Бул хадисте айтылган төрт иш-аракет өзүнө көп жакшылыктарды камтыган:
1. Башты жана андагы мүчөлөрдү күнөөлөрдөн сактоо. Башты күнөөлөрдөн сактоо деген – бул андагы жайгашкан көздү харамды кароодон сактоо, кулакты арамды угуудан сактоо, тилди күнөөлөрдү сүйлөөдөн сактоо, жүздү күнөөгө бет алуудан сактоо. Эгерде кимде уяттуулук болсо, анда бул сыпат сөзсүз түрдө анын дене-мүчөлөрүн күнөөдөн сактоого түрткү берет. 2. Курсакты жана андагы мүчөлөрдү күнөөлөрдөн сактоо. Курсакты күнөөлөрдөн сактоо деген – бул харам тамакты жегенден сактануу, ич көңдөйүндө жайгашкан жүрөктү жакшы сыпаттарга жетүү аркылуу бузукулуктан, күнөөлөрдөн сактоо жана жыныс мүчөлөрдү зынаадан сактоо. Кимдин жүрөгү уяттуулукка толгон болсо, анда ал адам өзүнүн баш жана курсак көңдөйүндөгү жайгашкан бардык дене-мүчөлөрүн күнөөлөрдөн жана бузукулуктан сактоого шашылат. 3. Өлүмдү жана чирип жок болууну эстөө. Кимде-ким өзүн бул дүйнөдө түбөлүк калбастыгын жана бир күнү башына өлүм келээрин, кабырда денеси чирип жок болоорун жана Кыяматта Алланын алдында бул дүйнөдөгү ар бир кылган иши үчүн жооп берерин эстесе, анда ал күнөө кылуудан уялып, Алла Тааланын жана Анын Элчисинин буйруктарын аткарууга умтулат. 4. Дүйнө кооздуктарына азгырылбоо. Бул дүйнө жашоосу убактылуу гана ырахат жана андагы кооздуктар да чектелүү. Алла Таала бул жашоону адамдарды сынаш үчүн жараткан. Ким бул жашоонун убактылуу кооздуктарына жана күнөөлөргө азгырылбастан Алланын берген неъматтарын Анын жолунда ибадат кылууга жумшаган болсо, анда ал адам руханий жактан да, материалдык жактан да кем болбойт жана Акыретте Алланын ыраазычылыгына жетет.
Хадистер (КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕ)
Бул хадисте айтылган төрт иш-аракет өзүнө көп жакшылыктарды камтыган:
1. Башты жана андагы мүчөлөрдү күнөөлөрдөн сактоо.
Башты күнөөлөрдөн сактоо деген – бул андагы жайгашкан көздү харамды кароодон сактоо, кулакты арамды угуудан сактоо, тилди күнөөлөрдү сүйлөөдөн сактоо, жүздү күнөөгө бет алуудан сактоо. Эгерде кимде уяттуулук болсо, анда бул сыпат сөзсүз түрдө анын дене-мүчөлөрүн күнөөдөн сактоого түрткү берет.
2. Курсакты жана андагы мүчөлөрдү күнөөлөрдөн сактоо.
Курсакты күнөөлөрдөн сактоо деген – бул харам тамакты жегенден сактануу, ич көңдөйүндө жайгашкан жүрөктү жакшы сыпаттарга жетүү аркылуу бузукулуктан, күнөөлөрдөн сактоо жана жыныс мүчөлөрдү зынаадан сактоо.
Кимдин жүрөгү уяттуулукка толгон болсо, анда ал адам өзүнүн баш жана курсак көңдөйүндөгү жайгашкан бардык дене-мүчөлөрүн күнөөлөрдөн жана бузукулуктан сактоого шашылат.
3. Өлүмдү жана чирип жок болууну эстөө.
Кимде-ким өзүн бул дүйнөдө түбөлүк калбастыгын жана бир күнү башына өлүм келээрин, кабырда денеси чирип жок болоорун жана Кыяматта Алланын алдында бул дүйнөдөгү ар бир кылган иши үчүн жооп берерин эстесе, анда ал күнөө кылуудан уялып, Алла Тааланын жана Анын Элчисинин буйруктарын аткарууга умтулат.
4. Дүйнө кооздуктарына азгырылбоо.
Бул дүйнө жашоосу убактылуу гана ырахат жана андагы кооздуктар да чектелүү. Алла Таала бул жашоону адамдарды сынаш үчүн жараткан. Ким бул жашоонун убактылуу кооздуктарына жана күнөөлөргө азгырылбастан Алланын берген неъматтарын Анын жолунда ибадат кылууга жумшаган болсо, анда ал адам руханий жактан да, материалдык жактан да кем болбойт жана Акыретте Алланын ыраазычылыгына жетет.