✨ ХАДИСТЕР жана БАЯНДАР

Жаназа намазы кантип окулат?
Категория: Гусул-хайз-даарат-намаз » Намаз
Жаназа намазынын төрт такбиринин ар бири бир рекет сыяктуу. Төрт такбирдин биринчисинде гана кулак кагылат. Андан кийинки үч такбирде кулак кагылбайт.
1. Биринчи такбир алынып, эки кол байланганда «Субханака» окулат жана окулуп жатканда «важалла санаука» дагы кошо айтылат. Фатиха окулбайт.
2. Экинчи такбирден кийин тэшеххудда отурганда окула турчу салаваттар б.а., «Аллахумма салли» менен «Барик» дубалары окулат.
3. Үчүнчү такбирден кийин жаназа дубасы окулат. (Жаназа дубасынын ордуна «Раббана атина» же «Аллахуммагфирлах» деп айтуу, же болбосо дуба ниети менен Фатиха-и шарифа окууга да болот).
4. Төртүнчү такбирден кийин дароо оңго жана солго салам берилет. Салам берип жатканда жаназага жана жамаатка ниет кылынат.
Имам төрт такбирди жана эки ийинге берилген саламды гана үнүн чыгарып айтат, калганын ичинен окуйт.
Жаназа намазы окулгандан кийин табыттын жанында дуба кылуу туура эмес. Макрух болот.
➖➖➖➖➖➖➖
✨ХАДИСТЕР жана БАЯНДАР
🔶Одноклассники: https://ok.ru/hadis 🔶ватсап: 0550931216 / 0776752526
🔶ватсап: кыздар үчүн 0778326193
Фейзбук: https://www.facebook.com/groups/502716206585592/

Комментарии

Комментариев нет.