15 мар 2015

Түн жарымда тахажжуд намазына туруп калдым.

Ал учурда ой пикирин тунук эмеспи.Олтуруп ушул ойго келдим :
- Беш маал намазга азанчы адам мечитке чакырат.Ал эми түн ортосундагы тахажжуд намазга Алла чакырат.
- Беш маал намазды окубасам күнөөгө батып каламын дешиниз мүмкүн,ал эми тахажжуд намазды өз ыктыярыныз менен Аллага жакындап, Ага жагымдуу,сүйүктүү кул болоюн деп окуйт экенсиз.
- Беш маал намаздын азанын адамдардын бардыгы эле угат экен, ал эми түн ортосундагы тахажжуд намаздын чакырыгын такыба гана адамдар угат экен.
- Беш маал намаздын чакырыгы : " Намазга келгиле" "Азаптан кутулгула"- десе. Ал эми түн ортосундагы тахажжуд намаздын чакырыгы : Ким эмне сурайт сураганын берейин.Кечирим сураган барбы кечирейин.
- Беш маал намазды көпчүлүк мусулмандар окушат,ал эми түн ортосундагы тахажжуд намазды Алланын сүйүктүү такыба пенделери окуйт.
- Беш маал намазда эл көрсүн деген (рия) аралашы мүмкүн,ал эми түн ортосундагы тахажжуд намазы чыныгы ыклас менен Алла үчүн гана окулат.
- Беш маал намазда шайтан азгырып дүйнө пикирлери ойду алышы мүмкүн,ал эми түн ортосундагы тахажжуд намазында дүйнөдөн үзүлүп Алла менен тунук байланыш.
- Беш маал намазды кээде мечиттен бир адамга жолугуп намазды да кошо окуп келейин деп ойлошунуз мүмкүн,ал эми түн ортосундагы тахажжуд намазында Аллага гана кайрылып бардык дартынызды айтып Ага жалыны жалбарайын деп гана турасыз.
- Беш маал намаздагы дубаныз кабыл болот денизчи,бирок түн ортосундагы кылынган дубаны Аллахым сөзсүз кабыл кылам деп убада берген эмеспи.( "Түн ортосунда сураган барбы берейин")
Сөзүмдүн аягында айтайын дегеним, беш маал намаздын кадыр баркын түшүрүп же ага кайдыгер боло берсе болот дегенден алысмын.Аллага касам ичип айтамын беш маал намазы онолбосо түн ортосундагы тахажжуд намазга тура албайт.
Алла бардыгыбызды беш маал намазга бекем болгон сүйүктүү кулдарынан кылып,түн ортосундагы тахажжуд намазга туруп окушка насип кылсын. Аминь

Комментарии