15 ноя 2019

=КАДИЗАДЕ-И РУМИ=

(1440-1337)
Математик жана астроном
Өмүр баяны
Өзүнүн аты Салахаддин Муса Паша же Челеби. Орто эсеп менен 1337-жылдын тегерегинде Бурсада туулган. Атасы Маммет Бурса казысы болгон. Жаш кезинде атасынан айрылган үчүн чоң атасы Казы Махмуд Челеби чоңойткон. Ошол себептен"Кадызаде" лакабын алат. Диний жана табигый илимдерди чоң атасынан жана Молла Фенариден (1350-1431) алат. Чоң атасынын окуучуларынан болгон таанымал Бедреддин Симави менен бирге Коньяга барып, ал жакта Мунажжим Фейзуллахтан астрономия илимин үйрөнгөн. Үй-бүлөсүнүн каршы чыгуусуна карабастан, Молла Фенаринин сунушу менен 1400-жылы Маверауннахр жана Хорасан аймагына кетет. Журжан шаарында көпкө дейре Сеййид Шериф Журжани сабактарына катышат. Бирок анын максаты дагы да математика жана астрономия илимин тереңдетүү болгондуктан, сабактарды таштап Самаркандга кетет. Улугбек менен таанышкан Кадызаде-и Руми аз убакыттын ичинде Улугбектин сый-урматына жана ишеничине кирет. Улугбек өзүнө жеке мугалим катары кармайт. Жамшит ал-Кашинин 1429-жылындагы өлүмүнөн кийин Самарканд обсерваториясына директор кылып дайындайт.
Самарканд медресесинде Улугбек, Молла Жами (1414-1492), Фетхуллах Ширвана (1453-ж. ө.) жана Али Кушчудай акылман илимпоздорду жетиштирет.
--уландысы бар...
📗 "ИЛИМДЕ ИЗ КАЛТЫРГАН МУСУЛМАН ИЛИМПОЗДОР" китебинен
"Ихсан Медиа" порталы

=КАДИЗАДЕ-И РУМИ= - 896307145008

Комментарии