27 июн 2020

=ЯКУТ=

(1179-1229)
Географ жана тарыхчы
Өмүр баяны
Якут ар-Руми (Анатолиялык Якут) болуп таанылган Якуттун толук аты Шихабеддин Абу Абдуллах Якут ибн Абдуллах аль-Хамави. Якуттун араб тектүү болбогондугу маалым. Кээ бир Батыш окумуштуулары анын 1179-жылы Византиянын аймагындагы араб болбогон ата-энеден туулгандыгын белгилешет. Анын беш же алты жашында кул болуп Багдадга жөнөтүлүп, ал жакта сатылганын айтышат.
Мунун туура-жаңылыштыгы талаштуу. Бирок сөздү узартпастан айтсак, Якуттун якут түрктөрүнөн болуусу ыктымал. Анын "Руми" болуп эскерилүүсү византиялык болуусунун себебинен эмес. Арабдар Рум жери дегенде ал замандарда алгач Анатолиянын көпчүлүк бөлүгү түрктөрдүн кол астында эле. Айрыкча "Руми" лакабы менен аталган бир топ түрк жана мусулман окумуштуулары да бар.
Кул болуп жөнөтүлүүсү да талаштуу. Айтылганына караганда кул болгон Якут Аскар ибнун-Наср аль-Харови аттуу бир соодагерге сатылат. Аскар анын "Куран" үйрөнүүсүн бекемдеген жана арабчаны үйрөткөн. Кийин аны соода ишинде колдонот. Соода кызматынан улам жаш Якут түндүк шаарларды кезет.
Буга карабастан Якуттун жакшы илим алгандыгы да маалым. Багдад же башка барган маанилүү шаарларда заманынын окумуштууларынан түрдүү сабактарды алат.
Якуттун 1199- же 1200-жылы кожоюнунан же шеригинен айрылгандыгы айтылат. Бул окуядан баштап Якуттун Дамасктан Хорасанга, түрдүү өлкөлөргө жана шаарларга баруу менен ал жерлердеги окумуштуулар менен таанышкандыгы жана китепканаларда изилдөө жүргүзгөндүгү белгилүү. Бул арада Якуттун 1201-1209-жылга мурунку окумуштуулардын китептерин иреттүү жазып, чогултуу менен алектенгендиги да белгиленет.
Якут жашоосунун акыркы бөлүгүн эмгек жазуу менен өткөргөн жана 1229-жылы 12-август күнү Дамаскта көз жумат.
Эмгектери:
Якуттун жыйырмадан ашык эмгек жазгандыгы белгилүү. Бирок булардын кээ бирлери гана азыркы күнгө чейин жеткен. Кээ бир эмгектерин кыскача тааныштыралы.
1. Мужамул-булдан (Өлкөлөр сөздүгү). Шаарлардын географиясы жана тарыхы тууралуу маанилүү эмгек. Якут бул эмгегин жазууну 1218-жылы Мервде баштап, 1224-жылы Дамаскта бүтүргөн. XlX кылымда Батыш окумуштуулары эмгекке көңүл бурушкан жана жарым же толук түрдө түрдүү Батыш тилдерине которушкан.
2. Мажамуш -шуара (Акындар антологиясы). Саясат жана тарых менен байланышкан бул иши да бизге жеткен эмес.
Илимий ишмердүүлүгү жана илимге кошкон салымдары.
Бизге жеткен эмгектерине караганда Якуттун география жана тарыхчы болгондугу маалым, анын берген маалыматтары тек гана мурда жазылган эмгектерден алынбастан, өзүнүн байкоолоруна жана тапкандарына таянып берилген. Өзгөчө шаарлардын аттары жөнүндө берген маалыматтары маанилүү. Өлкөлөрдүн жана шаарлардын калкынын саны боюнча берген маалыматтары да кызыктырат. Айрыкча минералдар ж.б жер астындагы булактар жөнүндө берген маалыматтары заманынын экономикалык жашоосун түшүнүү үчүн маанилүү.
📗"ИЛИМДЕ ИЗ КАЛТЫРГАН МУСУЛМАН ИЛИМПОЗДОР"китебинен
"Ихсан Медиа" порталы

Комментарии

Комментариев нет.