#ӨРҮК КАКТЫН ДЕН СООЛУККА ПАЙДАСЫ...

Өрүк эң пайдалуу кургак жемиш болуп саналат. Ал организмдеги ашыкча майларды кетирип, сууларды чыгарып, адамга кубат берет.
Ал эми ден соолук жаатында кан аздуулуктун алдын алат, жүрөк жана көз ооруларына өтө пайдалуу. Адистер өрүк какты тамак менен кошо эмес, өз алдынча курсагыңыз ачкан кезде жегенди сунуш кылат. Мына ошондо андагы микроэлементтер организмге жакшы сиңет.
Бул жемиш ичеги-карынды тазалоого жардам берет жана диета учурунда колдонсоңуз болот. Себеби анын курамында магний элементи бар.
Анын курамы калий, фосфор, кальций, темир, А, B5 витминдерине жана глюкозага бай.
Өрүк какты кечинде кайнак сууга чылап же кайнатып шербет катары ичсе-бөйрөккө жана жүрөк оорусуна пайдалуу.
Аны тандоодо өңү өтө маанилүү. Эгерде өрүк как абдан эле ачык өңдүү болсо, анда ага химикат кошулган болуп саналат. Эксперттер орто өңдөгү өрүк кактарды алууну сунуш кылат.
Окуп жана бөлүшүңүз#33

Комментарии