Зуура эже учурунда абдан бай жашоону башынан кечирген, жашы элүүдөн өтүп калган, сары жүздүү аял.

Жаш кезинде сулуулардын сап башында тургандыгында күмөнүм жок. "Байлык колдун кири"-дешсе, ушул сөзгө көп деле маани бербептирмин. Көрсө чындап эле колдун кири экен кыздар- деп сөзүн баштады. Туркияда кыргыз кыз-келиндердин токсон пайызы бала, чал-кемпир багып акча таап жүрбөйбүзбү...Арабызда мугалим, врачтарыбыз дагы бар...Мамлекет жарды. Айлыгыбыз аздыгынан чет жерлерге чыгууга мажбурбуз.
Жаманыбызды жаап, жакшыбызды чыгарабыз. Бири-бирибизди жакшы түшүнөбүз. Ушул аялдардын арасында, тактап айтканда биздин арабызда ушул Зуура эжебиз дагы бар. Жашында сулуулугуна суктанып, сыртынан көз салып жүргөн эженин биринчи жолдошу ала качып кетип, эки кыздуу болгончо бирге түтүн булатышат.
" Ал кезде өтө эле байоо кыз экемин. Апам: бирөөнүн босогосун аттап, төшөгүнө отуруп калсаң, ошол боюнча отурган жериңден турба!- деген сөзүн эстеп, чындап эле отурган жеримден турбай жоолугун башыма салынып отуруп калдым. Балалуу болсом көнүп кетээрмин деген илгери үмүтүмдү дагы таш капты... Ошентип биринчи жолдошум менен эки кыздуу болгондон кийин, кыздарымды өз колума алып, экөөбүз эки ажырым жолго түштүк"-дейт.
Бирок көп өтпөй эле экинчи жолдошун кезиктирет. Ал дагы биринчи келинчегинин көзүнө чөп салганы себеп болуп, ажырашып кетишкен экен. Зуура эженин жүрөгүн тез эле багындырып алган экинчи жолдошу, биринчи никедеги ээрчитип келген кыздарын өз атасындай кабыл алат. Ал эми улуусу беш, экинчи кызы төрт жашка чыгып калышкан кыздар " ата" дешпей, "аке" дешип өз кандарын беришпейт. Ошентип экөө бирге түтүн булатышып, оокатын жүргүзө башташат. Алгач Ош-Бишкек жолунда ашкана ачышып, экөөлөп иштетишип, ошол жерден эле байлыктары топтоло баштайт. Үйүр-үйүр жылкылар короого
толот. Айылдан он тогуз бөлмөлүү, чоң үй салышып, элдин алды болушуп, байлыктын артынан айылдагы эң кадыр барктуу адамдардын катарын толуктайт. Зуура эженин колу, моюну алтынга чулганат. Ошол кездеги эл жете элек, автоунаанын ачкычын Зуура эже жолдошунан белекке алат. Бирок ошол байлык Зуура эженин жолдошунун көзүн май бастырып, алты баланы бакыйтып төрөп берсе дагы үстүнө төрт жолу аял алат.
Буттарына туруп, ити чөп жеп турган мезгилде Зуура эженин күйөөсү үйүнө бир келин алып келет. Он тогуз бөлмөлүү үйдүн бир бөлмөсүнө киргизип, кадимки аял-күйөөсүндөй болуп жашай баштайт. "Ошондогу көкүрөгүмдүн эзилгени"- деп кейип, эки колу менен көкүрөгүн мыкчып-мыкчып алды. "Сен менин байбичемсиң, бул токолум"- деп кулагыма шыбырап койсо, мен байкуш: " ии, мен байбичеси турбаймынбы"-деп дагы ичимден кудуңдап коем. Мени менен бирге жаткан түнү аябай сүйүнөм. Аны менен жаткан түнү көкүрөгүм ачышып чыгат"-дейт.
Ошентип бир тамда эки аял менен беш айга жакын жашап калган учурда, баягы ашканадан акча жоголот. Зуура эже баарын карап таппайт. Акыры күйөөсү экинчи аялынын бөлмөсүн карап чыгууну буюрат. Мүнөзү өтө кырс болгондуктан, Зуура экинчи аялы Акмөөрдү дагы буюм-теримдеринин арасын карап таппайт. Бир мезгилде кара түстөгү костюмун алса шырпылдаган үн чыгат. Костюмун күбүсө эч нерсе жок. Жеңдерин кармаса ичинде акча. Көрсө жеңин сөгүп, ичине акчаны салып тигип койгон экен. Ошол замат Акмөөрдү күйөөсү жолго салат.
"Ошентип ичимден кымыңдап, күйөөм жалгыз гана меники болгонуна сүйүнүп жашап калдым"- деп Зуура эже бизди бир күлдүрүп алды.
Дагы көп өтпөй күйөөсү Дарыя деген келинди жетелеп келет. Анысы Зуура эжеге жакын келип, бу кызматчыларга менин ким экенимди айтпа!-деп сан жагынан акырын мыкчып коет.
Анда дагы: " аа, макул"- деп коем дейт ага карап.
Дарыя мурдагы күйөөсүнөн бир кызы бар экенин, учурда студент болуп жүргөнүн айтып, үч күн жашагандан кийин, күйөөсүнөн акча сурап алып кеткен боюнча кайрылбайт.
Эми аялдан көңүлү калса керек деген ой менен Зуура эже турмушун көр-тирлик, бала-бакырасын багуу менен улантат. Мурунку никесинен ээрчитип келген кыздары бой жетишип, турмуш жолуна узатышат. Кийинки никесинен төрөлгөн алты баланы багуу деле оңойго турбаса керек.
Көнгөн адаты калбай, бир күнү сырттан машинанын үнү угулуп, адаттагыдай эле жанында жапжаш, супсулуу келинди үйүнө ээрчитип кирет. Аял болсо дагы Зуура эже ичинен ага суктанганын жашырган жок.
" Сен менин күйөөмдүн эмнесин жактырдың? Өң десе өңүң бар, жапжаш экенсиң!"-деген таң калган суроосуна:
" мени кийин түшүнөсүз"-деген жооп алат. Кебетеси сулуу болгону менен ичимдикке жакын болуп чыгат.
Күйөөсү Зуурага болгон мамилеси салкындап, катардагы кызматчыларга кылган мамилесин жасай баштайт.
Жарыла албай жүргөн Зуура бул сапар сабыры бүтүп, күйөөсүнө бакырат:
-Сенин кылыгың чектен ашты. Токолуң менен жашай бер! Мен токолуң экөөңдүн кызматчың эмесмин. Тамагыңарды өзүңөр даярдап алгыла! Кетем...
-Оозуңду жап! Токол деген сөзүңдү экинчи укпайын...Кетсең мен берген автоунаанын ачкычын таштап өзүң чыгып кет!
-Токолуң болгону жалганбы? Токолду токол дейм да...
-Көп менин жиниме тийбей чыгып кет деп жатам!
Зуура эже жыйган-тергенин баарына кайыл болуп, үйүн таштап өзүнө жакын бир тууган эжесиникине чыгып кетүүгө аргасыз болот.
Бир тууган эжеси болгон окуяны уккан соң, эртеси эртең менен сиңдисин ээрчитип райондогу милиция башчысына кайрылат.
Ал киши дароо эле Зуура эженин күйөөсүнө телефон чалат.
" Үй-мүлкүңдөн, балдарыңдан ажырай элегиңде, келип келинчегиңден кечирим сура! Билесиңби сенин кылыгың үчүн кандай статьялар бар экенин? Иним менин ачуума тийбей автоунаанын ачкычын келинчегиңе бүгүндөн кечиктирбей таштап кет!"-деп , бир чети каардуу, сыртынан сүрдүү көрүнгөн милициянын башчысы, Зуура эжени эжеси менен кошо иш бөлмөсүнөн узатып жатып:"сарсанаа болбой үйүңүздөргө бара бериңиздер, кечирим сурап барат" -дейт.
Кечке маал чындап эле бир звоноктун күчү менен эжесинин үйүнө Зуура эженин күйөөсү барат.
Кечирим сурап, экинчи аял албасын, акмак болгонун мойнуна алып, жалынып жалбарып Зуура эжени үйүнө алып кетет.
Аял байкуш эмне кылсын... Уккан кулагына ишенип, күйөөсүн кечирип, үлпүлдөгөн үмүт менен андан ары жашоосун уланат.
"Үй-бүлөнү бекемдеп, ортодогу салкындыкты жоелу, бала төрөп бер"-деген күйөөсү Эркиндин сунушуна макул болуп, эки баладан кийин дагы төрт бала төрөп, үй-бүлө очогу кеңейип калганда тегерек четтен ушак угула баштайт. Көрсө сүт саткан Жыпар аттуу келин менен жүрүп боюна бүтүрүп койгон экен.
-Сенин баягы адатың кайра башталдыбы ыя? Мен элден ушак уга баштадым...
-Эл айтса туура айтат. Ооба, анын азыр боюнда бар. Биздин үйдүн жанына үй салып көчүрүп келейин. Анын үйү жок. Мурунку күйөөсү эки баласы менен таштап кеткен экен.
-Мына кызык...Баягы берген убадаларың кайда сенин? Камаарабай баягы калыбыңдан жазбайсың.
Зуура эже ичинен күйөөсүн ушунчалык жек көргөн менен айла жок. "Ушул акмак жалбырактай чүрүшүп соолуп, менин көзүмдүн аккан жашындай жалдырап жаны чыгып, менин көз алдымда кыйналган күн болобу?!-деп ичинен кекенип тим болот.
Айгүлгө үйүнүн жанына тез эле эки бөлмөлүү чакан үй салып, балдары менен көчүрүп келет. Үйүнүн алдына салынган чакан бассейн, эки үйдү бөлүп турат. Баласы дагы жаңы жарыкка келип, төрөлгөн наристе Зуура эженин балдарына да кызык болуп, апасын колунан жетелешип Жыпардыкына келип турууну адатка айлантышат. Зуура эже баласын киринтишип, жардам берип турат.
Жыпардын мүнөзү жумшак, өтө карапайым келин. Ошондой мезгилдердин биринде Зуура ооруп, Бишкек шаарына жөнөйт. Он күндөй дарыланып, жакшы болуп, үйүнө келсе, баягы Жыпар ыйлап астынан тосуп чыгат.
-Зуура эже мен кетем...Сиз кантип чыдап жашап жүргөнсүз? Сиз кеткен күндөн баштап, менин жанымды койгон жок. Өтө майда адам экенин билбептирмин. Баардык нерсеге кийлигишип, короого коңшунун тоогу кирип кетсе дагы мени урушуп жектейт. Балдарым дагы уруштан тажашты. Кайдан келдик эле деп жатышат.
-Жыпара мен сени түшүнүп турам. Сен кетсең эле менин күйөөм жакшы боло калбайт. Баягы адаты кармап, дагы бирөөнү ээрчитип келет. Сага дагы көнүп калдык. Балдарды кантип багасың? Кыйналасың...
-Жок Зуура эже! Мен толук чечим чыгардым.
Бир маалда ары жактан келе жаткан Эркин сөзгө аралаша, кабагын бүркөп, корсулдаган үн менен:
-Кетсең кет! Сени бул жерде эч ким кармабайт!
-Жыпар муну алып кой. Азыр бара калып жашагандай, үстүңдө үйүң жок болсо батирге чыгасың.
-Ыраxмат Зуура эже. Тим эле койсоңуз болмок...
Зуура эже берген бир аз акчаны алып, буюм, тайымдарын жыйыштырат. Эркин Жыпарды балдары менен кошуп унаасына салып, жетчү жерине жеткирет.
Зуура эже кызматчылары менен кошо ашканасын иштеткенин токтотпойт.
Ашканага түнөгөнгө туура келген мезгилде ошол жакка түнөшөт. Ошондой күндүн биринде Зуура эже колундагы алтын шакектерин, мойнундагы алтын чынжырчасын кошуп, ашкананын терезесинин жанына илип коюп жатып уктап калат. Кол алдында иштеген жаш кызматчы келин дагы кошо катуу уйкуга кетет. Терезе ачык боюнча калган экен.
Уйкудан ойгонгондон кийин баягы алтындарын таппай калат. Ашкананы тегеренип, айланган кайыр сураган узун бойлуу, бир аз оорукчаныраак, жаш эле жигиттен күмөн санаган боюнча тим болот.
"Көрсө байлык, ырыскы кетээрде ушинтип ар нерсе жоголо баштайт турбайбы.
Ошол жоготуу байлыктын кетишинин алгачкы кадамы болгон экен"-деп Зуура эже оор үшкүрүнүп алды...
Жыпара болсо балдарын таштап, көр оокаттын айынан Россия тарапка кетет. Айылдан кокус Эркинден төрөлгөн баласын Зуура эже көчөдөн көрүп калса колуна тыйын карматып коюп жүрдү. Бала дагы сүйүнгөнүн жашырбай кудуңдап калат... Арадан бир топ убакыт өтүп, бала 6-класста окуп калат. Аты жаман ооруга кабылганын Жыпара айылга келген кезде Зуура эжеге айтып, уулун бир туугандары менен жакын болушун өтүнүп, абалынын оордугун айтып кетет. Россияга барып, дарыланганы менен жыйынтык чыкпайт. Жолдо Жыпаранын өзү эмес, сөөгү келе жаткан кабарды уккан Зуура эже, күйөөсүнө айтат. Ал кезде күйөөсү Эркиндин дагы кулагы ооруп, операция жасатып, ал дагы өз жаны менен күрөшүп жүргөн мезгил.
Эркиндин биринчи никесинен төрт бала төрөлүп, эң улуу Таалай аттуу баласы оорудан кенедей кезинде чарчап калат. Эркин бул уулунун атын ошол улуу баласынын атынан Таалай деп койгон экен.
Зуура эже күйөөсү менен бирге Жыпарага көз көргөзүшүп, куран окутуп кайтышат. Эркиндин абалы дагы күндөн күнгө оордошот. Бишкек шаарына тез-тез катташып, дарылардын кымбаттыгынан мал-жандыктарын четинен сата башташат. Чогулткан дүнүйө, мал-мүлктүн жардамы бир тыйынчалык... Бети башы кыйшайып, арыктагандан арыктайт. Үйүнө келип керебеттен турбай жатып калат. Зуура эже Таалайды чакырууну атасы менен көрүшүүнү туура көрөт.
Алтынчы класста окуган Таалай сылык сыпаа токтолуп калган чоң кишидей Зуура эже менен учурашып, ооруп жаткан атасынын бөлмөсүнө өтөт.
"Ассалому алейкум ата!"-деп атасынын колун кыскан Таалайга Эркиндин эт жүрөгү эзилет.
Мени "ата" - дейт деп шыбыраган үнү менен жүзүнө сүйүнүч тартылып, көздөрүнө жаш айлана Зуура эжени бир карап коет.
Колуна тыйын бер деп жаңсап, 5000сом колуна карматышып Таалайды үйүнөн узатышат.
Эркин жаш баладай Зуура эженин багуусуна өтөт. Баягы кылыктарын, кекенип жүргөн кегин унутуп, Эркинди өз ичинен аяп колунан келишинче жакшы караганга аракет кылат.
" Менин ичээр суум бүтүп баратат. Сага ыраазымын. Эми алты баланын жүгү жалгыз сенин мойнуңа калды байбичем. Мал-мүлкүбүз деле калбады. Ушуларды жакшы окууларды окутканга аракет кыл. Эл жер көрүшсүн. Өзүңө көйнөк сатып албастан окут. Кийин көйнөктү ушул балдарың алып беришет."-деген аманатын айтат.
Эркиндин жаны кыйналып, тил ооздон калган мезгилде уулу Таалайды чакыртышат.
Таалай атасынын башында отуруп алып, тынбай дем салып отурат. Сүрөөлөрдүн бүттүгүн жатка билгенине Зуура эже ичинен бирде ыраазы болсо, бирде таң калат.
Зуура эже ошончо баласынын ичинен Таалайдай бир дагы баласы куран окуп, дин жаатына жакын болбогонун жашыра алган жок. Көрсө Таалай кенедейинен куранды сүйүп окуп, аалымдардан сабак алууну адатка айландырган экен. Ошентип атасынын жаны чыкканча дем салып, келмелерди айтып отуруп, кичинекей Таалай атасын оо дүйнөгө узатат.
Өлгөндө ашы, кыркы деп отуруп, акыркы жылкылары дагы союлуп, өзүнүкү өзүнө кетип, тирүү кезде катышкан катыштарынын тууган, дос, жоро жолдошторунун баары келип, эл аябагандай көп болот.
Биринчи никедеги төрөлгөн Зуура эженин эки кызы бир туугандарына жакын болушу үчүн азыркы учурда Таалайга кантип жардам берээрлерин билбей ичтеринен эзилип жүрүшкөн мезгил. Таалай Жыпардан төрөлгөн бир уулу үйлөнүп, учурда жеңесинин колунда. Калп чынын билишпейт. Бирок ал жеңесинин колунда жашоосу чеке жылытпагандыгынан кабар алышкан. Колдон келсе медресеге окутсак деген чоң тилектери бар. Ал эми Зуура эже баягы он тогуз бөлмөлүү үйүн кулпулап, балдарын окутуу үчүн биздин жаныбызда эмгектенип жүрөт.
Аягы...
2019-жыл
Айнура Мамытова.

Комментарии