26 окт 2017

=АЗАН ЖАНА КООМАТ=

Азан баарына билдирүү дегенди билдирет. Беш маал намаз жана каза намаздары жана Жума намазында хатибдин маңдайында эркектердин азан айтуусу муаккад сүннөт. Аялдардын азан жана коомат айтуулары макрух. Азан башкаларга убакытты билдирүү максатында бийик жерден айтылат. Азан айтып жатканда эки колду өйдө көтөрүп, бирден манжасын эки кулактын тешигине коюу мустахаб. Коомат айтуу азандан дагы жакшыраак. Азан менен коомат кыбылага карап айтылат. Окуп жатканда сүйлөөгө, саламга жооп берүүгө болбойт.
Азан менен коомат кайсы учурларда айтылат?
1- Талаада жалгыз же жамаат менен каза намаз окуурда эркектердин азан менен кооматты бийик үн менен айтуулары сүннөт. Азанды уккан адамдар, жиндер, таштар кыямат күнү күбө болушат. Бир нече каза намазын бириктирип окуй турган адам адегенде азан менен коомат айтат. Андан кийинки окуган намаздарында коомат гана келтирет.
2- Үйдө жалгыз же жамаат менен ошол маалдын намазын окуган адам азан жана коомат айтпайт. Себеби, мечитте айтылган азан менен коомат үйдө дагы айтылган болот. Бирок, айтылса дагы жакшы болот. Кварталдык мечиттерде жана жамааты белгилүү адамдар болгон мечиттерде маал намаздарын жамаат менен окугандан кийин, жалгыз окуган адам азан менен коомат айтпайт. Жолдордо болгон же имамы, азанчысы жок жана жамааты белгилүү болбогон мечиттерде ар кайсы маалдарда келгендер бир убакыттын намазы үчүн өзүнчө-өзүнчө жамаат болушуп ар жамаат үчүн азан жана коомат айтылат. Мындай мечитте жалгыз намаз окуган адам дагы өзү уга тургандай үнүн чыгарып азан менен коомат айтат.
3- Сафарда жүргөндөр өз араларындагы жамаат менен да, жалгыз окуп жатканда да азан жана коомат окуйт. Жалгыз окуган адамдын жанында шериктери бар болсо азан окубаса да болот. Сапарда болгон адам бир үйдө намазын жалгыз окуурда да азан жана коомат айтат. Себеби, мечитте окулган азан жана коомат ал адам үчүн эмес. Сапарда болгондордон кээ бири үйдө азан айтса кийин намаз окуй тургандар айтпайт.
Акыл-эстүү бала, көздөрү сокур, зинадан туулган адам жана азан менен коомат айтууну билген сабатсыз адам азан айта алат. Жунуп болгон адамдын азан айтуусу, даараты жок адамдын жана аялдын, фасыктын, мас адамдын, акылсыз баланын азан айтуулары жана отуруп азан айтуу тахриман макрух. Булардын айткан азандары кайрадан айтылат. Азандын туура болуусу үчүн азанчынын мусулман жана акылы бар болуусу керек. Микрофон менен азан айтуу сахих болбойт.
Фасык адамдын ибадаттарда сөзү кабыл кылынбагандыгы үчүн мунун азаны сахих болбойт. Фасык адамдын жана микрофондон айтылган азан менен намаз убактысынын киргендигине ишенүүгө болбойт. Мунун азаны менен же ал берген бир белги менен орозо бузулбайт, (ооз ачылбайт).
Азанга урмат кылгандар анын тамгаларын, сөздөрүн өзгөртпөй, бузбай, таганни кылбастан (б.а. музыка ноталарына салбастан), мунарага чыгып сүннөткө ылайык айткандар жогорку даражаларга ээ болушат.
Бирок, эгерде азан сүннөткө ылайык айтылбаган болсо, мисалы, айрым сөздөрү өзгөртүлүп, которулса, кээ бир жерлеринде таганни кылынып окулса же болбосо үн күчөткүчтүн жардамы (микрофон) менен айтылса (Себеби, үн күчөткүчтөн чыккан үн имам же азанчынын үнү эмес. Алардын үнү электр жана магниттик абалга айланууда. Үн электр менен магниттен пайда болуп угулат.) аны уккан адам эч бир бөлүгүн кайталабайт.
💻интернет булагынан...
🌿ЫЙМАН НУРУ медиа порталы

=АЗАН ЖАНА КООМАТ= - 861999137840

Комментарии

Комментариев нет.