Комментарии
- 14 окт 2021 06:51Турмуш ОЗУ Тараза баары жакшы болот.балким алдында жакшы нерсе ,жомоктогудай кутуп тургандыр Сабыр кылып иштей Бер эркектин акыркысы эмесккоо акырыы
- Комментарий удалён.
- Комментарий удалён.
- Комментарий удалён.
- 16 окт 2021 09:53Жаман адамдын оозунан жаман сөз чыгат ,сага сөз жок ,или жэтпейт
- 17 окт 2021 04:57Көздүү мончок жерде калбайт карындашым,эч кайгырба,менин личкама жаз, экөөбүздүн тагдырыбыз окшош экен, сүйлөшөбүз,сырдашабыз.
- 17 окт 2021 10:43Кучтуу дубакой эже бар бак жол ачат,куйоого тие албай жургондор бат эле тиет,уйбулодо уруш болгондорго ысытма окуп жылытып коет номери кк болсо жазгыла личкама
- 17 окт 2021 14:21Ошондуктан эскилерден калган соз туура суруштуруп туруп тийсен болмок. Тийгенче сураштырып жакшы эркек эмнеге ажырашты экен деп кызыгып. Той жасатканга балээ барбы андан коро уй алайлы десен болмок экен кетип калса да уйдо калмаксын. 2балауу аялдын люмизинде загска чыкканга деле конулу келбесе керек дейм. Анын устуно кызын 10жаштан отсо керек. Ошондо чооон аялсын да
Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
Жакшы группа
Замира (аты өзгөртүлдү) 32 жаш
Бухгалтер болуп иштейм. Күйөөдөн мага бак айтпаптыр. Жашым өтүп баратат, дале муздак жаздыкты кучактап жатам. 17 жашымда коңшу айылдагы жигитке турмушка чыккам. Айылда жумуш жок. 5 айлык кызымды кайын энеме таштап, күйөөм экөөбүз Россияга жөнөп кеттик. 9 жыл Сибирдин сууганда иштедик. Эмнелер гана башыбыздан өтпөдү. Боюмда болуп калып, Кыргызстанга кайтып келдим.
Шаардагы ата-энемдикине келип уул төрөдүм. Сибирге барбайм деп чечтим. Мунун айынан күйөөм экөөбүздүн ортобузда түшүнбөстүктөр пайда болду. Ал аркаман келип, мажбурлап алып кетчү болгондо, ажырашып тындык. Кайын энем кызымды, уулумду ата-энем багып алды. Убагында билим албай калгам. Апам чуркап жүрүп колледжге киргизди. Группанын эң улуусу мен болдум. Окуумду аяктап, мектептен жумуш таптым. Учурда ата-энем менен чогуу турам.
Күйөөм үйлөнүп, кайра Сибирге кеткен. Кабарлашпайбыз деле. Кызым шаарга келгенде, үйгө кайрылып турат. Акан менен кокустан таанышып калгам. Жумуштан кеч чыгып, такси чакырсам, келди. Үйгө чейин сүйлөшүп бардык. Ажырашканын, баласы жок экенин айтты. Айылдан келип, бул жакта фирмалардын биринде айдоочу болуп иштеп жатыптыр. Күн сайын жолукчу болдук. 3 айдан кийин “үйлөнүп алалы, сен үчүн той берем” деди. Макул болдум. Ак көйнөк кийдим.
Үйдөн лимузин менен алып кетти. Дос-туугандарды, кошуналарды чакырып ресторанда тойлодук. Экөөбүз батирге чыктык. Бир жума өтпөй, бир аял келип, “мен мунун мыйзамдуу аялымын, айылда төрт баласы бар”, – деп аңкылдап, күйөөсүн же күйөөмдү, айтор, Аканды желкесинен сүйрөп алып кетти. Ал да үн катпай кетип калды. Кызык, кайын энем ак жоолугун салып жатканда эмнеге айтпады экен? Себимди кучактап, үйгө кайтып келдим. Бир ай ооруп жаттым, кошуналардын шыбыраганы кулагымды жеп бүттү, ата-энем эшикке чыга албай калды. Жумушка чыктым. Билбегендер сурап, жарама туз сээп жатышты. Билесизби, эркек дегенге ишенбей калдым. Максаты жок бир зомбидей эле басып жүрөм. Балам менен да ишим жок. Элдин бетин карай албай чүнчүп кеттим. Кантип 4 баласын, ажыраша элегин жашырып, мага үйлөндү? Эмнеге шаштым экен? Суранам, кеңеш бериңизчи, бул абалдан кантип чыксам болот?