Комментарии
- 22 окт 2016 16:23Шадыгул ТажибаеваЖангак менен мейизди эт майдалагычтан откоруп,балга аралаштырып бир жумадан кийин эрте менен ач карын бир кашыктан жесе эске тутумду жакшыртат
- 12 ноя 2016 20:17Жыпаргул МуратоваUnutchak boluwtun dagy bir sebebi telefon
Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
Просто будь собой-женский журнал
:Курсант Курманкулов
Адамдын эс тутуму жакшырыш учун эмнелерди жеш керектигин жазып кое аласыздарбы мен эс тутум боюнча жабыркап келем алдын ала Чон Рахмат)!
Пайдалуу Кенештер группасынан жооп.
Керектүү маалымат көпкө чейин эсте калуу үчүн атайын көнүгүүлөр Көңүл коюуУнутчаактыктын негизги себеби, ал адам маалымат алып жатканда жакшы көңүл бурбаганында. Эстеп калуу үчүн ага көңүл буруу менен бирге маанилүү нерселерди эринбестен жазып да алуу керек. Бул керектүү маалыматты кийин оңой эстөөгө жардам берет.
Түшүнүү
Алып жаткан маалыматты адам ой-жүгүртүү менен түшүнбөсө ал эсте калбайт. Маселен, компьютерди үйрөнүп жаткан адам компьютердин кандай иштей турганын түшүнүп алса, анда анын ичиндеги функцияларды жакшы эстеп калат.
Бөлүшүү
Кайсы бир маалыматты эстеп калуу үчүн анын эмне себептен маанилүү экенин эске салуу керек. Буга кошумча билген маалыматты башкалар менен бөлүшүп турганда гана ал эсте жакшы сакталат. Үн чыгарып кайталоо Унутпашым керек деген нерселерди үн чыгарып кайталоо керек. Себеби үн чыгарып кайталаганда ага көңүл буруу жакшы болот да, натыйжада эсте калат.
Элестетүү
Бир нерсени эске тутуп калгыңыз келсе аны бир буюмга окшоштуруп элестетип алыңыз. Элестетүү канчалык күлкүлүү болсо, ошончолук жакшыраак эсте калат.Эс тутумду жакшыртуучу элдик каражаттар
Шалфей кайнатмасы
Шалфей адамдын ишке болгон жөндөмдүүлүгүн арттыруу менен бирге эс тутумду күчөтөт. Ал үчүн 1 аш кашык майдаланган шалфей менен 1 аш кашык жалбызды аралаштырып термоско салып, үстүнө 2 стакан кайнак суу куюп оозун жаап коюу керек. Эртең менен аны сүзүп алып 50 граммдан бир күндө 4 жолу тамакка жарым саат калганда ичип жүрүү шарт. Бул ыкманы күнүгө бир ирет бир жума кайталап, андан соң бир жума тыныгуу жарыялаган соң кайра бир жума ичүү керек.
Бул Дүйнөгө белгилүү дарыгер Авиценна эс тутумду калыбына келтирүү менен бирге жаштыкты сактап калуу үчүн балды сунуштаган. Күнүгө 1 чай кашык балды таза сууга аралаштырып ичип жүрүүнү адатка айлантыңыз.
Хрен аралашмасы5-6 хрен жалбырагы менен 3 даана лимонду майдалап туурап, андан соң аларды 3 аш кашык балга аралаштырып, банкага салып 3 жума муздаткычта сактоо керек. Тамактанарга жарым саат калганда күнүгө эки ирет бир чай кашыктан жеп туруу зарыл. Хрен аралашмасы эс тутумду жакшыртуудан тышкары көздүн көрүүсүн да жөнгө салат.
Кошумча кеңештер
Жетиштүү түрдө суу ичкиле. Суунун жетишсиздиги эс тутумдун начарлашына алып келет.Жетиштүү түрдө уктагыла. Уктап жатканда маалыматтардын мээде сакталуу процесси жүрөт.Ичимдик ичүүдөн, тамеки чегүүдөн качкыла. Ичимдик кыска мезгилдүү эс тутумга доо кетирет, ошондой эле эс тутумдун жакшы иштешине абдан керек болгон В витамининин тобундагы тиаминдин жетишсиздигине алып келет.Алтын суу2 стакан сууга ташы жок алтын шакек-сөйкөлөрдү салып, аны суу жарымынан болуп калганча үстү жабык абалда кайнатуу керек. Андан соң бул алтын суудан күнүгө 3 ирет тамактанарга 20 мүнөт калганда ичип туруу зарыл. Бул ыкманы эки жума катары менен кайталаңыз. Алтын суу эс тутумду жакшыртуу менен бирге жүрөк булчуңдарын бекемдейт.