19-БӨЛҮМ... - 900221219923

19-БӨЛҮМ...

КҮТҮЛБӨГӨН БЕЙТААНЫШТАР
Айдоочу машинеде Дианага бир
нерселерди айтып келатты.
- Кыскасы, түнү-бою үй-бүлөбүз
менен акылдашып-кеңешип
уктабай чыктык. Бойго жетип
калышкан эки уулум бар. Мен
макул болбой жаттым эле аялым
баш болуп үчөө үч жактан
кулагымдын кужурун алып атышып
акыры мени көндүрүштү. Сага эрте
келгенимдин себеби да ошол
болду. Бир нерсе болуп кетип бул
жактагылар мени издеп калышса
үй-бүлөмө залакасы тийбесин деп
аялымды эки уулум менен
төркүнүнө жөнөтүп жибердим. Ким
билет, ар кандай болуп кетиши
мүмкүн да туурабы. Кудай буюруп
акчаларды тапсак, дароо эле
арттарынан жетип барам. Анан үй-
бүлөбүз менен алыс жакка качып
кетип жашай беребиз. Алыскы тоо
тарапка качып кетем да күтүрөгөн
мал алып, сарай сатып алып, үй-
бүлөөм менен тынч ошол жакта
жашай берем. Чынын айтканда
шаардын ызы-чуусунан аябай
тажап кеттим. Эне-атам малчы
болчу, мен дагы тоо-ташка, таза
абага көнүп калгам. Акча колго
тиери менен эле дароо көздөн
кайым болом.
"Сарт санаасы менен байыт" болуп
тигил бооланган акчалуу болооруна
жүз пайызга ишенип, өзүнчө эле
кыялданып жатканына Диананын
аябай күлкүсү келди. Бирок
унчуккан жок. Экөө кандайдыр
толук курулуп бүтпөгөн көп
кабаттуу үйлөрдүн жанына келип
токтошту. Ал Дианага кайрылды.
- Жакшылап эстечи ушул жербеле?
- Билбейм, караңгы болчу, жакшы
эстей албай калыптырмын…
- Эсте жакшылап, убакыт тар, шеф
эртең келет, ошого чейин
акчаларды таап көздөн кайым
болуп кетишибиз керек. Кана жүрү
тияк жакка, жакын барып,
жакшылап эсте… Экөө сыртка
чыгышып жаңы курулуп жаткан
үйлөрдүн жанына келишти. Диана
катуу эстеп жаткан кишидей
үйлөрдү бир карап, короо ичин бир
карап, көздөрүн жума ойлонуп,
анан үйдүн ичине баш бакты.
Эптеп ыңгайы келсе качуу керек
эле. Артындагы алиги киши эки
жагына көз жүгүртө чөнтөгүнөн
тапанчасын сууруп чыгып, тигиге
көрсөтүп койду.
- Качып кутулуп кетем деп ойлобо,
мунун глушители бар тапанча,
торойто атып салам.
Диана үйлөрдү бир сыйра
кыдырып, жарым сааттай
убараланып анан бул эмес
дегендей башын чайкай тигиге
карады.
- Анда кеттик башкасына.
Экөө дагы ушуга окшогон жаңы
салынып жаткан үйлөргө барышты.
Ал жерде курулушчулар иштеп
жатышыптыр.
- Жок, бул эмес, ал жерде стройка
токтоп строителдер түгүл
кароолчусу да жок болчу.
- Бая эле ошентпейсиңби анан, -
тигил кубанып кетти, - ал деген
шаардын чет жакасында да, түш
машинеге, кеттик ошол жакка.
Машине зуулдап заматта эле
кандайдыр толук салынып бүтпөй
калган көп кабаттуу үйлөргө жетип
барды. Диана аны көрүп жүрөгү
бир "болк" деп алды. Тааныш
үйлөр экен, ал так эле ушул жерде
бир топ күн жашаган. Куугунчулар
келишкенде люкка кирип
жашынбады беле. Экөө бул үйдү
айланта кыдырып текшере
башташты.
Ошол маалда күтүлбөгөн жерден
короого эки чет элдик машине
катуу атырылып кирип келишти да
ичинен беш-алты адам атып
чыгышып Диананы качканга
үлгүртпөй кармап калышты. Анын
жанындагы кичинекей томолок
киши ортого түшүп кийлигишейин
деди эле кандайдыр бир темир зат
менен башка катуу жеп оңкосунан
сайылды. Сыягы булар эртеден
бери буларды дүрбү менен аңдып,
"сотовый" телефон менен бири-
бирине кабарлап коюшса керек.
Алар дароо Диананы
машинелерине отургузуша
кайдадыр зуулдап айдап жөнөштү.
Булардын ким экенин Диананын
өзү да түшүнбөй калды. Ордунан
жулкунуп каршылык көрсөтөйүн
деди эле тигилердин бирөөсү анын
кыз экенине карабай бир-эки жолу
чаап, муштап да жиберди. Катуу
соккуга Диананын башы эңгирей,
шалдая отуруп калды. "Мага
мынчалык орой мамиле
жасагандай булар ким болду экен,
мен буларга эмне жазык кылдым?"
- Диаа эч нерсеге түшүнбөй кетип
баратты эле алдыңкы орундукта
отуруп машине айдап бараткан өңү
тааныш адамды көрө коюп жүрөгү
"болк" эте түштү. Ал Бишкектеги
жашыруун аялдар түрмөсүнүн
кожоюну Марат Исабековдун
кишиси болчу. "Бүттү ишим, өлдүм.
Ташкенттен эбакта качып кетиш
керек болчу. Эми мени өлтүрүп
туруп, мурунку өлгөн кыздардай
өлүгүмдү кислотага салып ээритип
жиберишет. Мени эч ким билбей
калат ушул боюнча" Диананын
адегенде эле көзүнө өлүм
элестеди. "Булар мени баары бир
өлтүрүп, көзүмдү тазалашып,
жайлап тынышат. Качпаш керек
болчу, качкандан кийин кармалбаш
керек болчу. Качкандар кандай
жазага туш болушарын эскертип,
айтып эле келишпедиби. Аларды
кандай жазалашканын бардыгын
өз көзүм менен көрбөдүм беле. А
мен аларды уккан жокмун, мына
өзүмө өзүм өлүм тилеп алдым. Ээ
Кудайым, ушинтип Ташкенден
узабай эле кайра кармалып
калдымбы. Эми эмне кылам,
кимден жардам сурайм? Мына
ичээр суум бүтүп, жашоомдун
акыркы чегине жеттим окшойт.
Кой кандай болсо да качыш керек,
кандай айла кылсам, жөндөн жөн
эле өлүмгө моюн сунуп беремби?
Жок, болбойт, көчөдө
бараткандардан жардам сураш
керек…
Катуу бараткан чет элдик машине
светофордун кызыл жарыгы
күйгөндө токтоп калды. Күтүлбөгөн
жерден Диана ордунан атырыла оң
капталында отурганын болгон күчү
менен түртүп эшикти ачып
жиберди да сыртка атып чыкты.
Машинеден асфальт жолго кулап
түшкөн киши эсине келе Диананы
бутунан кармап калганга үлгүрдү.
Ага удаалаш Диана да асфальтка
эт-бетинен кулады, бирок ага да
болбой тигини экичи буту менен
тээп бутун ажыратып алды да
ордунан атып тура бет алды
чуркап жөнөдү.Анын артынан
куушкан үч-төрт эркек бат эле кууп
жете келишип, туш-туш жактан
жабыла кармап калышты. Диана
колдон келишинче каршылык
көрсөтүп айланасындагыларга
кыйкыра баштады.
- Эмне карап турасыңар жардамга,
булар мени өлүмгө алып
баратышат!
Ары-бери өткөндөр эч нерсе
түшүнүшпөй ооздорун ача мындай
күтүлбөгөн окуяга таңгала карап
калышты. Лөкүйгөн төрт жигит
кызды балыктай туйлата машинеге
көтөрүп барып салышты да
кайдадын жөнөп кетишти. Арадан
болгону эки-үч мүнөттүк да убакыт
болгон жок, көз ачып-жумганчалык
мезгилде кандай ызы-чуу болсо
ошондой эле тып басылды.
Элдердин баардыгы бири-бирин
караша, ийиндерин күйшөшүп, эч
нерсе кыла алышпай дендароо
боло туруп калышты. Ары жакта
машинесинин алдын ачып алып бир
нерсесин чукулап жаткан бир гана
жигит кызга жардам бергени бери
жүгүрүп келип үлгүрө албай калды.
Тигил машине өтө эле тездик
менен ордунан аткан октой жүрүп
кетип, заматта көздөн кайым
болду. Бул жигит Ибрагим болчу,
машинеси бузулуп калып жолдун
четине токтото, бир нерсесин
карап чукулап жаткан. Күтүлбөгөн
жерден эле Дианага окшош кыз
өзүнөн жыйырма беш кадамдай
алыс жерден машинадан атып
чыгып, айланасындагылардан
жардам сурап кыйкырганда, эмне
болуп кеткенин түшүнбөй таңгала
карап калган. Эсине келип чуркап
баргыча машие заматта көздөн
кайым болуп кетти. Кууп жетип
үлгүрө да албай калды, шашатысы
кетип жатып "Диана! " деп
кыйкырганга да жетишкен
жок.Өчөшкөндөй машинесинин да
от албай калганын карабайсыңбы.
Эмне кылаарын билбей жер
тепкилеп, туйлап жиберди. "Диана
экен, ооба Диаа… дал эле Диананы
көрдүм, жаңылган жокмун. Кара
басып, бул жакка алаксып
калганымды карачы, бир-эки
мүнөт эле мурунураак аларга көңүл
бөлгөндө үлгүрүп калмакмын" . Ал
машиненин номурун чала-чарпыт
эстеп, кызыл өзүнүкүнө окшош
Мазда машинеси экенин эсине
туюп калды. Машиненин сол
жагында сүзүшкөндөн калган анча-
мынча так бар экен. Ибрагим ошол
өзгөчө белгини эстеп калган болчу.
Кызыл Мазда машинесинин
заматта көздөн кайым болуп
кеткен жагын көпкө тиктеп турду,
өзүнүн машинесинин от албай
жатканына жиндене колунун
ооруганына карабай эки-үч жолу
чаап-чаап жиберди. "Ташкенттен
эле чыгып кетпесе бул машинени
жерден чукусам да табам", -
Ибрагим ооздон жемин алдырган
бүркүттөй болуп ызырына,
кимгедир ачуусу келе, өзүнүн
жанын коёрго жер таппай турду.
Уландысы бар...

Комментарии