7 мар 2015

<КАБЫР АЗАБЫ ЖАНА ЖЫРГАЛЫ>

Ар бир мусулман адам өлүмдүн болоруна ишенүүсү зарыл. Аллах Таала Куранда Пайгамбарыбызга (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) кайрылып: «Айткын: Силерге өкүм кылынган өлүм периштеси силердин (жаныңарды) алат, андан кийин Роббиңерге кайтарыласыңар» - деп айткан. (Сажда, 32-аят).
Адамдарга өлүм ар кандай абалда келет. Бирөө ооруп, экинчиси сууга чөгүп, дагы бирөө күйүп өлөт. Ошондой эле өлүм адамдардын жашына карабастан келет. Бирөө энеден төрөлгөн күнү өлөт, экинчиси өспүрүрүм курагында, дагы бирөө картайганда өлөт. Ушул өлүмдөрдүн баары Аллахтын тагдыры менен ошол адамдын өмүр-суусу түгөнгөн күнү б.а. ажалы жеткен күнү болот. Демек, кандайдыр бир кырсыкка дуушар болуп жан таслим болгон адамды ажалы жете элек (бей ажал) өлдү деп айтуу туура эмес. Аллах Таала: «Эгер алардын ажалы келсе мөөнөттү кечиктире да тездете да алышпайт» - деп айткан. (Аьраф, 34-аят).
Адам баласынын ажалы келген кезде өлүм периштеси анын жанын алат. Жандын чыгуусу пенденин жасап жүргөн амалына жараша болот. Жакшы амалдарды жасап жүргөн ыймандуу адамдардын жанынын чыгуусу жеңил болот. Ал эми ыймансыз адамдардын жанынын чыгуусу кыйын болот. Бул туурасында Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) бир хадисинде кенен айтып өткөн. Хадисте ыймандуу адамдын жаны катуу идиштен суу тамчысы агып түшкөн сыяктуу жеңил чыгарын, ал эми ыймансыз адамдын жанынын чыгуусу нымдуу жүндүн арасынан тикенекти сууруп алган сыяктуу кыйынчылык менен чыгары айтылган.
Маркумду кабырга койгондон кийин, ага биринчи сурак башталат. Маркумга келген эки периште, андан Жаратуучусу, пайгамбары жана дини тууралуу сурайт. Ошондо Аллах Тааланын жардамы менен Ыймандуу адамдар: «Менин Роббим – Аллах, диним – Ислам, пайгамбарым – Мухаммад (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) – деп жооп беришет. Ал эми ыймансыздар бир да сөз айта албастан туттугуп калышат. Мунаафык (эки жүздүүлөр): «Адамдар айтып жүргөн сөздөрдү угуп аларды кайталап жүргөнмүн"– деп эч нерсе айта албай калышат.
Усман бин Аффан (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, минтип айткан: Маркумду жерге бергенден кийин Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) кабырдын жанына туруп, мындай дечү: «Тууганыңардын кечирилүүсүн тилеп Аллахка дуба кылгыла жана анын сөзүндө бекем болуусун Аллахтан сурагыла. Анткени, ага азыр (периштелер) суроо берип жатышат». (Абу Дауд).
Амр бин Аьас (Аллах андан ыраазы болсун) өлүм төшөгүндө жаткан мезгилде жанындагыларга кайрылып: «Силер мени жерге берген мезгилде, үстүмө топуракты аз-аздан таштагыла. Мен периштелерге сурак берип жатканымда силерден демөөр алып кубаттанышым үчүн, төөнү союп, этин таратканчалык убакыт мүрзөмдүн жанынан кетпей тургула» - деп айткан. (Муслим).
Кабырдагы алгачкы сурактан кийин пендеге анын амалына жана суроолорго берген жообуна жараша же азап же жыргал болот. Кабыр азабы туурасында Аллах Таала Куранда: «Заалымдар өлүм алдында кыйналып жаткан мезгилде (өлүм) периштелери колдорун созуп: Аллахка каршы жалганды айтканыңар үчүн жаныңарды чыгаргыла, Анын аяттарына текебердик кылганыңар үчүн бүгүн кордук-азап менен жазаланасыңар – дегенин ошол убакта көрсөңөр болоор эле» - деп айткан. (Аньаам, 93-аят). Ал эми Фираундун үй-бүлөөсү жана аны ээрчиген адамдар тууралуу Куранда минтип айтылат: «Алар эртели-кеч отко күйгүзүлөт жана Кыямат күнү: «Фираунга ишенгендерди катуу азапка киргизгиле» - деп айтылат». (Гаафир, 46-аят).
Зайд бин Саабит (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун):
«Эгерде силер өлгөндөрдү көмбөсөңөр, анда кабырларда маркумдар кыйналып жатышканын мен угуп жүргөндөй силерге да угузушун Аллахтан сурамакмын» - деп айткан. (Муслим).
Ибн Аббас (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) эки кабырдын жанынан өтүп баратып:
«Бул экөө (өздөрүнө чоң эместей көрүнгөн) бирок чоң күнөөлөр себептүү азапталып жатышат. Бири сийдигинен тазаланган эмес, экинчиси ушак таратып жүргөн» - деп айткан. (Бухарий, Муслим).
Ал эми кабыр жыргалы тууралуу Куранда Аллах Таала: «Чындыгында: «Роббубуз Аллах» - деп айтышып, андан кийин бекем турушкандарга периштелер түшүшөт да: «Коркпогула, кайгырбагыла, силерге убада кылынган Бейишке кубангыла» - деп айтышат» - деген. (Фуссилат, 30-аят).
Ошондой эле экинчи бир аятта: «Ошентип (жан) кекиртекке жеткен мезгилде, ошол убакта силер карайсыңар жана биз ага (жанга) силерден да жакынбыз, бирок силер көрбөйсүңөр. Эгер жазаланбай турган болсоңор, айтканыңар чын болсо аны (жанды) кайтарып бергилечи. Эгер ал (жаны чыккан адам) Ага (Аллахка) жакын болсо, анда аларга бейпилдик, жыпар жыт жана Бейиш жыргалдары (бар)» деп айтылган. (Ваакиьа, 83-89-аяттар).
Ал-Бароо бин Аазиб (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, мүрзөдө периштелерге жакшы жооп берген ыймандуу адам жөнүндө Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун):
«Ошондо асмандан: «Менин кулум чындыкты айтты, ага Бейиштен төшөнчү төшөгүлө, Бейиштин кийимдерин кийгизгиле жана ал үчүн Бейиштин эшигин ачып койгула» - деп айтылат. Анын мүрзөсү көз жеткенчелик кенен болот жана Бейиштин жыргалы менен бейпилдигин татып, билет» - деп айткан. (Ахмад, Абу Дауд).
Кабыр азабын жана жыргалын биз көз алдыбызга келтире албайбыз. Анткени, кабыр жашоосу башка аалам. Биз, болгону Куран жана хадистерде айтылгандай абалда гана ишенебиз. Кабыр азабы жана анын жыргалы кабырга көмүлгөндөргө гана болуп, ал эми көмүлбөй калгандарга болбойт деген түшүнүк туура эмес. Адам жардырууга учурап денеси майдаланып кетсин, же отко күйүп таптакыр жок болуп кетсин, же суу түбүнө чөгүп кетсин баары бир ал кабыр азабын же кабыр жыргалын көрөт. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) бир хадисинде, өлгөндөн кийин өрттөп, денесинин күлүн деңизге чачып жиберген адамдын денесин Аллах Таала деңизге буйрук берип кайра чогултканы тууралуу айткан.

<КАБЫР АЗАБЫ ЖАНА ЖЫРГАЛЫ> - 771193581616

Комментарии

Комментариев нет.