Унаа айнегине тиркелген сүрөт.

Түнү менен интернетте отуруп, чет жерде жүргөн дос-тууган айтор жакын санаалаштарым менен кат алышып, баарлаштым. Жакшы адамдар менен убакыт ушунчалык билинбей өтүп кеткенин өзүн да сезбей каласын демекчи, саат да бир топ убакытка барып калганын көрүп, уйкуга кеттим.
Мына сага...түндөп интернет менен кат алышканымдын кесепети. Эрте мененки чырылдаган “Будильникти” да укпай, уктап калыптырмын. Эхх..ошентип жумушка кечиктим. Жок дегенде кофе ичип кетейин деп, ары-бери чуркап атып, чайнеке суу коюп, бирок токту тамызбай коюптурмун. Бул да болсо шашып, өзүмдү күнөөлүү сезип атканымдын белгисидир деп жоруп койдум өзүмчө. Шашкан шайтандын иши экенин билсем деле ☺ Аңгыча жетекчим чалып, жумуштар боюнча бир чогулушка катышуум керектигин айтты. Жетекчиме сөзсүз катышып келээримди айтып, жолго чыгаар замат кол көтөрсөм... бир ак түстүү машина келип токтоду. А менин оюмда бир гана айтылган чогулушка кечикпей баруу эле. Эмнегедир кыжалат болуп, кечигип калгандай өзүмдү күнөөлөп, тынчсызданып бараттым. Бир аз жол жургөн соң, унаанын радиосунан угулган жай музыка көңүлүмдү биртке тынчтандыргансыды. Эмне болсо да буюрган убакытка, насип кылган саатка жетип барамын да деп, унаа ичин тамаша кыла баштадым. Чындыгында өзгөчө жасалгаланып, башка унааларга караганда кооз экен. Мына ушул нерседен эле байкалып турат. Мындай нерселерди жасоодо айдоочунун колу гүл экендиги. Өзгөчө менин көңүлүмдү бурган нерсе, дал ошол унаанын алдыңкы айнегине тиркелип турган сүрөт болду. Ошентип биздин маек башталды.
- Апаңызбы?,- деп чыдай албай сурадым.
- Ооба ,-деди айдоочу.
- Кечиресиз, бул адам араңардабы ? (эми көзү тирүүбү деп суроо бир аз ыңгайсыз болду да)
- Кудайга шүгүр. Эмнеге сурадыңыз?
- Жөн эле кызыктым. Кечиресиз эгер көңүлүңүз оорутан суроо берген болсом. Негизи көпчүлүгүбүз эле арабыздан эрте кеткен инсандардын гана сүрөттөрүн төрүбүзгө илип алат эмеспизби дедим.
Мен берген суроо анын көңүлүн оорутуп койдубу билбейм. Үн катпады... Бир аз убакыт өткөн соң кайра өзү сөз баштады.
- Бизди ушул таш жолго калтырбай бараткан тулпарыма чыккан кишинин баары эле сиз берген суроону узатышат. “Эмнеге бул сүрөттү маңдайыңа чаптап алдың? Бул ким?” деген сыяктуу суроолорду көп беришет. Бул нерсенин эки себеби бар.
Биринчиси, машинаны тез айдаганды жактырам. Башкача айтканда катуу ылдамдыктан рахат алам. Унаалардын саны азыраак жерге жеткенде буттарым өзү эле “газды” басканы шашылат. Маңдайымда турган апакемдин сүрөтүнө көзүм түшөөр замат, ылдамдыкты азайтамын. Мен үйдүн жападан жалгыз ишенген уулумун. Мага бир нерсе болсо, апам андай түйшүктү көтөрө албастыгынан корком бул биринчиси. Ал эми экинчиси жана эң эле негизгиси, апам дайым көз алдымда. Мен адамдын жашоосун кадимки эле жыл мезгилине салыштыргым келет. Анткени жаз өзүнчө жаратылышты жаркын түскө бөлөп кубантса, кыш мезгили айлананы түссүз кылгансып баары ак карга бөлөнөт. Биз адамдар дагы тирүү жан болгон соң, ар бир күнүбүз ар башкача түс менен боелот десем туура болчудай. Кээде капа болуп жан дүйнөңдү күңүрт түс каптагансып калат дегендей. Мына ушундай учурда кыйналып кетсем, апам сүрөтүнө көзүм түшөөр замат, жеңилдеп калам. Билбейм эми, бул апамдын мага ошончолук мээрим берип чоңойтконунан улам болсо керек.Ушул кичинекей сүрөттү көрүп эле оюмдагы бардык жагымсыздыктарды артта калтырам. Бирок апамдын сүрөтү бешенемде турса деле сагына берем. Жумуш аяктаган соң үйгө кеткени шашыла берем. Эгер апамдын үйгө кирип барганымдагы “ Садага болоюнум аман-эсен келдиңби?”, - деп бешенемден сылап, жүзүмдөн өөп күтүп алганын элестетсем жумуштарымды ого бетер эртерээк бүтүрүүгө аракет кылам.
Мына ошол учурда “ Тообо кылдым, бул мынча мактанчаак. Тим эле башкалар апасын сагынбай жүргөндөй сүйлөйт да” деп кыжырданып да жаттым. Бирок ага билдирбей жылмайып гана тим болдум. Анын ордуна өзүмдү коюп, салыштырып ойлой баштадым. А менин жанымда болсо апамдын сүрөтү жок. Капчыгымда бар эле аны да үйгө калтырган экем. Үйгө да буга окшоп шашпайм...Ошол убакта ага бирөө телефон чалып калып, оюм үзүлдү. Менден кечирим сурап унааны жолдун четине токтотту. Узакка деле сүйлөшкөн жок. Бирок ушул кыска убакыттын ичинде “ Апа , угуп жатам. Макул, сөзсүз” деп айтты. Карап турсам телефондо сүйлөшүп жатып да, апасы маңдайында тургандай ийиле сүйлөп макул апа болуптур апа деп күлмүңдөп жатты.Ага абдан суктандым чындыгында. Мен ушул жигитчелик апама көңүл бурбаганыма. Дароо муздай түштүм. Билбейм ар бир сөздү көңүлүмө жакын алганым үчүнбү айтор мукактанып сүйлөй албай туруп калдым. Ошентип кайрадан жол уладык. Жетээр жериме кантип жетип калганымды да байкабаптырмын. Чогулушка киргенде да бычактын мизинде тургандай болдум. Күн бою ошол чогулуш, ошол айдоочу, ошол сүрөт оюмдан таптакыр кетпей койду.Түшкө маал мен да жумуштарымды эртерээк бүтүрүп үйгө кетүүгө камындым. Жолдо баратып, башка мамлекеттен келаткансып өзүмчө эле толкунданып, көзүмо жаш алып, ичимен батпай бараттым. Колумда болсо апам жактырган апакай розалар бар эле.
Ушундай шашылышта жетчү жериң да эмнегедир узактай сезилеби айтор, кадам шилтеген сайын эмнегедир үйгө жетпей кала тургансып шашып бараттым. (Артымды карайм эч ким деле кууган жок ☺) Жолдо баратып, эки жагымды карабасам да, тээ алыстан акмалап үй жакты карап бара жаттым.
Үйгө да жеттим. (Эми жүрөгүмдүн дүкүлдөп катуу сокконун айтпай эле коеюн ☺) Эшикти ачаар замат апакем жылмайып: “Келдиңби айланайын? Курсагың кантти? Жакшы эле болбодубу сарсанаа болуп жаттым эле” деп саамайымдан сылап, жүзүмдөн өптү. А мен бул сөздөрдү жаңыдан гана угуп жаткансып, толкунданып, көзүмө жаш алып өзүмчө эле сүйлөй албай мукактанам.
- Апа...апа...эмечи. ..деп, колумдагы гүлдү да жакшына бералбай тайсалдадым. Апам болсо менин ыңгайсыз болуп жатканымды түшүндүбү, айтор “Жүр үйгө, тамак да муздап калды”,- деп ары басып кетти. Эми апа деген ушундай зат экен да. Биздин эмне болуп жатканыбызды жүрүм-турумубуздан эле сезип, билип коет эмеспи. А мен акырын апамдын артынан барып:
- Апа, билесизби бул гүлдөрдү атайын сиз үчүн алып келдим. Сиз апакай розаларды жакшы көрүшүңүздү баарыбыз эле билебиз го апа.( Муну караңыз, эмне деп койдум?! Эгер баарыбыз эле билсек, эмне үчүн 1 даана болсо да апама гүл бербейбиз? Эгер бир туугандарым менен 1 ден гүл алып келсек да 1 кучак гүлдестеге айланмак го... демек мен бул жерде да ката кетирдим )
Апам байкуш биртке унчукпай туруп, жашып кетти да:
- “А мен ойлопмун... бүгүн кимдир бирөөнүн туулган күнү же сага бул гүлдөрдү жумуштан бирөө белектедиби деп ойлодум эле балам. Тим эле койбоптурсуң да”,- деди. ( Апамдын универсалдуу сөздөрүнүн бири, “ тим эле кой же тим эле койбоптурсун”)
А мен бул сөздөрдү угуп, ого бетер муздай түштүм. ( Эхх...апама себепсиз гүл бербей жүргөнүм үчүн, апам ушинтип ойлоду да. Чындыгында моюнга алыш керек, азыр ойлоп көрсөм... апама 8-мартта гана гүл берипмин. Башка убакта ойлобогонум үчүн, бул да менин катачылыгым деп билем)
Дүйнөдөгү теңдешсиз асыл адамым, көздөрүнөн аккан жашты...жоолугунун чети менен сүртүп жатты. Бул албетте кубанычтын көз жаштары эле...
Мына бүгүн да апам үчүн атайын апакай розаларды алдым. Мурдагыдай толкундануу жок. Көңүлүм тынч, көөдөнүм кубанычка толо.. өзүмдү жакшы сезип баратам... (Урматтуу окурманым, сиз да апакеңиздин көңүлүн көтөрүп, гүл белектөөнү унутпаңыз. Көкүрөгү кубанычка толуп, кубанычтан гана көз жашы аксын) Апа – адам баласынын алгачкы мектеби...

Комментарии