*🎞Болочок энеге болумдуу насаат*🎞

Шарият аялды эне жана үй кожейкеси кылып койду. Ошондуктан, ага кош бойлуулукка, бала төрөөгө, бала эмизүүгө, бала тарбиялоого жана идда сактоого тиешелүү өкүмдөрдү алып келди. Мына ушулардын бирөөнү да эркек кишиге тиешелүү кылып койгон жок. Себеби, бул өкүмдөр – аял катары аялга гана тиешелүү өкүмдөр.
Ушуга карай, кош бойлуулук, бала төрөө, бала эмизүү жана бала тарбиялоодон турган жаш наристенин жоопкерчилигин аялга жүктөдү. Бул жоопкерчилик – аял иштеринин эң маанилүүсү жана анын жоопкерчиликтеринин эң чоңу. Мына ушундан аял затынын чыныгы иши эне жана үй- кожейкеси болуу деп айтуу мүмкүн болот. Анткени, бул иште адам тукумун сактоо бар. Ушуга караганда, ачык жана анык болушу керек болгон нерсе, аялга кандай иштер тапшырылбасын жана ага кандай милдеттер жүктөлбөсүн, анын негизги милдети энелик жана балдарды тарбиялоо болуп калышы керек.
Ушундан улам аялдын (эненин) эң жогорку милдеттеринин бири - коомго жарактуу үммөттү даярдап чыгаруу. Азыркы күндө пайгамбарыбыздын (Аллахтын салам жана салаваты болсун) үммөттү ушунчалык кордукка түшүп кетти, жадагалса өз үй - бүлөсүн арам нерседен коргой албай, арамды көрсө кайтарбай турган жана арамды кыла турган болуп калышты.
Бүгүнкү күндө энелерибиз базарда, мигрант болуп, балдарын багуу үчүн чет мамлекеттерде иштөөгө аргасыз болушууда. Натыйжасында бала кароосуз калды, эненин негизги милдети калып кетти. Ислам менен тарбияланган, Исламга кызмат кыла турган, Ислам үчүн жанын, малын, убактысын курмандыкка чала турган такыба, аалым, хафиз, , момундардын амирлери болгон адилеттүү сахабалардай, табийиндер жана таба табайиндер сыяктуу үммөттөрдү жетиштирип баруубуз керек эле.
Азыр болсо балдарга кантип көп акча табуунун жолдорун, кантип президент, депутат, бизнесмен болууну үйрөтөбүз. Бирок баланын эки дүйнөсүнө тең жакшы болгон иштерди үйрөтпөйбүз. Себеби энелер, биз өзүбүз билбейбиз...
Андыктан коомдун бузулушу жана оңдолушунда эненин ролу абдан чоң, ошондуктан ар кандай күчтүү эркектин артында - аял турат.
Аялдын негизги иши аял эне жана үй- кожейкеси экендиги, аял бир гана ушул ишке чектелген жана андан башка иштерди аткаруудан кайтарылган дегени эмес. Балким, анын мааниси: Алла Таала аялды эркек ага сүйөнүшү жана андан урпак көрүшү үчүн жаратты. Алла Таала айтат: "Алла силер үчүн өзүңөрдөн жуптарды жаратып, жуптарыңардан силер үчүн балдарды, неберелерди пайда кылды". [16:72] "Анын аяттарынын (дагы бири) – Ал Зат силер кадыржам болушуңар үчүн өзүңөрдөн жуптарды жаратышы". [30:21]
Шариат кечке эле аялды үйдө отурууга үндөбөдү, тескерисинче аялды дагы даават кылууга, динин үйрөнүү үчүн илим алууга жана арамга алып барбай турган иштерин кылууга руксат берди.
БОЛОЧОК ЭНЕГЕ БОЛУМДУУ НАСААТ
Бала төрөлгөндөн кийин ата-эне кандай иштерди аткаруусу керек. Мына ушуга учкай токтолобуз.
1. Исламда бала төрөлгөндөн соң ата-энеге милдет болгон биринчи амал – анын кулагына азан чакыруу. Азан чакырууда баланын оң кулагына азан, сол кулагына коомат айтылат. Бул амал баланын эң биринчи уккан сөзү Алланын аты болуусу үчүн аткарылат. Демек, өз убагында кулагына азан айтылбай калган балдарга кийин чоңоюп калганда азан айтуунун кажети жок. Ошондой эле ат коюу менен азан чакыруунун бири-бирине байланышы жок. Болгону азан чакыргандан кийин балага ат коюлгандыктан, “азан чакырып, ат коюу” деген каада сакталып калган. Кээ бир аалымдар төрөлгөн баланын кулагына айтылган азан, анын жаназасына тиешелүү деп айтышкан. Бул “төрөлгөн жандын өлмөгү бар” деген маанини туюндурат. Б.а. төрөлгөн адам эртедир-кечтир өлөт, анын өмүрү азан менен намаздын ортосундай аз гана мөөнөт.
2. Ата-эне балага жакшы ат коюусу керек. Анткени, адамдын ысымы аны менен өлгөнгө чейин чогуу болот. Анын жашоо-турмушуна да таасирин тийгизүүсү мүмкүн. Ошондой эле Кыяматта ар бир адам ысымы менен чакырылат. Ошондуктан, балага ат койгон мезгилде Аллага жага турган, шариятка туура келе турган аттарды тандоо керек. Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун): “Ысымдардын жакшысы – Абду (кул) деген сөз менен башталган аттар” – деп айткан. Дагы бир хадисте “Ысымдардын жакшысы – Абдулла, Абдурахман сыяктуу ысымдар” – деп айтылган. Мындан сырткары эл арасында кеңири тараган кулакка уккулуктуу, жакшы маанидеги аттарды да коюуга болот. Мындай аттарды кийин өзгөртүүнүн да кажети жок. Капыр, динсиз адамдардын ысымы же шариятка туура келбеген ысымдар коюлуп калса гана аны өзгөртүү керек.
3. Жетинчи күнү ымыркайдын чачын алып, анын салмагындай алтынды же анын баасын садага кылуу керек. Бул садага баланын ар кандай жамандыктардан сак болуусуна себеп болот деген айтымдар бар.
4. Наристе уул болсо эки, кыз болсо бир кой союп жентек той берүү керек. Бул амалды бала төрөлгөндөн жети, он төрт же жыйырма бир күн өткөндөн кийин аткаруу сүннөткө ылайык болот.
5. Эркек баланы чоңоюп кеткенге чейин сүннөткө олтургузуу керек.
6. Эне баланы эки жыл эмизүүсү керек. Эненин сүтү бала үчүн табылгыс азык жана дары болот. Эне сүтүн эмген баланын энеге мээрими болот. Энесине мээримсиз болгон балдардын көбү эне сүтүн толук кандуу эмген эмес. Ошондуктан, эне өз мээримин балага сүт аркылуу өткөрүүсү керек.

Комментарии