу улук,
Уул-кызым деп, жерге-сууга озун уруп.
Балдарынын амандыгын тилейт экен,
Турса дагы озу ооруп, алы куруп.
Бар болгула ! Балам деген атакелер,
Бала осуп, кызматынар кайтып келээр.
Аман болуп, ден-соолукта жургулочу,
Перзент учун чоон зоосунар, Ата силер.
Атакемдин бай болуусун эмес, бар болушун каалаймын !!!
Себеби Атам менин, жашоомдогу таалайым !!!
Балдарым деп, сенин чанын агарды !!!
Ар бир мунот, эмгегинди баалаймын !!!
Ачык болсун, дайым жайнап маанайын !!!
автор: Венера Мырзабекова

Комментарии

  • 10 сен 2016 12:32
    Соонун ыр жазылыптыр. Аталар жонундо ырлар аз жазылат. Аталарга арнап ушундай ырларды, асыл создорубузду жазып туралы. Аталарыбыз биздин бактыбызга аман болушсун!
  • 10 сен 2016 13:58
    Бул теманы окуп. Менин кичине кезим эстеп кеттим. Апам уйдо болбой калган кезде, мен мектепке жоноорумдо АТАМ чачымды оруп бантигимди тагып койчу эле. Апамдан коро атамды жакшы корчуумун. Атам да менин кызым деп мени озгочо жакшы корчуу. Укмуштуудай кундор
  • 10 сен 2016 14:02
    Кыярбас чынар терек дарагымсын. Кыйналсам кыяматта таярымсын. Кызына бассан, турсан бак тилеген. Кымбатым бак тилеген аярымсын.
  • 10 сен 2016 14:05
    АТА аска тоо, ЭНЕ боорундагы булак, БАЛА аларга жанып турган чырак. ИншаАллах аталарыбыз аман, энелерибиз эсен болсун. Аллахым ден соолуктарын берип, омурлорун узун кылсын.
  • 13 сен 2016 13:48
    Азамат Венера ото маанилуу жазылган, класс
  • 14 сен 2016 09:45
  • 20 окт 2019 21:22
    Ата деген, Ата экен да аты улук,
    Перзенти учун жер тырмалап, казып кудук.
    Мээнет кылып, куну-туну баласы учун,
    Алы жеткен жумушуна болуп кулдук.

    Ата деген, Ата экен да озу улук,
    Уул-кызым деп, жерге-сууга озун уруп.
    Балдарынын амандыгын тилейт экен,
    Турса дагы озу ооруп, алы куруп.

    Бар болгула ! Балам деген атакелер,
    Бала осуп, кызматынар кайтып келээр.
    Аман болуп, ден-соолукта жургулочу,
    Перзент учун чоон зоосунар,  Ата силер.

    Атакемдин бай болуусун эмес, бар болушун каалаймын !!!
    Себеби Атам менин, жашоомдогу таалайым !!!
    Балдарым деп, сенин чанын агарды !!!
    Ар бир мунот, эмгегинди баалаймын !!!
    Ачык болсун, дайым жайнап маанайын !!!

    автор:  Венера Мырзабекова
  • 8 ноя 2020 08:11
  • 4 фев 2022 13:42
    ️
  • 18 мая 2022 15:28