(1185-1105) Дарыгер, астроном жана философ Өмүр баяны Латынчада "Абу Бажар" аты менен даңкы чыккан Ибн Туфайлдын толук аты Абу Бакр Мухаммед ибн Абдумалик Ибн Мухаммед Ибн Мухаммед Ибн Туфайл ал-Кайси. Негизги аты Мухаммед. Ибн Туфайл аты менен атагы чыккан. Андалусияда Гырнатага (Гранада) караштуу Вадиаш (Гуадикс) шаарчасында 1105-жылы туулган. Арабдардын кайсы уруусуна тиешелүү болгондугу үчүн "Кайси" аты менен да атагы чыккан. Билимин ал доордун эң абройлуу жана кадырлуу маданий борборлорунан болгон Ишбилийя (Севилья) жана Кордовадан алган. Бул шаарларда диний илимдер менен биргеликте философия жана медицинада окуган. Ибн Туфайл мыкты дарыгер жана хирург болуп жетилип, алгачкы ишин Андалусиянын Гранада шаарында баштаган. Ал доордун өкүмдарларынын көңүлүн бурган Ибн Туфайлды Муваххиддердин халифасы Абу Якуб Юсуфтун чакыруусу менен сарайдын башкы дарыгери кызматына дайындалган. Ибн Туфайл халифадан илимий изилдөөлөрү үчүн көп колдоо алган. Философияга кызыккан Абу Якуб Юсуф халифа Ибн Туфайлдан Аристотелдин эмгектерин жоромолдоосун суранган. Бирок, жашы улгайып калгандыгын шылтоолоп, бул тапшырманы аткарууга жаш илимпоз Ибн Рушддун берилүүсүн сунуштаган. Абу Якуб Юсуфтун 1184-жылы өлүмүнөн кийин анын ордуна такка отурган уулу Абу Юсуф ал-Мансур да Ибн Туфайлга колдоосун уланткан. Бирок, Ибн Туфайл бир жылдан кийин 1185-жылы Мароккодо ааламдан өткөн. --уландысы бар... 📗"ИЛИМДЕ ИЗ КАЛТЫРГАН МУСУЛМАН ИЛИМПОЗДОР" китебинен "Ихсан Медиа" порталы
Ихсан Медиа
=ИБН ТУФАЙЛ=
(1185-1105)
Дарыгер, астроном жана философ
Өмүр баяны
Латынчада "Абу Бажар" аты менен даңкы чыккан Ибн Туфайлдын толук аты Абу Бакр Мухаммед ибн Абдумалик Ибн Мухаммед Ибн Мухаммед Ибн Туфайл ал-Кайси. Негизги аты Мухаммед. Ибн Туфайл аты менен атагы чыккан. Андалусияда Гырнатага (Гранада) караштуу Вадиаш (Гуадикс) шаарчасында 1105-жылы туулган. Арабдардын кайсы уруусуна тиешелүү болгондугу үчүн "Кайси" аты менен да атагы чыккан. Билимин ал доордун эң абройлуу жана кадырлуу маданий борборлорунан болгон Ишбилийя (Севилья) жана Кордовадан алган. Бул шаарларда диний илимдер менен биргеликте философия жана медицинада окуган.
Ибн Туфайл мыкты дарыгер жана хирург болуп жетилип, алгачкы ишин Андалусиянын Гранада шаарында баштаган. Ал доордун өкүмдарларынын көңүлүн бурган Ибн Туфайлды Муваххиддердин халифасы Абу Якуб Юсуфтун чакыруусу менен сарайдын башкы дарыгери кызматына дайындалган. Ибн Туфайл халифадан илимий изилдөөлөрү үчүн көп колдоо алган. Философияга кызыккан Абу Якуб Юсуф халифа Ибн Туфайлдан Аристотелдин эмгектерин жоромолдоосун суранган. Бирок, жашы улгайып калгандыгын шылтоолоп, бул тапшырманы аткарууга жаш илимпоз Ибн Рушддун берилүүсүн сунуштаган.
Абу Якуб Юсуфтун 1184-жылы өлүмүнөн кийин анын ордуна такка отурган уулу Абу Юсуф ал-Мансур да Ибн Туфайлга колдоосун уланткан. Бирок, Ибн Туфайл бир жылдан кийин 1185-жылы Мароккодо ааламдан өткөн.
--уландысы бар...
📗"ИЛИМДЕ ИЗ КАЛТЫРГАН МУСУЛМАН ИЛИМПОЗДОР" китебинен
"Ихсан Медиа" порталы