(1957-1609) Тарыхчы жана географ Өмүр баяны Катиб Челеби 1609-жылы февраль айында Стамбулда туулган. Өз аты Мустафа болгон. Атасынын аты Абуллах. Атасы Эндерун мектебинде окуп, Осмон империясынын армиясында курал ташуучу болуп кызмат кылган. Катиб Челеби 5 жашка толгондо атасы ал үчүн Иса Халифа ал-Кырымды устат катары дайындаган. Алгачкы диний маалыматтарды андан үйрөнөт. Устаты ажыга баргандыгы жана Халифа аты менен таанымал болгондугу үчүн Катиб Челеби да "Ажы Халифа" деген лакабы менен айтылчу. Иляс устат жана Бугру Ахмад Челеби сыяктуу устаттардан да сабак алган. Атасы Катиб Челеби 14 жашка толгондо айына 14 дирхемден берип, жанына алган. Анатолия Бухгалтердик Калемине кирип, математика жана диван жазуусун үйрөнгөн. Кийинчерээк атасы менен бирге аскердик жортуулдарга катышкан.1626-жылы атасынан жана абасынан ажыраган. Атасынын досу Мехмед халифа тарабынан Сувари Калемине кызматкер болуп дайындалган. Милдети учурунда Стамбулда да Кадызаада Мехмет төрөнүн сабактарына катышууну улантат. Ошол эле мезгилде жаңы жортуулдарга чыгат. Эң акыркы болуп Мурат lV 1635-жылы уюштурган Реван жортуулуна катышкандан кийин өмүрүн илимге арнады. 1637-жылы аябай бай тууганы дүйнөдөн кайткандан кийин анын мурасы Челебиге калат. Мунун 300 000 акчасына ар түрдүү китептерди алат. Фатих мечити жана Явуз Султан Салим мечитинин арасында жайгашкан урандыга учураган үйүн кайрадан курдурган. Ошол эле жылы үйлөнөт. Мындан ары мамлекет милдетинен алыстаган Катиб Челеби Стамбулда ошол доордун белгилүү аалымдарынан ар түрдүү темаларда сабак алып жатып, илимий чыгармаларды жаза баштаган. Кечежи Мехмет Эфенди жана молдо Велиюддин сыяктуу устаттардан сабак алган. Айрыкча мусулман, бирок түпкү теги француз Мехмет Ихласиден француз жана латын тилдерин үйрөнгөн. Жадакалса анын жардамы менен латын тилиндеги чыгармасын түрк тилине которгон. Өмүрүнүн орто ченинде Катиб Челеби толук илим инсаны болуп жетишкен. Бир жагынан кээ бир шакирттерине сабак берген, башка жактан да кээде таң атканча илимий эмгектерди окуган, жазган, изилдеген. Бирок ооруга чалдыгып, ошол себептүү медицинага жана фармацевтикага кызыккан. Катиб Челеби 1657-жылы 6-октябрда жаш мезгилинде Стамбулда көз жумган. Күмбөзү Зейрек мечитине жакын жердеги мүрзөдө. --уландысы бар... 📗"ИЛИМДЕ ИЗ КАЛТЫРГАН МУСУЛМАН ИЛИМПОЗДОР" китебинен "Ихсан Медиа" порталы
Ихсан Медиа
=КАТИБ ЧЕЛЕБИ=
(1957-1609)
Тарыхчы жана географ
Өмүр баяны
Катиб Челеби 1609-жылы февраль айында Стамбулда туулган. Өз аты Мустафа болгон. Атасынын аты Абуллах. Атасы Эндерун мектебинде окуп, Осмон империясынын армиясында курал ташуучу болуп кызмат кылган. Катиб Челеби 5 жашка толгондо атасы ал үчүн Иса Халифа ал-Кырымды устат катары дайындаган. Алгачкы диний маалыматтарды андан үйрөнөт. Устаты ажыга баргандыгы жана Халифа аты менен таанымал болгондугу үчүн Катиб Челеби да "Ажы Халифа" деген лакабы менен айтылчу. Иляс устат жана Бугру Ахмад Челеби сыяктуу устаттардан да сабак алган.
Атасы Катиб Челеби 14 жашка толгондо айына 14 дирхемден берип, жанына алган. Анатолия Бухгалтердик Калемине кирип, математика жана диван жазуусун үйрөнгөн. Кийинчерээк атасы менен бирге аскердик жортуулдарга катышкан.1626-жылы атасынан жана абасынан ажыраган. Атасынын досу Мехмед халифа тарабынан Сувари Калемине кызматкер болуп дайындалган. Милдети учурунда Стамбулда да Кадызаада Мехмет төрөнүн сабактарына катышууну улантат. Ошол эле мезгилде жаңы жортуулдарга чыгат. Эң акыркы болуп Мурат lV 1635-жылы уюштурган Реван жортуулуна катышкандан кийин өмүрүн илимге арнады. 1637-жылы аябай бай тууганы дүйнөдөн кайткандан кийин анын мурасы Челебиге калат. Мунун 300 000 акчасына ар түрдүү китептерди алат. Фатих мечити жана Явуз Султан Салим мечитинин арасында жайгашкан урандыга учураган үйүн кайрадан курдурган. Ошол эле жылы үйлөнөт. Мындан ары мамлекет милдетинен алыстаган Катиб Челеби Стамбулда ошол доордун белгилүү аалымдарынан ар түрдүү темаларда сабак алып жатып, илимий чыгармаларды жаза баштаган. Кечежи Мехмет Эфенди жана молдо Велиюддин сыяктуу устаттардан сабак алган. Айрыкча мусулман, бирок түпкү теги француз Мехмет Ихласиден француз жана латын тилдерин үйрөнгөн. Жадакалса анын жардамы менен латын тилиндеги чыгармасын түрк тилине которгон.
Өмүрүнүн орто ченинде Катиб Челеби толук илим инсаны болуп жетишкен. Бир жагынан кээ бир шакирттерине сабак берген, башка жактан да кээде таң атканча илимий эмгектерди окуган, жазган, изилдеген. Бирок ооруга чалдыгып, ошол себептүү медицинага жана фармацевтикага кызыккан. Катиб Челеби 1657-жылы 6-октябрда жаш мезгилинде Стамбулда көз жумган. Күмбөзү Зейрек мечитине жакын жердеги мүрзөдө.
--уландысы бар...
📗"ИЛИМДЕ ИЗ КАЛТЫРГАН МУСУЛМАН ИЛИМПОЗДОР" китебинен
"Ихсан Медиа" порталы