16 июн 2015

~НАМАЗ ЖОНУНДО НАСЫЙКАТ~

Уландысы..
Биринчи суроого жооп: 1.Намаз сени эзип турган налогбу?
Жок, эй бурадарым. Намаз сенин
желкенден эзип турган жана козомолдоочу кучтор “толо эле толо” деп сени желкелеп туруучу налог
эмес. Намаз — бул аманат. Аны
аманатка берген Аллах Таала. Эгер
сен бул аманатты бир кундо беш
жолу он ордуна койсон, бул
аманаткойлугунду, ыкласынды,
опалуулугунду аманат берген Зат ашыкча сооп-сыйлыктар менен сыйлайт. Ооба. Намаз салык эмес!
Намаз — бул Аллахтын кожоюндук укугун жана пенденин пенделик укугун аманаткойлук менен оз-оз ордуна коюу. Намаз — бул Кожоюн
тарабынан берилген эсепсиз нээмат-
жакшылыктарга ырахмат айтып,
шугурчулук билдируу менен жана ошол Кожоюнга баш ийуу менен напсинин тазалыгын далилдоо.
Намаз — бул Кожоюндун
жакшылыктарын сезуу жана Ага
болгон суйууну ашкерелоо.
Эй, бурадарым! Тегерегине карабайсынбы? Адамдардын
бардыгы журогундо кандайдыр бир ыйыкты сактап, андан кудурет, жардам сурап, сыйынып жатышат. Алар оз ыйыктарын сага окшоп унутпаптыр.
Христиандар Ыйсага сыйынып, мойнунан крестти тушурбой, чиркоого каттаганын токтотпой, ибадаттарын улантып жатышат.
Яхудийлер Узайр пайгамбарды
Аллахка тен коруп, сыйынып, (Аллах
сактасын!)ибадатканаларына шам жагып, Тооратты тилават
кылууларын токтотуша элек.
Отпарастар азыр деле отко сыйынышат, индустар азыр деле
уйга, маймылдарга ибадат кылышат.
Батинийя деп аталган жамаатар жадагалса, шайтанга сыйынуу менен омур откоруушудо.
Кыскасы аалам элинин бардыгы ибадатта. Алардын
бардыгы: христиандардан тартып,
батинияларга чейин, Аллах Тааладан
башкаларга сыйынып, ыйыктап, жалынып келишет. Алардын
ибадаттары адашкан пикирлери сыяктуу кондой болгонуна карабай, сыйынган кудайлары алардын
дубаларын укпай турган, пайда бере
албай турган, зыяндан сактай албай
турган, ооруса шыпаа бере албай
турган, жалган кудайлар экенине
карабай... кудайларын чанган жок.
Дагы эле жугунуп, сыйынып журушот.
А, сен болсо бурадарым, менин
ааламдардын толук кожоюну болгон,
оорусам шыпаа бере турган, жалынсам уга турган, сурасам
ырыскы бере турган чыныгы кудайым
— Аллах Таалага намаз окуумду
жактырбай турасын.
Угуп тур, бурадар, эгер бир инсан
сенин оор жугунду которушсо адашсан туура жол копгозсо же
машинен журбой, жардамга муктаж
болуп турганында, машиненди
туртушуп жиберсе, ага ырахмат айтасынбы? Анын адамгерчилигин
баалап, жакшылыгына жакшылык менен жооп берууну ниет
кыласынбы? Ооба дейсинби? Бали!
Мен деле сага окшогон,жакшылыкты баалаган, сыйлаган жана жакшылыкка жакшылык менен жооп кайтарууга аракет кылган адаммын. Болгону ошол. Эми, ойлочу, магаАллах Тааладан кобуроок жакшылык
кылган ким бар? Ал мага акыл-эс,
сезим берди. Мени адал-пакиза
ырыскы менен сыйлады. Ден-соолук,
тынчтык катыржамдык берди! Мени
эг туура жолго — Ислам Динине
хидаят кылды! Уй-було, бала-чака
менен бактылуу кылды! Жакшы олкодо, жакшы адамдардын
арасында жашаттырды! Эми, ушул Аллахыма, тендешсиз, шериксиз,
ырайымдуу кудайыма ырахмат айтпасам, шукур кылып, баш
ийбесем эмне деген адам боломун?!
Сен деле жакшылыкка жакшылык, шукур менен жооп кылуу керектигин
менден жакшыраак тушуносун бурадар. Эгер мен сенин коз
алдында бир адамдын жакшылыгына
тукуруп койсом, менин мойнуман кармап ошол адамдын алдына таазим кылууга мажбурламаксын.
📝 Мен эмне учун кун сайын беш ирет
башымды саждага коюп, Аллах Таалага сыйынганымдын маанисин
эми тушунгондурсун бурадар.
Адамдар оздору таштан жасап алган
буттардын алдында баш ийип
турушат. Озун деле падышаларынын,
чондорунун алдында топурак менен
тен болуп жугунгон адамдарды
жакшы билесин. Мен Аллах Тааланын алдында баш ийбет
бекенмин?! Ал падышалардын
падышасы! Ааламдардын
жаратуучусу! Асмандардын жана
Жердин Раббиси! Ал кааласа пайда
берет, кааласа зыян жеткирет. Ал
кааласа сыйлык берет, кааласа жаза
берет. Кааласа олтурот, кааласа
тирилтет. Ал ар бир чон-кичине
нерсенин эсебин алат!
Уландысы бар...
📗"Намаз жонундо насыйкат" китебинен.
🌿ЫЙМАН НУРУ

~НАМАЗ ЖОНУНДО НАСЫЙКАТ~ - 802830669872

Комментарии