25 окт 2019

=ИБНУШ-ШААТИР=

(1375-1306)
Астроном жана математик
Өмүр баяны
Абул Хасан Алауддин Али Ибрахим ибн Мухаммед аш-Шаатирад-Дмашкинин негизги аты Алауддин Али. Араб тектүү болгон бул астроном 1306-жылы март айында Шамда туулган. Андыктан "шамдык" маанисин туюнткан "ад-Димашки" деп айтышкан. Алты жашында атасынан ажыраган. Аны туугандары тарбиялап өстүргөн. Абасынын уулу Али ага пилдин сөөгүнөн декорация жасоону үйрөткөн. Ибнуш-Шаатир математика жана астрономияга байланыштуу сабактарды алгачкы жолу Алиден жана Шамдагы башка аалымдардан алган.
Ибнуш-Шаатир 10 жашында Египетке барган. Максаты математика жана астрономия тармактарында терең билим алуу болгон. Каирде жана Искендерияда (Александрия) бул багытта билим алган. Күчтүү илимпоз болуп жетилген Ибнуш-Шаатир кийинчерээк Алеппого кайткан. Ал жерде белгилүү убакыт калгандан кийин Шамга кайтып келген. Шамда Омаиддий мечитинин муакиттигине (намаз убакыттарын аныктоочу адис) дайындалган. Узак убакыт эмгектенген Ибнуш-Шаатир 1375-жылы Шамда ааламдан өткөн. Мазары ошол жерде.
Эмгектери:
Ибнуш-Шаатир астрономия жана математика багытында жыйырманын айланасында китеп жазган. Алардын кээ бирлери учурубузга чейин сакталган болсо, кээ бирлери жоголгон. Учурубузга чейин сакталган эмгектерин кыскача тааныталы.
1. Китабул-Жабр вал-Мукабала (Алгебра жана теңдемелер китеби).
2. Зижу Ибнуш-Шаатир (Ибнуш-Шаатир жадыбалдары). Ибнуш-Шаатирдин өзү жасаган байкоолорунун натыйжасында түзүп чыккан жадыбалдары. Автордун эң маанилүү эмгектеринен. Астрономияга тиешелүү.
3. Рисала фил-устурлаб (Телескоп рисаласы). Телескопту жасоо жана колдонууга байланыштуу рисала. Астрономияга байланыштуу.
4. Уржуза фил-кавакиб (Жылдыздар жөнүндө ырлар). Астрономияга байланыштуу.
Илимий ишмердүүлүгү жана илимге кошкон салымы.
Ибнуш-Шаатир XlV кылымдын атактуу аалымдарынан. Байкоолор жүргүзгөн жана чиймелерди даярдаган. Түрдүү күн сааттарын жана телескопторду жасоо менен алектенген. Ибнуш-Шаатирдин өзгөчүлүгү болуп Птолемей системасына түп тамырынан өзгөртүүлөрдү киргизүүсү саналат. Ал Күндү борбор кабыл алуу менен бирге Коперниктен жүз жыл мурда анын көз карашы менен туура келген планета моделдерин өнүктүргөн.
📗"ИЛИМДЕ ИЗ КАЛТЫРГАН МУСУЛМАН ИЛИМПОЗДОР" китебинен
"Ихсан Медиа" порталы

=ИБНУШ-ШААТИР= - 895110799152

Комментарии

Комментариев нет.