--Уландысы... Эмгектери: Ибн Туфайлдын көптөгөн эмгектери бар экендиги маалым болгону менен учурубузга үч эле эмгеги жетип келген. Алар: 1. Уржуза фит-Тибб (Медициналык ырлар). 7700 саптан турган бул китеп оорулардын себептери жана дарылоо жөнүндө. 2. Касида. Халифа Абу Якуб Юсуфтун арабдарды жихадка үндөө максатында жазуусун суранган ыр китеби. Китеп кырк төрт саптан түзүлгөн. 3. Хай бин Якзан (Якзан уулу Хай). Ибн Туфайлдын эң атактуу китеби. Илимий жана арал романынын алгачкы мисалы. Чыгыш жана Батышта аябай таасирдүү болгон. 1349-жылы нарбондук Моисей (Муса) аттуу еврей илимпоз иврит тилине которгон жана ага карата жоромолдоо китебин да жазган. Пико делла Мирандола тарабынан латын тилине которулган. Кийинки кылымдарда китеп кайрадан көп жолу латын, англис, француз, итальян жана голландия тилдерине которулган. Голланд тилине алгачкы жолу атактуу философ Спиноза которгон. Учурда китепти дүйнөнүн бардык тилдерине которулган деп айтсак болот. Бул китеп Батышта ишене албай турган даражада таасирин тийгизген. Башаты Даниель Дефонун "Робинзон Крузо" аттуу романына илхам болгон. Джон Локк, Давид Хоме, Волтайлер, Джон Жакуес, Розеу сыяктуу философ жана илимпоздорго Ибн Туфайл ар кандай темада таасирин тийгизген. Илимий ишмердүүлүгү жана илимге кошкон салымы Ибн Туфайл Андалусияда жашап өткөн эң атактуу аалымдардан. 14-кылымдан баштап 17-кылым жана 18-кылымдарда Батыштын илимий ой-пикирлерине эң көп таасирин тийгизген аалым. "Хай ибн Якзан" чыгармасында Аллахтын алгачкы инсанды жер жүзүнө эч нерсеси жок аралда ылайдан жасагандыгын айткан. Ошондой адам табиятын бузган нерселер коомдон чыккандыгын жазган. Ошентип, Ибн Туфайл адамдын табияты бузулбаган учурда гана акылы (ой жүгүртүүсү) менен Аллахтын бар экендигинин жана жалгыз экендигин андай алат. Ибн Туфайлдан таасирленген мусулман илимпоздор да болгон. Алардын башында Ибнун-Нафис турат. Ал да Ибн Туфайлдын "Хай ибн Якзан" аттуу чыгармасынан илхам алып, "ас-Сиратул-Камилийя фи Суретин-Набавийя" аттуу чыгармасын жазган. Ибн Туфайлдын көз караштарын өнүктүргөн. Бул жерде дагы бир нерсени белгилеп кетүү зарыл: Ибн Синанын да "Хай ибн Якзан" аттуу китеби бар. Анын бул китебин Ибн Туфайлдыкы менен аралаштырбоо керек. Себеби, экөөнүн темалары бири бирине такыр окшошпойт. 📗"ИЛИМДЕ ИЗ КАЛТЫРГАН МУСУЛМАН ИЛИМПОЗДОР" китебинен "Ихсан Медиа" порталы
Ихсан Медиа
=ИБН ТУФАЙЛ=
--Уландысы...
Эмгектери:
Ибн Туфайлдын көптөгөн эмгектери бар экендиги маалым болгону менен учурубузга үч эле эмгеги жетип келген. Алар:
1. Уржуза фит-Тибб (Медициналык ырлар). 7700 саптан турган бул китеп оорулардын себептери жана дарылоо жөнүндө.
2. Касида. Халифа Абу Якуб Юсуфтун арабдарды жихадка үндөө максатында жазуусун суранган ыр китеби. Китеп кырк төрт саптан түзүлгөн.
3. Хай бин Якзан (Якзан уулу Хай). Ибн Туфайлдын эң атактуу китеби. Илимий жана арал романынын алгачкы мисалы. Чыгыш жана Батышта аябай таасирдүү болгон. 1349-жылы нарбондук Моисей (Муса) аттуу еврей илимпоз иврит тилине которгон жана ага карата жоромолдоо китебин да жазган. Пико делла Мирандола тарабынан латын тилине которулган. Кийинки кылымдарда китеп кайрадан көп жолу латын, англис, француз, итальян жана голландия тилдерине которулган. Голланд тилине алгачкы жолу атактуу философ Спиноза которгон. Учурда китепти дүйнөнүн бардык тилдерине которулган деп айтсак болот.
Бул китеп Батышта ишене албай турган даражада таасирин тийгизген. Башаты Даниель Дефонун "Робинзон Крузо" аттуу романына илхам болгон. Джон Локк, Давид Хоме, Волтайлер, Джон Жакуес, Розеу сыяктуу философ жана илимпоздорго Ибн Туфайл ар кандай темада таасирин тийгизген.
Илимий ишмердүүлүгү жана илимге кошкон салымы
Ибн Туфайл Андалусияда жашап өткөн эң атактуу аалымдардан. 14-кылымдан баштап 17-кылым жана 18-кылымдарда Батыштын илимий ой-пикирлерине эң көп таасирин тийгизген аалым. "Хай ибн Якзан" чыгармасында Аллахтын алгачкы инсанды жер жүзүнө эч нерсеси жок аралда ылайдан жасагандыгын айткан. Ошондой адам табиятын бузган нерселер коомдон чыккандыгын жазган. Ошентип, Ибн Туфайл адамдын табияты бузулбаган учурда гана акылы (ой жүгүртүүсү) менен Аллахтын бар экендигинин жана жалгыз экендигин андай алат. Ибн Туфайлдан таасирленген мусулман илимпоздор да болгон. Алардын башында Ибнун-Нафис турат. Ал да Ибн Туфайлдын "Хай ибн Якзан" аттуу чыгармасынан илхам алып, "ас-Сиратул-Камилийя фи Суретин-Набавийя" аттуу чыгармасын жазган. Ибн Туфайлдын көз караштарын өнүктүргөн. Бул жерде дагы бир нерсени белгилеп кетүү зарыл: Ибн Синанын да "Хай ибн Якзан" аттуу китеби бар. Анын бул китебин Ибн Туфайлдыкы менен аралаштырбоо керек. Себеби, экөөнүн темалары бири бирине такыр окшошпойт.
📗"ИЛИМДЕ ИЗ КАЛТЫРГАН МУСУЛМАН ИЛИМПОЗДОР" китебинен
"Ихсан Медиа" порталы