Өспүрүм курак 🌱Акылдуу чоң ата өз өмүрүнүн аз калганын сезип жүргөн. Өзү бул дүйнөдөн өтүп кетсе атадан калган жалгыз туякты ким кепилдикке алаарын көп ойлончу. Чындыгында анын тогуз баласы бар эле. Бирок, дээринен башкача, келечегинен көп нерсени үмүт кылдырган бул неберени багып чоңойтууга алардын бары эле жарай бербесин акылман карыя сезип жүргөн. Бир канча күн ойлонуп жүргөн карыя өлөр убактысына аз калганда уулу Абу Толибди жанына чакырып, небересин ага табыштаган болчу. Чоң атанын осуяты жана баланын макулдугу менен Мухаммад (Ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) Абу Толибдин үйүнө келди. Абу Толиб кедей жашачу. Өзүнүн да он баласы бар эле. Анын жубайы Асаддын кызы Фатима келечектин пайгамбарын жайдары жүзү менен тосуп алды. Мухаммадын (Ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) келүүсү менен бул үйгө береке кирди. Балдар астына келген тамакты адепсиздик менен талашып жешет эле. Мухаммад (Ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) келгенден кийин Фатима балдарына тамак берген кезде биринчи ага берчү, анын берекеси менен ошол тамак балдардын баарына жетет эле. Буга чейин үй-бүлөдө ызы-чуу өкүм сүрсө, эми тынчтык өкүм сүрдү. Абу Толиб бир тууганынын баласын өз балдарынан да жакшы көрүп, өз мээримине алып тарбиялады. Зирек бала үй-бүлөнүн оор жашоосун жеңилдетүү үчүн аларга жардам берүүнү каалап сегиз жашында кой кайтара баштады. *Уландысы бар* Булагы:📚 Өчпөс өмүр Даярдаган:✍ Жалиева А ______________________________ - WhatsApp: 0703 388 202 - Ok.ru/islamnurukg - www.facebook.com/islamnurukg - Instagram.com/islamnurukg - t.me/islamnurukg - YouTube: https://www.youtube.com/channel/UCU7PoaVsXOxDUX8vZhD4a4Q
ИСЛАМ НУРУ
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим
Өспүрүм курак
🌱Акылдуу чоң ата өз өмүрүнүн аз калганын сезип жүргөн. Өзү
бул дүйнөдөн өтүп кетсе атадан калган жалгыз туякты ким кепилдикке алаарын көп ойлончу. Чындыгында анын тогуз баласы бар эле. Бирок, дээринен башкача, келечегинен көп нерсени үмүт
кылдырган бул неберени багып чоңойтууга алардын бары эле жарай бербесин акылман карыя сезип жүргөн. Бир канча күн ойлонуп жүргөн карыя өлөр убактысына аз калганда уулу Абу Толибди жанына чакырып, небересин ага табыштаган болчу. Чоң атанын осуяты жана баланын макулдугу менен Мухаммад (Ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) Абу Толибдин үйүнө келди. Абу Толиб кедей жашачу. Өзүнүн да он баласы бар эле. Анын жубайы Асаддын кызы Фатима келечектин пайгамбарын жайдары жүзү менен тосуп алды. Мухаммадын (Ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) келүүсү менен бул үйгө береке кирди. Балдар астына келген тамакты адепсиздик менен талашып жешет эле. Мухаммад (Ага
Аллахтын салам-салаваттары болсун) келгенден кийин Фатима балдарына тамак берген кезде биринчи ага берчү, анын берекеси менен ошол тамак балдардын баарына жетет эле. Буга чейин үй-бүлөдө ызы-чуу өкүм сүрсө, эми тынчтык өкүм сүрдү. Абу Толиб
бир тууганынын баласын өз балдарынан да жакшы көрүп, өз мээримине алып тарбиялады. Зирек бала үй-бүлөнүн оор жашоосун жеңилдетүү үчүн аларга жардам берүүнү каалап сегиз жашында кой кайтара баштады.
*Уландысы бар*
Булагы:📚 Өчпөс өмүр
Даярдаган:✍ Жалиева А
______________________________
- WhatsApp: 0703 388 202
- Ok.ru/islamnurukg - www.facebook.com/islamnurukg - Instagram.com/islamnurukg - t.me/islamnurukg - YouTube: https://www.youtube.com/channel/UCU7PoaVsXOxDUX8vZhD4a4Q