--Уландысы... Катиб Челеби чыгармаларынын көпчүлүгүн тарых жана география боюнча жазган. Буга кошумча библиография менен да алектенген. Жалпы 21 чыгармасы бар. Бизге калтырган маанилүү жана белгилүү эмгектеринен кээ бирлерин кыскача билдире кетсек. 1. Таквимут - таварих (Тарыхтардын календары). Аз. Адамдан 1648-жылга чейинки тарыхый окуяларды түшүндүргөн китеп болуп эсептелет. 2. Жиханнума (Аалам китеби). Катиб Челебинин эн белгилүү китептеринин бири болуп саналат. География менен байланыштуу. Бул чыгарманын кээ бир бөлүмдөрү башка тилдерге да которулган. 3. Кашфуз-зунун (Күмөндөрдүн жок болуусу). Аты эң узун болгон чыгарма, көбүнчө ушул кыскартылган ат менен белгилүү. Катиб Челеби бул эмгегин жыйырма жылда жазып бүткөн. Бул чыгармада өзүнүн дооруна чейин жашаган аалымдардын өмүрү жана чыгармалары жөнүндө билдирген. Мунун ичинде 14 500 чамасындагы китеп жана 10 000 ге жакын жазуучу таанытылган. Бул китеп Чыгыш жана Батышта азыркы күндө да эң негизги булак катары колдонулат. Немец илимпозу Г. Флугель 1815-1858-жылы бул китепти латын тилине которгон жана арабча тексти менен бирге жарыкка чыгарган. Илимий ишмердүүлүгү жана илимге кошкон салымы Дүйнөдөн эрте көз жумган Катиб Челеби көбүнчө көлөмдүү эмгектерди жазган жана өзүнүн ой-пикирлери аркылуу Осмон империясына чоң салымын кошкон. Туруктуу бир медресе илимин албаса да, өзүнүн аракет жана шыктуулугу менен өз доорунун Чыгыш жана Батыш илимин жана балким, Атилладан кийинки латынча үйрөнгөн түрк болуп саналат. Француз мусулман Шайх Мухаммед Ихластын жардамы менен Батыш географиясы жана тарыхына байланыштуу кээ бир чыгармаларды түрк тилине которгон "Кичине область" бул эмгектеринин бири. Жиханнума аттуу эмгегинин биринчи бөлүмүндө эски астрономия жана космология түшүнүгү менен бирге Коперниктин астрономиясы жөнүндө сөз кылат. Бирок ал убакта Коперник түшүнүгү Батышта да тартыш маселе болгондуктан, Катиб Челеби да бул боюнча өз оюн так билдире алган эмес. Себеби, Коперник моделине ал убакта физикалык таянуулар жана далилдер жетиштүү эмес эле. Андыктан Ньютонду күтүү керек эле. Катиб Челебинин тарых менен байланыштуу эң маанилүү көз карашы катары тарыхты өтмүштүн илими эмес, келечектин илими катары эсептегени болуп эсептелет. Ал Ибн Халдун сыяктуу тарыхый окуяларды түшүндүрүү үчүн Эмне үчүн принцибине таянуу керектигин айткан. Өзгөчө "Мизанул Хакк" аттуу китебинде өз доорундагы диний жана саясий проблемалар менен да алектенген. Осмон империясынын артка кетүү себептерин илимий жактан изилдеп, өзүнүн туура ой-пикирлерин билдирген. Бирок 19-кылымга чейин маани берилген эмес. Булардын дагы бир себеби, философия жана ушул сыяктуу илимдердин керектүүлүгүнө маани берилбей калган. 📗"ИЛИМДЕ ИЗ КАЛТЫРГАН МУСУЛМАН ИЛИМПОЗДОР" китебинен "Ихсан Медиа" порталы
Ихсан Медиа
=КАТИБ ЧЕЛЕБИ=
--Уландысы...
Катиб Челеби чыгармаларынын көпчүлүгүн тарых жана география боюнча жазган. Буга кошумча библиография менен да алектенген. Жалпы 21 чыгармасы бар. Бизге калтырган маанилүү жана белгилүү эмгектеринен кээ бирлерин кыскача билдире кетсек.
1. Таквимут - таварих (Тарыхтардын календары). Аз. Адамдан 1648-жылга чейинки тарыхый окуяларды түшүндүргөн китеп болуп эсептелет.
2. Жиханнума (Аалам китеби). Катиб Челебинин эн белгилүү китептеринин бири болуп саналат. География менен байланыштуу. Бул чыгарманын кээ бир бөлүмдөрү башка тилдерге да которулган.
3. Кашфуз-зунун (Күмөндөрдүн жок болуусу). Аты эң узун болгон чыгарма, көбүнчө ушул кыскартылган ат менен белгилүү. Катиб Челеби бул эмгегин жыйырма жылда жазып бүткөн. Бул чыгармада өзүнүн дооруна чейин жашаган аалымдардын өмүрү жана чыгармалары жөнүндө билдирген. Мунун ичинде 14 500 чамасындагы китеп жана 10 000 ге жакын жазуучу таанытылган. Бул китеп Чыгыш жана Батышта азыркы күндө да эң негизги булак катары колдонулат. Немец илимпозу Г. Флугель 1815-1858-жылы бул китепти латын тилине которгон жана арабча тексти менен бирге жарыкка чыгарган.
Илимий ишмердүүлүгү жана илимге кошкон салымы
Дүйнөдөн эрте көз жумган Катиб Челеби көбүнчө көлөмдүү эмгектерди жазган жана өзүнүн ой-пикирлери аркылуу Осмон империясына чоң салымын кошкон. Туруктуу бир медресе илимин албаса да, өзүнүн аракет жана шыктуулугу менен өз доорунун Чыгыш жана Батыш илимин жана балким, Атилладан кийинки латынча үйрөнгөн түрк болуп саналат. Француз мусулман Шайх Мухаммед Ихластын жардамы менен Батыш географиясы жана тарыхына байланыштуу кээ бир чыгармаларды түрк тилине которгон "Кичине область" бул эмгектеринин бири.
Жиханнума аттуу эмгегинин биринчи бөлүмүндө эски астрономия жана космология түшүнүгү менен бирге Коперниктин астрономиясы жөнүндө сөз кылат. Бирок ал убакта Коперник түшүнүгү Батышта да тартыш маселе болгондуктан, Катиб Челеби да бул боюнча өз оюн так билдире алган эмес. Себеби, Коперник моделине ал убакта физикалык таянуулар жана далилдер жетиштүү эмес эле. Андыктан Ньютонду күтүү керек эле.
Катиб Челебинин тарых менен байланыштуу эң маанилүү көз карашы катары тарыхты өтмүштүн илими эмес, келечектин илими катары эсептегени болуп эсептелет. Ал Ибн Халдун сыяктуу тарыхый окуяларды түшүндүрүү үчүн Эмне үчүн принцибине таянуу керектигин айткан. Өзгөчө "Мизанул Хакк" аттуу китебинде өз доорундагы диний жана саясий проблемалар менен да алектенген. Осмон империясынын артка кетүү себептерин илимий жактан изилдеп, өзүнүн туура ой-пикирлерин билдирген. Бирок 19-кылымга чейин маани берилген эмес. Булардын дагы бир себеби, философия жана ушул сыяктуу илимдердин керектүүлүгүнө маани берилбей калган.
📗"ИЛИМДЕ ИЗ КАЛТЫРГАН МУСУЛМАН ИЛИМПОЗДОР" китебинен
"Ихсан Медиа" порталы