УУРУ СЕЗИМ 9-болук

– Эже, анча капа болбоңуз, – айдоочу күзгүдөн Күмүшайды аяй карады, – үйүнө барып койбосо да болбойт да, - ал чын дилинен айтты. Эркектик кылып эркекке жан тартып атканы го.– Ал таң атпай үйүнөн көңүлдөшүнүкүнө келип атпайбы, - жашын сүртүп, улутунду.– Хм, чатак экен.Күмүшай эшикти булка ачып чыга жөнөдү. Айдоочунун “төлөп коёсузбу?” дегенин уккан жок. Дарбазага жакындаган сайын кадамы жайлап баратты. Анын ичинде болуп жаткан дүрбөлөңдү, жүрөгүнүн оорусун, кызганычтын кысуусунан тумчуккан демин өзүнөн башка эч ким сезе албайт эле. Бир түшүнсө дал өзүндөй күйөөсү күйгүзгөн аял түшүнөр. Дарбазага кол сунганы менен туткасын кармоого алы келбей койду. Аруулугун арнап, агынан жарылып сүйүп, алпештеп бала күткөн күйөөсүн башка менен көргүсү келбей койду. Бактысын тартып алган ал адамдын алдында ызадан улам уу сөздөрүн агытып албуут, ыйдан кызарган көздөрүн жоодуратып алсыз да көрүнгүсү келбеди. Ар нерсеге оңой менен кебелбеген күйөөсү адатынча жай гана “эмне келдиң? көрөрүң ушул беле?” деп койсо эмне кылам деди. Ушуну ойлой коюп Тынчтыктын бул кебине маашырланып турган али бейтааныш аялдын алдында уят болбоюн деди да, бурулуп кетти.– Мени кайра үйгө жеткизип коюңузчу.***Ошол окуядан кийин Күмүшай күйөөсүнөн түңүлүп калган. Баягыдай тынчы кетип ызаланганды, ар кимге арызданып ыйлаганды койгон. Ойлонуп күйөөсүнүн бул кылыгын көтөрүмдүүлүгү менен гана жеңе турган болгон. Келип кем-карчын толуктап, балдарын эркелетип, акыбалдарын сурап кетип турганына эле кубанат. Бир жумада эки түнөйт. Акыркы кезде жуманын кайсы күнү келерин жатка билип калган. Ичинен “тигиниси экөө ушундай программа түзүп алышса керек” деп улутунуп коёт. Регламентти бузбай кечээ келип түнөгөн. Эми эки күндөн кийин келет. А Күмүш үчүн Тынчтык бүгүн керек, бүгүн да келиши керек.– Тынчтык, бүгүн үйгө кел. Унутпасаң, бүгүн биз үчүн маанилүү күн.– Эмне күн экен? – күзгү алдында галстугун оңдоп жаткан Тынчтык жактырбай үн катты.– Биз баш кошкон күн.– Анан эмне кылалы?– Балдар менен бирге отуруп белгилеп коёлу. Быйыл туура он жыл болот.– ???– Анын да бир жылы бирге жашады аты эле болбосо, мен үчүн бош эле кетти. Сенин бул үйгө учурашууга эле келип калганыңа бир жыл болуп баратат, билесиңби?– Канчадан бери унчукпай калдың эле, кайра баштадыңбы?Ачуулуу чыккан үн Күмүшайга таасир этпеген сыяктуу ордунан туруп келип күйөөсүнүн колунан акырын кармады. Аялынын минтип колдорун аяр кармап, көздөрүн жоодурата жүзүнө үңүлө карашы Тынчтык үчүн одоно, орунсуз туюлуп, денесин жыйрып турду.– Баш кошконубуздун бир жылдыгы, беш жылдыгы жакшы өткөн, эсиңдеби? Андан кийинки жылдар да жакшы болчу. Мындан үч эле жыл мурда сен мени тоого алып баргансың. Ошол жерде: “Ушул күнгө чейин жакшы жашадык. Демек, мындан ары да жакшы жашай алабыз”, - дегенсиң. Сен ошол сөзүңдү унуттуң.– Мен силерди таштап кеткен жокмун го.– Балдарыңды таштабаганыңа рахмат. Бирок ушундан көрө мени биротоло таштап кетсең жакшы болмок. Сен үйгө келген сайын жарам жаңырат. Келесиң, мени көрбөйсүң, карабайсың. Сен үчүн мен жокмун. Анан кайра шашып кетесиң. Сен кеткен сайын жүрөгүмө жаңы ок кадалат.Тынчтык аялдын бул чындыгын мойнуна алгысы келбей турду. Батыраак кебин бүтсө, батыраак үйдөн чыгып кетсе жакшы болот эле. Анын аргасыздан гана турганын билген Күмүш шуу үшкүрө колун коё берди. Ушу азыр Тынчтык аны бир жолу бооруна кысып койсо ичте жаткан бугу жазылып, ызасы тарай түшмөк. Эркек аны кайдан билсин, колу бошогонуна кубанып батинкесин шаша кие баштады.– Кечинде кел.***Жол чырактын жашылын күткөн Тынчтык өзүнчө жылмайып алды. Жана жумуштан чыкканда чын дилинен үйгө барайын деп ойлогон. Эртең мененки Күмүштүн суранычын жактырбаганы менен ойлонуп олтуруп туура деп кабыл алган. Айнекке телефон чалып түшүндүрүп коюп, бүгүн өзүнүн балдары менен болуп, аларды кубандырууну чындап каалаган. Анан ойлонуп келе берип жол чыракка токтогондо гана Айнектин үйүнө барчу жолго түшүп кеткенин билип таң калды. Мунусун Айнекке болгон берилүүсү, ага болгон ашыктыгы деп түшүндү. Артка кайткысы келбеди. Мынча болду барып абалын түшүндүрүп чыгууну туура көрдү.– Охо-о, бүгүн бизде майрамбы? – күндөгүдөн өзгөчөлөнүп жасалган дасторкон чын эле суроо жаратты.– Майрам.– Кандай майрам? – Тынчтык эки наристеге карап кимисинин туулган күнү болду экен деп ойлоду, – кана, ким канчага чыкты?– Жок, алар эмес, – Айнек Тынчтыктын колун курсагына койду, – эки ай.Бул Тынчтык күткөн бакыт эле. Айнектин бул сүйүнчүсү аны көккө жеткиргендей болду. Машина узун жол менен жол жээктей өскөн бактарды артка калтырып баратты. Тынчтык өзүн бактылуу, аялын бактысыз, балдарын бушайман кылган окуялар жашоосуна кантип аралашып кеткенине таң калып келатты. Ушул убакка чейин бир да жолу өткөн күндөрүн иликтеп көргөн эмес экен. Ойлосо, күн сайын күнүмдүк жашоо үчүн күрөшүп, күнүмдүк жашоо менен бактылуу да, бактысыз да болуп жашап келиптир. Өмүр жолу алдында жаткан жолдой түз, кенен, анан узун болсо экен деп тилек кылып койду. Айнектин кош бойлуу экенин ойлоп кубанып алды. Ымыркай наристенин жытын сагыныптыр. Ошол күн батыраак келсе экен... Уул болду бекен же кызбы? Уул болсо экен...Аңгыча тарс эткен үн таттуу ойлорун бузуп, жүрөгүн титиреткен коркунучка кептеп салды. Машина ала салып, ичинде Тынчтык туш келди урунуп баратты. Машинанын ала салуусу саатка созулуп бараткандай, Тынчтык болсо ар бир секундда анын токтоп калышын, бир гана токтоп калышын тилеп жатты. Башын деңгиреткен караңгылык анда-санда бир жылт этип аткан жарыктан биротоло айрылып, кулагы дыңылдаган үндөн тунуп барып эч нерсе укпай калды. Мурдуна кандын гана жыты келет. Өмүр менен кош айтышуу ушул экен деп ойлоду.***Тынчтык уулун алып кеткенден бери Айнектин эки көзү жолдо. Күйөөсүнүн эрте келишин чыдамсыздана күтүп, эшикке чыгып-кирип тынч ала албайт. Эдилди атасынын колуна тапшырганын айтып бир чалган. Бирок келем деген эмес. Келер-келбесин сурагандан намыс кылып койгон. Ал күнү Күмүшайга кетип калса керек деп кызганыч менен таң атырган. Эртеси түшкө маал чалып ала албады. Ошону менен телефону өчүк. Бүгүн анын кабарсыз кеткенине үч күн болот. Мынчалык дарексиз кетүүсү Айнекти түркүн жаман ойлорго көөмп салды. “Бүгүн күтөм, келбесе ишине же үйүнө издеп барам” деген чечимге келди. ***Өткөндөгү үй-бүлөлүк кеч Күмүшайга бир топ кубат тартуулаган. Суранычын жерге калтырбай Тынчтыктын уулдарына таттуу көтөрүп келгени ал үчүн эң бактылуу ирмемдердин бири болуп калган. Андан кийин да үйгө тез-тезден келгенин жакшылыкка жоруп, бир күндөрү бир кездегидей күн сайын бизге гана шашып келип калар деп үмүт кылган. Ошентип, жаңы гана жакшы үмүттүн шооласы жарык жана баштаган кезде Тынчтык дайынсыз жок болду. Бүгүн келеринен үмүтү чоң. Өзүндөгү күйөөсүнө болгон бул берилүүсүнө, арзуусуна таң калат. Андан калбаган көңүлүнө бир ыраазы, бир ыза.***– Көзүн ачты.– Кана, көрөлүчү, – ак чач доктур бейтапка үңүлдү, - дем алуусу жакшы. Кана, жигит, ойгон, ойгон. Атың ким?Тынчтыкка бул үн алда кайдан жаңырып келип атты. Көз алдындагы ак халатчандын доктур экенин билип, бирок анын эмнеге жанында жүргөнүнө акылы жетпеди. Жакшылап карап жүзүн таанып алайын деди эле, көзү тунарып, эки-үч катарланып ээрчишкен элестин бири да даана көрүнбөйт. Кыйналып кетти, баарына кол шилтеп салып көзүн чылк жуумп алды.– Издеп келгендер барбы? – доктур жанындагы медайымга кайрылды.– Али жок.– Телефонун жандырдыңарбы?– Ооба, бүгүн жандырдык. Бирок анда код коюлган экен.– Көзүңдү албай кара. Эсине келет. Мүмкүн болсо телефонун иштеттирип жакындарын тез чакырт. Операциясын ойлонушубуз керек.***Тынчтык жанагы абалдан чыга албай эки күн убара болду. Экинчи күнү кечинде гана ал биринчи жолу жолдо машина айдап келе жатканын эстеди. Ошондо гана азыркы абалына акылы жете түшкөндөй жеңилдеп калды. Эч нерсени даана көрө албаган көздөрүн ушалап-ушалап иейин деди эле, эки колу тең оорлошуп ордунан көтөрүлбөйт.– Суу, с-у-у.– Мына, ичиңиз, – медайымдын ченеп берген суусуна ыраазы болбоду.– Суу.– Азырынча ушул болот. Ойгонуңуз. Атыңыз ким?– ???– Сиз Тынчтыксызбы?– Ооба.– Жакшы. Сиз ооруканадасыз. Катуу жол кырсыгына кабылгансыз. Эч нерсе эмес, азыр баары жакшы. Эч ким жоготууга учураган жок. Сиз да жакшы болуп кетесиз, – тыпылдаган медайым кубаныч менен сүйлөп жатты.– Кайдамын?– Улуттук госпиталдасыз. Нейрохирургия бөлүмү. Бизге сиздин жакындарыңыз керек. Телефонуңуздун кодун эстей аласызбы? – кыз телефонду ага көргөзүп, түшүнбөй калбасын дегендей экранын сөөмөйү менен чиймелеп сүйлөп жатты. Тынчтык баарын түшүнгөнү менен кодду эч эстей албай койду.– Айнек. Айнекке чал. Жок, Күмүшкө чал, – Тынчтык онтоп араң сүйлөдү.– Номерлерин айтыңыз, байке. Кимисине чалайын? – эстей калса экен деп тынчы кете сурады медайым. Тынчтык көңүлүнө жат болгон номерди такалуусуз айтты. Бирок ал Айнектин номери экенин же Күмүштүкү экенин эстей албай койду. ( Уландысы бар )

УУРУ СЕЗИМ 9-болук - 912083014995

Комментарии