Тема: Сүткордук Кимдир бирөөнү өзүңө күнкор кылып алгың келсе, ага сүткордукка акча бер. (Жөөт накылы) Учурда чатыр тигип, учурунда сүткор банктан акча алып, анын туумун төлөй албай, жашаган үйүн алдырып, заманасы куурулган кудайдын пенделери баарыбыздын көңүл чордонунда. Таң эрте багымдатка даарат алып жатып, күндүн сууп калганын баамдап, чатырдагы кандаштарым эмне болду экен деп убайымданам. Эмнеге ушул акыбалга түштүк? Эмнелер себеп болду? Эмне кылуу керек? - деген суроолор эбедейимди эзип бүттү. Ыйык Куранда сүткордук туурасында мына булар айтылат: 1. "Сүткордук кылган пенделер Кыямат күнү кабырдан жин тийип, эси эндиректеген, акыл-учунан кеткен абалда турушат. Бул азап алардын: Сүткордук соода сыяктуу эле адал! - деген сөзү үчүн, ынанымы үчүн, кылган сүткордугу үчүн берилген жаза. Чындыгында Кудай Таала сооданы адал кылып, сүткордукту арам кылган. Кимге Кудай Тааланын: "Сүткордук арам!" - деген буйругу жеткен учурда, Кудайдын буйругуна моюн сунуп, сүткордукту токтоткон болсо, буйрук жеткенге чейинки жегени Кудай Таала тарабынан кечирилет. Мындан кийинки иштери Кудайга тапшырылат. Ал эми ким кайрадан сүткордукка кайтса тозок ээлеринен болот. Андайлар тозокто түбөлүккө калышат". (Бакара сүрөсү, 275-аят) 2. "Алла Таала сүткордук менен тапкан дүйнөнү берекесиз кылат, Кудай жолунда берген жакшылык-садагаларга береке жазат. Алла Таала өзү берген ниймат-жакшылыктарга шүгүр келтирбеген күнөөкөрлөрдү Өзүнө дос тутпайт". (Бакара сүрөөсү, 276-аят) 3. "Эй момундар! Кудайдан корккула! Эгер момун болсоңор сүткордуктан калган мал-дүнүйөнү таштагыла, албагыла! Эгер сүткордуктан түшкөн пайдаңарды таштабасаңар, Алла Таалага жана Анын пайгамбарына согуш ачкан болосуңар! Эгер сүткордуктан тообо кылсаңар карызга берген малыңардын өзү (башкы капиталыңар) өзүңөргө калат. б.а. берген акчаңардын өзүн проценти жок өндүрүп алганга, аны жегенге уруксат берилет. Сүткордук кылып, пайыз албагандыгыңыз үчүн карыз алган адамга зулумдук жеткирбейсиз, ошондой эле пайыз албастан, өз акчаңыздын өзүн эле колуңузга алган себеп сизге да зулумдук жеткирилбейт. Эгер карыз алган адам колунда жок болсо, тээ мүмкүнчүлүгү жетип тапканга чейин мүмкүнчүлүк-мөөнөт бергиле! Эгер акыреттин пайдасын билип, карызыңарды кечип, аларга садага кылып жиберген болсоңор, анда, ого эле пайдалуу ишти кылган болоор элеңер! Кудай Тааланын алдына эсеп-кысап үчүн чогула турган күндөн корккула! Ал күнү ар пенденин кылганына жараша жазасы толук берилет. Аларга ал күнү зулумдук кылынбайт!". (Бакара сүрөсү,278-281-аяттар) Пайгамбарыбыз (алайхис салам) сүткордук, пайызга акча алуу туурасында мындай дейт: 1. "Пайыз жегендер (мис: банк ээлери), пайыз жедиргендер (сүткордукка акча алгандар), алардын бул иш чарасына күбө болгондор (банкта иштегендер), документтештирип жазгандар (нотариуста иштегендер, катчылар) Мухаммаддын (алайхис салам) тили менен каргышка калгандар!". (Абдулла бин Масууддан, Мунзирий, Таргииб 35). 2. "Жок кылып, балакетке учуратуучу жети нерседен сактангыла!. 1. Ширк келтирүү, 2. Сыйкырчылык, 3. Бейкүнөө адам өлтүрүү, 4. Жетимдин малын жемек, 5. Сүткордук кылып пайыз акча жемек". (Абу Хурайрадан. Бухари 2766, Муслим 89). 3. "Кыямат келээрдин алдында сүткордук, зынакордук (ойноштук), арак ичүү жашырылбастан эле ачыкка чыгып калат". (Ибн Масууддан. Мунзирий. Таргииб 39). Азыркы учурда үч чоң күнөөнү катары менен аткарып жаткандар коомубузда толтура. Арак ичүүнү, никесиз кыз жандоону маданияттын жетишкендиги катары көрүп, пайыз менен акча берген банк уюштуруп, сүткордук менен иштегенди өнөр көргөндөр кадимкидей көрүнүшкө айланды. Ал эле эмес улут каймагы, журт уюткусу делгендер, бизди жаркын келечекке жетелейт деген "элита" быз да мындан куру эмес экендиги баарыбызга маалым. Чырак күйгүзүп издебесең деле, бутуңа чалынат. Деги эле бизде эсил кайран алтымышынчы жылдардагыдай элитабыз барбы деген суроо аргасыздан жыртаят. Аалымдарыбыз, динбашыларыбыз (расмий муфтий, казы болуу шарт деле эмес дин башы болуу үчүн, болгону калайыкка диндин жолун туура көргөзүп, эл эмне дейт дебестен, Кудай эмне дейт деп акыйкаттын жолун ачынбастан айткан болуу керек, Мисалы Кардаавини, Гүленди ким андай эмес дей алат, экөө тең бир да мечитке расмий имам эмес, муфтий болмок турсун) кантти экен бул өзөндө: 1. Бин Аббастан:"Кимде-ким сүткордук менен алектенсе, андан суурулуп чыкпаса, мусулмандардын башчысы (президенти, падышасы) тобо кылууга мүмкүнчүлүк берсин. Эгер тобо кылбаса, кылыч менен башын кыя чапсын!". (Шархут таргииб 315). 2. Имам Ахмад, Каьб Ахбардан: "Отуз үч жолу зына кылуу мен үчүн, сүткордук-пайыз менен табылган бир дирхамды (200 сомдун тегереги) жегенге караганда жакшыраак". (Мунзирий, Таргииб 37). "Ойнош оттон ысык, боктон сасык" - деп Инжилде айтылгандай, зынакорлук канчалык чоң күнөө экенин баарыбыз билебиз. Бойдок болсо жүз балак урулуп, үй-бүлөлүү болсо таш бараңга алынуусу милдеттүү экендиги жалпыга маалым. Эми ошол сүткордук-пайыз, арам акча Имам Каьб Ахбар үчүн ошондон да жийиркеничтүү экендигин баяндайт. Сүткордуктун зыян-залалдары: 1. Пайыздан жеген пенде Алла Тааланын ырайымынан куулуп, Кудай Таалам менен Пайгамбарыбыздын (алайхис салам) согушуна дуушар болот. 2. Сүткордук коомду ичтен иритип, ыпыластыкты жайылтат. Үй-бүлөлөрдү бузуп, наристелердин көз жашын агызат. 3. Пайыз жеген, жедирген, күбө болгон, каттап-жазгандардын баары тең күнөөкөр. Кудай Тааламдын мээриминен кур жалак калышат. 4. Пайгамбарыбыз көп учурда сойкулук менен сүткордукту катар коюп, экөөнүн тең коомдук маанидеги күнөөлөр катары айыптайт. Коомго терс таасирин тийгизет. 5. Сүткордук жүрөктөргө кекчилдикти алып келет, жүрөктөн мээрим менен жумшактыкты алып кетет. Бир туугандык сезимдер жабыркап, кайрымдуулук мамиле өлөт. Коомчулуктун биримдиги бузулат. 6. Сүткор пенденин напси-дитинин ыпыластыгы, жакшылыгы жок экендиги белгилүү болот. 7. Сүткор пенденин акыбети оңбойт. Акырында "Фатаава Куброо" китебинен (29418-419) төмөнкү фатваны чыпчыргасын коротпой көчүрөйүн: «Мусулмандардын жетекчилигинин мойнундагы сүткорлор маселесиндеги алгачкы милдет, аларды кылган иштери үчүн ылайык көргөн жазага тартуусу керек. Андан соң карыз алган "бересе" пенде алган карызынын өзүн гана төлөөгө милдеттендирилет. Сүткордук эсеп менен пайда болгон пайызын жокко чыгарат. Эгерде "бересе" адам колу жука болуп кыйналып турса, анын жеке муктаждыгынан сырткары мүлкү болсо, анын эсебинен мүмкүнчүлүк болушунча төлөйт». Кудайым шерменде кылбасын. Ажобуздун көңүлүнө, депутаттарыбыздын акылына салып, пайыз туурасында Улук Кудайга жага турган мыйзам кабыл алууну насип эткей. Улук Кудайымдын жолун тутунбасак, азабына дуушар болуу коркунучу бар. Кээ бирибиз ал азаптан айтып кутулабыз, кээ бирибиз мыйзам жазмайынча, кээ бирибиз аны аткармайынча кутула албайбыз. Антпесек балдарыбыз ыйлаганы ыйлаган, аялдарыбыз боздогону боздогон бойдон кала берет. Алланын каарына калган коомдорго (жөөт дегеним) кулак кести кул боло бергенибиз боло берген. Шейх Чубак ажы Жалилов 🕌 Хидаят жолу тайпасы Бизге катталыңыздар⤵ Whatsapp: +996 702 01 64 87 Инстаграм: Instagram.com/hidayat.jolu Одноклассники: https://www.ok.ru/hidayatjolu Ютуб каналыбыз: https://youtu.be/wBZLWJHdutI
Хидаят Жолу
Бисмиллаахир Рохмаанир Рохиим
Тема: Сүткордук
Кимдир бирөөнү өзүңө күнкор кылып алгың келсе, ага сүткордукка акча бер. (Жөөт накылы)
Учурда чатыр тигип, учурунда сүткор банктан акча алып, анын туумун төлөй албай, жашаган үйүн алдырып, заманасы куурулган кудайдын пенделери баарыбыздын көңүл чордонунда.
Таң эрте багымдатка даарат алып жатып,
күндүн сууп калганын баамдап, чатырдагы кандаштарым эмне болду экен деп убайымданам. Эмнеге ушул акыбалга
түштүк? Эмнелер себеп болду? Эмне кылуу керек? - деген суроолор эбедейимди эзип
бүттү. Ыйык Куранда сүткордук туурасында мына булар айтылат:
1. "Сүткордук кылган пенделер Кыямат күнү кабырдан жин тийип, эси эндиректеген, акыл-учунан кеткен абалда турушат. Бул азап алардын: Сүткордук соода сыяктуу эле адал!
- деген сөзү үчүн, ынанымы үчүн, кылган сүткордугу үчүн берилген жаза. Чындыгында Кудай Таала сооданы адал кылып, сүткордукту арам кылган. Кимге Кудай Тааланын: "Сүткордук арам!" - деген буйругу жеткен учурда, Кудайдын буйругуна моюн сунуп, сүткордукту токтоткон болсо, буйрук жеткенге чейинки жегени Кудай Таала тарабынан кечирилет. Мындан кийинки иштери Кудайга тапшырылат. Ал эми ким кайрадан сүткордукка кайтса тозок ээлеринен болот. Андайлар тозокто түбөлүккө калышат". (Бакара сүрөсү, 275-аят)
2. "Алла Таала сүткордук менен тапкан
дүйнөнү берекесиз кылат, Кудай жолунда
берген жакшылык-садагаларга береке жазат. Алла Таала өзү берген ниймат-жакшылыктарга шүгүр келтирбеген күнөөкөрлөрдү Өзүнө дос тутпайт". (Бакара сүрөөсү, 276-аят)
3. "Эй момундар! Кудайдан корккула! Эгер
момун болсоңор сүткордуктан калган мал-дүнүйөнү таштагыла, албагыла! Эгер сүткордуктан түшкөн пайдаңарды таштабасаңар, Алла Таалага жана Анын пайгамбарына согуш ачкан болосуңар! Эгер сүткордуктан тообо кылсаңар карызга берген малыңардын өзү (башкы капиталыңар) өзүңөргө калат. б.а.
берген акчаңардын өзүн проценти жок өндүрүп алганга, аны жегенге уруксат берилет. Сүткордук кылып, пайыз албагандыгыңыз үчүн карыз
алган адамга зулумдук жеткирбейсиз, ошондой эле пайыз албастан, өз акчаңыздын өзүн эле колуңузга алган себеп сизге да зулумдук жеткирилбейт. Эгер карыз алган адам колунда жок болсо, тээ мүмкүнчүлүгү жетип тапканга чейин мүмкүнчүлүк-мөөнөт бергиле! Эгер акыреттин пайдасын билип, карызыңарды кечип, аларга садага кылып жиберген болсоңор, анда, ого эле пайдалуу ишти кылган болоор элеңер! Кудай Тааланын алдына эсеп-кысап үчүн чогула турган күндөн корккула! Ал күнү ар пенденин кылганына жараша жазасы толук берилет. Аларга ал күнү зулумдук кылынбайт!".
(Бакара сүрөсү,278-281-аяттар)
Пайгамбарыбыз (алайхис салам) сүткордук, пайызга акча алуу туурасында мындай дейт:
1. "Пайыз жегендер (мис: банк ээлери), пайыз жедиргендер (сүткордукка акча алгандар), алардын бул иш чарасына күбө болгондор (банкта иштегендер), документтештирип жазгандар (нотариуста иштегендер, катчылар) Мухаммаддын (алайхис салам) тили менен каргышка калгандар!". (Абдулла бин
Масууддан, Мунзирий, Таргииб 35).
2. "Жок кылып, балакетке учуратуучу жети нерседен сактангыла!. 1. Ширк келтирүү,
2. Сыйкырчылык, 3. Бейкүнөө адам өлтүрүү,
4. Жетимдин малын жемек, 5. Сүткордук
кылып пайыз акча жемек". (Абу Хурайрадан. Бухари 2766, Муслим 89).
3. "Кыямат келээрдин алдында сүткордук, зынакордук (ойноштук), арак ичүү жашырылбастан эле ачыкка чыгып калат".
(Ибн Масууддан. Мунзирий. Таргииб 39).
Азыркы учурда үч чоң күнөөнү катары менен аткарып жаткандар коомубузда толтура.
Арак ичүүнү, никесиз кыз жандоону маданияттын жетишкендиги катары көрүп, пайыз менен акча берген банк уюштуруп, сүткордук менен иштегенди өнөр көргөндөр кадимкидей көрүнүшкө айланды. Ал эле эмес улут каймагы, журт уюткусу делгендер, бизди жаркын келечекке жетелейт деген "элита"
быз да мындан куру эмес экендиги баарыбызга маалым. Чырак күйгүзүп издебесең деле,
бутуңа чалынат. Деги эле бизде эсил кайран алтымышынчы жылдардагыдай элитабыз
барбы деген суроо аргасыздан жыртаят.
Аалымдарыбыз, динбашыларыбыз (расмий муфтий, казы болуу шарт деле эмес дин башы болуу үчүн, болгону калайыкка диндин жолун туура көргөзүп, эл эмне дейт дебестен, Кудай эмне дейт деп акыйкаттын жолун ачынбастан айткан болуу керек, Мисалы Кардаавини, Гүленди ким андай эмес дей алат, экөө тең
бир да мечитке расмий имам эмес, муфтий болмок турсун) кантти экен бул өзөндө:
1. Бин Аббастан:"Кимде-ким сүткордук
менен алектенсе, андан суурулуп чыкпаса, мусулмандардын башчысы (президенти, падышасы) тобо кылууга мүмкүнчүлүк
берсин. Эгер тобо кылбаса, кылыч менен
башын кыя чапсын!". (Шархут таргииб 315).
2. Имам Ахмад, Каьб Ахбардан: "Отуз үч жолу зына кылуу мен үчүн, сүткордук-пайыз менен табылган бир дирхамды (200 сомдун тегереги) жегенге караганда жакшыраак". (Мунзирий, Таргииб 37). "Ойнош оттон ысык, боктон сасык"
- деп Инжилде айтылгандай, зынакорлук канчалык чоң күнөө экенин баарыбыз билебиз. Бойдок болсо жүз балак урулуп, үй-бүлөлүү болсо таш бараңга алынуусу милдеттүү
экендиги жалпыга маалым. Эми ошол сүткордук-пайыз, арам акча Имам Каьб
Ахбар үчүн ошондон да жийиркеничтүү экендигин баяндайт.
Сүткордуктун зыян-залалдары:
1. Пайыздан жеген пенде Алла Тааланын ырайымынан куулуп, Кудай Таалам менен Пайгамбарыбыздын (алайхис салам)
согушуна дуушар болот.
2. Сүткордук коомду ичтен иритип,
ыпыластыкты жайылтат. Үй-бүлөлөрдү
бузуп, наристелердин көз жашын агызат.
3. Пайыз жеген, жедирген, күбө болгон, каттап-жазгандардын баары тең күнөөкөр.
Кудай Тааламдын мээриминен кур жалак калышат.
4. Пайгамбарыбыз көп учурда сойкулук
менен сүткордукту катар коюп, экөөнүн
тең коомдук маанидеги күнөөлөр катары
айыптайт. Коомго терс таасирин тийгизет.
5. Сүткордук жүрөктөргө кекчилдикти алып келет, жүрөктөн мээрим менен жумшактыкты алып кетет. Бир туугандык сезимдер
жабыркап, кайрымдуулук мамиле өлөт. Коомчулуктун биримдиги бузулат.
6. Сүткор пенденин напси-дитинин ыпыластыгы, жакшылыгы жок экендиги белгилүү болот.
7. Сүткор пенденин акыбети оңбойт.
Акырында "Фатаава Куброо" китебинен (29418-419) төмөнкү фатваны чыпчыргасын коротпой көчүрөйүн: «Мусулмандардын жетекчилигинин мойнундагы сүткорлор маселесиндеги алгачкы милдет, аларды
кылган иштери үчүн ылайык көргөн жазага тартуусу керек. Андан соң карыз алган "бересе" пенде алган карызынын өзүн гана төлөөгө милдеттендирилет. Сүткордук эсеп менен пайда болгон пайызын жокко чыгарат. Эгерде "бересе" адам колу жука болуп кыйналып турса, анын жеке муктаждыгынан сырткары мүлкү болсо, анын эсебинен мүмкүнчүлүк болушунча төлөйт».
Кудайым шерменде кылбасын. Ажобуздун көңүлүнө, депутаттарыбыздын акылына салып, пайыз туурасында Улук Кудайга жага турган мыйзам кабыл алууну насип эткей. Улук Кудайымдын жолун тутунбасак, азабына
дуушар болуу коркунучу бар. Кээ бирибиз ал азаптан айтып кутулабыз, кээ бирибиз мыйзам жазмайынча, кээ бирибиз аны аткармайынча кутула албайбыз. Антпесек балдарыбыз ыйлаганы ыйлаган, аялдарыбыз боздогону боздогон бойдон кала берет. Алланын каарына калган коомдорго (жөөт дегеним) кулак кести кул боло бергенибиз боло берген.
Шейх Чубак ажы Жалилов
🕌 Хидаят жолу тайпасы
Бизге катталыңыздар⤵
Whatsapp:
+996 702 01 64 87
Инстаграм: Instagram.com/hidayat.jolu Одноклассники: https://www.ok.ru/hidayatjolu Ютуб каналыбыз: https://youtu.be/wBZLWJHdutI