Комментарии
- Комментарий удалён.
- 8 дек 2019 16:32Бул чыгарма эмес озунун жеке турмушунжазып жатат аягына чейин окугула биз куткон жакшылык мн деле бутпой калат башка группага чыккан
- Комментарий удалён.
- Комментарий удалён.
- Комментарий удалён.
Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
Жакшы группа
8- БӨЛҮМ.
Ишенбей турдум. Кантип эле? Эртен менен эле жакшынакай отурдук го.Козумо жаш да келбеди. Башым токтоп калды. Мумкун эмес, бул туш. Азыр ойгоном. А бирок... чын эле Сабира отуп кеттиби?
Ооба, ал бизди таштап кетти, кайткыс сапарга жол тартты. Кудум тасма коруп жаткандай агын элеси коз алдыма тартыла баштады. Алгачкы жолу атамды издеп барганда коргонум, андан сон бир дасторкондо тамактанганым, эки чемоданын которуп, Медерди жетелеп уйго келгенин, чогуу жашаган кундор. Анын озгочо акылдуулугу, сабырдуулугу, тушунуктуулугу жана озгочолуу бир мунозу менен бизди озуно тартып баратканы, качандыр бир кезде анын жок болуп кетишин чын журоктон кааласам, эми окунуп жатам. Жок, бизди таштаба, Сабира мени кечир, сен жакшы адам болчусун, мен сени сыйдайм, жакшы кором...дегеним менен баары кеч!
Коп отпой Сабиранын эжеси дагы башка бир туугандарына кошулуп атамдын бир туугандары, достору кыскасы бат эле адамдар толуп кетишти. Жалгыз шок болуп отурган мен Сабиранын эжеси, апамдын эн жакын курбусу Жамиля эжени коргондо гана шолоктоп боюмду таштадым. Чындап ичим ачышты. Жаны эле чогуу келдик эле го?!
Сабиранын кесерево менен торолгон кызы да аппаратта жатып чарчап калды. Аны укканда ого бетер жанымды коерго жер таппайм.
Атама угузушуптур. Байкушум кантти экен? Баарынан да тилин булдуруктата, там-тун басып жургон Медерди аяйм. Жаным, бир тууганым, иним менин... мына мен апан болом мындан кийин. Сени эч кимге тебелетпейм, тийгизбейм, коркпо мен бармын.
Тез эле боз уй тигилип, Куран окулуп, Сабираны акыркы сапарга узатууга эл чогулду. Атам жолдо келе жаткагына эки кун болду. Толук бырыш баскан жузунон ылдый салаалап жашы чууруган, ээгин кемшендете, озуно батпай ыйлап, жаратканга нааразы болуп сыздап жаткан чукодой кемпир Сабиранын апасы тура. "Неге мени албадын? Жашоого тойдум эле го, мени унутуп калдынбы Кудай?" деп ботодой боздогон апанын этегине жашынып, бакырайган козун элейте, эмне болуп жатканын тушунбой, коркуп калган беш же алты жаштагы балага козум тушту. Жакын барып, кучагыма кыса:
-Атын ким? дедим. Мени тиктеп алып:
-Эрмек.
Дароо коз алдыма Сабиранын тез жардамда бара жатып "Уулум Эрмекти бир тууганынан алыстатпагыла, ажыратпагыла, суранам" дегени тартылды. Ооба, дал озу. Биринчи турмушунан коргон уулу ушул турбайбы. Байкашымча тай энеси карайт, Сабиранын иниси менен келининин колунда экен. Байкушум Сабира эне да, озун эмес, акыркы муноттордо балдарын ойлогонун карачы. Туура айткан, осоору эмес, олоору калган апасына ташырмак беле? Кандай учур келбесин, бир тууганы менен чогуу оскону жакшы. Экоо эки болок оскону болбойт.
Кечке маал атам келди. Жузуно тик карай албайм. Ийини булкулдогон атамдын абалын соз менен жазып бере албайм. Аны суроттогондо, айтып бергенге кудуретим жетпейт. Болгону эч бир пенденин башына мындай азапты жараткан эч качан буюрбасын.
Ошентип Сабираны кара жер алдына узаттык. Ал туболукко биз менен кош айтышып кетти. Жалгыз гана жылмайган, токтоо, суйкумдуу элеси кала берет. Жаткан жерин жайлуу болсун Сабира, бейишинди берсин. Сендей жакшы адамдар Кудайыма да керек ондуу. Биз сени чындап жакшы коробуз. Артында калган эки уулунду озум карайм.
Уйубуз кадимкидей ангырап калды Сабира жок же апам жок. Баарынан да апасын куткон Медеримди коруп журогум сыгыла ыйлап алам. Байкушум десе, мага ото жакын. Сагынып, кусаланып, ото кыйналып журду.
Сабиранын тез жардам менен торотканага бара жатканда айткан создору эсимден чыкпай койду. "Уулум Эрмекти бир туугандарынан ажыратпагыла, чогуу оссун" дегени. Сабиранын апасынын этегине жармашып жургон Эрмекти Медерге шерик кылып алуу тууралуу Сабиранын отунучуно кошулуп, сунушумду атама айттым. Мейли азырынча акчабыз, жумушубуз, уйубуз жок. Бирок ушул тырмактай бала учун журогубуз, пейилибиз кен.Биз жегенди жейт, Медер жаткан жерге жатат. Атама уул тороп берген Сабиранын арбагы учун болсо да, Эрмек менен Медердин коз жашын корсотпогонго аракет кылабыз. Иниси менен чогуу оссун, бири бирине куйуп-бышып, эриш-аркак болушсун. Атам менин оюма макул болгону менен Сабиранын апасы болбой койду. "Азырынча менин козумдун тируусундо озум карайын, кокустан отуп кетсем, силерге тапшырам." дегенинен токтоп калдык.
Атам Сабиранын кыркына жетпей апама жол тартты. Башка арга барбы? Израилде жарым жан боло апам жатса. Ага Сабиранын отуп кеткени тууралуу угузган жокпуз.
Ээнсиреп кала бердик. Нурмира менен Медер уйдо калат. Аймира кадимкидей эсине келе тушту. Коркуп калды окшойт. Абайлап суйлоо керек экен, Сабиранын жок болушун каалап жатып, ушуну кордук. Ал жок болуп кеткенде жыргап кеттикпи?
Канат Анарбекович! !! Эшиктин алдындагы жумшак оюнчуктар, журокчо шамдар, создун гулун терип жазган каттар... Озун коро элекмин бирок сюрприздери келип турат.
Коз ачып жумгуча куз келди. Окуу башталды. Жайы менен как эшечка иштегеним эч нерсеге жараган жок. Болгону кварплата менен ичкен жегенибизден ашпады.
Нурмира мектепке жоноду. Аймира окууга отпой калды. Мейли эч нерсе эмес эмки жылы тапшырып алат. А мен сентябрь буткучо иштоону чечтим. Кузундо тойлордун убагы жага ушул айдын аягы менен апам келип калышы мумкун. Суйунчу апамдын иммунитети жакшырып келе жатты. Акырындап ооруну женип келе жатканын укканда тобом кокко жетет.
Аймира кок беттенип иштебей койду. Конулу жок эч нерсеге. Иштегиси келбейт. Жашырганда эмне озумдун эле синдим го, уйкучураак жана жалкоо. Оной оокатка ыктаган жагы бар.((( Уйдо Медерди карап отурат.
Жакшыраак банкет болот деген куну тикемен туруп иштейм. Анткени шеф премия берет. Кызыгы дайыма мен алам. Коруп жатса керек бир сомдун артынан кандай тоголонуп жатканымды. Иштебесе да болбойт.
Ошентип куз да келди. Шаардын жашоосу негедир жакпай баратты. Озгочо этажда жашаган тируулуктун азабындай сезилди. Не деген шумдук? Ширенкенин коробкасындай кылып баарын бир куту тизип салгандай. Жайдын ысык аптабында эшиктин алдына суудан чачып, огороддон бадыран менен помидордон салат жасап, тапчандын алдында жузум, алма, алча деги койчу баарынан жеееп жатсан э? Эшиктен кирип келсен итин алдындан тосуп чыкса. Кааласан казанга тамак жасап, тегерегине жайнатып гул тигип ал. Байкуш апам абдан мээнеткеч. Тим эле уйубуз озунчо эле икибана болчу. Байкуш уйубуз жомоктогудай чекчейип абдан ирээттуу, таза эле. Атам менен апам биринен бири отуп ашынган эмгекчил экенин шаарга келип анча мынча элдердин жашоосун коруп салыштырганым. Сабира да ошондой болчу. Бечарам ай, анын орду кадимкидей жоктолду. Эстеген сайын журогум сыгылып кетет. Кечке маал балдар аянчасында ойноп жургон Медер менен Нурмираны карап, балкондо ушуларды ойлонуп отургуча атам чалып калды.
-Ало, кызым кандайсынар? Ручка барак дайындачы!
Демейде атамдын уну бир калыпта чарчанкы турдо чыкканына конуп калган окшойм. Бул жолку октом чыккан добушунан чочуп кеттим. Билсениздер ал учурда ар бир ирмем, соз, ун, кыймыл-аракеттерге оздорунчо маани берип, ото сезимтал абалга келип калдык. Дароо журогум дукулдоп, алаканым менен чекем тер басып, калтырап кеттим.
Калем менен барак дайындап:
-Ата, дайынмын, айта бериниз. Апам кандай?
-Апан жакшы буюрса. Баары жакшы.
Бир даректи айтты. Барсам акча берет экен, дароо банк аркылуу которушумду тушундурду. Айтканындай кылдым. Болгону ал акчанын суммасын коруп оозум ачыла уйго келдим. Карызга алды окшойт. Буюрса, жаны жылга чейин келип калышаарын айтып очуруп койду. Так суммасын билбесем да, карызга белчебизден эмес, башыбыздан ылдый батканыбызды билем. Мейличи, эн башкысы апам аман болсо болду. Бизге ошол керек.
Нурмира мектепке кетет. Аймира Медерди карайт. Мен тунго чейин иштейм. Сентябрь бутуп бара жаткан. Куз суук. Кыш эрте келет окшойт. Шолоктоп жамгыр куюп жиберди. Уйго аран жеттим. Ашканага баш багаарым менен катар тизилген банкаларды коруп тушунбой калдым. Кышкы салатар, компот, вареньенин тулору. Тим эле козун жайнайт. Кышка эмес эки жылга жетчудой. Менин келээримди кутуп турган окшойт. Медер менен Нурмира алдымдан чуркап чыгышты. Там-тун баскан Медер кадыресе чуркап калды. Сабиранын кеткенине эки айдан ашып калды. Башында абдан томсоро кыйналды. Бирок али кичине бала эмеспи. Мени бучкактап, мага конуп калды. Ботоюп алдымдан чыккан Медерди тик которо кучактап, бетинен ооп, жыттап алсам жаным жыргай тушот. Ала келген таттууларымды, оюнчуктарымды карматып, эркелете алдыма алып отуррам. Негедир Аймира корунбойт. Кайда кеткенин сураганымда, туштон кийин кеткенин уктум. Азыр тунку он экиден ашты. Келген жок. Ушул кыз бир балээге кабылбаса болду.
-А тиги ашканадагылар кайдан?
Коздору жайнаган Нурмира:
-Кечке маал чон атам менен чон апамдар келип кетишти ( атамдын бир туугандары). Ушуларды, продуктылар анан ортодон акча чогултуп, алты айдын кварплатасын токсун деп таштап кетишти.
-Коой, чын элеби?-Суйунуп кеттим. Ордумдан тура ашкананы коздой чуркап, шкафтарды ачып жыйылып турган азык-тулукту коруп ыйлагым келип кетти. Чынын айтыш керек, кварплата менен тамак-ашка кеткен акчаны табам деп иштегеним жетпейт. Кадимкидей чарчап бара жаткам. Эшикте кадыресе суук болуп калса да, жайкы бут кийим менен жургом. Жамгыр жааса ичи сууга толуп калат. Баарынан да алты айдын кварплатасы тогулсо, демек окууга барат экенмин да? Бирок баары бир тункусун иштеш керек. Башым бир заматта ушуларды ойлонуп жиберди.
-Бул эч нерсе эмес журусонуз, балконду карасаныз?! -Алдыма тушо далбастап колу менен корсотту.
-Ваааууу... кандай сонун. Баарын апкелишкен го э? Анан туугандарга чай бердинерби?
-Ооба, чай ичишти сизди, апамды сурашты. Ортодон акча чогултушуптур.
-Аа... эртен дароо кварплатаны толоп салайын. Акчаны каяка койдунар?
-Аймира эжем алган.-Башын жерге сала Нурмира куноолуу кишидей.
-Эмнее?-Чочуп кеттим. Балким уйго таштап кеткен чыгаар деген ой менен болгон жерди тинтип издеп чыктым. Жок. Ушунчалык жиним келсе да, жаман ойлорду ойлогум келбей, жакшылыктын умутун туну бою жандырып отурганым менен Аймира тан аткыча келген жок. Ар бир айга жети мин сомдон болгондо кырк эки мин? Не деген акча? Мен кунуно торт жуз сомго иштеп журсом ал мынча акча менен кайда журот? Карызга болсо батып калдык. Мээси жок эле кыз болуп калды окшойт. Балким короткон жок. Кантип коротпойт? Мейли бир азын жок кылса да, калгагы келээр. Бирок ошончо акча менен кооптуу эмеспи? Ал убакта кырк мин сом бир далай сумма болчу.
-Ой акылсыз акмак, сенде мээ деген жок турбайбы э? Эми атама эмне дейбиз? Сен адам болбой калдын. Ойлонуп иш кылбайсынбы? Ооо... кудай кантип ушундай болсун? Соз жок.
Колума келген нерсе менен Аймираны ургулап жаттым. Коздору кызара, эс учун билбей мас боло бурчта отурду. Такси менен келип тушуп калды. Эки кундон бери жоголуп журуп. Шашыла чонтогун антара мин сомго жетпеген акчаны таап , ичим ачыша ыйлап жаттым. Мени коро Нурмира да жашып алды. Медер эч нерсе тушунбой учообузду алмак-салмак карап оозун ача. Аймиранын жанына баргандан корунуп турдум. Арак менен тамеки буркурайт. Тилине алы келбей ар нерсени суйлоп жатат. Ото жийиркеничтуу. Ото абийирсиздик. Бул кыз мектепти кечээ эле бутту го. Достору жаман окшойт. Достору эмес озунон да. Эмне кылсам? Суйроп тошоко жаткырып коюп, козумдун жашын тыя албай Медерди жетелеп сыртка чыктым.
Сабырсыз ыйлап отурдум. Эмне кылсам? Аймираны ээси, коонунон кеткис кылып сабап салсамбы? Таарынганымды билдирип уйдон чыгарып жиберсемби? Кайда барат? Кандай айтсам да тушунбойт. Атам менен апам келсе экен. Эми анча акчаны кантип табабыз? Озоруп калгыча ыйлап жаткан мага Медердин кузгу шамалга ары-бери учуп жаткан сары жалбырактан беш-алтыны чогултуп, букет сымал жылмая колума карматканы сооротту. Анын сут тиштерин бажырайта жылмайганы, ичимдеги бир башкача жылуулукту ойготуп жиберди. "Ыйлаба! " деген сымал, мени бекем кучактап койгонучу?! Элжиреп кеттим. Колундагы жалбыракты алып, быйтыйган колдорунан опкулоп, кучагыма бекем кыса, магдырап алдым. Кандай керемет. Ушул жупуну жалбырактар менен балакайдын жылмаюусу бугунку маанайымдын жайдарыланышынын себепчиси. Медердин кыбыраган кыймылын карап отуруп Сабираны эстеп кеттим.
Биздин психологиябызга экинчи аял ото терс адам катары синип калган. Албетте бироонун жаштыгын, мээнетин, омурун кетирип курган даяр бакыттын устуно эч бир кыйынчылыксыз отуруп калуу жаман корунуш. Ал эми Сабираны андай ойлогонго эч акылым сыйбайт. Бирге аз кун жашасак да, анын корогочтугу, озгочо бир жагымдуу сапаты мени туболукко сыйлоого алып келди. Анын жиним келгенде " Сабырдуубол. Ар бир маселени тынчтык жолу менен чечсе болот. Ачуун келгенде чечим чыгарба." деген сыяктуу кенештери озгочо Аймирага келгенде коп айтчу. Чын эле, Аймирага кол которгондо эмне пайда? Мен аны мин жолу ургулагагым менен мээсине жетпесе онолмок беле? Анын устуно алым жетпейт. Кыз киши учун ото эле кучтуулук кылат. Кичинесинен спорт менен машыкканы озуно ото эле ишенгендикти калыптандырган. Тобоо, чон муштум. Эч нерседен коркпойт. Анча мынча балдардын жагын чыгарат. Дайыма спорттук кийим кийип жургонуно конуп калган биз, бир жолу жени кыска койнок кийип алса, тырышып чыгып турган булчундарын карап алып боорубуз эзилгиче кулгонубуз эсимде. Кудай Аймираны эркек кылып жаратып келе жатып, акыркы процессинде кыз кылып койсо керек))). Мунозу, журум-туруму эркек баладан эч айырмасы жок. Демек, ал менин аны урганымды чымын чакканчалык корбойт. Ошондуктан Сабира "Абайлап суйлош☝️☝️☝️. " дегени бекеринен эмес чыгаар. Озум менен ойлонуп отуруп, бир чечимге келдим.
Жиним келе ичим толо бурганактап, баарын сапырып жиберчудой албууттанганым менен кайра эле жарым саатка жетпей баягы бурганак кайда кеткенин билбей калам. Конулум чайыттай ачылып, кандай учур болбосун позитивдуу жактарын издештире баштайм. Оптимистка окшойм
Эн башкысы ата-энем, бир туугандарым, алты саным аман. Туугандар бул акчаны чогултуп бербесе эмне кылмак элек? Буйруктуу эмес тура. Демимди баса уйго жонодум. Сабиранын олуму мага шугурчулук кылууга ото чон сабак болуп, стимул берди. Жамандыкты амандык женээрине кадимкидей козум жете, ден соолук болсо баары болот деген ойго баш ийдим.
Уйдун ичи перегар жыттанат. Терезелерди ачып, банкаларды, азык тулукторду ирээтке келтирип, Аймирага ысык шорпо жасап баштадым. Ал ойгонду шишип, кооп. Жулкулдатып душка киригиздим. Жиним келип жаткан сыяктуу турдо.
Ачуу шорпону алдыга коюп:
-Ич, калтырабай. Кайда журдун?
-..... Унчукпайт. Башы ооруп жатты окшойт.
-Не суйлобойсун? Мээси жок. Кайсыга кооп жатасын? Не бузулуп баратасынбы?
-..... Кабагын буркой, жерди тиктейт.
-Уяты жок. Сен бизди эч ойлобойт экенсин э? Атамды, жарым жан болуп жаткан апамды. Мени.... бир тыйындын артынан жормолоп журсок. Колтойгон кырк минди асманга чачып...
-Ыя? Акчабы? селт эте чочуп кетти. Бир нерсени эстеп жаткандай асманды тиктеп алып:
-Эжеке, акча чонтогумдо жок бекен?
-Ой, кок мээ, акча эмес, озун аран келдин го, темселеп.
-Жок, жок. Мумкун эмес. Мен азыр...
Башын чайкай, эки колу менен чыкыйын мыкчып ойлонуп кирди. Кыжырым келе тушту:
-Койчу Аймира. Мага антип калп эле анткорлонуп спектскль корсотпочу макулбу? Сен женил ойлуу, ото начар адам экенсин.Кудайым буюруп, апам аман-эсен келсин. Сени менен ошондо суйлошом. Нервимди да короткум келбейт. Кыскасы мени эже дебей эле койчу. Мага сендей акылсыз, кыскасы соз жок, сендей бир тууганга урдум да, кол койдум. Айтканды укпасан, жолун бош.
- Эже, мени кечирип коюнузчу. Мен ал акчаны короткон эмесмин. Болгону бир кыз, тренер... спорт клуб... кандай болгонун эстей албай... таак... кечее баргам...
Козун ачып жумуп, озунчо элестетип жатты.
-Кой...кой.. ай кыз мне теперь все понятно. Ар кандай шылтоонду айтпа. Говорят "Сойку менен алкаштын шылтоосу тугонбойт" деп. Кечир но ты точно такая.
Арданып кетти окшойт.
-Не сиз мага ишенбей жатасызбы? деди ызаалана.
- На каких основаниях я должна тебе верить? За какие поступки? И вообще ты для меня ни кто!!! Отвали.
-Эжеке, мен акчанызды таап келип берем. Чын эле мен аны эч нерсе кылган жокмун. Абайлап суйлосонуз.
Кызандап турганын коруп, намысыга дагы тийип коеюн дедим.
- Все, акчанын кереги жок. И без тебя переживу. Айтпаса бир жон. Оказывается адам олуп деле калат турбайбы. А мне теперь не жалко тебе. Лучше олуп калганын жакшы. Сени деген кыз дейт. Кудай ушинтип жараткан. Кыздай болсон. Апам алдагы турунду корбосун. Знаешь дорогая адам бол же умри. Уктунбу? Сенин мага керегин жок. Мени сыйлабан, а мен сени эмнеге сыйлашым керек? Ушундайында алыс кет. Бизге ашыкча проблеманын кереги жок. Ушул жашка келип акыл кирбесе, дальше эч нерсе озгорбойт. Бар чыгып кет. Пока это мой дом. Я имею права. Атам менен апам келгенде анан кел. Корунбо мага. Жогол.
-.... унчукпады. Мен конок болмого кирип кеттим. Ал жакта Медер телевизор коруп отурган, коркуп калбасын дедим. Кантип эле кууп чыкмак элем? Кичине эсине келсин дегем. Беш мунот отпой артымдан кирип:
-Эжеке, мага ишениниз мен акчаны короткон эмесмин. Отобрали мне кажется. Я вам верну всю сумму. Атама айтпай турунузчу.
Ундобой койдум. Эшике чыгып кетти. Терен дем ала, Медерди которгон боюнча чуркап бара жаткан Аймираны терезеден узатып кала бердим.
Кеч кирди. Медерди жуунтуп, курсагын тойгузуп уктатып коюп, Нурмиранын уй тапшырмасына жардам берип, сабактарын козомолдоп жаткам. Эртен жумуш. Эрте жатууну каалагагым менен Аймираны кутуп жаттым. Келсе, эми урушпай кайра акырыын алдап эскертейин. Антпесе болбойт. Ангыча тун жарымда телефонум шынгырады. Оюмда Канат Анарбекович деп албай коюууну чечтим. Чоочун номер катары менен уч жолу чалды. Акыры жооп берууну чечтим.
-Алоо, угуп жатам.
-Саламатсызбы Аида сизби?
-Ооба мен.
-Биз сизге РОВДдан (кайсы район экенин айтпай эле коеюн) чалып жатабыз. Синдиниз Аймира боюнча.
-Эмне? Аймира? Эмне болду?
-Келсениз суйлошобуз.
Уландысы бар.