КӨЗ ИРМЕМДИК ЭЛЕС "Аны каякка алып кетиши мүмкүн, же Кыргызстан тарапка алып кетиштиби, же ушул эле Ташкенттин ичиндеби? Эгер Кыргызстанга алып кетсе аны кантип табам? Же дарегин билбесем. Ооруканада жатканда дарегин тактап сурап алганда болмок экен. Улуту кыргыз болсо кандайча биякта жүрөт, кандайча жер алдына түшүп калды, мынча көп акчаны кайдан алды. Аны эмне себептен ооруканадан уурдап кетишти, же чын эле ал кандайдыр мафиянын ичине кирип кеткенби? Канткенде аны табам?" Диананы капысынан таап, кайра капысынан жоготуп жибергенине ичи ачышкан Ибрагим бардык ишин токтотуп, калаа ичинен Диананы издөө менен эле алек болуп калды. Жеңил машинесине отуруп алып эртеден кечке шаар ичин кыдырып, шектүү нерсе көрүнө калса эле атайылап токтоп жакшылап карап, жедеп үмүтү үзүлгөндө кайрадан издеп жөнөйт. Дээрлик бир жума бою шаарды чарк айланып чыкты, дегеле шектүү эч нерсе таба алган жок. Жердин жети кабат түбүнө кирип кеткендей эле болду. Окшош кыздарды көрсө машинесин дароо токтото артынан кууп жетип барат, караса эле башка, жанган үмүтү кайра өчүп, шаабайы сууп, машинесие кайра келет. "Аны өлтүрүп коюшу мүмкүнбү уурдап кетишкендер? Ооба, жер алдындагы люкка ыргытып, сыртынан атайылап бекитип, өлсүн деп камап таштагандан кийин экинчи жолу өлтүрүп коюулары да мүмкүн. Же ага жолукпай, көрбөй эле койгондо эмне мынчалык переживайт этпейт болчумун. Эми аны кайдан табам?" Ибрагим машинесинде кетип баратып, дайыма өзү менен өзү сүйлөшө ушуларды ойлоп, өзүнчө сары- санаага батат. Бүгүн да адетиче өзү менен өзү сүйлөшө көчөдө кетип бара жаткан. Кокусунан Борбордук Универсалдык дүкөндүн жанынан Дианага окшош кызды көрүп калды. Аз жерден астында бара жаткан машинени сүзүп ала жаздады. Дароо жол четине токтоого мүмкүн эмес болчу. "Бул жерге токтоого болбойт" деген белги илинип турган, анын үстүнө өчөшкөндөй өзүнөн анча алыс эмес жерде МАИ кызматкерлери да турушкан болчу. Кызыл чет элдик машиненин аз жерден алдыңкы машинелерди сүзүп ала таштаганын көрүшүп, таяктарын көтөрүп токтотушту. Инспектор жигит келип машиненин ичине үңүлдү. - Сен эмне ичип алдың беле? - Жок. - Анан эмне машинеңди ары-бери бултактатып атасың же айдаганды билбейсиңби? Документтериңди көрсөтчү? Ибрагим болгон бүт документтерин көрсөттү, баары жайында болчу. - Үйлөчү бул жакка?, - МАИ инспектору түтүктү көрсөттү эле Ибрагим үйлөп берди. Эч кандай шек жок болгондуктан акыры аны коё беришти. Ибрагимдин эс-дартынын баары эле Борбордук Универсалдык дүкөндүн жанында турган кыз болчу. Машинесин ары жакка айдап барып токтотту да ичинен атып чыгып, алиги кыз турган жерге жүгүрүп жөнөдү. Жетип барып эле алиги кызды таппай калды. Ары чуркады, бери чуркады ошол тегеректе жүрүшкөн адамдарда сураштырды, баардыгы эле көрбөгөндөрүн айтышууда. Көп кабаттуу дүкөндү беш-алты жолу тегеренип чыкты. Жедеп издеп- издеп чарчап, үмүтү үзүлгөн соң ары жакта турган отургучка отура кетти. "Дианабы же башкабы? Точно эле Диананы көргөндөй болбодум беле же жаңылыш көрүп калдымбы, же кимдир бирөөнү ага окшоштуруп алдымбы? Өчөшкөндөй тиги гаишниктердин дагы кедерги болуп калганын карабайсыңбы. Демейде нарушение кылсаң көрбөй, байкабай калышат, бул жолкусунда карасаң как будто атайылап жасагандай" , - ал өзү менен өзү сүйлөшүп кимдир бирөөлөргө жинденип атты. Дианага окшош кыздар көрүнө калса жүрөгү "болк" эте ордунан атып тура, башка экенин көргөндө кайра ордуна шалдайып отура калат. Ал Дианага окшош кызды көргөн жерден кеткиси келбей бир топко отура берди. "Чын эле көрдүмбү аны, же көзүмө голюцинация болуп көрүнүп кеттиби? Аны көп ойлогондуку го дейм. Эми көчөдөгү кыздардын баары эле ошого окшошо бериши мүмкүн", - ал ордунан шалдырай туруп ары жакта турган машиесине жөнөдү. Шашып атып туура эмес жерге токтотуп алыптыр. Алиги МАИ инспектору да аы күтүп туруптур. Тыюу салынган жерге токтоткон үчүн айып төлөттү. Катуу шашкалактагандыкыбы машинеси да ачык таштап кетиптир. Жолу болбой жатканына нааразылана машинеси от алдырды да кайра үйүн карай айдап жөнөдү. Бул мезгилде Диана Борбордук Универсалдык дүкөндөн алыстап, троллейбуста кетип бараткан. Ибрагим көргөн кыз чын эле Диана болчу. "АҢГЕКТЕН КАЧСАҢ ДӨҢГӨККӨ" "Мен сезгем ушундай болорун, темир жол вокзалына бара жатканда эле жолумдун болбосуна кандайдыр предчувствия болуп аткан менде. Кыргызстанга кеткенге кандайча жол тапсам болот? Жанымда акчам болсо проблема болбойт эле, жер астында бир баштык акча көтөрүп жүрүп, жер үстүнө чыкканда чөнтөгүмдө бир сом акча жок калганын карасаң. Болгондо да сом, сум, рубль, доллар баары аралаш түрдүү акчаларды алып жүрдүм эле миллионер болуп, азыр карасаң кайрадан таз кейпиме түштүм. Ал акчалар азыр кайсыл жерге катылганын да билбейм, эсимди жоготуп койгонумду карабайсыңбы, болбосо түн ичинде барып ошол жер алдына кайра кирип акчаларымды таап алат элем… Темир жол вокзалынан, поезддер менен кетүү үмүтүмдү таш капты, ал жакты тигилер мурдагыдан да сак болуп кайтарып калышат. Эми эмне кылсам? Автобустар жүрчү автовокзалга барып көрөйүн. Балким айдоочу менен тил табышып калаармын, ортого туруп алсам дагы эптеп кетиш керек. Болбосо бул жакта баскан-турганымдын баары, ар бир кадамым кыйын болуп калды" - Диана өзү менен өзү сүйлөшө эми автовокзал тарапка барып көрүүнү чечти. Анын дагы бир үмүтү ошол жак болчу. Жолдон автовокзал каякта экенин, кайсыл автобус бараарын сурап билип алды да жөө жөнөдү. Анткени ал анча деле алыс эмес, болгону үч аялдама басып өтүү керек экен. Көчөдө бараткан милиция формасын кийгендерди же милиция машинасын көрсө эле тетири бурулуп, качан алар өтүп кетишкенде гана андан ары басыгын улантып жатты. Көчөдөгү кишилер түгүл милициялардын өздөрүнө да ишенбей калган болчу. Улам жолдо кетип бараткандардан автовокзалды сурап коюп жүрүп отурду. - Тээтигил бурулушка жетип оң жакка бурулсаңыз эле так бет маңдайыңызда автовокзал көрүнүп турат. - Ырахмат. Алиги улгайган киши айткандай эле көчөнүн бурчуна жетип, оң жакка бурулганда заңгыраган бийик мунараны көрдү. Алыс жакка кетчү чоң автобустардын бири кирсе, бири чыгып айтор ал жакта кыймыл көп экен. Ошонусуна жараша элдер да көп жүрөт. Микрофондо алыска кете турган автобустардын убактысын айткан аялдын үнү жаңырып жатты. Убакыт түшкө жакындап, акырындап күн да катуу ысып чыкты. "Ташкен жак аябай ысык болот деп бекеринен айтышпайт экен да. Карачы күн кандай гана ысып чыкты. Баса тигил жактан саунадан качып чыккандан бери канча күн өтүп кеткенин да билбей калдым. Июль айынын башында келген болчумун бул жакка, азыр кайсыл число болду экен?". Жолдо өтүп бараткандардан сурай кетти. - Кечирип коюңуз, бүгүн кайсы число? - Он беши. - Он бешичи июлбу? - Сиз эмне асмандан түштүңүз беле, он бешинчи август да…, - тиги киши таңгала Диананы карап коюп кетип калды. "Ой тобоо, качып чыккандан бери чын эле бир жарым ай өтүп кеттиби. Карачы убакыттын кандай гана зуулдап өтүп жатканын, как будто кечээ эле качып чыккандай болдум эле. Ушул аралык ичинде эмне деген гана азап-тозокторду башымдан өткөрбөдүм. Эми алдыда дагы кандай азап-тозоктор күтүп турат бир Кудайым өзү гана билет… Анын оюн катуу бараткан машиненин "чыйк" эткен добушу бузду. Чет элдик машине алдыга өтүп барып токтоду да кайра артка Диананы көздөй айдады. Ичинен кара көз айнек тагынышкан эки адам чыга калганда алардын ким экенин билбей эле дароо артка бурула качып жөнөдү. Чуркаганга бут кийими тоскоолдук кылганынан чечип колуна кармап алды да, болгон күчү менен тызылдап чуркап баратты. Машинеден чыгышкан эки адам анын артынан кошо чуркашты. Алиги кара машине кууп келип алдын тороду эле аны аз жерден сүзүп ала жаздап айлана качты. Мынчалык катуу чуркай алчу эмес эле килейген эки эркекке жеткирбей тызылдап чуркап баратканына өзү да таңгалык жатты. Машине жүрчү жолдон таптакыр эле алыстап, бактуу тарапка өтүп, өзүнөн анча алыс эмес турган тепкич менен жер алдындагы метрого чуркап кирип кетти. Ачык турган чоң айнектүү дүкөн - Чөнү көрүп, ичие кире качты да дүкөнчү кыз турган жакка суроо- сопкутсуз, эле өтүп кетти. Кызга унчукпа дегендей белги бери, жыгач текчелердин артына жашына калды. Мындай күтүлбөгөндүккө дүкөнчү кыз эмне иштээрин билбей калды. Көп өтпөй эле артынан көз айнек тагынышкан далдайган эки адам чуркап кирип келишкенде кыздын көздөрү коркконунан бакырая түштү. - Бул жерден жылаңайлакчан, чачы кыска болуп кыркылган кыздын чуркап өткөнүн көргөн жоксузбу? - Көрдүм… Текченин артында жашынып турган Диананын жүрөгү "болк" эте алкымына тыгыла түштү. Азыр "мынакей" деп өзүн көрсөтөт деп турган. - Ооба көрдүм, ал тээтигил жакка чуркап кеткендей болду. Балким тигил электричкага түшүп да кеттиби жакшы байкабай калдым. Алиги экөөнүн бирөөсү кызды шектүү тиктеп бир аз турду да экинчисин ээрчий кайра сыртка чыгып кетти. Он, он беш мүнөттөн кийин дүкөнчү кыз Диананын жанына келди. - Сыягы алар кетишти окшойт Сиз ким болосуз, алар сизди эмнеге кууп жүрүшөт? Сүрлөрү да коркунучтуу экен, тим эле жүрөгүм түшүп калды. - Ох, менин да жүрөгүм түшүп калды, болгон акчаларымды тоноп алышып, өзүмдү да өлтүрүп коюшарда араң качып кутулуп чыктым. - Милицияга телефон чалайынбы? - Жок кереги жок, ого бетер ызы- чуу болуп кетет. - Сиз казачкасызбы? - Жок кыргызмын. Дагы бир жарым сааттай ушул жерде отуруп турайынчы былк этпей. Эч нерсеңе тийбейм, тигилер таптакыр эле бул жерден кетип калышсын андан кийин өзүм чыгам. Дүкөнчү кыз тигиге ишенип, ишенбей карап турду да акырын макул болгондой башын ийкеп койду. - Болуптур, только эч нерсеге тийбе, мени да алаксытпа, өзүм айтам "чык" деп…, - ал ары жактагы дүкөнгө кирген адамдар менен соодалашып калды. "Кызык, булар кимдер болду экен, Бишкектиктерби же акча чыгарган контрабанданын адамдарыбы, же болбосо жөн эле алардан коркуп качтымбы? Эгер алар жөн эле кишилер болсо мени мынчалык куушпайт эле да. Мени тааныгандыктан артымдан куушту, атүгүл жөн куушпай машиелери менен алдымды тооруп куушпадыбы. Эми эмне айла кылам, көчөдөгү экинчи адам эле мени таанып калганбы?…" - Болду эми, чыга берсең болот, сыртка чыгып ары-бери жакка көз жүгүртүп келдим, шектүү эч нерсе байкалбайт…, - дүкөнчү кыз Диананын оюн буза жакын басып келди. Ал өзү курдуу эле кыздардан экени жүзүнөн билинип турду. "Дагы бир аз отуруп турганда болот эле, мейли эми ушунусуна да Кудайга шүгүр дейин. Бул болбосо тигилердин колдоруна түшүп калмакмын эбакта". Диана ордунан туруп, эч нерсеңе тийген жокмун дегендей чөнтөктөрүн, колдорун көрсөттү да ырахматын айта акырын сыртка чыгып жөнөдү. Өткөн жолу таксисттерден кутулуу үчүн айрып алган көйнөгүнүн төшүн ийне менен жамап алганга ийне-жип сурайын деп бир азга аярлай карады да, кайра уялып, тартынып койду. Акырын метронун кууш көчөсүнө чыкты. Тээ алыста келаткан электричканы көрүп, ошого түшкөнү күтүп калды. Электричка ылдамдыгын азайтып жаңы эле токтой бергенде күтүлбөгөн жерден карылуу адамдардын колдору Диананы колтуктай кармап калышты да кыйкырганга үлгүртпөй ары көздөй алып кетишти. Бул мезгилде бардыгын өз көзү менен көргөн алиги дүкөнчү кыз телефон менен милицияга кабарлап жаткан болчу. Уландысы бар..
Жакшы группа
15- БӨЛҮМ...
КӨЗ ИРМЕМДИК ЭЛЕС
"Аны каякка алып кетиши мүмкүн,
же Кыргызстан тарапка алып
кетиштиби, же ушул эле
Ташкенттин ичиндеби? Эгер
Кыргызстанга алып кетсе аны
кантип табам? Же дарегин
билбесем. Ооруканада жатканда
дарегин тактап сурап алганда
болмок экен. Улуту кыргыз болсо
кандайча биякта жүрөт, кандайча
жер алдына түшүп калды, мынча
көп акчаны кайдан алды. Аны эмне
себептен ооруканадан уурдап
кетишти, же чын эле ал кандайдыр
мафиянын ичине кирип кеткенби?
Канткенде аны табам?" Диананы
капысынан таап, кайра капысынан
жоготуп жибергенине ичи ачышкан
Ибрагим бардык ишин токтотуп,
калаа ичинен Диананы издөө
менен эле алек болуп калды.
Жеңил машинесине отуруп алып
эртеден кечке шаар ичин
кыдырып, шектүү нерсе көрүнө
калса эле атайылап токтоп
жакшылап карап, жедеп үмүтү
үзүлгөндө кайрадан издеп жөнөйт.
Дээрлик бир жума бою шаарды
чарк айланып чыкты, дегеле
шектүү эч нерсе таба алган жок.
Жердин жети кабат түбүнө кирип
кеткендей эле болду. Окшош
кыздарды көрсө машинесин дароо
токтото артынан кууп жетип барат,
караса эле башка, жанган үмүтү
кайра өчүп, шаабайы сууп,
машинесие кайра келет. "Аны
өлтүрүп коюшу мүмкүнбү уурдап
кетишкендер? Ооба, жер
алдындагы люкка ыргытып,
сыртынан атайылап бекитип, өлсүн
деп камап таштагандан кийин
экинчи жолу өлтүрүп коюулары да
мүмкүн. Же ага жолукпай, көрбөй
эле койгондо эмне мынчалык
переживайт этпейт болчумун. Эми
аны кайдан табам?" Ибрагим
машинесинде кетип баратып,
дайыма өзү менен өзү сүйлөшө
ушуларды ойлоп, өзүнчө сары-
санаага батат.
Бүгүн да адетиче өзү менен өзү
сүйлөшө көчөдө кетип бара
жаткан. Кокусунан Борбордук
Универсалдык дүкөндүн жанынан
Дианага окшош кызды көрүп
калды. Аз жерден астында бара
жаткан машинени сүзүп ала
жаздады. Дароо жол четине
токтоого мүмкүн эмес болчу. "Бул
жерге токтоого болбойт" деген
белги илинип турган, анын үстүнө
өчөшкөндөй өзүнөн анча алыс
эмес жерде МАИ кызматкерлери
да турушкан болчу. Кызыл чет
элдик машиненин аз жерден
алдыңкы машинелерди сүзүп ала
таштаганын көрүшүп, таяктарын
көтөрүп токтотушту. Инспектор
жигит келип машиненин ичине
үңүлдү.
- Сен эмне ичип алдың беле?
- Жок.
- Анан эмне машинеңди ары-бери
бултактатып атасың же айдаганды
билбейсиңби? Документтериңди
көрсөтчү?
Ибрагим болгон бүт документтерин
көрсөттү, баары жайында болчу.
- Үйлөчү бул жакка?, - МАИ
инспектору түтүктү көрсөттү эле
Ибрагим үйлөп берди. Эч кандай
шек жок болгондуктан акыры аны
коё беришти.
Ибрагимдин эс-дартынын баары
эле Борбордук Универсалдык
дүкөндүн жанында турган кыз
болчу. Машинесин ары жакка
айдап барып токтотту да ичинен
атып чыгып, алиги кыз турган
жерге жүгүрүп жөнөдү. Жетип
барып эле алиги кызды таппай
калды. Ары чуркады, бери чуркады
ошол тегеректе жүрүшкөн
адамдарда сураштырды, баардыгы
эле көрбөгөндөрүн айтышууда. Көп
кабаттуу дүкөндү беш-алты жолу
тегеренип чыкты. Жедеп издеп-
издеп чарчап, үмүтү үзүлгөн соң
ары жакта турган отургучка отура
кетти. "Дианабы же башкабы?
Точно эле Диананы көргөндөй
болбодум беле же жаңылыш көрүп
калдымбы, же кимдир бирөөнү ага
окшоштуруп алдымбы?
Өчөшкөндөй тиги гаишниктердин
дагы кедерги болуп калганын
карабайсыңбы. Демейде
нарушение кылсаң көрбөй,
байкабай калышат, бул жолкусунда
карасаң как будто атайылап
жасагандай" , - ал өзү менен өзү
сүйлөшүп кимдир бирөөлөргө
жинденип атты. Дианага окшош
кыздар көрүнө калса жүрөгү "болк"
эте ордунан атып тура, башка
экенин көргөндө кайра ордуна
шалдайып отура калат. Ал Дианага
окшош кызды көргөн жерден
кеткиси келбей бир топко отура
берди. "Чын эле көрдүмбү аны, же
көзүмө голюцинация болуп көрүнүп
кеттиби? Аны көп ойлогондуку го
дейм. Эми көчөдөгү кыздардын
баары эле ошого окшошо бериши
мүмкүн", - ал ордунан шалдырай
туруп ары жакта турган машиесине
жөнөдү. Шашып атып туура эмес
жерге токтотуп алыптыр. Алиги
МАИ инспектору да аы күтүп
туруптур. Тыюу салынган жерге
токтоткон үчүн айып төлөттү.
Катуу шашкалактагандыкыбы
машинеси да ачык таштап
кетиптир.
Жолу болбой жатканына
нааразылана машинеси от
алдырды да кайра үйүн карай
айдап жөнөдү. Бул мезгилде Диана
Борбордук Универсалдык дүкөндөн
алыстап, троллейбуста кетип
бараткан. Ибрагим көргөн кыз чын
эле Диана болчу.
"АҢГЕКТЕН КАЧСАҢ ДӨҢГӨККӨ"
"Мен сезгем ушундай болорун,
темир жол вокзалына бара
жатканда эле жолумдун болбосуна
кандайдыр предчувствия болуп
аткан менде. Кыргызстанга
кеткенге кандайча жол тапсам
болот? Жанымда акчам болсо
проблема болбойт эле, жер
астында бир баштык акча көтөрүп
жүрүп, жер үстүнө чыкканда
чөнтөгүмдө бир сом акча жок
калганын карасаң. Болгондо да
сом, сум, рубль, доллар баары
аралаш түрдүү акчаларды алып
жүрдүм эле миллионер болуп, азыр
карасаң кайрадан таз кейпиме
түштүм. Ал акчалар азыр кайсыл
жерге катылганын да билбейм,
эсимди жоготуп койгонумду
карабайсыңбы, болбосо түн ичинде
барып ошол жер алдына кайра
кирип акчаларымды таап алат
элем… Темир жол вокзалынан,
поезддер менен кетүү үмүтүмдү
таш капты, ал жакты тигилер
мурдагыдан да сак болуп кайтарып
калышат. Эми эмне кылсам?
Автобустар жүрчү автовокзалга
барып көрөйүн. Балким айдоочу
менен тил табышып калаармын,
ортого туруп алсам дагы эптеп
кетиш керек. Болбосо бул жакта
баскан-турганымдын баары, ар бир
кадамым кыйын болуп калды" -
Диана өзү менен өзү сүйлөшө эми
автовокзал тарапка барып көрүүнү
чечти. Анын дагы бир үмүтү ошол
жак болчу. Жолдон автовокзал
каякта экенин, кайсыл автобус
бараарын сурап билип алды да жөө
жөнөдү. Анткени ал анча деле алыс
эмес, болгону үч аялдама басып
өтүү керек экен. Көчөдө бараткан
милиция формасын кийгендерди
же милиция машинасын көрсө эле
тетири бурулуп, качан алар өтүп
кетишкенде гана андан ары
басыгын улантып жатты. Көчөдөгү
кишилер түгүл милициялардын
өздөрүнө да ишенбей калган
болчу. Улам жолдо кетип
бараткандардан автовокзалды
сурап коюп жүрүп отурду.
- Тээтигил бурулушка жетип оң
жакка бурулсаңыз эле так бет
маңдайыңызда автовокзал көрүнүп
турат.
- Ырахмат.
Алиги улгайган киши айткандай эле
көчөнүн бурчуна жетип, оң жакка
бурулганда заңгыраган бийик
мунараны көрдү. Алыс жакка кетчү
чоң автобустардын бири кирсе,
бири чыгып айтор ал жакта
кыймыл көп экен. Ошонусуна
жараша элдер да көп жүрөт.
Микрофондо алыска кете турган
автобустардын убактысын айткан
аялдын үнү жаңырып жатты.
Убакыт түшкө жакындап,
акырындап күн да катуу ысып
чыкты. "Ташкен жак аябай ысык
болот деп бекеринен айтышпайт
экен да. Карачы күн кандай гана
ысып чыкты. Баса тигил жактан
саунадан качып чыккандан бери
канча күн өтүп кеткенин да билбей
калдым. Июль айынын башында
келген болчумун бул жакка, азыр
кайсыл число болду экен?". Жолдо
өтүп бараткандардан сурай кетти.
- Кечирип коюңуз, бүгүн кайсы
число?
- Он беши.
- Он бешичи июлбу?
- Сиз эмне асмандан түштүңүз
беле, он бешинчи август да…, -
тиги киши таңгала Диананы карап
коюп кетип калды. "Ой тобоо,
качып чыккандан бери чын эле бир
жарым ай өтүп кеттиби. Карачы
убакыттын кандай гана зуулдап
өтүп жатканын, как будто кечээ эле
качып чыккандай болдум эле. Ушул
аралык ичинде эмне деген гана
азап-тозокторду башымдан
өткөрбөдүм. Эми алдыда дагы
кандай азап-тозоктор күтүп турат
бир Кудайым өзү гана билет… Анын
оюн катуу бараткан машиненин
"чыйк" эткен добушу бузду. Чет
элдик машине алдыга өтүп барып
токтоду да кайра артка Диананы
көздөй айдады. Ичинен кара көз
айнек тагынышкан эки адам чыга
калганда алардын ким экенин
билбей эле дароо артка бурула
качып жөнөдү. Чуркаганга бут
кийими тоскоолдук кылганынан
чечип колуна кармап алды да,
болгон күчү менен тызылдап
чуркап баратты. Машинеден
чыгышкан эки адам анын артынан
кошо чуркашты. Алиги кара
машине кууп келип алдын тороду
эле аны аз жерден сүзүп ала
жаздап айлана качты. Мынчалык
катуу чуркай алчу эмес эле
килейген эки эркекке жеткирбей
тызылдап чуркап баратканына өзү
да таңгалык жатты. Машине жүрчү
жолдон таптакыр эле алыстап,
бактуу тарапка өтүп, өзүнөн анча
алыс эмес турган тепкич менен
жер алдындагы метрого чуркап
кирип кетти. Ачык турган чоң
айнектүү дүкөн
- Чөнү көрүп, ичие кире качты да
дүкөнчү кыз турган жакка суроо-
сопкутсуз, эле өтүп кетти. Кызга
унчукпа дегендей белги бери,
жыгач текчелердин артына
жашына калды. Мындай
күтүлбөгөндүккө дүкөнчү кыз эмне
иштээрин билбей калды. Көп өтпөй
эле артынан көз айнек
тагынышкан далдайган эки адам
чуркап кирип келишкенде кыздын
көздөрү коркконунан бакырая
түштү.
- Бул жерден жылаңайлакчан, чачы
кыска болуп кыркылган кыздын
чуркап өткөнүн көргөн жоксузбу?
- Көрдүм…
Текченин артында жашынып турган
Диананын жүрөгү "болк" эте
алкымына тыгыла түштү. Азыр
"мынакей" деп өзүн көрсөтөт деп
турган.
- Ооба көрдүм, ал тээтигил жакка
чуркап кеткендей болду. Балким
тигил электричкага түшүп да
кеттиби жакшы байкабай калдым.
Алиги экөөнүн бирөөсү кызды
шектүү тиктеп бир аз турду да
экинчисин ээрчий кайра сыртка
чыгып кетти. Он, он беш мүнөттөн
кийин дүкөнчү кыз Диананын
жанына келди.
- Сыягы алар кетишти окшойт Сиз
ким болосуз, алар сизди эмнеге
кууп жүрүшөт? Сүрлөрү да
коркунучтуу экен, тим эле жүрөгүм
түшүп калды.
- Ох, менин да жүрөгүм түшүп
калды, болгон акчаларымды тоноп
алышып, өзүмдү да өлтүрүп
коюшарда араң качып кутулуп
чыктым.
- Милицияга телефон чалайынбы?
- Жок кереги жок, ого бетер ызы-
чуу болуп кетет.
- Сиз казачкасызбы?
- Жок кыргызмын. Дагы бир
жарым сааттай ушул жерде отуруп
турайынчы былк этпей. Эч нерсеңе
тийбейм, тигилер таптакыр эле бул
жерден кетип калышсын андан
кийин өзүм чыгам.
Дүкөнчү кыз тигиге ишенип,
ишенбей карап турду да акырын
макул болгондой башын ийкеп
койду.
- Болуптур, только эч нерсеге
тийбе, мени да алаксытпа, өзүм
айтам "чык" деп…, - ал ары
жактагы дүкөнгө кирген адамдар
менен соодалашып калды.
"Кызык, булар кимдер болду экен,
Бишкектиктерби же акча чыгарган
контрабанданын адамдарыбы, же
болбосо жөн эле алардан коркуп
качтымбы? Эгер алар жөн эле
кишилер болсо мени мынчалык
куушпайт эле да. Мени
тааныгандыктан артымдан куушту,
атүгүл жөн куушпай машиелери
менен алдымды тооруп
куушпадыбы. Эми эмне айла
кылам, көчөдөгү экинчи адам эле
мени таанып калганбы?…"
- Болду эми, чыга берсең болот,
сыртка чыгып ары-бери жакка көз
жүгүртүп келдим, шектүү эч нерсе
байкалбайт…, - дүкөнчү кыз
Диананын оюн буза жакын басып
келди. Ал өзү курдуу эле
кыздардан экени жүзүнөн билинип
турду. "Дагы бир аз отуруп
турганда болот эле, мейли эми
ушунусуна да Кудайга шүгүр дейин.
Бул болбосо тигилердин колдоруна
түшүп калмакмын эбакта". Диана
ордунан туруп, эч нерсеңе тийген
жокмун дегендей чөнтөктөрүн,
колдорун көрсөттү да ырахматын
айта акырын сыртка чыгып
жөнөдү. Өткөн жолу таксисттерден
кутулуу үчүн айрып алган
көйнөгүнүн төшүн ийне менен
жамап алганга ийне-жип сурайын
деп бир азга аярлай карады да,
кайра уялып, тартынып койду.
Акырын метронун кууш көчөсүнө
чыкты. Тээ алыста келаткан
электричканы көрүп, ошого
түшкөнү күтүп калды. Электричка
ылдамдыгын азайтып жаңы эле
токтой бергенде күтүлбөгөн жерден
карылуу адамдардын колдору
Диананы колтуктай кармап
калышты да кыйкырганга
үлгүртпөй ары көздөй алып
кетишти. Бул мезгилде бардыгын
өз көзү менен көргөн алиги
дүкөнчү кыз телефон менен
милицияга кабарлап жаткан болчу.
Уландысы бар..