17-БӨЛҮМ. - 895733804371

17-БӨЛҮМ.

Эртеси тан эрте ойгонгондо эле маанайым сонун ойгонгонума апам тушунбой мени карап коет. "Бабочки в животе"! Кандай керемет сезим, ширинин, жагымдуусун айт. Жашоомо периштелер нур чачып кеткендей эле жаркырай тушту. Акыркы жолу апам Израилден кайтып келгенде ушундай жыргагам. Душка тушуп, чачымды ирээтке келтирип, суйунгонумдон албырып чыккан бетимдди кузгудон карап "Эээккк... муну кара, демейде бозоруп турган, эми кып-кызыл болуп ысып жатканын" . Айткандай Дастан жолугушуу жерди смс менен жазып, убактысын белгилеп коюптур. Апамды айланчыктап журуп аран сурандым. Делбектеп чуркап отуруп, саат тушку 3то чакырган жерге эрте эле 1де барып алыптырмын. )))) Эми эки сааттын отушун айткыла. Улам телефонумду карайм. Жолукчу жерден алысыраак жерге далдоорок отуруп алып коз салып турдум. Эрте келгенимди билгизбей, 10-15 минут кечигип келген киши болуп коеюн деп ойлонуп коем. ))) Карагылачы, суйуу дегенин соо адамды жинди кылбаса мага келгиле!! !
Кыялдарга да чомулдум. Оюма нелер гана келбеди. Ангыча Дастандан чалуу келди. Козумду жумуп, чымырканып алдым.
-Ало, Аида каяктасын?- келип калдыбы деп жолуга турган жерди карасам озу да, машинасы да корунбойт.
-Кандайсыз, уйдон азыр чыгайын деп жатам. Озунузчу?- дедим куру намыс учун. Ал мен шашылып эки сааттан бери делдейип отурганымды кайдан билмек эле?
-Чыга элегин жакшы болбодубу, менин жумуштарым бутпой жатат, биротоло эки сааттан кийин чык. Макулбу? Кечикпе э?
-Макул, шашпай жумуштарынызды бутуро бериниз, чыгаарда чалып коюнуз.- Офф, дагы "Кечикпе" деп коет. Кайдагы кечиккен? Мен оорукчан немедей эки сааттан бери темселеп журом!!! дей алсам гана?! Мына сюрприз, дагы эки саат. ошондо саат беште жолугабыз. кеч болуп кетет экен. "Саат алтыда уйдо болуп кал." деген апам.((( Ыйлагым келе, маанайым тушо отуруп калдым. Уйдон тамак да ичпей чыгып алыптырмын. Курсагым курулдайт. Кириешки сатып жедим. Акча да жок. Озумчо "Мунумду киши укпасын" деп коем. Убакыт отпойт. Эшиктин ысыгы да кайтып калды. Беш саат жон эле отурдум. Ал учурда азыркыдай чукуй калганга инстаграмм да жок. Беш да болду. Телефонумду мелтиреп тиктеп отурдум. Озум чалып жиберейин деп, номерин жуз эле жолу терип, кайра очуруп салам. ары-бери басып,отуруп- туруп, ары карап-бери карап, башым да ооруп чыкты. Бир убакта Дастан чалганда ордуман тура кыйкырып анан секирип да жибердим. Мени коргондор тан кала ооздорун ача отуп кетип баратышат))) А мага баарыбир эн башкысы Дастан чалып жатпайбы э?
-Каяктасын Аида?
-Жетип калдым. Беш, он мунот....- дагы калп айттым. Элейип эки жагыма абай салып, жолукчу жерди карайм. Мени коруп калбасын деп ото далдоо жерге туруп алгам)))
-Мен келип калдым. Жеткенде чалып кой э?
-Макул, азыр барып калам.- Чын эле болжошкон жерге Дастандын машинасы келип токтоду. Журогум тыпырап, сыртка чыгып кетчудой турсулдойт. Чонтогумо салып алган кичине кузгуго каранып, эсимди жыйган киши болгонум менен муунум титиреп, толкунданып алгам. Жинди немече, кузгудон озумо-озум козумду кысып коюп, жылмайып жыргап жаттым. Алыстан коз салып, он мунот откон сон, демимди басып машинанын жанына бардым. Жакын келгенде машинадан тушуп келип колун сунган Дастанды тике карай албай,жер тиктеп учураштым.
-Маанай кандай анан?- Дастан жылмая учурашты. "Жакшы" дегендей башымды ийкедим. Ээрчишип Караван соода борборуна кирдик. Чакан тамактануучу жайга отурдук. Менюсунда тамактардын аты да башкача. Французча да эмес Италян ашканасы окшойт. Дастан озуно тамак тандап жатты. Мен тамактын аттарын карап жакшы тушуно албайм. Жок дегенде эмне кошуларын жазып койбоптур. Менюну тиктеп турган мага карап Дастан:
-Кел, курсактар ачты го.- жаныбызга келип кутуп турган официантты карап заказ берди. Менин кезегим келди, ийинимди куушуруп:
-Дастан байке, мен бул менюдагы тамактарды билбейт экенмин. Жеген да эмесмин. Заказ берейин десем....- ачыгын эле айттым. Мындай ресторанга омуру кирбесем, анан калп эле билген киши боло бермек белем?
-Аа... кандай тамактар жагат? Азыр бул жигит тушундуруп берет.- Официант жигитти корсотуп:
- Эт жебейм. Ачуу да жей албайм. Кандай десем, кадимки эле плов, фаст-фуудтарды, куурулган картошка, кесме же лагман деп койбоймбу, ошондой эле тамактарды жеп чонойгом.- мени караган Дастан каткырып алды:
-Чын да, омуру кирбеген ресторанга алып кирип алып кыйнайсыз да.- таарынган кишиче тамашалап алдым. Официант менен кенешип бир тамак заказ кылышты. Негедир Дастан мени башкача коз караш менен карап жаткандай сезилди. Жузуно тике карай албадым.
- Москвага качан?- деди олуттуу карап.
-Билбейм, болом бар ал жакта, суйлошо элекмин. ошентип пландап жатам.
-Кыйналасын го ал жактан. озун да ишенчээксин. Чон шаарда коп энергияны талап кылат. Сендей боорукер, ыйлаак кыздарды алдап кеткендер толтура.
-Кудай сактасын. Анан эмне кылам? Иштеш керек. -Кабагымды буркой жер карадым.
-Канат чалган жокпу?- "Жок" дегендей башымды чайкадым. Столдун устуно "О!" симкартасы жаны чыгып жаткан, алдыма жылдырап коюп:
-Мына сага жаны номер алып койгом. Бир ай бекер суйлошот экенсин. Интернетке да кошуп койдум.
-Рахмат.
-Москвага кетсен жазып тур э?- жылмая мени тиктегенинде журогум туйлап кетип жатканын сезди бекен? Мынчалык жакшы адам болуунун кереги барбы?
-Мой мирде барсынбы?- ал учурда "Мой мир" социалдык баракчасы популярдуу болуп жаткан.
-Жок, ал жака катталган эмесмин.
-Чын элеби? Азыр коптор агентте отуруп жатышат. Баарлашууга ото ынгайлуу экен. (ал убакта агент жаны чыгып жаткан) Билбейт болчумун. Ийинимди куушурдум.
- Чыныда телефонум интернетке кирбейт.- мени тиктеп бир топко отурду. Тамактанып буткон сон:
-Журу, мен сага чакан белегим бар.
Ээрчитип журуп жаны телефон сатып берди. "Жон эле коюнуз, кереги жок." дегеним менен ото жагымдуу сюрприз болду. NOKIA 6003, жаны телефонумду колума кармап,чексиз суйунуп турдум. Сыртка чыгып машинасынан ноутбук алып чыгып, мага агент ачып берди. Убараланып, мага аны кантип колдонуу керектигин тушундуруп берип жатты. Албетте, окубасам же курбуларым болбосо ал жонундо билген эмесмин.
Саат кечки алтыдан отуп бараттыю Жайдын куну жарык болгонуна карабай, уйго кетууго шашып баштадым. Суранычым менен уйго жеткирди. Жон гана агалык, боорукердик мамлесинде. Машинадан сылык коштошуп тушуп бара жаткам, колумдан кармап Дастан:
-Болуптур, анда кечке маал агенттен суйлошобуз да.- Мына, мына, мынааа.... дал озу, ушул соз менен баары башталды. Баарын озу баштаган! !!Мен эмес, озу! Же менби?
"Ни уголь, ни огонь, не горят так жарко, как тайная любовь, о которой ни кто не знает" Зигмунд Фрейдтин китебинен окуп калгам. Ошол учурдагы ичимдеги сезимдердин алоолоп жанганы ай... Кудундап суйунуп улам телефонумду карайм, чукулайм. Жумуштан келген Аймирага сыр кылып корсоттум:
-Аймиишка, бир нерсе айтсам эч кимге айтпайсынбы? - Апам укса кайдан? Качан? Эмнеге? Кантип? кыскасы мин туркун суроолорду берет. Тобоо, апамдан жашырам деп ойлобогом. Мени карап тан кала жаныма келген Аймира:
-Иии... эмне болду айта бериниз.
-Мобуну карасан:- Телефонду корсоттум. Козун элейте, дароо колумдан ала:
-Вааууу... менин кыялым го, бул кайдан?- Деди суктана, дагы деле ишенбегендей кыйыр тиктей:
-Сен чын эле эч кимге айтпайсынбы? - Дагы бир жолу тактап сураганыма кабагын чытый Аймира:
-Уфф... ииийй... айтпайм дедим го!- Чый-пыйы чыга тыбырчылап жиберди:
-Бироо белек кылды... Дастан.- Озумчо уялган кишидей жер карадым.
-Да, нуу! Ни че себе, чын элеби? Вааййй, тамашалап жатасыз э?- Чын дегендей башымды ийкедим. Экоолоп агентен туугандарды, айылдагы классташ, кошуналарды, тааныштарды издеп, достук жонотуп жатканбыз. Тушунбогон жерлеримди Аймирадан сурап, деги бир кызыгы тарабай, телефонду чукулайм. Ангыча Дастандан билдируу келди "Укта, эртен маанилуу жумуштар бар." Окуп алып тушунбой калдым. Балким туура эмес кетирип алды? "????"- Ушундай суроо белгисин жонотуп койдум. Анан жообун жазгыча бир ордумда тура албай бери басып, чыдамым тугонду. Кашайып жооп жазган жок. Элейип кутконум жаман болду. Мындан башка деле соз жазсам болмок, озу жазып жаткандан кийин кызыктуурак маекти улап кетсем болбойт беле? Тим эле озумчо гордая болуп кетем. Болуп кетпей эле ошондоймун. Жазгым, маектешкенди оло кутуп жатсам да намысым жол бербеди, жазбай койдум )))).
Эртеси тан эрте туруп ачып карасам, дагы деле жазбаптыр. Балким ушуну менен жазбай калсачы?
Апам болом менен суйлошсо, "Келе берсин, жардамдашабыз, болгону жанына бир аз тыйын алып алсын." дегендей кылыптыр. Атам менен кенешуу учун ынгайлуу учурду кутуп журдук. Биринчидиден: Атамдын маанайы жакшы болушу шарт. Экинчиден: Макул болбошу белгилуу, бирок биз макул кылышыбыз керек!
Кечке маал Дастандан келген чалууну коруп, бакырып жибере жаздадым.
- Кандайсыз Дастан байке?- Суйунгонум унумдон байкалып турганын озум да сездим.
-Салам, Канаттан кабар жокпу?
- Буюрса, жок, баары тынч.
-Жакшы....- Бир саамга унчукпай калды. Мен да суйлоого ынгайлуу бир соз таба албайм. Тыншап тура бердим делдиреп:
- Эмне кылып жатасын?- деди оголе коптон кийин.
-Тамак жазап жаткам, озунуз?- Суроо бербесем, коштошуп очуруп салчудай далбастап кеттим.
-Ооо... тамак жазаганды билесинби?
-Коюнузчу ай, уйдон тамакты мен эле жасайм.
-Не тамак?
-Оромо.
-Даамдуубу?
-Албетте сиздин профессионал ашпозчуларыныздыкына жетпесе да, биз учун ото даамдуу.
-Чын элеби?
-Ишенбесениз ооз тийип корунуз.- Тамашалап эле айткам.
-Макул, кечинде барам, бир порцияалып кой. Ой... экини ото даамдуу болсо тойбой калам.
-Коюнузчу ай, тамашанызды. - Кулуп жибердим.
-Чын айтам, тренировкадан чыгып барып калам, алып кой, аппетитим да ачылып кетти.
-Макул.- дедим. Анан эмне кантмек элем? Озум "Ооз тийип корунуз." деген сон.
Толкундана камыр жайып жаттым. Чын эле келеби? Балким тамашалап койсо, озунчо эле толкунданып алдымбы? Ооба, ощол Дастан менин оромомду карап калыптырбы? Ага баары бир эмеспи. Жон эле суйлоп койду да! Дегеним менен камырды адаттан тышкары жукартып жайып, ото кынаптап жасап, кутуп эле атам. Бышкан сон сынамакка уйдогулордун баарынан "Кандай болуптур?" деп кайталап сурай бердим. Куугум кире электе эптеп Медерди шылтоолоп кечки сейилдоого жетелеп чыктым. Эки козум жолдо, оюум алып учат. Ангыча жай жылып келе жаткан Дастандын машинасын тээ алыстан эле айныбай тааныдым. Журогум "болк" эте, калтырап чыктым. Коргон козумо ишенбейм. Жанатан бери кутконум келе жатат. Жакындап калганда Медерди аябай ойнотуп, конул бурбаган кишиче, кайпалактап калдым. Эми Дастанды тап-такыр ойлобогондой Жакыныраак келип токтогон машинанын ар бир кыймылын жон терим менен сезип турсам да калп эле кормоксонмун. Тетири карап Медерге бир нерселерди суйломуш боло, алагды кишинин образында эки козум аландай артымдан келе жаткан Дастандын дабышы жакындаган сайын, кадимкидей аба жетпей баратты. Кандай кучтуу сезим!
-Кандайсынар? - Конур уну кандай жагымдуу. Элейе тиктеп калган Медерге кошулуп, артыма бурула:
-Оо... кандайсыз?- дедим кутпогон кишиче. Сылык учрашып, маекти улай Медер менен тааныштырдым.
-Менин атым Медей- деп быйтыйган колун сунган инимдин жанына Дастан ылдыйлап отуруп, колун алып, атын айтып бетинен опту. Эн эле суйкумдуу иним бар, бойтойгон тим эле, мамалака окшошкон. Медердин бал тилине ичи эзиле, бир топ суроолорду берип, жообуна каткырып жатты. Менден бетер кичине балдарды жакшы корот экен. Мени карап:
-Ну, Аида покажи мне свой талант. "Тамакты ото даамдуу жасайм." деп мактанып калыптырсын. - Жылмая мени караган Дастанга:
- Сынайын деп келдинизби? - дедим мен да кулумсурой.
-Жок, курсакты тойгузайын деп келдим.
-Каап, калтырбай коюптурмун. - Мен да тамашаламайын тура албайм. Дастан ишенип кетти окшойт. Тангалган турдо:
-Эээ...- деп, башын тырмай туруп калды.
-Тамаша, байке, азыр куто турунуз, эми ушунча келгенден кийин... Медер менен по мужски разговор кылып турунуз.
Шашып уйго кирип, залда телевизор коруп отурган атама билгизбей, табака калтырып койгон оромону салып, устун жаап, сыртка жонодум. Дагы жакшы апам душта экен, антпесе байкап коймок. Сыртка чыгып, балдар аянчасында тогулгон кумда Медер менен оюнчук курок менен берилип чункур казышып жаткан Дастандын жанына бардым:
-Сынактан отпосом да, курсагынызды тойгузаарына ишенем:- Колумдагы табакты карап, ордунан туруп, машинасынан сок жана одно разовый сткан алып чыгып, катарлаш скамейкага отурдук.
-Ай, Дастан байке ушул жерден жейсизби?- Балкондон атам же апам коруп калбасын деп чыйпылыктап кеттим.
-Анан каяктан жейин? Уйго кирейинби?- Не дешти билбей, козум алая тиктеген мени карап:
-Сени машинага туш деп айтсам.... , журу анда Медер менен машинага отуралы:- Айла жок, бирок сен жактырган адамдын сунушуна кантип макул болгонунду билбей калат экенсин. Кумда ойноп жаткан Медер ордунан жылбай койду. Машинанын ичинен коз салып туралы деп анча алыс эмес жердеги токтоп турган кап-кара лексусту коздой жонодук. Жакындап калганда уурданып, абай сала, эки жакты карап, атам менен апамдан жазгана карап жатканымды Дастан байкады окшойт, алдыыраак басып барып, арткы орундуктун эшигин ачты. Бул орундука канча жолу отурсам да, бугункудой толкунданбасам керек. Адаттагыдай Дастанды алдынкы орундукка отурат деп кутком. Ага болбой, катарлаш отурууга камынганын коруп, озумдон-озум эки бетим албырып, алаканым тердеп, майда калтырак басып чыкты.
Колумдагы табактан улам бир кесим оромну тамшана жеп жаткан Дастан:
-Мынча даамдуу болот деп ойлогон эмесмин:-Деди суусундук ичип жатып.
-Рахмат.- Уяла жер карадым. Суйунуп алдым.
-Билесинби, не зря говорят, что путь к сердцу мужчины лежит через его желудок. Келечектеги куйоо баланы бактылуу деп койсок болот.
-А мен бул созго ишенбейм, мумкун эмес:- Башымды чайкаган мени карап Дастан:
-А неге?, Кызык.
- Извините меня конечно, Вы реально думаете, что многие мужчины ходит к любовнице, чтоб борща пожрать?- Кулуп жиберди:
-Ха,ха.. еще пирожков и котлет...- Мен дайыма ушинтип оюума эмне клгенин балтайтып суйлоп алам. Дастан мага карындашындай мамиле кылып жатса, ото туура эмес суйлоп алганыма кадимдкидей кыжаалат боло:
-Ну, извините! Я пойду.- Ордуман жылып сыртка камынганда, колумдан кармай, токтотуп:
-Аида, еще пять минут посиди, поговорим.:- Деген созу мени эч кандай каршлыксыз токтотту. Мен ал учун еще пять минут эмес, готова всю жизнь остаться.... Кыздар мы такие хитрые... эч сыр бербейбиз го э?
Ичимден озумо озум "Долдуроп ойдо томон суйлобой, нормальный отурайын." деп тилдеп алдым. Ото созулган маданияттуу кызды корсото баштаган мага:
-Москвага качан?- деди Дастан.
-Билбейм, болом келе бер деди, атама айта элекпиз.
-Ал жак кыз киши учун ото кооптуу.
"Билем, айла жок. Ач бала ток бала менен ойнобойт же башы оорубагандын кудай менен иши жок дегендей, сиз биздин жашообуздун кандай абалда экенин билмек белениз!! !" деп ичимден айтып, ойлуу отурган мага:
-Апан кандай?
-Шугур, жакшы.- Башымды ийкедим. Ансыз да Дастан айтпаса деле Москвага кетким келбей жатканын мойнума албай, озумо озум алдап мотивация берип, кетуумо шыктандырып, баары жакшы болооруна мээмди ишендирип жаткам. Эхх... мен окугум келген. Маанайым чого ойлоно тушконумду Дастан байкады окшойт:
-Аида, мен сага дукондон жакшы жумуш таптым, айлыгынды Москваныкындай кылып толойм, кузундо окуунду улант. - Тушунбой калдым.
-Рахмат, кереги жок. Ансыз да сизге ото коп туйшук жаратып, бир топ убара кылдым.
Сыртка чыгып кеттим. Кызыктай сезим ичимди уялап, же суйуноорумду же арданаарымды билбей, болушунча кумда берилип ойноп жаткан Медердин жанына барып:
-Журу, Медерчик уйго кетели.- Колунан тарта,оюнчук курогун алдым.
-Жок байбайм, кое бей мени, койбой жатасынбы, ис (иш) кылып жатканымды. - Медер да колун тарта кумга умтулду.
- Журу, жожом менин калганын уйдон ойнойбуз э?- Коздорун бакырайта башын чайкаган Медердин жанына Дастан келип, колу менен кумду корсото:
- Бул эмне?, эмнени жасадын?- Ушуну эле кутуп жаткансып Медер ишин уланта:
-Чункуй, буй деген буто элек. Дагы тейен, чункуууй болот.
-Журу Медер уйдо ата кутуп атат.- Алаксыта уйго алып кетуунун амалын издей баштадым:
-Байбайм, буто элекмин да.- Кок беттенип болбойт. Жанымда турган Дастанга карап:
- Биз уйго кирели кеч болуп баратат:- дедим. Ансыз да азыр атам дворду жанырта "Медееер! " деп кыйкыра турган убагы болду.
Мага кошулуп Дастан да медерди кондурууго отту.
-Медер, эртен келип улантасын э, кечинде уйдон ойносун да чынбы?-Дастанды маанилуу иши калгандай карап, башын чайкай Медер ыйлап баштады:
-Байбайм уйго, уйдон ойнобойм. -Кок беттиги бар. Айтканын бербейт иним. Атам чыккыча Дастандын кетип калуусун каалап турдум.
-Медер, эртен уктап бутуп эле келебиз, эч ким тийбейт, журу, сен деген акылдуу баласын да.- Колунан тартканымда:
-Апкетем, уйго апкетем,... уйго айпайам (алып барам).!! !- Дастан экообуз тен тушунбой карап калдык.
-Эмнени алып барасын?
-Чункуйду уйго апкетем, мен чуйнкуйду уйдон казам.... , уйго апкетем чункуйду.уйдон ойнойм чункуй менен...- Кумдун бетине казып койгон чункурун, "Уйго алып кетем" деп кадимкидей онгуроп ыйлап жаткан Медерди карап, алгач эмне деп жатканын андай албай, андан сон кулуп жибердик. Тобоо, бала эмнени айтпайт э? Элестеткиле кумдун бетине казып койгон чункурду кантип уйго алып барганга болсун?
Медер ыйлап жатса Дастан экообуз кулкубузду тыя албайбыз. Алдап, мин туркун амал менен инимди аран кондуруп, уйго жонодум. медердин кылыгына ичи эзиле карап турган Дастан:
-Мейли анда жакшы калгыла, жакшы эс алгыла: Сунган колуна колумду сунсам, мени озуно тартып, "Чоп" эттире бетимден ооп алып, терс бурулуп жоноду. Денемди бут кумурска каптагандай жыбырып, ото жагымдуу сезимге балкып кеттим. Журуп бара жаткан машинаны карап Медер экообуз кол булгалап узап кеткиче турдук. Мен билбептирмин, байкабаптырмын, Дастандын ушунчалык жонокой адам экенин.
Эртеси атама апам экообуз Москва тууралу ооз ачтык. Кабагын буркой ойлуу отурган атам,унчукпастан чайын ичип, жумушуга кетип калды.Билем, атам мени жибергиси келбей жатат. Айла барбы? Окуган окуумдан же иштеген ишим жок жургондон коро кеткеним жакшы вариант болууда.тан аткандан тарта улам агентти ачып карап койом. Дастан бир нерсе дейби десем унчукпайт. Кечке маал Дастандын онлайн болуп, статусун озгортконунон далбастап карай салып, шаабайым сууй отуруп калдым. "Хана" -деп турат. Демек, экоонун ортосу ото олуттуу. Дастандын мага кылган мамилесинен улам негедир бир башкача умут пайда болуп жаткан. Кадимкидей кызганычтан ыйлап жибердим. Анан эмне кылам? Неге суйдум? Кайдан суйдум? Кантип унутам? Жузум жашка жуула, озумду-озум алдабай созсуз алыска Москвага иштеп кетишим керектигин чечтим. Жол кире ж.б керектелуучу сумманы топтоого акча таап, жолго тезирээк камынайын. Кечке маал жумуштан келген атам " Москва темасы жонундо чон талкуу жаратты. Болом, анын жумушу, ким менен жашаары... кыскасы адатынча аябай сурады. Болом мененда телефон аркылуу суйлошуп акыры "Дагы ойлонуп короюн" деп ашканадан чыгып кетти. Суйуу дегенин, акылдан алган неме экенго чиркин. Агентте жалгыз Дастанды карап отурам. Же жазбайт. А мен ушунчалык намыской белем "Кыз биринчи кадам таштабайт." Деген принцип мээме синип калса керек. Москвага кетууго жол кире табуу учун жумуш издеп баштадым. Аябай тажап кеттим жок дегенде бир туруктуу ишим болсочу. Тийип-качып, ар кайсы жерде иштеп журом. Ал куну жумуш издеп кеткем, кечке маал келсем, апам кабагын сала отуруптур. Журогум "болк" эте тушту. "Не болду апа?"-дедим шашыла. Корсо, уйдун ээси келип "Квартирадан чыккыла." -деп уч кун убакыт берип кетиптир. Уфф... ушул эле жетпей жатты эле.
Квартирада жашаган азап эле,ай сайын ижара акысы келгени аз келгенсип уйдун ээси мынтип каалаган убакта кууп чыгат. Озунчо бир проблема, ынгайлуу квартира таап кочуш керек. Кедейди кочкондо кор демекчи, уйун болбосо умуттор да очцп баштайт тура. Кечке темселеп квартира издедим. Ынгайлуусу чыкпады. Бишкектин ызы-чуусуна аралашып кечинде жолсуз уйго кайтып бараткам. Телефонума Дастандын чалуусунан козум ачыла тушту. Айтмакчы, кечээ кечинде эле Дастанды унутайын деп жатсам, азыр чалуусун дароо алдым. "Кандайсыз" -дедим кубана. "Жакшы, каяктасын?" -негедир уну шандуу. "10- мкр. жакта журом, азыр уйго барам".-куугум кирип калган, кечке калбашым керек. "Анда ошол жакта туруп тур, мен барып калам". Менин созумду укпастан очуруп салды. Эгер Дастандан башка бироо болгондо эбаак, "Бул эмне приказ берет?"-деп кетип калмакмын. Дастанга анте албадым. Куугум кыйла коюулангыча отурдум. Келди, дайымкысындай ото ирээттуу кийинген. Эмне кылып жургонумду сураганда, болгонун болгондой эле айтып бердим. Мени угуп туруп: "Медер кандай журот?"-кызыктай суроо не в тему. "Журот да, уйдо ойноп". Ансыз да кечке чарчап турган жаным жиним келе суйлодум. "Журу, уйго жеткирип койоюн". Иииййй... суйуу кандай алсыз кылат. Делбиреп артынан жонодум. Намыс деген неме калбай баратат. Дастандын айтканын кылып, артынан ээрчип алганымчы? Ооба, эрчип барып машинасына отурдум. Озумчо эле кечээги статусундагы "Хана" деп турганын эстеп, жиним келе ызаланып жаттым. Бул эмне мынча жакшы кишинин образын жаратууда? Чыныгы мырза болсо Ханасын сыйлап мага келбейт болчу. Албетте бул Дастандан жаман тарабын табууга кылган аракетим эле. Арткы орундукта эч суйлобой келе бердим. Дастан берген, "Не жанылык, маанай кандай?", деген суроолоруна башымды ийкеп кана койдум. Унчукпаганым ал да ундободу. Уйго жетип калганда Дастан: "Медерге кичине белегим бар". Тан калгандай кашымы серпе тиктеп калдым. Подьезддин жанына келип машинадан туштук. Шыпылдай багажынан ото чон эмес коробка алып чыкты: "Бул Медерге". Кинетический песок. Уйдон ойногонго ото ынгайлуу. Сыртында чет тилинде жазылган коробканы карап: "Что за песок? Мен тушунгон жокмун"- дедим."Кинетикалык кум, эми Медер эшиктеги чункурду уйдон казып ойнойт, Швецариядан алгам, азырынча бизге келе элек." Коробканы озунун колуна карматып: Рахмат кереги жок. Кечириниз мындай жону жок белектерди алаалбайм, анын устуно сиздин... Ханага... да жакпаса керек. Кыскасы кереги жок. Терс бурула уйго кирип кетууго камындым. Чын эле мен Хананын ордунда болгонумда Дастандын башка буроого белек беруусун каалабайт элем. Бул эмнеге мынча боорукерби? Уйго кирип ызалана ыйлап жаттым. Кереги жок, жон гана байланып кереги жок. Бул кундорда отот. А балким, менин сезимдерим тууралуу билип калгандыр?
Бир уйду байырлаган кандай бакыт экенин уйлуу-жайлуу адамдар биле бербесе керек. Уйго да жетээрбиз аман болсок. Батирди аран таптык, бытырап кочуп жаттык. Атам таап келген портерге кынаптап баарын салдык. Дастан берген кинетикалык кумду ачып караган да эмесмин. Балконго алып чыгып катып койгом. Баарын жыйыштырып, машина журуп бара жатканда баягы коробканы таштап койдум. Жолдо баратып жаны уйго кирээрим менен жаны жашоо баштайм деген ой менен телефонумдагы номерин очуруп, агенттеги почтасын кара тизмеге киргизип, оз ойлору менен маанайы суз бара жаткан атамдын жанына бушайман боло кочуп бараттык. Кочкон ото жаман! Эки кун уйду ирээтке келтирип, эртеси темселеп иш издеп жолго чыктым. Офф... келечегим иуман, башым оогон жака барып жумуш издемей. Кафе, дукон, базар... пекарныйдан таптым. Уч кун стажировкага суйлошуп коюп келдим. Болду, Дастан жонундо ойлобогонго аракет кылам, ал чалса албайм, кара тизмеден чыгарбайм, деп озумо-озум соз бере жумушта иштеп баштаганыма бир жума болду. Кайдан? Камып жууручу аппаратты тиктеп турганым менен мээм Дастанды ойлоп жатты. Каалап жатты! Чыкчы, жоголчу, оч акылымдан. Жоок, ага болобу?! Кусаланып, сагынып баштадым, кекиртегимден тамак да отпой калды. Эч ким жокто оксуп ыйлап алам. Журок тушум ачышат. Тушумо да кирчу болду. Мейли, кандай азап болсода мен аны унутам! Кыйнадганыма карабай суйуум менен алпурушам. Москвага кетсем биротоло умутум узулот. "Буюрса" - дебей коюптурмун. Ортодон он кун отпой агентке белгисиз бироо "Салам" деп жазып жибериптир. Катардагы таанышайын деген бироо чыгаар деп "Салам" деп койдум. "Каяка жоголуп кеттин? Кайдасын? Журогум" "Зуу" дей, ордумдан секирип турдум. Колдорум титирей "Сизби?" Деп кантип жазып жибергенимди билбей калдым. "Куттун беле?"- деген суроо келди. "Сиз издединизби? " -дедим менда озуно жараша. Бир жансыл кылууну чечтим. "Ооба, таптым!)))" - дейт. Телефонумдун бетине коз жашым тыпылдап тамып жатты. Бул жолу суйунучтон да, ото чон окунучтун ыйы боздоду.
Уландысы бар..
Урматтуу окурмандар мүмкүн болушунча бир бөлүмгө батышынча жүктөп атам ..
Мындан узак кылып чыгарбайт .
Теманы кайтарып жиберет экен.
Ошого сабыр кылыныздар..😊
Окуп атканыныздар үчүн чоң РАХМАТ!

Комментарии