8-БӨЛҮМ. - 897955292499

8-БӨЛҮМ.

Эртеси дагы Марс ал жерге барып карап турду. Бул күнү алар парк ичиндеги отургучтан жолугушту. Бет маңдай бара албай, экөө учурашкан кезде бир тартып алды. Экөөнүн жолугушкандагысы бир башкача эле. Кызгалдак жеткенде Макулбек кучак жая тосуп алып, жүзүнөн, чекесинен, чачынан жыттады. Кызгалдак болсо анын төшүнө башын жөлөп алып, колун мойнуна артып көпкө турушту. Анан отургандан кийин Макулбек анын колдорун сылай ийнине жөлөнүп отурган келинди бир колу менен кучактап отура беришти. Көптөн кийин көнгөн кафеге карай басышканда Марс бет маңдайындагы карагайдын далдоосунан бир жолу тартып алды да, үйүн көздөй жөнөдү: "Сүйүшүп жүрүп бири-бирине жетпей калуу арман, сүйүшүп жүрүп үйлөнүп жашоонун татаал жолдорунан адашып ажырашышып кетсе да арман, өзүң сүйгөн адам сени сүйбөй өмүр бою анын элеси менен жашап өтүү андан өткөн арман! Деги эле сүйүүсүз жашап тынч оокатын өткөргөн адамдан өтөөрү жок окшойт.. Бирок тирүүлүктүн эң бир сонун кереметтүү сыры ушунда эмеспи, адам пенде сүй, сүйдүрүп өт! Бир келген жашоодо! Макулук эмессиң да эч нерсе менен ишиң жок жашап өткүдөй.. " Кетип жатып Марс ушуларды ойлонуп баратты.. .
- Жаркыным, сен баарына айтып койдуңбу? Ошол күнү каерге десең ошол жерге барып мал союп, тегерегине той берип, анан экөөбүз ЗАГСка барабыз. Баарын дайындап бүттүм, - Макулбек Кызгалдакты кучактаган тейде сурады.
- Жок, мен эч кимисине айтпадым. Кийин бир тууганча катышса катыша берем да.
- Аларга таарынычың күч болсо керек ээ, алтыным? Кекти каапырга берген кудай, бизге кек сактаган болбойт, кечиримдүү болгон жакшы.
- Кектебейм, таарынычым бар…
- Таарынуу жарабаган иш, кандай болсо да кечиримдүүлүк адамдын эң жакшы сапаты. Өзүң бил, сен каалагандай болсун!
- Ыраазымын сизге, - Кызгалдак башынан эле көп сүйлөбөгөн жан, кыска гана жооп берип ушул бойдон гана мемиреп уйку-соонун ортосунда көргөн жакшы түштөй сүйүүнүн ырахатына магдырап отура берди. Ошенткен менен Макулбек алдыдагы күндү белгилеп, чакырчу конокторду бирме-бир айтып отурду…
Марс үйүнө жетип эле тарткандарын Салимага көрсөттү эле, ал:
- Эми сен эртең жашаган үйүн көрүп кел, - деди.
- Аны эмне кыласың?
- Эч нерсе, үй-жайы барбы, же анысы да батирде турабы, билип койолу.
- А-аа, кечирип кой, асылкечим. Ырас айтасың, бирок ал адам жолдо жүргөн киши эмес, үй-жайы, болгондо да байлыгы мол болуш керек.
- Ошентсе да дарегин билип койсоң, сураштырып көрөйүн.
- Ма-аакул, жаным. Сенин бир сөзүңдү аткарбай коюу оюмда жок, сен үчүн мен баарына даярмын! - Марс келинчегин имере кучактап өөп койду.
- Андай болсо эртең экөө коштошуп, ал киши үйүнө баргыча бирге бол!
- Түшүндүм.
Ошону менен экөө тең үндөбөй калды. Алар жаңы тамактанууга барганда Кызгалдак келип, үчөө чогуу тамактанды. Ортодо ашыкча сөз болбоду. Тамактанып бүткөн кезде Марс Кызгалдакты карай сөз таштады:
- Аяш, окуу бүтөйүн деп калдыбы?
- Эмки жума алабыз го.
- Жакшы анда, эми сени жумушка орноштурууга кам көрүш керек экен да?
- Ооба, окуп бүтүп алса иштеш керек. Жумушту өзүң караштырбасаң болбойт, - Салима шыпылдай сүйлөдү. Алар сүйлөшүп атканда эшик такылдап калды эле, чыга калган Марс бакылдашып кирди. Ким келгени эки келинге тең маалым болду - ал Шамбет болчу.
Айтпай келип калганыма кечирип кой, досум. Негедир сенин үйүңдү көздөй эле бир күч тартып туруп алчу болду.
- Ээ, келгениң жакшы, ошонусу жакшы болду. Чакырып келтире алгыс адам минтип келип турса, демек сонун жышаан эмеспи, - аңгыча төркү үйгө кирип кетишти. Салима чай койгонго шашылып калды.
- Кел досум, жардамдашып ий, конокко дасторкон жаялы.
- Макул, дасторконду өзүң жай, а мен бияктан даярдап берип турайын.
Экөө дасторкон жайып болгондо Кызгалдак өз бөлмөсүнө кирип кетмек болду эле, аны Салима токтотуп калды:
- Апей, киши келсе өзүңчө отуруп алганың болбос. Жүрү биз менен чогуу эле бол.
- Койсоңчу курбум, "көрөйүн деген көп сөз, жок деген бир сөз" дегендей, анын үмүтүн жандырып кашына кирбей эле койойунчу.
- Билесиңби, курбум, ал биерге сен үчүн келип жатат, болбосо түн катып эмнеге келмек эле?
- Анда силердин көзүңөрчө эле келгис кылып койойунбу?
- Жо-жоок, антпе. Сыр билгизбей тура тур, бул табышмактуу дүйнөдө кандай бурулуш болуп кетээрин кимибиз билебиз? Шашпай койо турчу, "адам көңүлү гүл" дейт, гүл көңүлдү соолутпай туралычы, суранам сенден.
- Болуптур… - Кызгалдак Салима менен кирип, төрдөн орун алып, Шамбеттин катарына отуруп калды. Шамбет улам Кызгалдакты жалт-жалт карап, баятан бери сүйлөп жаткан сөзүнөн адашып калды..
Окурманга белгилүү болсун үчүн Шамбет жөнүндө кеңири айта кетейин.
Макулбектин эң улуу эжеси Айсаранын үчүнчү баласы Шамбет. Тагасынын үйлөнбөй жүргөнүн апасы кейип-кепчип айтканда угуп калчу. Бала кезден окуп-чокуп, тагаларына дале көп каттачу эмес. Үйлөнгөндө Сопубек аялы экөө, таежелери барган, бирок Макулбек барбады. Кыскасы, Шамбет тагасын сүрөтүнөн көрүп жүрбөсө, өзүн көргөн да эмес. Болгону үч-төрт жашында апасы менен барганда Макулбек аскерге баралек жаш жигит кезинде көргөн. Жакында апасына барып, үйлөнөөрү жөнүндө айтты эле, апасы кубанычын жашыра албай:
- Ошент, балам. Тагаңча алтымышка чыккыча жүрө бербей. Жакында Сопубектин баласы келип кетти, Макулбек да аял алат имиш, чакыртыптыр, - деп калды.
- Оо, жакшы болгон тура, тагам экөөбүз үйлөнүү тойду бирге өткөрөт экенбиз да, - деген Шамбет. Кимге, качан үйлөнөөрүн сурабай эле тамашага чалдыра сүйлөп баса берген. Ошондуктан Шамбет өз оюнда тагасынан мурун үйлөнүп алып, анан келинчегин ээрчитип тагасыныкына баруу эле. Кызгалдак өзүнө бир жолу да имерилип көз салып койбогонуна ичинен жини келгени менен, жүрөгүнөн сүйүп калган адамдай ага кылчактай берди. Марс менен сүйлөшүп, Салима кошулуп бакылдашып жаткан менен Кызгалдак сумсайганынан жазбады. Марс аны улам көз кыры менен карай: "Аялдардын баары ушундай миң кырдуу, бир сырдуу болсо. Менин Салимам мындай эмес, бирок асылзаада жарым бар " деп ойлонуп койот. Түн бир оокумга чейин отуруп үй ээлеринин уйкусу келгенин байкаган Шамбет:
- Мен кайтайын, эс алгыла. Кызгалдак, сизге бир мүнөткө мүмкүнбү? - деди келинди карап.
- Бир эле мүнөткө болсо каршы эмесмин.
- Анда сыртка чыгалы, - Шамбет үй ээлери менен коштошуп сыртка чыкканда Кызгалдак кошо чыкты: "Адамдын шагын сындыруу кесир болбосун, айта турган сөзүн угуп, жүйөөлүү болсо жооп берип койом" деген ойдо. Аңгыча машинанын жанына келгенде аны жеңил колтуктай калган Шамбет:
- Кызгалдак, айтчы деги, башка сүйгөнүң болсо мен убара болбоюн, - деди.
- Ооба, туура таптыңыз, сүйгөнүм бар, мени кечирип коюңуз.
- Да-аа, демек ушундай экен да. Ушуну сезгем, - Шамбет ойлоно ары-бери басып тыбырчылай көпкө турду да, кайра келиндин жанына келди, - Бир кишини эки адам сүйөөрүнө ишенесизби?
- Андай болушу мүмкүн эмес, кээде биз, адамдар, жакшы көрүү же жөн эле өңдүү-түстүү аялдарды көргөндө сүйүү деп ишенип алабыз, аялдар деле, мисалы, жакшы кийинген, үй-жайы бар, кызматы бар жигиттерге атайын "сүйдүм" деп тийип алып ара жолдо калып жатпайбы? Сүйүү эки адамда бирдей болмоюн, сүйүү дегенге жатпайт!
- Рахмат, Кызгалдак. Туура айттыңыз, сиз менин көзүмдү ачтыңыз, мен анда барайын, жакшы калыңыз, - деп машинанын эшигин ачып отуруп жатканда Кызгалдак басып келди:
- Сиз мага капа болбоңуз, текебер дейсизби, теңсинбеди дейсизби, айтор кандай десеңиз өз эркиңиз, кыскасы көңүлүңүздү буруп келип турганыңызга рахмат, кечирип койорсуз? - деди да жылмая колун сунду.
- Сизге неге капа болмок элем, бактылуу болуңуз! - Шамбет келиндин колун бекем кыса коштошту да, жөнөй берди. Кызгалдак оор улутунуп алды, жеңилдей түштү: "Бири-бирибизге түшүнгөнүбүз дурус болду" деп үйгө кирип жатып алды.
Жаштыктын дайрадай толкуп, азоо тайдай оолугуп, от менен кирген суудан кайра тартпай турган кези өтүп, өмүрдүн өлчөлүү кези калганда жүрөгү каалап баш кошкон жары болуп кызындай эле бир жан келээрине Макулбек өзүнөн өзү өрөпкүп атты. Ал эмне десе ошону аткарууга даяр: "Керилген келин жанымда жүрсө жашым картайбас, өмүрүм өтпөс болуп жаралганым. Арманымдын арты кубаныч менен уланса дүйнөдө жок бакыт эмеспи" деп ойлосо үйүндө жалгыз болгондо тынчы кетип, бир орунга отуралбай уйкусу качып, Кызгалдактын тез эле үйдө болушун каалап, эңсеп, аз калганда күн санап, саат сайын эстей берчү болду. Чакырган туугандары күн мурунтан келип той камын көрө башташты. Эки карындашы күйөөлөрү менен, агасы, эже-жездеси бүт келди. Бир гана Шайым келбеди. Көрсө ал ооруп төшөктө жаткан экен. Макулбек анысын угуп ичтен тынып тим болду. Туугандары чогулуп тоюна арнап ар бири кошумчаларын алып келишкен. Кызгалдакка арнап кийим алышты. Ошол күнү ал дагы толкунданып атты. Марс менен Салима өздөрүнчө жаман абалда калышты. Анткени Кызгалдак ага-эжелеринин бирин да айтпай койгон.
- Курбум, сен ушунчалык толкунданып турганда көңүлүңдү ооруткум келбейт дечи, бирок сен агаңдын үйүнөн узасаң болмок, - Салима ага тойдун алды келип эшикте мал союлуп жатканда ушинтип айтты эле, Кызгалдак күлө карап:
- Аны мен да ойлодум. Алар жакшылап узатмак тургай, "картаң кишиге эмнеге тийгени жатасың?" деп урушат, көңүлүмдү оорутат. Салима, кийин деле сыйлап алабыз, сен менин бир тууганымдай эле болуп калдың, мен сенин үйүңдөн эле кетейин, - деди Кызгалдак.
Ошентип, Макулбек менен кошо эжеси Айсара, карындашы Гүлсана, дагы эки-үч аял болуп алып кетишти. Марстын колуна он миң сом берип, бир тайды эшигине байлап коюшту. Салима алар менен кошо барып үй-жайын, жашоосун көрүп, ага-тууганынын адамгерчиликтүү, меймандостугуна ыраазы болуп турду. Кызгалдактын баарын ойлонуп, калчай билгенине таңданды. Төрт машина менен ЗАГСка барып, аерден чыгып келатканда аларды көздөй келаткан Шамбет делдейе туруп калды, колундагы гүлү жерге түшүп кеткенин да баамдаган жок. Кызгалдактын бир жагында Салима келаткан, ал эмне болуп кеткенине түшүнө бербей ага жете бергенде:
- Шамбет, сага эмне болду? Кызгалдакты куттуктаганы келдиң беле? - деп шыбырай сураганда ал шалдая жооп берди:
- Жо-ок, Макулбек менин бир тууган тайкем эле, ошого келгем.
- Кыз-зык.. Ошондой беле?! - Салима оозун жыйгыча Шамбет Макулбекке жетип гүлүн бере:
- Куттуктайм, тага, бактылуу болгула, - дегенде Кызгалдак ага бактылуу жылмайып койду.
- Рахмат, жээним, айтканың келсин! - Макулбек гүлдү кайра Кызгалдакка берип, чогуу машинаны көздөй басышты.
Тойго келген Макулбектин жоро-жолдоштору да жөн келишпеди, баары абройлуу, кызматкер, бакыбат адамдар белектердин баалуусун тартуулап, бакыт-таалай ыроолоп жатышты. Шамбет ошол тойдо Кызгалдакка ыраазы болуп жүрдү, анын жөнү келин болсо да түз сүйлөп калп айтпаганы. Бир гана өкүнгөнү - ушундай асылзаада аялдын өзүнө туш болбогону. Тойго келгендердин ичинде бул жаш келин улгайган адам менен жашап кетеби же эртең эле болгон жакшы нерсесин көтөрүнүп кетип калабы дегени да жок эмес.
- Ай ушу мөлтүрөгөн жапжаш неме кайниңе чын көңүлү менен тийдиби же эптеп эле бир кыйынчылыктын айынан макул болду бекен? - Улгайып калган аял Макулбектин атасы менен бир тууган агасынын аялынан сурап калды шыбырай.
- Эмне, биздин бала кыз сүйө турган адам эмес бекен? Үйлөнгөн эмес, алтымышка чыккан менен жаш жигиттен кем эмес, андай котур ташың койнуңда болсо эмне келдиң ыя? Ушагыңды менден башкага айт! - деп койо бергенде ал шыпшынып койду:
- Таң, үч баласы бар имиш, аргасы жок тийип алып кийин бар тапканын алып кетип калабы дейм да?
- Кетсе-кетпесе сенин ишиң канча? Же сеникин көтөрүп кетмек беле? - Айсара тигини ого бетер кагып койду, - Келсең жөн келип, жөн сый кетпейсиңби ыя? Же менин инимдин үйүнө күндө келип аттың беле?
- Койдум, койдум, - тиги аял купшуңдай отуруп калды. Бул учурда Кызгалдак өзүн дүйнөдөгү бактылуу аял катары сезип, эки бети албырып, улуу-кичүүнүн ак батасын алып, алкоо сөздөрүнө балкып, ого бетер кубанып отурган. Салима да кете элек, жанараак телефондон Марсты чакырып алган. Ал Шамбеттин бул тойдо жүргөнүн көрүп таң калганы менен, экөө жолугуп, себебин уккандан кийин андан бетер айран калганын жашырбады.
- Дос, мен өзүм да не дээримди билбей калдым, үч уктасам да түшүмө кирмек эмес мындай болоору. Апам айтканда дагы "Бир аял туш келгендир, жакшы аял болсо бала-чакалуу болуп калса болду" деп ойлоп койгом, - Шамбет чын оюн айтты.
- Да-аа, тагдырың түшкүр ушунчалык табышмак, ээ? Ким ойлоптур келип эле сага тайжеңе болуп калат деп.
- Ананчы, кызыгың түшкүр десең, - деп экөө көпкө чейин сүйлөшүп турду. Тойго келген адамдар кайта баштаганда Марс Салиманы чакырып:
- Айым, кетели биз дагы. Тун кызыбызды узаттык, эми экөөбүздүн алдыбызда да көп милдеттер бар, - деди күлө.
- Ананчы, Кызгалдак тун кызыбыздай эле болуп калды. Эмнеси болсо да бактылуу болсунчу.
- Бак айтсын. Мен бир көргөндө эле бул адамдын оңой киши эмес экенин байкагам. Ошон үчүн каршы болгон жокмун да, - Алар сүйлөшүп турганда Шамбет басып келип жанына туруп калды. Үчөө аркы-беркини сүйлөшүп көпкө турушту эле, арытан Айсара үн катты:
- Ай Шамбет, алдагы конокторду үйгө киргиз, Макулбек чакырып атат. Бол эрте.
- Азыр, апа, мына баратабыз, - деди да, ээрчише түз эле Кызгалдактар отурган бөлмөгө киришти. Макулбек аларды абдан сыйлап, кийит кийгизип, эртеси эртең менен узатып койду.
Марс менен Салима үйүнө келгенден кийин Кызгалдактын туугандарына киши жиберип, бергендерин түз эле өздөрүнө берүүнү ойлоп жатышты. Бирок алар эмне дейт, туура түшүнөбү деп ойлогон жок, болгону адамгерчилик, жакшылык кылуу адам баласынын парзы деп түшүнүштү. Салима кызмат, мансап үчүн курбусун аз жерден капа кылып көңүлүн оорутуп ала жаздаганына ичинен күйөөсүнөн да уялып жатты: "Марс болбогондо баары бир көп тайкылыктарды жасамак экем. Чынында мен жеңил ойлуу окшойм, ар нерсеге токтоолук менен карабаса канча адам жабыр тартмак. Марстын акылына көнгөнүм жакшы болгон экен" деп өзүнчө тобо келтирип жатты, бирок ички оюн күйөөсүнө билгизбеди. Бир жумадан кийин Салима таттуусун, кант-чайын алып, бир козу союп учурашканы Кызгалдакка келди. Келгендеги максаты аны менен жакшылап кеңешүү болчу. Аны жакшы тосуп алып, курбусу маңдайында отурду:
- Кандай курбум, аяш жүрөбү, өзүңдүн иштериң жайындабы?
- Баары жакшы, досум. Келгеним, сени менен кеңешейин дегем. Марс экөөбүз сенден барган буюмдарды уялып ууру кылган сымал жаман болуп атабыз. Кантсе да сенин өз төркүнүң эмеспи, чакырып тигил мал менен акчаны берели дегенбиз.
- Койчу, Салима, ошонуңар кантип болсун? Аны мен Макулбекке кеңешип силердин мага кылган жакшылыгыңар үчүн сый катары бергенбиз, ал эми агаларым менен эжелериме өзүбүз киши жөнөттүк, кайсы күнү келээрин билбейм, барган кишиге унчугушпаптыр.
- Ошентсе деле Кызгалдак, сени мен ушинтип мээнетимди актасын деп ойлобой эле, бактылуу болсун деп ойлогом.
- Баарын унут, досум, эми биз өмүр бою бир туугандай катышабыз, арабыз мурункудан да жакындап ажырагыс болуп калдык…
- Туура, курбум, анда төркүнүң келсе биз кошо тосушабыз, сөзсүз чакырып кой.
Ошо тушта Макулбек кирип келди:
- Оо Салима, келегой. Кандай, иштериң жакшыбы, Марстын денсоолугу жакшы жүрөбү?
- Жакшы-жакшы, . Өзүңүз кандайсыз?
- Ойдогудай. Кызгалдагым экөөбүз кайын-журт келип кетсе саякатка чыгып, жер кыдырып келели деп атабыз, ээ гүлүм?
- Ооба, биз ушундай деп чечтик, - Кызгалдак жылмая күлүп койду.
- Жакшы, эң жакшы! Курбумду бактылуу кылып, кадырына эле жетсеңиз болду.
- Алибетте, Салима, көп жашап койсом да азыр кайра жашаргандай болуп турам! - Макулбек чын ниетинен жашоого, тагдырынын ушул мүнөтүнө ыраазылыгын айтып отурду. Пенде эмеспи, Салима ичинен ушул кез Кызгалдактын бактысына ичи тарып кетти: "Бакыт деген кандай гана кызык, ата-энесинен көрбөгөндү ушул чалдан көрө турган кылып пешенесине жазып койгон экен, мени кыз алган күйөөм саякатка алып барганы кана… " деп ойлоп, кайра: "Кызык эле жанмын да - көралбагыдай душманым беле? Мен деле бир топ аялдарга караганда бактылуумун, жаркылдаган кызматчы күйөөм, иштеген ишим, үй-жайым, дүнүйө десе дүнүйөм турат ко?" деп өзүнүн оюн билип койгондой селт эте түштү. Алар Салиманы коноктоп жатканда сыртка машина токтогондой болду эле, Макулбек чыга калды. Эшиктин алдына келип калган кырктын кырындагыдай жигит колун сунду:
- Ассало-ому алейкум!
- Ал-леки салам, кел жигит.
- Келдик, Макулбектин үйү ушулбу?
- Ооба-ооба… - Макулбек кичүү болсо да жаш жигиттен тайсалдай түштү.
- Сизби Макулбек деген? - Жигит ишенбегендей кайра сурады. Аңгыча Салима менен Кызгалдак чыга калды.
- Ооба менмин…
- Менин карындашым сиздерге келин болгон экен, киши барды эле…
- Жакшы-жакшы, , үйгө кир. Дагы барбы келгендер?
- Адегенде карындашым менен ачык сүйлөшөйүнчү, - Кызгалдакты көздөй басты, - Кызгалдак, акыбалың кандай? Бул киши ким, кайнатаңбы же кайнагаңбы? - ачуусу келгендей жаак эттерин түйүлтө.
- Байке, менин кайнатам эмес, күйөө балаңыз. Үйгө киргиле, дагы кимдер келди?
- Атаңдын башы! Атаңдай кишиге тийип кайсы ырыстуу болмок элең, бас, сыртта машина турат, үч балаң менен сага күйөөнү ким коюптур?!
- Мен эч жакка кетпейм, келсеңер сыйыбызды көрүп жакшы батаңарды берип кеткиле. Менин үч балам өз ырыскысы менен, мени сыйлап ата-энем ордуна жакшы тилегиңер менен келсеңер үйгө киргиле!
- Тапкан экенсиң, бас деп атам! - деп Кызгалдакты колдон алып сүйрөп жөнөгөндө дарбазадан жеңеси Арзыкан чыга калды:
- Мурат, эмне болду, кыз менен сүйлөштүңбү? Койо бер, токтой тур! - деп кайынсиңдисинин колун чыгарды, - Кызгалдак, кана өзүң айтчы: келген жериң, алган жарың кандай? Өзүңдүн көңүлүңө туурабы?
- Ооба, атасындай немеге тийип алып мактанып чакыртыптыр! Кара бу кишини, ушуга уялбай кантип тийип алды десең.. Болду, биерге койбойм! - агасы ачуулана кайра жетелеп жөнөдү. Салима эмне кылаарын билбей Макулбекти карап, анан үйгө кирди да, өз үйүнө телефон чалды. Тутканы Марс алаары менен:
- Марс, бат келип кал, Кызгалдактын үйүнө кел! - деди да, кайра сыртка чыгып Кызгалдактын жанына барганда ал колун катуу силкип бошотту:
- Берерге бешөө чыкпаса да, аларга алтоо чыгат дегендей, мени өз жайыма койгула. Андан көрө сыйыбызды көргүлө! - деди эле, жеңеси ыргый сүйлөдү:
- Апий бетим, өз теңдүүңө тийип алгансып айтканың эмнең? Биз эмне, сыйдан калып калыптырбызбы? Азыр ушул шаардан кимдикине барсак да тосуп сыйлап алат.
- Андай болсо, жеңе, өз жолуңар менен бара бергиле. Мен үч жаш балам ар бириңердин эшигиңерге барганымда чекемден сылап кимиң батырдың эле?!
- Ыкы, бизге өчөшүп ушу картаң чалга тийдиңби? Намыс-арың барбы деги? - агасы Мурат жиндене кыйкырды, - Күйөө бала деп мен атамдай кишини кантип айтам? Андан көрө бас үйгө, сени ала кетейин!
- Ошону айтсаң, жаш неменин башын айлантып койгон тура, буга эмне, балдары чоңойуп өзүндөй болуп калганда бир кызматчы керек болгон да! - Жеңеси күйөөсүн коштой сүйлөгөндө Кызгалдак чыдабай кетти:
- Жеңе, антип ойлобогула, мен азыр жаш эмесмин… - деп келатканда Мурат аны сүйлөтпөй сөзүн жула качты:
- Ийи, далайды көргөн карышкырга тең болуп калдың беле? Башыңы айлантпаса атаңдай эмени мага күйөөм деп уялбай айтат белең?!
- Айтам, анткени мен аны сүйөм. Мени өлтүрүп өлүгүмдү алып кетпесеңер, мен бул жерден тирүү чыкпайм, уктуңарбы?! - деп үйгө жүгүрүп кирип колуна бычак алып чыкты, - Кана, мени уят кылбай үйгө киресиңерби же менин өлүгүмдү жүктөп кетесиңерби? - деп бычакты өз жүрөгүн туштап эки жакты тең карап жооп күтүп көзүнүн жашы талаа-талаа болуп агып атканда Марс келип калып кармай калды:
- Эсиңе келчи, Кызгалдак, эмне болуп кетти?
- Көрүп турасың го, аяш, менин абалым кыйын болуп турганда не агам, не эжелерим калкалай алмак эмес, кокус мен балдарымды багалбай талаада бомж болуп арак ичип көрүнгөн жерде калсам ушулар намысты ойлойт беле? Мени тегеренип өтүп көрмөксөнгө салып, баягы ушинтип калыптыр деп унутуп да коймок, сөөгүм моргдо белгисиз калып, бир күнү белгисиз өлүккө айланып эптеп көмүлмөкмүн! - Кызгалдак сүйлөп да жатты, Макулбек үн дебеди, тек өздөрү түшүнөөр, чегинер деп ойлоп жүрөгү ооруп турду. Көптөн кийин сырттан Кызгалдактын эжеси кирип келип эле ар бирин карап:
- Ой айланайындар, эмне болду? Биз туура таптыкпы же жаңылып калдыкпы? - деп эки жакты карап Кызгалдакты көрүп, - Ой кыз, сага эмне болгон? "Кызга бергис жубан бар" деп, сенин кадырыңды көтөрөлү деп келсе эмнеге "киргиле, кулдугубуз бар" дечү жан жок? Же эмне, адам сыйлаганды билбеген жерге туш болдуңбу? - деди ага жакындай берип.
- Ооба, "энеден кийин төркүн жок, атадан кийин ардак жок" дегенди эми билип отурам. Билсеңер, атаман кийинки агам, энемден кийинки эжем деп силерди чакырткам, мындайыңарды билгенде өлгөн киши катары дайынымды билгизмек эмесмин, - Кызгалдак эжесине түсүн үйрүй жер карады. Ушул учурда Мурат силкине аялына бурк эте кайрылды да, сыртка чыгып кетти. Анын артынан жеңеси менен эжеси чыкты, тигил төртөө төрт жерде үндөбөй тура берди. Кызгалдак турган жеринде бүк түшүп ботодой боздоп ыйлап жатты. Аны Салима өйдө тургузуп үйгө алып кирди.
- Кызгалдак, мынчалык капа болбочу? Эмне болуптур, алар деле бир кезде түшүнөт. Өзүң менен өзүң болуп балдарың менен, алганың менен бактылуу болсоң болду, өзүңдү кыйнай бербечи!
- Да-аа, демек пендени түрдүү кылып жаратат тура жараткан өзү… - Макулбек үшкүрүнө Кызгалдакты карады, - Кызгалдагым, гүлүм менин, капа боло бербе, алар дагы келишет. Тиги сойо турган койду бага берели, аларды сыйлашыбыз керек, - деди токтоо.
- Аяш, көп эле эзиле бербе. Байкенин көңүлү түз болсо болду, сен үчүн биз да, алар да эч кыйналбайт, - Марс көңүл көтөрүүгө Кызгалдакты карады.
- Марс, силер айтсаңар жарашмак, мени кыйын абалдан сууруп алып ушул күнгө жеткирдиңер, - ыйлап жаткан Кызгалдак Салима менен Марсты карады.
- Ойлонбочу, курбум. Биздин адам алдындагы парзыбыз болчу, сени көрүп-билип туруп байкамаксан болуп жүрө берүүгө чыдамак эмеспиз да, - Салима анын көз жашын аарчый сооротуп атты, - болду, өзүңдү айа да, эртең буйруса балдарга барабыз. Жакында кызың мектепке барат, сен алар үчүн керексиң!
- Мени да ойлоп койгула, балдар, Кызгалдагым жок мага да кыйын болот. Жаңыдан өзүмдү отуз жаштагыдай сезе баштаганда, - Макулбек күлүп калды.
- Сиз биринчи турасыз да, Кызгалдактын тагдыры эми сиздин колуңузда, - Үчөө тең күлүп калды.
- Кой, тамактаналы. Кызыл гүлүм, тур эми, капалыкты көңүлдөн тезирээк айдап сал да, келген конокторго тамак ас! - Макулбек өзү жаман абалда турса да Кызгалдакты колтуктай тургузуп жүзүнөн сүйүп койду, - Мени алардын сөздөрү капа кылбайт, мен баарына даяр болчумун, ушундай болоорун сезгемин.
Менде күнөө, сизге бул сөздөрдү угузган менмин! - Кызгалдак басылып ордунан туруп ашканасы тарапка баратып Салималарды карап күлө унчукту, - Силер капа болбогула эми, мен заматта бирдеке чыз-пыз кыла койом.
- Тим эле койчу, кеч кирелекте биз кетели.
- Жо-жоок, эч жакка кетпейсиңер! Конокту эшиктен кетирүүгө жол бербейм! - Макулбек аларды ордунан тургуза койбоду.
- Мейли, буларды капаланып турганда таштап кетмек белек, байке менен чечилишип сүйлөшүп, аяштын көңүлүн көтөрүп отуруп анан кетебиз да, - Марс чын дилинен Салимага карай сүйлөдү.
- Оох, эми туура болду, антпесеңер Кызгалдак таарынып калбайбы. Кеңири отуруп сүйлөшө элекпиз, - Макулбек кубана кубаттады. Төртөө ортодогу ыңгайсыздыкты оңдоп тамашалашып, көпкө отурушту. Заматта тамак даяр болуп, жаңыдан дасторконго отурганда сырттан машинанын үнү угулду. Макулбек Кызгалдакты карады эле, ал туруп сыртка жөнөдү. Алар Мураттар эле. Шаардагы карындашын алып кайра келишкен экен. Кызгалдак үндөбөй дарбазанын жанына барды да, босогодо турган агасына тике карады:
- Адал ой менен келдиңерби, же дагы менин намысымдын бар-жогун териштиргени келдиңерби?
- Ачууланбачы, Күкү, анча-мынча кызы бардын назы бар кылалы десе, ошого таарынып калдыңбы? Кичине куда тосуп алчу эчкимиси жокпу?
- Кол куушуруп куда тоскудай мен он сегиздеги кыз белем? Кууп барып сый көрүп эле жүрбөдүңөр беле? - Машинадан эки эжеси, иниси аялы менен, жезделери түшүп келатканда үйдөн Макулбектер чыга калышты. Эч нерсе болбогондой аларды Марс менен Салималар үйгө киргизип конок камын көрө башташты. Марс менен Макулбек кой сойгонго киришти. Макулбек Марсты үйгө киргизип Шамбетке телефон чалуусун өтүндү. Эки досун чакырды. Ошентип заматта кайын-журтунун Кызгалдакты кечирип кайра келгенине ичтен ыраазы болуп атты. Ичкиликти, импорт винону, пивону жетээрлик алдырып койду. Бир аз чай ичилгенден кийин малга бата кылып жиберишти да, андан соң бири-бири менен бабырап киришти. Кызгалдак эң улуу эжеси менен өзүнчө сүйлөшүп отурду:
- Эже, өзүңөр ойлосоңор, мен ушул үч жылдан бери эмне гана күндү көрбөдүм. Бала-чакасы жок экен, үй-жайы турат, балдарымды өз баламдай көрөм деп жатат. Жаш, өзүмө тең күйөөгө тийип эмнени көрдүм? Ар бириңердин эшигиңерге үч балам менен бардым…
Муңкана кетти эле эжеси Гүлүйпа аны кучактай калып өпкүлөп ийди:
- Кой кагылайын, бизге капа болбо. Сени карайлатып койбойбуз. Анда ошондой болгон, күйөөдөн чыкпасын, жашап кетсин, балдары чоңойсо урушпай калаар дегенбиз.
- Кой эми эже, апамдын ордуна өзүң апа катары эле болуп калдың. Колдон келген сыйыбызды көргүлө. Бул абдан сыйлуу адам, уят кылбагыла. Мен чынында ушул кишиге жолугуп калганыма ыраазымын, - Кызгалдак эжесин конок үйгө киргизип коюп, өзү Салимага барды. Айылда өскөн неме арыдан-бери ичеги-карынын артып бүтүп койгон.
Уландысы бар..

Комментарии