Комментарии
- 21 фев 2017 18:13Мамура8oi
- 21 фев 2017 18:20😍👴👨👦 👨👬❤
- 21 фев 2017 18:48Токтобек Арзыгуловмен дагы корком Аллахым озун сакта
- 22 фев 2017 18:05Азиза Жумабаева
Алла баарыбызды кечир
Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
Ихсан Медиа
=ГЫЙБАТ-ДЕГЕН ЭМНЕ?
=
Ушак, гыйбат деген соз арабчада: ГЫЙБА деп айтылат. Мааниси: Ушак - бир киши жогунда анын жаман жагын, кемчилдигин айтуу мына ушул ГЫЙБАТ.
Ал эми ЧАГЫМЧЫ деген соз арабчада: НАМИЙМА деп айтылат, кыргызча тушунугу: эки адамды же эки тарапты бир бирине чагымчылап уруштуруу максатында соз ташуу. Мына ушул киши чагымчы..!
Ушак, ГЫЙБАТ кандай болот? Бул тууралуу Имам ан-Нававий "ал-Азкаар деген китебинде УШАК, ГЫЙБАТ, чагымчылдык куноо деген болумундо мындайча баяндайт.
УШАК, ГЫЙБАТ- бул инсандын жактырбаган жагын айтуу, жамандоо ал нерсе дене тузулушу болсун, дини, жашоо турмушу, напсиси, ону-тусу, баласы, Ата-энеси же аялы болсун, жолдошу же кызматчысы, кийими же баскан турганы болсун кыймыл аракети же жылмайуусу болсун айтоор ж.б.у.с ушундай нерселерди тил менен айтсан да, жазсан да же ишаарат кылып кол мененби, баш мененби, бироону туурап корсотсон да. Мисалы: чолондоп басып же ушуга окшогон нерселерди туурасан да же башка нерсе менен корсотсон да ГЫЙБАТга кирет.
Мисалдар:
Дене тузулушундо: кор,чолок, сокур чалыш, таз, узун, кыска, кара, сары ж.б.у.с.
Ал эми дининде: бузуку, ууру, кыянатчы, заалым, намазда жалкоо, балит, ата-энесин карабайт, зекетти оз ордуна бербейт, ушак ГЫЙБАТты таштабайт ж.б.у.с.
Ал эми жашоо турмушунда: адепсиз, инсандар менен начар, озун эч айыпсыз корот, коп суйлойт, коп жейт, коп уктайт, оз ордуна олтурбайт ж.б.у.с.
Ата-энеси тууралуу: Атасы бузуку, индус, негр, отукчу, темирчи ж.б.у.с.
Адеп-ахлагы: адепсиз, текебер, талашчаак, шашма, таш боор, алсыз, коркок, кайсар, кабагы салынган, каардуу, бекерчи ж.б.у.с.
Кийими тууралуу: Жени шалбыраган, кийиминин этеги узуун, кийими балит ж.б.у.с башка жогоруда айтылган нерселерди ушуларга салыштырабыз, мындайча айтканда бироону ушактап жамандоо мына ушул ГЫЙБАТ!
Ал эми ушак ГЫЙБАТтын шарияттагы окуму бардык уламалар бир пикирге келип куноо деп айтышкан.
Имам Куртубийдин созундо "Ижма" уламалардын баары ушак ГЫЙБАТ чагымчылдык бул чон куноолордон деп айтып кеткен. "Ижма" уламалар деген соз ислам аалымдары баары бир темада бир пикирге келишип ушундай деп окум чыгарышкан).
Чон куноолордон айтсак, зынаа кылуу, арак ичуу, уурулук кылуу, тууганчылык алаканы узуу, ата-энени нааразы кылуу ж.б.у.с. куноолор кирет.
ГЫЙБАТТЫ ТОКТОТ!!!
📗"УШАК ЖАНА ГЫЙБАТТЫН ЗЫЯНДУУЛУГУ" китебинен.
🌿 ЫЙМАН НУРУ медиа порталы