ТАРЫХ

Тарых боюнча тест 40 тапшырмадан турат.
Тесттин узактыгы 70 мүнөт.
Тест өз ичине тарыхтын эки бөлүмүнө: бүткүл дүйнөлүк тарых жана Кыргызстан тарыхы бөлүмдөрүнө кирген суроолорду камтыйт. Россиянын тарыхы боюнча суроолор « Бүткүл дүйнөлүк тарых» бөлүмүнө кирет.Сизге сунуш кылынган суроолор тарых боюнча мектеп программасынын жана мектеп окуу китептеринин негизинде түзүлгөн. Тарых боюнча тест төмөнкүлөрдү баалайт:
тарыхый булактарды жана фактыларды талдай билүүнү
тыянак чыгара билүүнү жана тарыхый окуялардын маанисин аныктай билүүнү
тарыхый карта менен жана тарыхый хронология менен иштей билүүнү
тарыхый окуялардан негизги жана экинчи катардагы нерселерди ажырата билүүнү
тарыхый фактыларды салыштыра билүүнү
тарыхтагы себеп – натыйжа байланыштарын түшүнө билүүнү
тарыхый процесстеги мыйзам ченемдүүлүктөрдү түшүнө билүүнү
Тестке даярданып жатканда мектеп программасынын төмөнкүдөй бөлүмдөрүнө көңүл буруңуз:
I Бөлүм. Бүткүл дүйнөлүк тарых
1. Киришүү
Тарыхый жыл санак
Тарыхта жылдарды саноо
Григориан календары
Мусулман жыл санагы
2. Байыркы дүйнөнүн тарыхы
Алгачкы жамааттык коом түзүлүшү
Неолит революциясы түшүнүгү
Чыгыштын байыркы цивилизациялары: Египет, Вавилон падышалыгы, Кытай, Индия
3. Антикалык цивилизациялар: Байыркы Греция жана Байыркы Рим
Антикалык полис
Демократия
Империя
Жарандык согуштар
Антикалык маданият
4. Орто кылымдар доору
Феодалдык жер ээлөөчүлүк
Феодалдык мыйзамдар
Феодалдык ич ара талаштар
Мамлекеттердин борбордоштурулуу процесси
Христианчылык жана Ислам
Шаар жана анын орто кылымдар үчүн мааниси
Орто кылымдардын маданияты: архитектура, сүрөт искусствосу, илим, китеп басып чыгаруу
5. Жаңы мезгил
Улуу географиялык ачылыштар
Революциялар өнүгүүнүн түрү катары
Революциялык кырдаалдар: себептер, натыйжалар, мааниси
Өнөр – жай революциясы жана индустрия цивилизациясынын калыптанышы
Жаңы мезгилдеги тарыхый өнүгүүнүн мыйзам ченемдүүлүктөрү жана өзгөчөлүктөрү
Империалисттик согуштар
6. Соңку жаңы мезгил – ХХ кылым
Дүйнөлүк согуштар
Социализм: социалистик революциялар, өлкөлөрдүн социалистик системасы, социалистик системанын кыйрашы
Эки системалуу дүйнө: “кансыз” согуш, жарыша куралдануу, согуштук жаңжалдар, эл аралык чыңалуунун бошоңдоосу
Дүйнөлүк кризис
Глобалдашуу процесси
II Бөлүм. Кыргызстан тарыхы.
1. Кыргызстандын байыркы тарыхы
Кыргызстан аймагындагы коло доору: андрон жана чуст археологиялык маданияттары
Эрте сак көчмөн союздары: чарбасы, коомдук түзүлүшү, маданияты
Усун жана Даван алгачкы мамлекеттери
Көчмөн жана отурукташкан маданияттардын өз ара аракеттешүүсү
2. Улуу Түрк кагандыгы жана анын мураскорлору
Түрктөрдүн этногенези
Улуу Түрк кагандыгынын түзүлүшү негизделиши
Он Ок Эли
Батыш – Түрк кагандыгы
Түргөш кагандыгы
Караханий кагандыгы
3. Кыргыздар жана Чыңгызхан урпактарынын мамлекети
Моңгол – татарлардын кыргыздарды жана Кыргызстан аймагын басып алышы
Моголистан мамлекети жана Амир Темир урпактары менен өз ара мамилелер
4. Кыргыздардын этногенези
Байыркы кыргыздар – генгүн
Енисей кыргыздары
Теңир тоодогу (Тянь – Шаньдагы ) кыргыз элинин калыпташы
5. XIV – XVIII кылымдардагы Кыргызстан
Кыргыз урууларын баш коштуруу, бириктирүү аракеттери
«Манас» эпосу
Жуңгар хандыгы жана Цин Кытайы менен күрөшүү
Кыргыздардын Кокон хандыгы менен болгонөз ара мамилелери
6. Кыргызстан Россиянын курамында
Кыргызстандын Россиянын курамына кирүүсү: кыргыз элчиликтери, кирүүнүн себептери жана жүрүшү,Түндүк жана Түштүк Кыргызстандын кошулуу өзгөчөлүктөрү, мааниси
Чарбадагы, турмуш – тиричиликтеги, коомдук түзүлүзштөгү, маданияттагы өзгөрүүлөр
1916 – жылкы көтөрүлүш
Кыргызстандын россиялык революцияларга катышуусу
Мамлекеттик курулуш
Кыргызстандын Улуу Атамекендик согуштагы жеңишке кошкон салымы
Кыргызстандын совет мезгилиндеги экономикалык, саясий жана маданий өнүгүүсүнүн өзгөчөлүктөр
7. Эгемендүү Кыргызстан
Эгемендүүлүктүн орношу
Саясий жана экономикалык чөйрөлөрдөгү өзгөрүүлөр
Кыргызстан жана эл аралык коомдоштук
Кыргыз диаспорасы
Жалпы сунуш – кеңештер :
Суроонун алдындагы киришүү текстин көңүл коюп окуп чыгыңыз. Анда камтылган маалыматты талдоо туура жоопту аныктап табуу үчүн өтө маанилүү.
Суроонун кандайча берилгендигине өзгөчө назар салыңыз, айрыкча суроодо тигил же бул нерсеге эмне мүнөздүү ЭМЕС экендигин аныктоо талабы коюлганда. Суроонун үстүндө ойлонуп жатканда суроо менен туура жооп бири –бирине логикалык жактан шайкеш келиши керектигин эске алуу зарыл.__

Комментарии