--Уландысы... Эмгектери: Насируддин Туси диний, философиялык жана илимий эмгектерди калтырып кеткен. Алардын көпчүлүгү арабча жана бир канча бөлүгү фарсча жазылып, сексенден ашуун эмгеги бар. Булардын бир бөлүгү өзүнө таандык. Ал эми калгандары мурунку аалымдардын эмгектерине жазган шархтар. а) Диний жана философиялык китептери 1. Тажридуль-акаид. Калам тууралуу. Бул эмгеги көпкө чейин Осмон империясынын медреселеринде окуу китеби катары окутулган. 2. Ахлак-и Насири. Адеп ахлакка байланыштуу эң белгилүү эмгек. Бул эмгек 1232-жылы жазылган. 3. Тасаввурат. Калам жана философияга байланыштуу. б) Математикага жана астрономияга тиешелүү китептери. 1. Зижи Илхани (Илхандыктардын астрономиялык жадыбалдары). Насируддин Тусинин эң маанилүү астрономия китеби. 1271-жылы жазылып бүткөн. 2. Тазкира фил илим-хайа (Астрономиянын эскертмелери). Астрономияга байланыштуу. 3. Тахри-и Алмагести. Птоломейдин "Алмагест" аттуу эмгегине шарх жана астрономияга байланыштуу. 4. Такрир-и оклидиси (Евклид геометриясын жаңыдан жазуу). Геометрияга байланыштуу эң маанилүү эмгеги. Евклиддин "Геометриянын элементтери" аттуу эмгегине аныктамалар. 5. Шеклул-кутта (кесиндилердин теоремасы). Тригонометрияга байланыштуу баалуу эмгектеринен. Илимий ишмердүүлүгү жана илимге кошкон салымы Насируддин Туси Xlll кылымдын алдыңкы катардагы акылмандарынын катарын толуктайт. Философия жактан Ибн Синанын окуусунан. Философия жаатында анчалык жаңылык жок. Насируддин Тусинин негизги кошкон эң чоң салымы: эки параллель сызык чексизге чейин узартылганда кесилишпейт аттуу Евклиддин 5-эрежеси туура эмес экендигин айтып, Лобачевский жана Рейман сыяктуу заманбап математиктердин анти-евклиддик гоеметриялык түшүнүккө башчылык кылгандыгы болуп эсептелет. Насируддин Туси аалам жана асман телолору сүйрү жана тегерек экендигинен улам, көп убакытка параллель сызыктары кесилише тургандыгын көрсөтүп берген. Насируддин Туси синус таблицаларынын эсептөөлөрүндө жаңы методдору өнүктүргөн. Көптөгөн тарыхчылар Насируддин Туси жана аны менен биргеликте иш алып барган аалымдардын ойлоп табышкан асман телолоруна таандык моделдери Византия аркылуу Коперникке (1473-1543) жеткендигин жана Коперниктин Күн асман телолорунун борбору деген моделине башкы булак катары колдонгондугун айтышкан. Тусинин Батышка таасирин тийгизген "Тазкира фил-илмил хайа" китебиндеги геометриялык фигуралар ал жакта "Туси Икилиси" деп таанылат. Себеби Туси бардык планеталар бир типтеги жана баары бүтүн болуп кыймылда деп эсептеген. Туси Птоломейдин моделдери геометриялык жактан ката экендигин да көрсөткөн. Тусинин дагы бир башка салымы - тригонометриялык үч бурчтуктун тегиздиктеринин берилген элементтери аркылуу белгисиз элементтеринин баалуулуктарынын аныктамасы жана эсептери болуп саналат. Тусиден мурда буларды Беруни кылган. Бирок грек окумуштуулары маселелер менен эч алектенишкен эмес. 📗"ИЛИМДЕ ИЗ КАЛТЫРГАН МУСУЛМАН ИЛИМПОЗДОР" китебинен "Ихсан Медиа" порталы
Ихсан Медиа
=НАСИРУДДИН ТУСИ=
--Уландысы...
Эмгектери:
Насируддин Туси диний, философиялык жана илимий эмгектерди калтырып кеткен. Алардын көпчүлүгү арабча жана бир канча бөлүгү фарсча жазылып, сексенден ашуун эмгеги бар. Булардын бир бөлүгү өзүнө таандык. Ал эми калгандары мурунку аалымдардын эмгектерине жазган шархтар.
а) Диний жана философиялык китептери
1. Тажридуль-акаид. Калам тууралуу. Бул эмгеги көпкө чейин Осмон империясынын медреселеринде окуу китеби катары окутулган.
2. Ахлак-и Насири. Адеп ахлакка байланыштуу эң белгилүү эмгек.
Бул эмгек 1232-жылы жазылган.
3. Тасаввурат. Калам жана философияга байланыштуу.
б) Математикага жана астрономияга тиешелүү китептери.
1. Зижи Илхани (Илхандыктардын астрономиялык жадыбалдары).
Насируддин Тусинин эң маанилүү астрономия китеби. 1271-жылы жазылып бүткөн.
2. Тазкира фил илим-хайа (Астрономиянын эскертмелери). Астрономияга байланыштуу.
3. Тахри-и Алмагести. Птоломейдин "Алмагест" аттуу эмгегине шарх жана астрономияга байланыштуу.
4. Такрир-и оклидиси (Евклид геометриясын жаңыдан жазуу). Геометрияга байланыштуу эң маанилүү эмгеги. Евклиддин "Геометриянын элементтери" аттуу эмгегине аныктамалар.
5. Шеклул-кутта (кесиндилердин теоремасы). Тригонометрияга байланыштуу баалуу эмгектеринен.
Илимий ишмердүүлүгү жана илимге кошкон салымы
Насируддин Туси Xlll кылымдын алдыңкы катардагы акылмандарынын катарын толуктайт. Философия жактан Ибн Синанын окуусунан. Философия жаатында анчалык жаңылык жок. Насируддин Тусинин негизги кошкон эң чоң салымы: эки параллель сызык чексизге чейин узартылганда кесилишпейт аттуу Евклиддин 5-эрежеси туура эмес экендигин айтып, Лобачевский жана Рейман сыяктуу заманбап математиктердин анти-евклиддик гоеметриялык түшүнүккө башчылык кылгандыгы болуп эсептелет. Насируддин Туси аалам жана асман телолору сүйрү жана тегерек экендигинен улам, көп убакытка параллель сызыктары кесилише тургандыгын көрсөтүп берген. Насируддин Туси синус таблицаларынын эсептөөлөрүндө жаңы методдору өнүктүргөн. Көптөгөн тарыхчылар Насируддин Туси жана аны менен биргеликте иш алып барган аалымдардын ойлоп табышкан асман телолоруна таандык моделдери Византия аркылуу Коперникке (1473-1543) жеткендигин жана Коперниктин Күн асман телолорунун борбору деген моделине башкы булак катары колдонгондугун айтышкан. Тусинин Батышка таасирин тийгизген "Тазкира фил-илмил хайа" китебиндеги геометриялык фигуралар ал жакта "Туси Икилиси" деп таанылат. Себеби Туси бардык планеталар бир типтеги жана баары бүтүн болуп кыймылда деп эсептеген. Туси Птоломейдин моделдери геометриялык жактан ката экендигин да көрсөткөн.
Тусинин дагы бир башка салымы - тригонометриялык үч бурчтуктун тегиздиктеринин берилген элементтери аркылуу белгисиз элементтеринин баалуулуктарынын аныктамасы жана эсептери болуп саналат. Тусиден мурда буларды Беруни кылган. Бирок грек окумуштуулары маселелер менен эч алектенишкен эмес.
📗"ИЛИМДЕ ИЗ КАЛТЫРГАН МУСУЛМАН ИЛИМПОЗДОР" китебинен
"Ихсан Медиа" порталы