Комментарии
- 5 дек 2017 11:56Аэлита ТагаеваЭки жылга эмес жети жылга эркининен ажыратыш керек.
- 5 дек 2017 11:59The🏇producer🐏✔ Ofⓝⓤtheⓡⓘmusic♬ⓚJ-D♔⊿♪☜⚀Азамат Чубак Ажы. Ичи күйгөндөр туз жалагыла.
- 5 дек 2017 13:24Janybek KGАялдардын созун уга берсен башын ооруйт
- 5 дек 2017 13:34Рамазан РамазанОзунун уйлонгусу келип эле, уялганынан бут эркектерди олуктуруп, ансыз деле 1аял менен жашаган эркек аз
- 5 дек 2017 13:44Чынара ТуйгунбековнаОшондо кандай тыянак чыкты,сурактан кийин???Жыйынтыгы жок эле нерселерди жаза бербегилечи,жаздыңарбы аягына чейин жазгыла,тергөөнүн негизинде "мындай" деген чечим кабыл алынды деп!
Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
АРЗАН АВИАБИЛЕТТЕР - АМАНТЭС Авиа
2-аял алганы үчүн ЧУБАК АЖЫ СУРАК БЕРИП,,,,2-декабрь күнү Чубак Жалилов Ысык-Көлдө дарыланып жаткан жеринен Бишкекке алынып келип, Бишкек ШИИББинин тергөөчүлөрү тарабынан 6 саат суракка алынганын анын жактоочусу Акин Токталиевбилдирген.
Бүгүн ШИИББинин маалымат кызматынын жетекчиси Адыл Оморов Жалиловдун суракка алынышы боюнча комментарий берди. Анын айтымында, Жалиловдун 6 саат суракка алынганы боюнча жактоочунун маалыматы чындыкка жатпайт."Жалиловго карата кылмыш иши козголгон жок. Бирок өзүнүн айткан сөздөрү жана ага карата жазылган арыз боюнча тергөөчүлөрдүн суроолоруна жооп берди. 6 саат суракка алынганы калп, 3-4 сааттай гана сурак берди. Ошондой эле жактоочунун "бийлик өкүлдөрүнө көрсөтөбүз дешип видеого да тартышты" деп айтканы чындыкка жатпайт. Видео тергөө үчүн эле тартылат. Тергөө тарабынан эч кандай мыйзам бузуу катталган жок", - деди Оморов.Эске салсак, диний ишмер Чубак Жалилов өткөн жума элден келген суроолорго жооп берип жатып экинчи аял алганын айткан видеосун тараткан. Анын мындай аракети катуу талкууга алынып, "Кылым шамы" борборунун директору Азиза Абдирасулова диний ишмердин айткандарын текшерип чыгып, укуктук баа берүү боюнча Башкы прокуратурага кайрылган.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 153-беренесинде "Эки же андан көп аял алганда, башкача айтканда, жалпы чарба жүргүзүп, эки же андан көп аялдар менен чогуу жашаганда, эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат" деп жазылган.