Жогорку айылдын жигиттерин утуп, кой таап келген келиниме ыраазымын

Жогорку айылдын жигиттерин утуп, кой таап келген келиниме ыраазымын
— Апа! Апа! Ким бар?

— Тынчылыкпы?

— Замирди чакырыңыз, койду байласын.

— Эмне болгон кой? Ыя, ботом, уурдаган жоксуңбу деги?

— Апа, боорду эзбеңизчи, күндүзү дагы мал уурдамак белем. Түнкүсүн уурдайм.

— Сенин ушу тамашаларың.

Келиним жөн сүйлөбөйт. Тамашабы же чынбы өзүм деле билбей калам. Жүзүбүзгө жылмаюу тартуулаган ушу. Келиним болбосо, эмне кылмакпыз, ким билет, ай.

Спортсмен. Мектептен, университеттен далай мелдештерди уткан. Бөлмөсүндө медаль, грамоталары толтура. Тушоо тойлордун чемпиону. Ашканадагы идиштердин баары ошонун “призи”. “Ай, сенин келиниң чуркаса, биз чуркабайбыз!” Көчөнүн аялдары мага ушинтип бултуңдашат.

Эртеңин ойлобогон балам дагы үйлөнгөндөн кийин өзгөрдү. Акча топтоп, муну алыш керек деп калганын көрүп сүйүнөм. Баары келинимдин арты менен болуп жатканын жакшы билем.

Пандемияда баарыбыз жумуш жок үйгө отуруп калдык. Кышкы салаттарды бери кой, малга деп кургаткан кактарды кайнатып ичтик. Элестеткиле, үйдө бир сындырым нан жок. Карыздарыбыз дагы толуп кетти. Курсагыбызды курулдатып коюп “Даңазалуу доорду” көрүп отурганбыз. Келиним бир маалда “мындай болбойт” деп сыртка чыгып кетти. Мен баламды карайм, балам атасын карайт, атасы мени карайт.

Эмне кылыптыр дебейсиңерби? Ой, боорум, ай. Жогорку айылдагы жигиттер менен мелдешип воллейбол ойноптур. Алар бир командада үчөө, келиним жалгыз экен. Байгесине козу коюшуптур. “Бизде мал жок эмнени бермек элең” десем, камырабай “утарымды билгем” деп коет.

Шорпо, куурдак жасап жедик. Сүйүнгөнүбүздү айтпагыла. Абышкам “келинимче жоксуң” деп уулумду шылдыңдайт. Баарыбыз ыраазы болдук.

Айкөш (ушинтип эркелетебиз) жашообузга шаң кошуп, күн сайын бизге жылмаюу тартуулаганың үчүн рахмат. Сен болбосоң биз кантмек элек. Менин могу бырыш баскан колумдан сенин өмүрүңдү тилеген эле келет. Күн сайын бактылуу болушуңду тилейм. Садагаң болоюн десе.

Комментарии