7-Бөлүм

Үч баласын тең калтырыптыр. Байкем дароо балдарды карады, чоң кызын алып кетейин десе барбай коюптур. Эки баласы болсо жеңеме боор баскан эмес, апамдын жанынан чыкпайт. Жеңеме деле баарыбир окшойт, үч баласын кантип таштап кетет. Жаш болсо мейли дейт элем, каарып эле калды. Эми башкага тийген күндө да төрөбөсо керек, кырктан кичине ашып турган чагы. Кызы чоңоюп калганда жеңеме жин тийбедиби, үй-бүлөсүн таштап кантип өмүр сүрөт эми. Мен болсо өлүп калган ээримдин ордун бирөө менен толуктоо оюма да келбептир, эч качан жол дагы бербейм. Менин убалыма калган Ахматты болсо кудайга салдым. Эгер чындык бар болсо Туратымдын алдында ак болуп чыгам, мага ошол нерсенин менин каршылыгыма карабай зордук менен көрсөтүлгөнүно ийнимде олтурган периште күбөө болот. Бирок мындай карасам бирөөнү өзүмө теңеп, теңсинбей жатканым да туура эмес. Сөз жок жеңем мага караганда жаш көрүнөт, дене түзүлүшү да жаш келиндикиндей. Кийингеничи, бул өзүнчө башка эле окуя. Байкем катуу жинденген окшойт, жинин эмнеден чыгараарын билбей балта менен короодогу бакты чаап жыга коюптур. Балта шилтенип жаткан жерге бара да албайт экенсиң. Чекеде карап гана турдум. Сезип жатам, канча жыл бир нанды эле эмес бир төшөктү бөлүп жүргөн адамың сатып кетсе кандай кыйын болоорун. Бирок колдоо көрсөтө албай жатпаймынбы, эркек эмесмин да. Апам көрүп калды, жеңем унчукпай эле кетип байкабай отурган болчу.
---Баатыр эмне болду балам?
---Эч нерсе апа, үйгө кире бериңиз. Дарика апамды карабайсыңбы.
---Туура да апам сизге кыжаалат болуп жатат байке, жаш баладай болосуз да. Уруш ар бир үйдө эле болуп турат. Карабайм апамды, өзүңүз кириңиз, мен кеттим балдарым жалгыз калган. Эмне болсо эле мени камчыдай чапкылап жаман үйрөнгөнсуңөр, өзүмдүн ишим баштан ашып жатат. Жаш болсоңуз бир жөн, мына мен деле өлбөй эле жүрөм. Кичине бетиңиз күйгөн, жеңем таарынып кетти. Ошого ошончобу эмне? Мен айтайынбы же унчукпай кетип калайынбы? Жеңем кетип калган болсо мен жесир калдым, сиздин сырткы көрүнүшүнүз запкы тартса менин жан дүйнөм өлгөнү турат. Балдарыңыз аман-эсен ошого шүгүр этиңиз, менин балам жер кучактап жатат. Дагы айтайынбы? Же жетиштүүбү. Жоок айтаам, ушунча баштап калдым аягына чейин угуңуз. Адал балам арамга чыкты, өзүм бузуку аталдым. Менин кесиримден атам жабыркады, намыска алдырып ажалга жеңилип берди. Эми болсо бир-тууганым азап тартып жатат. Сиңдимдин үй-бүлөсүн бузуп алдым, баламды кылмышка түрттүм. Дагы бар, силер билбеген нерселер да бар. Өз баламды атайын өлтүрдүм, мунусунда арам баланы өлтүрдүм. Ошондо мончодо калганда өзүмө кол салгам, ооба чын айтып жатам. Мага арамдын кереги жок, мага жашоонун да кереги жок. Бирок, ошондо да жашоону улантып жатам. Жашоонун мыйзамына баш ийип, сабыр кармап жатам. А сизчи? Сиз эркексиз, апамдын ишенгени, балдарыңыздын атасы, менин агамсыз. Ушунча адам сизден колдоо күтүп, үмүт артып олтурганда эмнеге мындай кылып жатасыз? Менчелик ал таппай эмне болдуңуз. Азаптан башым чыкпай жатканда эмне кошумча болосуз? Буйруган нерсе болот, демек ушул нерсе сизге буйруган. Кудай тараптан берилген ырыскыбыз эле түгөнбөсө мындан аркы күндөрүбүз да алдыда буйрук менен турат. Эгер апамды, балдарды, мени ойлобосонуз ушул жашооңузду уланта бериңиз же токтотуп салыңыз. Бирок эки дүйнө сизге таарынып өтөөрүбүздү билип алыңыз. Апа бас кеттик, бул балаң өзүн эптей албай жатса сизди кандай карайт. Мени менен жашайсыз, балдарын өзү бага берсин. Ишенген тоом сен болсоң анда мен курган эле адам экенмин.
Апамды жетелеп басып кеттим, апам эмне дешин билбей мени менен басып кетти. Апамдын кара көздөрү божурайып аянычтуу болуп кеткен. Баласын кучактагысы келет менден качып бирок, мени да кыя албайт. Ошончо сөздөн кийин албетте ар бир эле адам катуу ойлонуп кетмек. Бир аз жылгандан кийин агам жетип келип бизди кучактап калды.
--Карындашым, акылыңдан айланайын кара-чачым. Эгер ааламдын аял заты сендей түшүнүктүү, аруу, таза болгондо кандай жакшы болмок. Ал жашоо анда бейиш деп аталмак болуш керек. Агаң алсыз, эркек болгонум менен сеникиндей күчүм жок. Сен чыдаган азаптын жарымын көтөрө албайм мен. Эми мен силер үчүн жашайм, баары жакшы болот буйруса. Апам экөөбүздүн башыбыздан сылап көзүнөн бир тамчы көз жаш кулатты.
---Апа бизди кечирип коюңузчу, сиздин берген ак сүтүңуздү актай албадык. Өзүңүз жалгыз бешөөнү өстүргөн болсоңуз, баарыбыз биригип сизди жакшы бага албай жатабыз. Бактылуу каарылык сыйлай албай жатабыз, ал үчүн бизди кечириңиз.
---Дарика сен дагы бизди кечир, башыңа түшкөн мүшкүл күндү сени менен бирге бөлүшө албай жатканыбыз үчүн кечир. Канчалык күйгөнүм менен баарыбир сенин акыбалынды толук түшүнө албайм. Менде сеникиндей күчтүү сабыр, мээримдүү жүрөк жок. Эми мейли болоору болуп, баёсу канды. Эми алдыны карап жашайлы, астыга умтулалы, артка кылчайбайлы.
---Туура айтасыңар, эми дагы кеч эмес. Баардыгын башынан баштайлы.
Ошол күнү таң атканча кеңешип олтурдук, апам баардыгын угуп ойлонуп калды. Көөптө барып анан жеңемдин артынан барба деди. Себеби күйөөсүнүн көзүнө чөп салган адам эч качан балдарга жакшы тарбия бербейт, анан оңолбойт. Анын үстүнө жеңемдин кылыктарына тоюп бутушуптур. Апам башкага үйлөндүрүп койом деп күлүп койду. Ошол жерден агам башын жерге салат, себебин мен түшүнүп турам бирок апам бул нерсени аялын жакшы көрөт деп ойлоп алды. Чоң байкемдер менен сүйлөшүп, алар чет жака иштеп келишмей болушту. Мен дагы Мыкыны кошуп берем дедим, Сайра дагы кетем деп чыкты. Сайранын үйүн батирге берип, балдарын алып келип алдык. Мен дагы батирден чыгып балдарды каралашканы көчүп бардым. Өзүмдүн үч балам, байкемдики үчөө, Сайраныкы үчөө, чоң байкемдики бешөө. Чоң байкем эки бойго жеткен баласын кошуп алып кетти. Ошондо өзүбүздөн сырткары он эки жаш бала менен калдым. Байкем жөн отурбайын деп шаардын четинен жер алып талаа айдадык. Баардыгыбыз барып иштеп жаттык, апам чыйрак болгон үчүн бизге түшкү тамак бышырып турат үйдө. Мен Салимди көтөрүп алып барам, ал көк чөпкө чуркап жыргайт. Россияга кеткендер орношуп, жумуш таап, өздөрүнө келгенче убакыт өтүп кетти. Анан алар дагы көп акча жиберип башташты. Жеген ичкенибизге Сайранын батиринен түшкөн акча жетип жатты. Жерге эле кичине киргизбесек, калганын эки ай чогултуп агам талаага бизди ташыганы машина алды. Чын кечке түйшүк менен болсоң кайгырганы убакыт калбайт экен. Кечке талаа, үй, кир жуумай, нан жасамай болуп кечинде атымды унутуп калам. Жеңем кайра кайтып келген жок, ажырашам деп арыз жазыптыр байкем бир жолу сотко барып келди. Апамдын айтканын кылып баары акчаны чогу чогултушту. Азыр жашап жаткан үйдү кичинекей агама калтырып, чогулган акчага чоң агама үй алдык. Түшүм мол болуп машинаны чоңойттук. Эки жылдын ичинде мен дагы үйлүү болдум.
Эми кезек Сайрада болчу, Сайра өзүнө чакан бизнес ачкысы келип жүргөн. Үч жыл өтүп арадан Россиядагыларбыз келди. Сайра чакан тигүүчү цех ачты, кудайдын буйругу менен Мыкыны да үйлөнтмөй болдук. Баардыгы жакшы болуп жатты, биздин кубанычыбызга чек жок. Кудайым ушунча сыноодон кийин бизге чоң бакыт берди. Шүгүр гана айтып сүйүнүп жүрдүк. Апамдын курбусу бар болчу жаш чагынан бери катташып жүргөн, ошол аяш апамдын неберелеринен бирөөсүн келин кылып алмай болдук. Эки агам, Сайра мен Мыкы болуп аяш апамдыкына бардык. Нарында жашайт болчу, алыстыгына карабай арадагы катташты бекемдегибиз келди. Чын эле шаардын ызы-чуусунан чыга албай айылдын кереметтигин унутуп калыптырбыз. Таза аба, бийик тоолорду көргөнүбүздө жүрөгүбүз ушундай кубанды. Эмнеге келгенибизди айтпай эки күн жайлоодо конок болдук. Ар бир үйдө өз маселе бар болгондуктан бул жерде да өз ара келишпестиктерди көрдүк. Мындайдын даалайын баштан өткөргөндүктөн анча маани бергенибиз жок. Аяш апамдын колундагы баласынын сыйын көрүп жүрдүк, аяш апам да аябай кубанды биздин келгенибизге. Түндө кандайдыр бир күбүрдөн ойгонуп кеттим, эшике чыксам ары жакта бирөөлөр урушуп жатышыптыр. Коркпостон уруш болуп жаткан тарапка бастым. Ушул үйдүн ээсинин кызы экен, бир чоочун бала менен урушуп жатыптыр. Жаш кыз түндө эмне кылып жүрөт!-деп таң калдым. Балким жардам керекпи деп жакыныраак басып бардым. Экөө мени байкаган дагы жок.
---Сиз мени алдап жатасыз, эртең дегениңиз бүтпөй койду. Башында эмнеге чындыкты айткан жоксуз. Мен сизге ишенгем. Эми үй-бүлөм уят болмой болду.
---Шуру мен сени алдаган жокмун, мен сени сүйөм. Сен үчүн баарына даярмын, бирок сенден да артык көргөн адамым бар. Мен аны кечип кете албайм. Ал менин балам, балам үчүн баарына даярмын. Мен аны таштай албайм.
--Башында ойлонуш керек болчу. Мени сүйдүрүп, алдаганча ойлонуш керек эле. Эми мен эмне кылам? Ошол балаңыздай эле бала менин ичимдеги дагы. Ата-энеме эмне дейм эми ошону айтыңызчы. Мага жол көрсөтүңүз анда, болбосо менин өлүмүм сиздин мойнуңузга илинет.
--Мени коркутам деп жатасыңбы? Сендейдин канчасын көргөм, уят болбойун десең эртең таң атпай шаарга барабыз, баладан кутулуш керек. Мага бала керек эмес.
--Мени эмнеге ойлобойсуз? Бул баланы алдырсам кийин бала көрбөй калышым мүмкүн.
---Сен артта калгансың, азыр баладан кутулуунун көп жолу бар. Даары ичесиң.
--Мен корком, андай кыла албайм. Андан көрө мен баардыгын ачыка чыгарам. Уят болсок чогу болобуз, эми корко турган нерсем калбады. Абийирди алганда баатырсын, балага келгенде бекинип алам де.
--- Менин үй-бүлөлүү экенимди билгенсин.
---Сиз ажырашкам дегенсиз, мени алдагансыз.
---Эртен шаарга мени менен барбасаң анда эч нерсеге жооп бербейм. Түшүндүңбү?
Жанагы бала басып кетти, Шуру болсо жер апчып ыйлап кала берди. Кандай тааныш окуя, мен дагы бир зөөкүрдөн курмандыгы болбодум беле. Мындай кезде өзүңө кол салып алышың да толук ыктымал экен. Бул кыз дагы сүйүүгө ишенип алган байкуш тура. Шуру ыйлап бүткүчө мен дагы кантип жардам берсем деп ойлондум. Эч кимге тиш жара албай койдум. Анан ойлонуп Мыкы маакул болсо балама алып бергим келди, ымыркайды өлтүрүү бул күнөө да. Убагында мен өз баламды өлтүрүп алып азыркыга чейин өкүнүп, күнөөмдон кантип айрылууну, кантип женилдеш керек экенин таппай айлам куруп жүргөн кезим. Азыр мунун баарын угуп, билип туруп жөн гана кол шилтеп койо албайм. Алданыптыр, эмне экен. Алданды бирок, жан дүйнөсү булганган жок. Канча күндөн бери чогу жашап аз болсо да кыялын билип калбадымбы. Мыкыга баарын түшүндүрүп, макул болсо алып берем. Бизде текшерүү деген жок, бир кызды уяттан сактасак демек өмүрүн да сактап калган болобуз.
Шуру ыйлап бир топ отуруп анан үйгө кирип кетти. Мен эшикте көөпкө ойлондум. Анан кирип Мыкыны ойготуп чыктым.
---Мыкы экөөбүз сүйлөшүп алышыбыз керек.
---Апа түндөсү сүйлөшөбүзбү? Эмне болду?
---Балам Шуру жактыбы сага?
---Апа ал мектепте окуйт экен го.
---Балам аяктап жатат мектепти, азыр сөйкө салып койсок эки айдан кийин алып кете беребиз. Сүйлөшүп көр балам.
--Ал сулуу экен мени карайбы апа?
---Сага бир нерсе айтышым керек, эгер сенде мен үмүт кылганчалык акыл болсо Шуруну алууга ыраазы болосуң.
---Эмне айтасыз апа? Сизге жакса алам апа. Жакшы адам экенине көзүң жетсе болду.
---Ооба Шуру жүрөгү таза, ишенчек кыз экен. Бирөөгө алданып калыптыр байкушум. Эгер аны куткарып калбасак өзүнө кол салышы мүмкүн, түшүнүп жатасыңбы?
---Жок, түшүнгөн жокмун.
--- Азыр эле күбөө болдум, бир аялы бар бала аялым жок деп алдап кетиптир. Байкуштун боюнда бар окшойт.
--Ошону анан мага ыраа көрүп жатасызбы?
---Балам ал дагы биздей эле адам, адашпаган адамдын өзү болбосо керек. Эмнеге бир катасы үчүн өмүр бою азап тартыш керек. Же адашкандар өлүп кутулушу шартпы. Балам сүйлөшүп көр ачык эле, мен билбемишке салам. Сыр болот.
--Элди жинди дейсизби? Үйлөнгөндөн кийин беш айда төрөп койсо мен уят болом.
--Ошону бил, ичиндегиси канча айлык экен.
Жашагым келет!!!!!
14-болум.
---Апа боюнда бар экенби? Анан мага ошондой кызды ыраа көрүп жатасызбы? Мен албайм аны, бир жолу мындай жолго барган адам мени да жарытпайт.
---Балам сен адамды кылган катасынан эмес жүрөгүнөн, кылган мамилесинен байка. Бул кыз жүрөгү таза, ишенчек жана жакшы кыз. Болгону бул дагы бул жашоонун курмандыгы, сен мени эстечи балам. Куру доомат менен кандай жаман атты болгонумду эстечи.
---Апа ал башка кеп, чындык башкада.
--Ал чындыкты сен, мен билебиз башкалар билбейт. Элдин өзүнүн чындыгы бар, баардыгына өз чындыгынды айтып ишендире албайсың. Эл оозунда элек жок дейт, биз дагы Шурунун чындыгын билбейбиз. Балким жардам колун сунуп көрөрбүз.
--Ал макул болбосочу. Эл эмне дейт?
-- Сүйлөшүп көр сен биринчи.
Акырын барып ордума жатып алдым, ойлонуп жаттым. Шурунун өмүрүн, абийрин сактайм деп өз баламды жоготуп албаймынбы!-деп. Балким Мыкы дагы бактылуу болуп кетет. Эртеси кыштоого түшүп келели!-деп баарын дарбыттым. Шуруну уй саап, Мыкыны жардам бересиң деп калтырдым. Экөөнө жакшылап сүйлөшүп алыш керек болчу. Убагында мен туңгуюк жолдо турганда бирөөсү мага жол көрсөткөн эмес, ошол кезде мага канчалык колдоо керек экенин эч ким сезген жок.
--- Кандайсың Шуру. Сүйлөшүп алсак болобу?
---Эмне дейсиз Мыкы байке, угуп жатам.
-- Жигитиң барбы?
-- Эми жок, апей жок дегеним.
--Мен баардыгын билем, кече сүйлөшүп жатканыңарды угуп калдым.
--Билип туруп эмне сурап жатасыз? Шылдың кылганыңызбы?
---Жок тескерисинче, жардам бергим келет. Шуру эгер көңүлүбүз туура келсе үйлөнөлү, мен сага мурункуну эске салбайм!-деп сөз берем.
--Мага мындай курмандыктын кереги жок. Баланы алдырып, шаарга окууга кетем. Эч качан эркек аттуу менен жанашпайм, жалгыз өтөм. Окуп, иштеп бутка турам, азыр мени ыйлаткандардын көзүнө ак түшүрөм.
-- Ата-энеңчи алар менен эсептешпейсинби?
--Алар мени эч качан туура түшүнүшпөйт.
-- Канча айлык ичиндеги?
-- Билбейм, бирок мени зордоп жыкканына эки айдан бир аз өттү.
--Демек ашып кетсе эки айлык экен да. Шуру мен сага чын айтып жатам, жакшылап ойлон. Балаңа ата, өзүнө абийр керекпи?
---Мындай чечимге келүүгө сизге ким түрткү болду? Билем ар бир азамат булганган кызды алгысы келбейт.
--Баардыгы чындыктан башталышын каалайт элем, чынын айтканда апам сени аласың деди.
---Дарика эже да билеби эмне?
---Жок билбейт, кыжаалат болбо. Апам бизди катуу кыйынчылык менен чоңойтту, апамдын сөзүн жерге таштай албайм. Анан дагы сени сүйүп кетүүгө, бактылуу кылууга болгон күчүмдү жумшайм. Макул эле десең сени бир күн койбой алып кетем. Бирок, сен баардыгына чыдайм деп сөз бересиң, үйдө апамдын айтканы болот. Качан Салим үйлөнгөндө өзүнчө болобуз, ага чейин баардыгын үйлөп-жайлап бирге болобуз. Өз апандай көрүп чын дилден сыйлайсын, анткени менин апамдай адам эч жерде жок. Ал мен үчүн бүт аалам керек болсо, апамдын бир күн муңайганы мага миң жылдык тозоктон да күчтүү.
--- Эгер кийин өкүнүп калсаңызчы?
--Мен ойлондум, ойлонуп сага сунуш жасап жатам. Мен өкүнүп калбайм.
Эртеси жайлоого келсек эки жаш жакшы мамиледе болуп калышыптыр. Мыкым көндүргөнүн дароо билдим. Апама айтып, аяш апамды көндүрүшүн сурандым. Макул болушканы менен окуусун бүтсүн!-деп туруп алышты. Биз Шуруну дароо алып кетишибиз керек болчу, антпесек биздин абийр жапканыбыз ишке ашпай калмак. Шуру чынында уяттуу кыз экен, ошол күндөн баштап алдыман кесип өтпөйт. Күнү- түнү кызматта, күлүп гана жүрөт, бүгүн жоолук да салынып алыптыр. Шурунун атасы мектепке барып, мугалимдер менен сүйлөшүп келдиби кыскасы Шуруну бизге кошуп берди. Биз дароо эле калыңын берип, сандыгын жүктөп кеттик. Мына бизде той, бизде кубаныч, бизде да жакшылык болуп жатат. Өз үйүмө келин түшүрүп, кайнене аталдым. Кандай бакыт, кандай кубаныч. Болгону ушул бактыбыз көпкө узарса экен ээх кудайым. Күндөр өтүп Кайрат балам тогузунчу классты бүттү. Кызым бешинчи класста окуп жатат, Салим болсо беш жашка чыгат. Шуру эң жакшы келин болду, баарыбир айылдан чыккан кыздар ыймандуу болот эмеспи. Ичи бат эле чыгып баштады, Шуру уялып ичин бекиткени аракет кылат. Менден уялбасын?-деп шаарга келип оңолуп калдың, көркүңө чыгып деп койом. Мыкы биринчи Шуруга анча көңүл бурбай жүрдү, бара-бара Шурунун бизге болгон мамилесин, эптүү кыймылын, келишкен сулуулугун көрүп жакшы көрүп кетти. Кыйналбасын деп жумуштун көбүн Кайратка кылдырам, кош-бойлуу кезде кыймылдоо канчалык оор экенин жакшы түшүнөм. Баатыр агам операция болду, экинчи көзү көрүп калды. Дагы көрүнүп жүрөм деген, эмнеге деп сураган жокмун. Балким өзүнүн айтпай турган маселеси боюнчадыр. Жеңем балдарын шылтоо кылып келип кетиптир. Калайынбы деп сураган экен байкем жок дептир. Көргөн жокмун бирок кызы айтты ыйлап кетти деп. Чоң агам дагы баласын үйлөнтүп, ошол жаңы үйүнө калтырып өздөрү Россияга көчүп кетишти. Баатыр агам чоң кызын окууга тапшыртты, Кайрат экөө чогуу окуйт. Мурунку өткөн жашоом мага түшүмдөй эле сезилет. Тээтиги айылдагы үйүбүздө бизди Турат менен Салим күтүп жүргөндөй. Мага экөө тирүү сезиле берет, ишенгим келбейт дагы деле. Батыраак шаардын оокатын бүтүрүп коюп Тураттын жанына, айылга жетким келет. Өзүмдү койо тур, бул жактагы жумушуң бүтө элек. Айылга барсаң жан биргендин жанынан карыш чыкпай каласың!-деп токтотом. Олтуруп алып тээ бир кездеги күндөрдү эстеп кеттим. Ошондо Ахматка алданып, үйсүз абийирсиз калган элем. Ошондо кудайга мен бактысызмын!-деп арыздангам. Арызданып алып кайра өкүнгөнүм. Ушул төрт баламдын амандыгына шүгүр кылып, сөзүмдү артка алганмын. Балким азыркы бакытты дал ошол тообо кылганым үчүн берип жаткандыр. Бакыт андай эмес, мына мындай болот. Сен дагы менин пендемсин, чыныгы бакытты татып көр деп жаткандыр. Ооба, азыркы бактым ошол күндөгү жагдайдан алда канча жакшы, шүгүр шүгүрлөр болсун. Эми мен өзүмө- өзүм кол салбайм. Мурункудай намаз окуп жатканымда өзүмө ажал тилебейм. Тескерисинче ошондо өзүңдөн ушул нерселерди сурап, убайымга салганым үчүн кечирим сурайм. Эми жөн гана Туратымдын алдына убагы келгенде алып барышыңды күтөм.
Бир күнү базарга кеткем, жайкы каникул болгон үчүн балдар Баатыр агамдыкына кетишкен болчу. Мыкы болсо Сайранын колунда жардамчы болуп иштейт. Жакынкы арада Мыкы өзү да цех ачсамбы деп турат. Үйдө Салим менен Шуру калган болчу. Дарбазанын эшигин ачсам эле Шуру ыйлап олтуруптур, жүрөгүм болк эте түштү. Оюмда балага бир нерсе болгонбу дедим.
---Шуру айланайын кызым эмне болду? Жыгылдынбы? Бирөө бир нерсе дедиби?
---Жок апа өзүм эле ыйлагым келди.
---Иий коркуп кеттим, кош бойлуу кезде ушинте берет кызым. Ыйлап ал жеңилдеп каласың, жүзүм алып келдим катып алчы.
--Кимден апа? Жеген эчким деле жок го.
--Салим көрүп калса сага бир даана дагы тийбей калат кызым.
- Бөлүп жейбиз, рахмат сизге.
---Сизге бир нерсе айтышым керек апа.
---Айлаанайын айта бер. Мен сени келин эмес кызымдай көрөм, колумдан келсе жардам берүүгө тырышам.
-- Сиз мага өз апамдай мамиле кылып, өзүңүзгө ийип алдыңыз. Сизди чын жүрөктөн жакшы көрүп калдым апаке. Сиз эле эмес балдарыңыздын баардыгын жакшы көрөм, ушунчалык тарбиялуу экен. Мыкынын мүнөзү, кылган иши, боорукерлиги сизден экен. Бирок мен сиздин неберелеринизге жакшы эне боло албасам керек. Биз сизден бир нерсе жашырганбыз, айтууга оозум барбай турат.
-- Баардык нерсенин себеби болот, менден жашырган нерсенин да өз себеби бардыр. Мага толук айтып берсең, түшүнүүгө тырышам. Жашырган бул жарым күнөө, калп айткан бул толук бир күнөө болуп эсептелет.
-- Жок, бул нерсеге мен гана күнөөлүмүн. Мен айылыбыздагы бир балага алданып калгам. Анын аялы бар болуп чыкты, ажырашкам деп алдаптыр. Чын айтам мен өз каалом менен кошулган эмесмин, ал мени күчтөгөн. Баарын айтам десем алам, сүйөм деп алдап кетти. Мыкы баардыгын угуп, билип туруп мени алды. Биз сизге айтпайбыз дегенбиз, бирок сиздин мага чын жүрөктөн кылган мамилеңизден жүрөгүм башка жашыра албай койду.
---Шуру мен эки жүздүү көрүнгүм келбейт, бирок мен баарын билем. Ошол түнү Мыкы эмес мен уккам баардыгын. Анан Мыкы менен кеңешип чечкенбиз бул ишти. Сени уялбасын деп билмексен болдум, адашпаган адамдын өзү болбосо керек. Эң башкысы артка кылчайбай, кылган катачылыктарды кайталабаш керек. Ошондо гана бактылуу жашоо болот.
--Апаа сиздин жүрөгүңүз мен ойлогондон да кең экен. Мен сизге ыраазымын, эки дүйнө кызматыңызда болоюн. Апакемден артык көрүп, бутуңузду жууп өтөйүн. Айтыңызчы тайенемдер дагы билеби?
---Жок Мыкы экөөбүз гана билебиз. Мына төрөгөнгө саналуу күндөр калды, ошол үчүн сен элге көрүнбөй тур. Төрөгөндөн кийин жети айлык төрөдү деп сүйүнчүлөйбүз.
---Сиздин көзүңүздү кантип карайм апа?
--Адашуу менде дагы болгон, мен сени жакшы түшүнөм. Кайгырба балага тийет зыяны.
Келиним мени кучактап, бошошуп кеттиби буркурап ыйлап жиберди. Эмнеге бүгүн ушинтип калды десе, ичиндеги баланын атасы авария болуп баласы менен аялы каза болуп калган турбайбы. Аны мага аяш апам айтты, билбей эле ушу айылда кырсык болду деп калды. Кимдер деп сүрүштүрсөм ошондо көргөн бала экен. Анда дагы билмексен болдум, Шуру билдирбей ар бурчка барып ыйлап жатты. Мен аны тиги баланы сүйөт окшойт деп ойлоп койдум. Ой жаман да. Көңүл бурбоого аракеттендим, Шуру басыла албай койду. Чыдабай ачык суроого туура келди.
---Шуру эмне ыйлайсың? Бир нерсе болдубу?
---Апа неме, жанагы бала авария болуптур.
---Кайсы бала кокуй?
---Баланын атасы да.
--- Тирүү экенби иши кылып.
-- Өзү тирүү, баласы менен аялы көз жумуптур.
---Иий жаман болуптур, арттары кайырлуу болсун. Сен эмне ичиң ачышып жатабы же жакшы көрөсүңбү?
---Жок апа кудай сактасын, ак сөзүм мен Мыкыны жакшы көрөм. Ал мага звонтетти.
---Номерди кайдан алыптыр?
---Курбум менен байланышта болчумун, ошондон алса керек кыязы.
--- Мм.. Жаман болуптур, эмне деп жатат?
--- Төрөйүн деп калганымды да билет экен, күйөөңдөн ажырашып мага тийбесен абийринди ачып, баланы тартып алам деп жатат.
--Анын баласы экенин далилдей алат экенби биринчи, бекерлерди айтыптыр. Өзүңдүн көңүлүң болбосо эле сени эч ким мажбур кыла албайт.
-- Ал эми бала көрө албайт окшойт, туяк деп өлүп жатканы ошол. Убагында ушул баладан өзү кечип кетти эле, эми кудай ушул балага зар кылып койду. Бардык жолдорду колдонуп баардыгын далилдейм деди.
-- Биз бербейбиз, мага ишенип койчу.
--Анын туугандары чоң кызматтарда иштейт, сотту да сатып алышат булар. Коркуп жатам. Баланы алганы аз келгенсип мени бүт айылга уят кылат апа. Унчукпай баланы кармата качайын десем мени да мага тийесин дейт. Эмне кылышты билбей калдым.
Эх жашоо айланып эле жүрө берет экенсиң да. Кечеки менин акыбалымды эми келиниме кийгизип жатасыңбы? Айылга шерменде болуп куулган мен болдум, башка эч ким болбосун деп Шуруну айылдан жула качсам ага да болбодуң. Сен менден күчтүү экенсиң. Мен сага баш ийдим, жеңилдим сенден. Аргам жок, акылым жетпейт бул жагына.
Уландысы бар.

Комментарии