2- Бөлүм.

Батма окунгондой, эми ал катасын эч качан ондой албасына ыйлады. Маратты да жемелеп алды. Баары келип эле акчасынын жоктугуна такалат. Акча деп кеткен куйоосунон эмдигиче дайыны жок. Анысы болсо, балким башкача болмок беле? Куйоосу менен чогу кеткендер уйуно акча салып, ара чолодо келип кетип жатышты. Алардан сураган менен, ал озунчо кеткен деген гана бир созду угат. Кийинки кезде сурабай да калды. Уялчу болду. Башында Мираны бир аз ызасы кетсе ордунан тураар дечу. Эшикке анда-санда аран чыгып-кирчу болгон Мира. Энесин аячу, озун жектоочу, Маратты жектоочу, Айнурага тан калчу. Ишенчу эмес болуп жаткан нерселерге. Туман арасында жургондой, далдырап, ар кайсыны ойлой берчу. Маратты куткон, жок дегенде бир келип, себебин айтаар дечу. Баласы жонундо билсе, балким бир нерсе ойлоп табаар дечу. Суйуу ушунча таш боорбу, мындайын билсем суйбойт болчумун, эмнеге суйдум, мен Мараттан ушуну куттум беле? Эх, Марат ушуну кылат белен дечу. Жатып алып ыйлай берчу. Коз алдынан Марат менен Айнура эч кетпей койчу. Арадан жылдар зымырады. Миранын ону купкуу, колдору арбайып, сооктору гана калгандай.
Коздору ары кирип, тируу туруп, тируулордун эсебинде жоктой. Батма кызын аяганы менен колунан эч нерсе келбеди. Кээде Миранын куурчакты бала кылып, аны кадимл баладай ороп, таптап уктатып жатканын коруп, сай-соогу сыздайт. Торолгон баласынын бар же жок экенин да билбейт Мира. Батма болсо, Жаныбекти коп эле корот. Ичи туз куйгандай ачышып, " озум эле багып албай эмне болдум, минтип ээн уйдо жинди кызы менен отурат деген созго калбай, балким баласына алаксып Мира да айыгып кетет беле? Ай, ким билет, эмне кылдым, тигилер баккан баланы мен деле бакмак экемин. Эмнеге, кайсы куруп калган куну баламды кышкы суукка таштадым. Элге шерменде болбоюн деп, куру намыс учунбу? Ал намыстын кимге кереги бар эле, мен куруюн. Бары унутулмак экен. Эрсиз тууду деген соз деле унутулмак. А биз жашай бермекпиз, Мира айыгып кеткенинде андан жакшы болмок. Эми минтип, зээнди кейитип, жылдан жылга оорлошуп баратат. Кокус олуп калсам эмне болот? Ээн уйдо, байкушум, жаткан жеринде наар албай, эч ким корбой кум-жам болобу? Оо, кудай, кечир мени, эмне деп жатам деги? Короор кунум, ичээр суум тугонбосо, Миранын айыгып кеткиси бардыр". Батма озун умуттун жибине байлай, козунун жашын суртту. Ойлонуп кеткен экен, артында заарын чачып карап турган Мираны байкабаптыр. Артын карай салып, селт этип чочуп кетти. Кыйкырып жиберди. Жек коргондой, ачуу коздору менен кылчая караган Мира ары басып кетти. Батмага Мира кол салчудай туюлду. Коздорундогу ушундай бир жек коруу, Батмага коркунуч алып келди. Оз кызынан озу корккондой абалда жашап, жада калса уктоодон да корко баштады. Мира мурда кыимылсыз жата берсе, эми кун-тундоп кыймылы кобойду. Тундосу да эшикте журо берчу болду. - Мира, каяка барасын? Эшик карангы, бас жат,-деген Батманын созуно конул бурбай, чыгып кетет, копто кайра келет. Анын оюнда эмне бар эч ким билбейт. Батма аны акмалоодон да коркот. Бурушуп отура берет, аны кутуп, качан гана Мира эси оогондой, илен-салан басып келип, ордуна жатканда гана Батма кирпик ирмейт. Кызы тундо эмне кылып жургонун билгиси келет. Терезеден акмалап карайм деп, Миранын акырая караган коздору ага тигилип турганын коруп, жанын коерго жер таппай калгандан бери, акмалоо оюна да келбей калган. Марат Айнурага уйлонгону бактылуу деле болуп кеткен жок. Созолонгон Айнуру келин болгону эч нерсе жакпай, озунчо чоёктой берди. Кайненесин соз менен жеп, Мараттын мээсин кунуго чакмай адатка айланган. Ичинен окунуп гана тим болот Марат. Анын устуно Миранын оорулуу болуп калганын уккандан бери жаны жай албай, озун куноолуу сезип журот. Экоо бир балалуу болушту, андан башка балалуу боло алышпады негедир. Жаныбектен жарым жылдай кичуу анын баласы, бирок экоо бир класста окушат. Жаныбек жакшы окуйт, Калыс анча эмес. Экоонун мунозундо да, келбетинде да бир окшоштук бар. Бир караганда экоо бир ата-эненин балдарындай сезилет. Мира Маратка боюнда бар экенин да айта албай калган. Марат уйлонуп алган, Мирага бир да жолу басып келип койгон эмес. Мира аны коруп журот. Тункусун эшик алдына чыгып, канча тамеки чегип, канча убакыт отуруп кирерин да билет. Ал эшикте отурганда, эч ким да уйунон чыкпайт. Айтор, Мараттын ар бир кыймылы анын жадымында. Марат журогун ойугон сырды эч кимге айта албасын билет. Миранын эмне болуп оорулуу болуп калганын билгиси келип журду. Бирок аны кимден сурайт, ким жооп берет? Айнурасы эмне дейт? Ансыз да, жону жок эле Мираны соз кылып,канча ирет чуу чыгарды.
-Сени албай эле, ошону алсам болмок экен. Марат жанына батканда айтып алды.
-Ооба, ошо жиндини алсан жыргамаксын.
-Анда ал жинди болбойт болчу. Билсен ал тушунуктуу, сага караганда акылдуу да экен.
-Эмне, мен козунду танып койдум беле? Же аны мен жинди кылыптырмынбы?
-Бээ десе, тоо дейсин да. Марат кол шилтеп, эшикке чыгып кетти. Кочодогу отургучта ойлуу отура берди. Ага аны бироо тиктеп тургандай болду, жан жагын карап, бирок эч кимди коро алган жок. Белгисиз коркунуч анын жан дуйносун ээледи. Денесин калтырак басты. Эмне болуп жатканын тушуно албай, уйго эптеп жетип, муздак суудан кере-кере жутту. Оор ушкуруп, чекесинин терин суртту. Анын бул абалын эч ким коргон жок.
Кумсарып тошогуно келип кулады. Эки-уч кун тошоктон туралбай жатты. Айланчыктап энеси жанынан кетпеди. Сопсоо эле журду эле, эмне балакет болуп кетти деген эне Мараттын колдорун кармалады. Муздак тер басып, алсыз.
- Кечинде Айнур менен чокуша кетип, эшикке чыккам. Тамеки куйгузуп, чеге албай койдум. Отургам, анан бутуман баштап эле мага ээ бербей, мени укпай, эптеп уйго кирип жаттым. Эртен менен турайын деп туралбай койдум. Марат энесине жалдырай, жаш балача жалдырады.
- Алдына кетейин, мен молдого барып келейинчи деген энеси, уй ичин аластап, Мараттын колдорун кармалап жанында отурду. Коркуп турам, апа жанымда эле болунузчу деген Марат уктап кетти. Анын жанына Айнурду таштап, энеси молдого кетти. Марат жоолуп, чочуй берди. Ойгонуп кетип, энесин издеди. Айнура экинчи катуу айтпайм, айыгып эле кетчи деп бышактап алды. Молдо Маратка кунуго дем салып атып, ордунан тургузду.
Бир жумадан ашык Мараттын короосун акмалап, анын караанын коро албай жургон караан бугун дагы келди. Марат уйуно кирип бараткан эле. Бирок токтоп, кочону бир карап алды да, кирип кетти. Эч нерсе деле байкаган жок. Маратты коргонуно жаны жай ала, тиги караан узап баратты. Колунда кармалаган бир нерсеси бардай. Кундор ото берди. Батма кызынын башкача болуп жургонун байкаганы менен унчуга албады. Айтканда деле Мира аны тушунбогондой текмире тиктей карап, оз оюндагыдай басып кетет. Куугум талаш эшикке чыккан Мира коздон кайым болду. Талаалап журо берди. Алдынан эрбендеген караан корунду. Токтоп аны кутту. Бугун Аликтин уйлары талаадан келбей калган эле. Жаныбек уй издеп чыккан. Уйларын айдап, кынылдап келе жаткан Жаныбек, алдынан чыккан Мираны коруп токтоп калды. Уй издеп журсо керек деп ойлоду. Экоо бири-бирине жакындай берди. Уйлар эч нерседен капарсыз отуп кетишти. Мира Жаныбекти карап туруп калды. - Уй издеп журосузбу? Тээтетигил жерде коп уйлар коп журот, ошояктан карабайсызбы?
Жаныбек Мирага колун жансап батыш тарапты коргозду. Мира ага башын ийкеп койду. - Бугун уйчулар эмнени карашкан билбейм. Туз эле барыныз, тапсаныз ошол жактан табасыз. Жаныбектин уну Мараттын эле унундой экен. Миранын журогу зырп этти. Жаныбек Мирага бир танкалып карап алды. Мира Жаныбекти кучагына кыса кучактап, чачтан сылай эркелеткиси келди, оз баласындай. Мира унчукпай, мойнундагы чынжырын чечип, балага сунду. - Албайм бироонукун, кереги жок. Сиз кимсиз? Жаныбек уйларын узап кетпесин деген ойдо, эми басып кетеринде, Мира аны женден тартты. Башын ийкеп, Жаныбектин алаканына чынжырын салып, манжаларын жаап, жылмайып койду. Жаныбек ага тушунгон жок. - А дудук турбайбы, мейли, ала берейинчи,-деген бала Мирага жылмайып башын ийкеди. Мага тушунгон эмес тура деген ал Мирага уйлар жургон жакты жандап коюп, чуркап кетти. Уйуно кирип эле Айжанга суроо салды. - Апа, биздин айылда дудук аял барбы? - Жок, эмне болду? Дудукпу, жок болсо керек. - Ооба, дудук, уй издеп журот окшойт. Мага мына муну берди. - Ал ким экен? Эмнени берди? - Дудук аял мага моюнга такчу чынжыр берди. - Анан, алып алдынбы?
Колундагы чынжырды Айжанга берди, Жаныбек. Жарыкка унуло караган Айжан Аликти чакырды. - Алике, бери келсен, биздин айылда дудук аял барбы? - Дудукпу, жок. Айжан Жаныбекке алтын чынжыр берген аялды Аликке корбосо да, баласынын айтуусу боюнча айтып берди. Жаныбекке чынжыр берген ким, балким таштап кеткен энеси болуп журбосун деген ой Аликти чырмап алды. Унчукпай эшикке чыгып кетти, баласынын козунчо айта алган жок. Качан гана балдары уктаган сон Алик Айжанды созго тартты. - Э, Айжан, жанагы чынжырды жон катын берген жок. Ал таштап кеткен эме болуп журбосун. - Ии, кокуй, чын эле, эми эмне болот. Ошондой дейм да, жон эле бироо бере бермек беле? Демек, алып кеткени келген экен да, эптеп озуно жакындатуунун амалы да. Он жыл бою эмне кылып журду анан, бир кабарын билбей? - Жаныбек айтканда эле ошол жакка барып корбой. Таштаган уйу эсинде да. А, Жаныбек ошо таштаган бала экенин кайдан билди десен? - Эне журогу алдабайт, ай билбейм, эми эмне кылдык? - Жаныбегимди эч кимге бербейм, анын артынан бала кордум, эч ким алалбайт, эми жакындап эле корсун. Алик ачууланып алды. Оз канынан жаралбаса да, асырап баккан
Жаныбеги учун баарына даяр эле. Ал учун кошуна-колон менен канча кызыл чеке болуп журду. Таштанды дей коюп, кошуна келин Аликтикине киргис да болгон. Айжан коз жашы кылып алды. - Ушунча чонойтуп алып, эми мен таштап кеткем десе эле бере коебузбу, бирдеме кылсан боло, бай болгур, карасан, кызыл этинде таштап, эми минтип кол арага жарап калганда пайда болгонун, ынгайын тапса эле алып кетет,-деп Аликтин амалын туготту. - Коп эшикке чыгарба, уй-суйду эми озум карайм, болбогон созунду токтот,мен барда баламды эч ким ала албайт,-деди ишеничтуу. Экоо копко дудук аялды соз кылып, анын табышмактуу белегине ан-тан болушту.
Уктай албай жатышты. Айжан оюнда, "Жаныбекти алып кетсе, кантем, ушунча чонойтуп, чонойткондон да оз балам эле болуп калбады беле, карап тур сени элеби, Жаныбектин ар бир кадамын акмалап журуп, ошол акмакка жолуксам болот эле. Эки бетин ит тыткандай тытып, экинчи келгис кылмак болду." Айжандын тушуно дудук аял кирип чыкты.
Батманын куйоосу Канат Орусиялап ырас эле журду. Зуура аттуу бир кызы бар аял менен жашап алганы Батманы да, жалгыз кызы Мираны да унуткан. Зуура, кызы, Канат учоолоп соода кылышчу.
Кийинки жылдары Канат бул жашоосун да чанып, оз уй булоосун энсей баштады. Эптеп эле бир болбогон шылтоо табыла калса, Зууранын ченгелинен бошонуп, безе качкан турат. Кудай жалгап, Зуура аны товарга жибермек болду. Канаттын коктон издегени жерден табылгандай, ээсине шыйпандаган иттей болуп, Зуураны айланчыктайт. Айткандай эле, колуна он мин долларды санап берип, Канатты товарга жонотту. Колуна тийген олжосу менен Кыргызстанга кетчу элдердин арасына сунгуп кетти. Кош, Зуура, кечире алсан, мени кечир, кечирбесен озун бил. Мындай кылбасам, кете алмак эмесмин. Эми минтип жашай албайм. Оз жериме, оз уй булоомо кетким келди. Мен аларды сагындым. Эми алар кечирээр бекен мени. Кечирсе, кечирбесе да мен алар менен жашагым келет. Зуура, сени алдап кетип баратам, кечир мени. Канат оз ою менен алектенип, козун жуумп, эч ким менен суйлошпой келе берди. Автобуска,анан поездге, андан таксиге отуруп, Кыргызстанга келди. Озу узун жолдо ойлонуп келуу учун ушинтип келди. Болбосо, учак эбак эле жетмек. Эми кантип уйуно кирип барышты ойлоду. Канат шаарда бир жумадай кангып журду. Батмага, Мирага белек алды.
Коншуларын, дос, тентуш, жакшы санаалаштарын да унуткан жок. Белек-бечкегин арбын алып, эртен кудай буюрса, уйдо отуруп калам деп кубанды.
Марат конумуш адаты менен бугун да эшикте тамеки тартып отурган. Жанына пайда болгон солокотту коруп чочуп кетти. Ордунан тура калды эле, мандайындагы караан аны ийинден ылдый басты. Марат ага унуло карады.
- Тааныбай калыптырсынбы?
- Сенсинби? Сенби?
- Менмин, ойлогон жок белен жолугам деп?
- Жок.
- Жашоодо ойго келбес нерселер коп болот. Марат унчукпай тамекисин кайра куйгузду.
Уландысы бар...

Комментарии