27 дек 2023

*ИСТИГФАР АЙТУУ*

*Истигфар айтуу* – бул Аллахтан кечирим суроо. Ал эми Аллахтын кечирими – пенденин күнөөлөрүн жашырып, күнөөлөрүнүн кесепетинен сактоосу. Истигфар туурасында Курандын көп жеринде келген. Кээде буйрук иретинде келсе, кээде истигфар айткандарды мактап келген. Ал эми кээде Аллах таала истигфар айткандарды кечирерин айтып эскерет. Бул аятта Аллах таала истигфар айтууга буйруп мындай деп айткан:
*“Аллахтан кечирим сурагыла! Чындыгында, Аллах – Кечирүүчү, Ырайымдуу”.* (Муззаммил сүрөсү, 20-аят)
Аллах таала бул аятта истигфар айткандарды:
*“Таң заарда истигфар айткандар”* – деп мактайт.
Ал эми бул аятта Аллах таала истигфар айткандардын күнөөлөрүн кечирерин айтып мындай дейт:
*“Кимде-ким жаман иш кылып же өзүнө зулумдук (күнөө) кылып, андан кийин Аллахтан кечирим сураса, анда Аллахты Кечирүүчү, Ырайымдуу экендигин табат”.* (Ниса сүрөсү, 110-аят)
Эскертүү! Кылган күнөөлөргө чын ыкластан кечирим сурап, Аллахка экинчи ал күнөөлөргө кайтпайм деп истигфар айтканда гана Аллах таала күнөөлөрдү кечирет. Ал эми “азыр күнөө кыла берейин, кийин Аллахтан кечирим сурап тообо кылам” да деп күнөө иштерди кыла берүү – чындыгында, бул Аллахка жакпаган, Аллахтын каарын келтире турган иш.
*ИСТИГФАР АЙТУУНУН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ*
Куранда жана сүннөттө истигфар менен тообо бирге айтылса, истигфар тил менен айтыларын түшүндүрөт.
Ал эми тообо болсо жүрөк жана дене-мүчөлөр аркылуу күнөөдөн арылуу менен орундалат. Истигфар айтуунун өкүмү дуба кылуунун өкүмү сыяктуу. Аллах кааласа, истигфар айткан адамдын истигфарын кабыл кылып, анын күнөөлөрүн кечирет. Айрыкча күнөөлөрүнө өкүнүп айткан болсо, же дуба кабыл болуучу убактарда айткан болсо. Мисалы, таң заарда же парз намаздардан кийин ж.б.
Даанышман Лукман баласына:
*“Эй, балам! Тилиңди “Аллахумма-гфирлии” (О, Аллах! Мени кечир) деп айтып жүрүүгө көндүр. Чындыгында, Аллах (белгилеген) убактар бар, ал убактарда кылынган дубаларды Аллах куру кайтарбайт”* – деп айткан.
Хасан ал-Басри, рахимахуллах, айтты:
*“Үйүңөрдө, дасторконуңарда, көчөңөрдө, базарда, чогулушуңарда жана кайда болсоңор да истигфарды көп айткыла. Анткени силер Аллахтын кечирими качан түшөрүн билбейсиңер”.*
Ибну Умар, радыяллаху анхума, айтты:
*“Чындыгында, биз бир эле мажлисте олтурганда Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдын: “Раббигфирлии уа туб аълайя, иннака Антат-Тавваабул Гофуур” (Оо, Раббим! Мени кечир жана тообомду кабыл кыл. Чындыгында, Сен тооболорду Кабыл кылуучу, Кечирүүчүсүң) – деп, жүз жолу айтканын санайт элек”.* (Имам Ахмад)
Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:
*“Аллахка ант! Чындыгында, мен бир күндө жетимиш жолудан көп Аллахка истигфар айтып, тообо кыламын”*. (Бухари, Муслим)
Башка хадисте Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:
*“Чындыгында, жүрөгүм (Аллахты эстөөдөн) алаксый түшөт. Андыктан мен Аллахка күнүгө жүз жолу истигфар айтамын”.* (Сахих Муслим)
Аллахтын кечиримине себеп болгон эң чоң үч себепти Аллах таала кудсий хадисте баяндайт. Анас, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:
*“Аллах айтты: “Эй, адам баласы! Мага дуба кылып, менден үмүт кылсаң, кылган күнөөлөрүңдү кечирем. Ага көңүл да бурбаймын. Эй, адам баласы! Эгерде күнөөлөрүң асманга жетсе да, кийин Менден кечирим сурасаң, Мен сени кечиремин. Эй, адам баласы! Эгерде сен Мага жердин бети толо күнөө менен келсең, кийин Мага эч нерсени шерик кылбаган абалда жолуксаң, анда Мен сага жердин бети толо кечирим менен келем”.* (Имам Тирмизи)
Сөздүн жыйынтыгы:
Истигфар – бул бардык күнөөлөрдүн дарысы. Катада, рахимахуллах, айтат:
*“Чындыгында, бул Куран ооруңарды да, дарыңарды да силерге көрсөтүп турат. Ооруңар – күнөөңөр. Дарыңар – истигфар (айтууңар)”.*
Али, радыяллаху анху, айтат:
*“Аллах азаптагысы келген пендени истигфар айтууга шыктантпайт”.*
Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз

Комментарии

Комментариев нет.