Жаны башталып келаткан геморройду кантип даарыласа болот уй шартында????

Билгендер болсо айтып койгулачы?
Суроонузга жооп.
Геморрой - мезгили менен кармап туруучу өнөкөт оору. Сезгенбей турган мезгилде оорулуу өзүн жакшы сезет. Оору өтүшүп кеткенде тез-тез кармап, бат-бат көп кан агат. Ички түйүнчөлөр сыртка чыгып же кысылып калганда өтө катуу ооруйт. Түйүнчөлөр көгөрүп, кээде карарып, катууланат. Геморройдон жапа чеккен киши дайыма дарыгердин көзөмөлүндө болуп, эгерде сезгенүү пайда болуп, түйүнчөлөр кысылып же заңдаганда кан чыккан учурда тезинен врачка кайрылуу зарыл. Түйүнчөлөр чыгып калганда кайра киргизүүгө аракеттенүүгө болбойт, себеби ал көп кан агууга жана оор кабылдоого алып келиши мүмкүн.
Ооруну пайда кылган себептерге карата дарылоо жүргүзүлөт. Анын натыйжасы оорунун абалына, врачка өз убагында кайрылгандыгына, анын көрсөтмөлөрүн толук аткарышына жараша болот. Жогору атылма муздак душ, мөмө-жемиштүү диета сунуш кылынат. Убагы менен заңдоонун мааниси чоң. Күчөп кеткен учурда хирургиялык операция жасалат.
Геморройду алдын алууда түрткү берүүчү себептерди четтетүү, биринчиден ичти катырбоо керек. Бала чактан өздүк гигиенаны сактоого, ар бир заңдаган сайын жуунууга үйрөтүү зарыл. Аз кыймылдуу иште иштегендердин гимнастика жасагандары максатка ылайык: туруп иштегендер (дүкөнчү, чач тарач) көнүгүүлөрдү отуруп, ал эми отуруп иштегендер туруп же басып жасоочу көнүгүүлөрдү жасоо керек. Геморройдун биринчи белгилери байкалгандарга врач айыктыруучу гимнастика сунуш кылат.
Мындан сырткары....
Ич катуунун себептерине негизинен жоон ичегинин иштөө функциясынын начарлашынан келип чыгат. Ага өбөлгө түзгөн себептер: - Инсульт - Мээдеги кан айлануунун бузулушу - Депрессия - Айыз циклинин бузулушу - Семирүү - Кант диабети - Ашказан жарасы - Жоон ичегинин шишиги - Чат булчуңдарынын функцияларын жоготушу - Ашыкча тоюп алуу - Кыймыл-аракеттин аздыгы
Ич катуунун белгилери:
Ашказандын оорушу - Табиттин жоголушу - Баш оору, жүрөк айлануу - Ооздун жагымсыз жыттанышы - Зарна - Ичтин көбүшү - Уйкусуздук
Заңдоодо кыйналуудагы ич катууну үй шартында дарылоо ыкмалары:
Лимон
Бир даана лимондун ширесин толугу менен сыгып, ага бир жумуртканын сарысын кошуп аралаштырасыз. Мындан соң аралашманы бир стакан (200) апельсин ширесине кошуп ич катуудан арылганча ичип турасыз.
Өсүмдүк майы
Жарым стакан (100 г) өсүмдүк майы менен уктаар алдында клизма жасап, анан эртең мененкиге чейин капталдап жылуу жатуу зарыл. Бул ыкманы ич катуудан айыгып, ашказаныңыз жакшы болгончо күн сайын жасай бересиз.
Кефир
Бир стакан өтө муздак эмес кефирге 10 грамм өсүмдүк майын кошуп, экөө бири-бирине жакшы сиңгенче 5 мүнөттөй аралаштырып туруу зарыл. Анан мындай аралашманы уктаар алдында өзүңүздү жакшы сезгенче ичип турасыз.
Суу
Уктаар алдында кадимкидей эле клизма жасап жатып, эртең менен турганда ачкарын 2 стакан муздак суу ичип, андан туптуура 1 саат өткөндө тамак ичүү керек. Мындай ыкманы 1 же 2 жума тынымсыз жасасаңыз, ич катуудан арыласыз. Бака жалбырак. Бака жалбырактын уругун чогултуп алып, андан идишке 1-2 аш кашык салып, үстүнө бир стакан сууну куюп жай отто 10 мүнөт кайнатуу керек. Бул кайнатмадан жылуу абалында күн сайын эртең менен ачкарын 2 аш кашыктан иче бересиз. Каакым. Жаңы жулунган каакымдын тамырларын таза жууп, майдалап, андан стаканга 2 чай кашык салып, үстүнө кайнак суу куюп 8 саатка тыныктырып коюу керек. Анан айыкканча бул тундурманы төрткө бөлүп күнүнө 4 маал тамак алдында ичип турасыз.

Комментарии

  • 15 ноя 2016 22:59
    Муздак ичууго простатит жол бербей атпайбы эмне кылуу керек?
  • 27 ноя 2016 20:23
    Саламатсыздарбы суроонузга менда аз болсо оз оюмду айтып кетейин.Эртен менен жулуу 200гр.суу ичип,андан кийин 2кесим духобкага бышкан нан м.н азмаз сары май кошуп жеш кзерек.Андан кийин артынан 200.300гр.кайра жылуу суу ичуу керек.Мына ошентип арасы 3саатта тамактанып туруу керек.бир гана тушку тамакка тамак ичуу керек.
  • 27 ноя 2016 20:24
    Анан ит мурут чайында ар дайым ичип журсо да болот.Кара чайды азыраак ичуу керек.
  • 27 ноя 2016 20:25
    Момо жемиштерден даярдалган тамактарды кобуроок жеп журуу керек.Бутунун учу менен да кобуроок басса да пайдалуу.
  • 27 ноя 2016 20:27
    Бул геморой жоон ичегилерге суук откондон пайда болот.д.с биринчи орунга коюп жылуу кийинип журуу керек.Айрыкча буттан суук отот.
  • 27 ноя 2016 20:37
    Рахмат...менин койгойум менде геморрой оорусу жок ...бирок кээде туалетте отуруп калсам кан чыгып атат да...бул корунуш кээде гана болуп атат..
  • 17 дек 2016 19:50
    Эка кашык Сары майга чеснокту майдалап туурап карарта кууруп андан кийин талкалап порошок болгончо геморройунарга койгула Бир жуманда айыгасын.Мен ошентип айыкам торт жыл болду без проблем.
  • 24 янв 2017 17:28
    Мен бир пропка бензин чачып айыккам, зорго басып калгам ошол учурда
  • 15 фев 2017 18:58
    Аптекадан анузол свеча сатып ал да геморой озу жокболуп айыгып кетет