Жузум тууралуу кызыктуу фактылар

Жузум тууралуу кызыктуу фактылар - 865559713941
Жүзүмдүн курамында адамдын ден соолугуна пайдалуу минералдар (калий, кальций, темир, фосфор, магний, селен жана витаминдер A, C, B6) бар. Ал тамак-аш менен кирген уулу заттардын организмден чыгышына шарт түзөт.

Мындан тышкыры жүзүмдө косметикага колдонулчу заттар бар. Алар улгайууга каршы жардам берет. Андан күндөн коргонуучу каражат жасалат.

Байыркы орус уламыштарында бейиште алма жегенге тыюу салынбай эле жүзүм сабагы экендиги айтылат.

Жүзүмдүн дарылык гана касиети эмес азыктуулугу менен дагы күчтүү. Анын мөмөсүндө жеңил шекер жана минералдык туздар бар.

Дүйнөдө жүзүмдүн болжолу менен 10 миңден ашык сорттору бар.

Көптөгөн шаарлардын гербдеринде жүзүмдүн тал, сабактарынын сүрөттөрү тартылган. Ал шаарлар Чугуев, Ялта, Изюм, Телавив, Белгород-Днестровск, Ташкент жана башкалар. Жүзүмдүн сүрөтү мурдагы Советтер Союзундагы – Армян, Молдова, Грузия жана Түркмөнстан республикаларынын гербдеринде дагы бар.

Жүзүмдө глюкоза жана фруктоза адамдын мээсинин мыкты иштешине жол ачат.

Бир шише шарапты даярдоо үчүн 600 баш жүзүм керек.

Жүзүм байыркы доордогу адабиятта дагы колдонулат. Гомердин "Одиссея" чыгармасында дагы жүзүм тууралуу көп сүрөттөмөлөр бар.

Жүзүм кээ бир ооруларды айыктырууда көп колдонулат. Ал астма, жүрөк оорусунда, шакыйда, ич катууга каршы, ашказан үчүн жеңил. Тамак жана чарчоону жазууда жакшы келет. Мындан тышкары бөйрөк оорусунда, ракта жана альцгеймер оорусунда колдонулат.

Комментарии