*Шоколадный байке*

Бир кошунабыз бар болчу. Адамдар менен бат тил табышкан, элпек, карым - катнашы жакшы киши эле. Бир күнү көчөгө чыксам ошол кошунам унаасын бир жакка жолго чыкканга даярдап жатыптыр. Жакын барып көңүл бөлүп карадым. Унаасынын арткы орундугунда жыйырма кутудан ашуун шоколад бар экен. Кошунама салам берип: Жолунуз болсун, кайда жөнөдүңүз кошуна дедим. Саламыма алик алып, мага жылмайды. Мага жылмайып күлгөнүн түшүнбөдүм. Мага жардамдашып жибересиңби деди? Мен ага мейли, бирок, алыс жер эмеспи дедим. Жок, Алла буйруса кеч калбай кайтабыз деди. Өзүбүз жашаган айылдан орточо ылдамдык менен жарым сааттан ашуун жол жүрүп бир айылга жеттик. Ал жердеги үйлөр өтө аянычтуу начар абалда экен. Ал жердеги үйлөр кедей адамдардыкы экени билинип турду. Кошунам унаасын токтотту, түштүк, шокаладдарды колуна алды, биринчи эшикти кактык. Эшикти көпчүлүк жаш балдар ачышты. Алар кишини көрүп аябай кубанып кетишти. Апаларына чуркашып шокаладчы байке келди деп чакырышты. Аларга бир куту шокаладды берип жаш балдар менен бир аз сүйлөшүп анан кетүүгө уруксат сурады. Экинчи эшикти каккылады. Эшикти картайган чоң эне ачты. Ал кишиге Алла сизге бейиш эшиктерин ачсын, мөмөлөрү менен сыйласын. Уулум сиз бизди эстеген экенсиз сизди Алла эстесин деп дуба берди. Аларга дагы бир куту шокалад берди да кетүүгө уруксат сурады. Ошонтип олтуруп ар бир эшиктен эн жакшы дубалар, ыраазылык билдирген сөздөр угулду. Шокаладдарды таркатып бүтүп, унаага олтуруп үйүбүзгө карай жол алдык. Мен өтө таң калууда элем. Ага кошуна сизден Алла ыраазы болсун. Аябай жакшы иш кылдыңыз да бирок, бир суроо туулду, эмнеге аларга ошол бир куту шокаладдын акчасын эле берип койбойсуз? Алар өздөрү каалаган нерселерин алышат беле дедим. Суроомо таң калып ал күлүп жиберди. Арткы орундукка карап, калган бир куту шокаладды алып мага берди. Ач аны деди. Мен аны ачып көрдүм. Кутунун ичинде шокалад менен бирге үстү оролгон акча да бар эле. Менин таң калуум дагы көбөйдү. Эмнеге акчаны ушундай эле берип койбодуңуз кошуна дедим. Ал адаттагындай жылмайып, мен шокаладды жакшы көрөм ар күнү жеймин.
Алла Таала Куранда: Жакшылыкка өзүңөр сүйгөн нерселерди садага кылмайынча жете албайсынар. Кандай гана нерсени садага кылсаңар Алла билүүчү. (Аали Имран сүрөөсү: 92-аят) деп айткан.
Кедейлердин да биздин жегибиз келген нерседен жегилери келет деди.
Дүнүйө иштери байлыктын түрүнө карап өз өлчөмү менен болот. Темир тоннада; Мөмө килограммда; Алтын граммда өлчөнөт. Бирок, акыреттин амалдары болсо, өлчөмдө кыпындай нерселер менен айырмаланат деди.
Алла Таала Куранда; Ким кыпын салмагындай жакшылык кылган болсо, аны көрөт. Ким кыпын салмагындай жамандык жасаган болсо, ошону көрөт. (Залзала сүрөөсү: 7-8-аяттар) деп айткан.

Комментарии