Эмнеге силер Аллахты улуулоону каалабайсыңар?! Чындыгында силерди баскычма-баскыч жаратты го!» Нух, 13-14. Урматтуу окурмандар! Биз сиздерге медицина илиминде да Ыйык Курандын чыныгы Аллах Тааланын сөзү экендигине далил боло алуучу илимий акыйкаттар бар экендигин жана аларды пайгамбарыбыз Мухаммад (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун), 14 кылым мурда эле бизге кабарлагандыгы жөнүндө айтып өтмөкчүбүз. Мисалы, Аллах Таала Ыйык Курандагы «Нух» сүрөөсүнүн 13-14-аяттарында: Эмнеге силер Аллахты улуулоону каалабайсыңар?! Чындыгында силерди баскычма-баскыч жаратты го!»,- деп, адам баласынын энесинин жатынында баскычтуу түрдө акырындап жаратылгандыгы жөнүндө кабар бергенине көңүл буралы! Анткени, Аллах Таала Өзүнүн Ыйык Куран китебинде бул илимий акыйкат жөнүндө 14 кылым мурда эле кабар берип койгон болсо, ал эми азыркы өнүккөн медицина илими бул акыйкатты акыркы жылдарда гана изилдеп тапкан. Ошондой эле Аллах Таала Ыйык Курандагы «Сажда» сүрөөсүнүн 8-аятында: «Андан соң анын насил-тукумун кыпындай суудан турган уруктан жаратты»,- деп, адамдын пайда болуусу толук бел суудан эмес, балким ушул бел суусунун кыпындай бир бөлүкчөсүнөн башталаарын өтө так сүрөттөп, баяндап кеткендиги жөнүндө кабарыңыздар барбы?! Себеби, азыркы кездеги медицина илими тактагандай, бул бел суусу көптөгөн көзгө көрүнбөгөн майда жыныстык клеткалардан түзүлгөн. Алардын ар биринин узундугу 0,0016 мм ге барабар. Бир жолу чыккан бел суусунда 500 миллионго жакын жыныстык клеткалар болуп, өз ара күрөшүүдөн соң алардын бирөөсү гана жеңип чыгып, эненин урук клеткасына жетип, жайгашат жана ушундан кийин гана түйүлдүктүн өөрчүүсү башталат. Сүрөттөгү түйүлдүктүн бетиндеги келечекте көз жана кулакка айлана турган тешикчелерге көңүл буруңуздар! Эненин жатынындагы жаңы пайда болуп жаткан баланын сүрөттөрү микроскоп аркылуу жүздөгөн эсе чоңойтулуп алынган. Ал эми Аллах Таала адам баласынын эненин жатынында тамчы суунун бир нече баскычта өзгөрүп барып, наристеге айланганга чейинки тогуз айлык убакытта үч кабат караңгылык ичинде акырындап, жаратылаары жөнүндө Ыйык Курандагы «Зумар» сүрөөсүнүн 6-аятында: «...(Аллах) силерди энеңердин жатынында үч (катмар) караңгылыкта бир жаратылыштан кийинки жаратылыштар менен жаратат...»,- деп, мындан 1400 жыл мурда эле кабар берип кеткендиги да тан калыштуу кабарлардын бири болуусу менен бирге ар бир акыл ээсин өзүнө каратпай койбойт. Уландысы бар... #ИсламНуру медиа портал #АктилекМухтар уулу Булагы: Бейиш гезити Даярдаган: АкТилек ______________________________ - WhatsApp +7 905 939-12-55 - Ok.ru/islamnurukg - www.facebook.com/islamnurukg - Vk.com/islamnurukg - Instagram.com/islamnurukg - Twitter.com/islamnyrykg
ИСЛАМ НУРУ
🎴ЫЙЫК КУРАН ААЛАМ СЫРЛАРЫ ТУУРАЛУУ ЭМНЕ ДЕЙТ?
Эмнеге силер Аллахты улуулоону каалабайсыңар?! Чындыгында силерди баскычма-баскыч жаратты го!» Нух, 13-14.
Урматтуу окурмандар!
Биз сиздерге медицина илиминде да Ыйык Курандын чыныгы Аллах Тааланын сөзү экендигине далил боло алуучу илимий акыйкаттар бар экендигин жана аларды пайгамбарыбыз Мухаммад (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун), 14 кылым мурда эле бизге кабарлагандыгы жөнүндө айтып өтмөкчүбүз.
Мисалы,
Аллах Таала Ыйык Курандагы «Нух» сүрөөсүнүн 13-14-аяттарында:
Эмнеге силер Аллахты улуулоону каалабайсыңар?! Чындыгында силерди баскычма-баскыч жаратты го!»,- деп, адам баласынын энесинин жатынында баскычтуу түрдө акырындап жаратылгандыгы жөнүндө кабар бергенине көңүл буралы!
Анткени, Аллах Таала Өзүнүн Ыйык Куран китебинде бул илимий акыйкат жөнүндө 14 кылым мурда эле кабар берип койгон болсо, ал эми азыркы өнүккөн медицина илими бул акыйкатты акыркы жылдарда гана изилдеп тапкан.
Ошондой эле Аллах Таала Ыйык Курандагы «Сажда» сүрөөсүнүн 8-аятында:
«Андан соң анын насил-тукумун кыпындай суудан турган уруктан жаратты»,- деп, адамдын пайда болуусу толук бел суудан эмес, балким ушул бел суусунун кыпындай бир бөлүкчөсүнөн башталаарын өтө так сүрөттөп, баяндап кеткендиги жөнүндө кабарыңыздар барбы?!
Себеби, азыркы кездеги медицина илими тактагандай, бул бел суусу көптөгөн көзгө көрүнбөгөн майда жыныстык клеткалардан түзүлгөн.
Алардын ар биринин узундугу 0,0016 мм ге барабар.
Бир жолу чыккан бел суусунда 500 миллионго жакын жыныстык клеткалар болуп, өз ара күрөшүүдөн соң алардын бирөөсү гана жеңип чыгып, эненин урук клеткасына жетип, жайгашат жана ушундан кийин гана түйүлдүктүн өөрчүүсү башталат.
Сүрөттөгү түйүлдүктүн бетиндеги келечекте көз жана кулакка айлана турган тешикчелерге көңүл буруңуздар!
Эненин жатынындагы жаңы пайда болуп жаткан баланын сүрөттөрү микроскоп аркылуу жүздөгөн эсе чоңойтулуп алынган.
Ал эми Аллах Таала адам баласынын эненин жатынында тамчы суунун бир нече баскычта өзгөрүп барып, наристеге айланганга чейинки тогуз айлык убакытта үч кабат караңгылык ичинде акырындап, жаратылаары жөнүндө Ыйык Курандагы «Зумар» сүрөөсүнүн 6-аятында:
«...(Аллах) силерди энеңердин жатынында үч (катмар) караңгылыкта бир жаратылыштан кийинки жаратылыштар менен жаратат...»,- деп, мындан 1400 жыл мурда эле кабар берип кеткендиги да тан калыштуу кабарлардын бири болуусу менен бирге ар бир акыл ээсин өзүнө каратпай койбойт.
Уландысы бар...
#ИсламНуру медиа портал
#АктилекМухтар уулу
Булагы: Бейиш гезити
Даярдаган: АкТилек
______________________________
- WhatsApp +7 905 939-12-55
- Ok.ru/islamnurukg - www.facebook.com/islamnurukg - Vk.com/islamnurukg - Instagram.com/islamnurukg - Twitter.com/islamnyrykg