Көрсө мен жалаң жакшы, Көркөмдүү нерселерди көрчү экемин, Эң жакын көрүп көбүн, Эмне айтса бардыгына көнчү экемин! Ошентип көнө берип,Обу жок көңүлүмдү бөлө берип, Жакыным дегендерди көптүрүпмүн! Кыйындык башка түштү, Кыялын билдим шондо көпчүлүктүн! Таарынбай калдым анан,Таш жолдо бара жатып калдыраган! Адам ал жалгыз туулуп, жалгыз өлөт, Анда не күйүп, бышып жанды чабам?! -дедим да өзүмдү өзүм, Көбүрөөк баштагыдан аяп калдым,Көңүлдү кир жугузбай карап калдым! Аралаш, бирок балдай таттуусунан, Ачуусу көп турмуштан сабак алдым. Нуркыз Рыскул кызы Суротто ырдын автору
АРЗАН АВИАБИЛЕТТЕР - АМАНТЭС Авиа
Көзүмдү турмуш ачты,
Көрсө мен жалаң жакшы,
Көркөмдүү нерселерди көрчү экемин,
Эң жакын көрүп көбүн,
Эмне айтса бардыгына көнчү экемин!
Ошентип көнө берип,Обу жок көңүлүмдү бөлө берип,
Жакыным дегендерди көптүрүпмүн!
Кыйындык башка түштү,
Кыялын билдим шондо көпчүлүктүн!
Таарынбай калдым анан,Таш жолдо бара жатып калдыраган!
Адам ал жалгыз туулуп, жалгыз өлөт,
Анда не күйүп, бышып жанды чабам?!
-дедим да өзүмдү өзүм,
Көбүрөөк баштагыдан аяп калдым,Көңүлдү кир жугузбай карап калдым!
Аралаш, бирок балдай таттуусунан,
Ачуусу көп турмуштан сабак алдым.
Нуркыз Рыскул кызы
Суротто ырдын автору