СҮЙҮҮ ДА КОРГООГО МУКТАЖ!

Түгөйлөрдүн ортосундагы сүйүү мамилеси муз сыяктуу. Бир караганда таза, жылмакай, ажайып сулуу. Бирок туура эмес кадам жасасаң дароо жарака кетет. Канткенде бул назик, морт сезимди коргоп калса болот? Психолог Гүлмира Ишеналиева менен бул суроого жооп издеп көрдүк.
«МЕНИ САКТАП КАЛЧУ КИМ?»
Сүйүү деген эмне? Бул суроого эч ким так жооп бере албайт. Ананчы, көз көрбөсө, кол менен кармай албаса сүйүүнүн эмне экенин ким билмек? Мен өзүмдүн өмүр баянымды айта кетейин. Биздин үй-бүлө – сүйүү деп аталат, кожоюнубуз – адам, жашаган жерибиз – жүрөк, кызматыбыз – адамдын жашоосун көңүлдүү, түстүү кылуу. Бир туугандарымдын бири адамды мекенди сүйдүрсө, бири ата-энесин, бир туугандарын сүйдүрөт, дагы бири жаныбарларды, бири тамакты, ошентип баарыбызда кызмат бар. Мага болсо эки адамды бири-бирин сүйдүрүү кызматы тийген. Кызматым кантип башталганына токтолоюнчу... Кожоюнум ал адам менен кезиккенде жүрөгү катуулап дүкүлдөп согуп, мен кан тамырлар аркылуу бүт денесине тарап саякаттап келчүмүн. Ар бир органга барып кубанычтын кабарын айтам. Кожоюнубуздун организминде өзүнчө эле майрам. Мени менен жолукканга бардык органдар ашыгат. Анткени мен келгенде баары бакытка балкып, жашоо түстүү көрүнүп калат. Чакыруусуз келген майда-чүйдө ооруларды ачык маанайыбыз менен коркутуп, кетирип жиберебиз. Бир нече жыл бактылуу жашадык. Бирок бир күнү ачык кабагыбызга кар жаады... Кожоюнум сүйгөн адамы менен урушуп кетти. Жүрөгү кайгыдан жабыркап, менин тамагым буула, ордумду таппай кысылып кеттим. Эртеси жумушка чыга албадым, жолумду ыза, ый бууп салыптыр. Кийинки күнү да чыкпадым...
Ошентип убакыт өтүп жатты. Мен байкуш арыктап, жүдөп кеттим. Мени баары кыйкырып чакырышат, чыгайын дейм, бирок жолум буулуу. Менин ордума кожоюнубуздун жүрөгүнө кайгы, андан кийин кайдыгерлик дегени келди. Алар муздак, таш боор, мерез эле... Алар келгени кожоюнда түссүз, кызыксыз жашоо башталды. Көп ооручу болду байкушум. Бирок менде аны дарылоого шай жок, кичирейип баратам, үнүм чыкпай калды. Менин да жашагым келет. Мени сактап калчу ким бар? Сүйүү да коргоого муктаж экенин билчү бирөө жарым барбы?..
ОРТОДОГУ СҮЙҮҮНҮН ӨЧҮП БАРАТКАНЫНЫН БЕЛГИЛЕРИ:
Кандай темада сөз башталбасын, аягы кайым айтышуу, талашып-тартышуу менен аяктай баштайт;
Баскан-турганы, кыймыл-аракети, жасаган тиричилигинен бери кыжырды келтирет;
Мени баары бир түшүнбөйт деп колдоону башка адамдан издеп баштайт.
Жогорудагы критерийлерге көз жумуп, убакыт
көрсөтөт деп жүрө бербеңиз. Убакыт дарылабайт, ал жөн гана унуткарат. Унуткарганда жаман менен кошо жакшыны да. Мындан кийин кайдыгерлик стадиясы башталат да, сезимдер өчөт, кайра тутантуу оор болот.
ТОКТО! БААРЫН БАШЫНАН БАШТАЙБЫЗ
Биринчи ар бир түгөй өзүн “дарылашы” керек. Кантип?
Өзүңүзгө ишенимдүү болуңуз. Өзүнө ишенимдүү адам түгөйүн кайсы бир жагдайлардан (мисалы, материалдык байлык же башкалардын басымынан) улам эмес, өзү жактырып, сүйүп тандаганынан кабар берет.
Мырза! Мамиледе мырза деген атка татыктуу болуңуз, майдаланбаңыз, кыймыл-аракетиңизде жентльмендик сапаттарды ала жүрүңүз, күчтүү, коргоочу, колдоочу адам экениңизди түгөйүңүз сезгендей болсун.
Айым! Ар дайым өзүңүзгө каранып жүрүңүз, жарашыктуу кийиниңиз: чоюлуп, түлөп кеткен кийимдерден арылыңыз. Адамдын көркү чүпүрөк экенин унутпаңыз. Бала караш керек, тамак жасаш керек деген жөн гана шылтоо экенин эске алыңыз. Ашып кетсе 10-20 мүнөт убакытты өзүңүзгө бөлүп коюңуз. Жарашыктуу кийинип, өзүнө каранган адам баарына жагат, ал эми башкалардын ою түгөйүңүзгө да маанилүү.
Ачык-айрым, ошол эле учурда туруктуу мүнөзгө ээ болуңуз. Өзүңүздүн жасап жаткан ишиңизге, айтып жаткан сөзүңүзгө жоопкерчилик ала билиңиз. Ачууңуз келип турганда оюңузду ошол замат “балп” эттире айтып салбай, анализдөөнү үйрөнүңүз.
Туруктуу болуңуз. Мамиледе туруктуулук, бири-бирине болгон ишеним сүйүүнү сактай турганын унутпаңыз.
ТҮГӨЙЛӨРДҮН ЭСИНЕ!
Түгөйлөрдүн эң биринчи катасы – үйлөнгөндөн кийин “эми баары бир мендик” деген ой. Сүйүү – бул эмгек. Кайсы күнү эмгектенбей калсаң, ошол күнү сүйүү өчөт.
Сыйлоо, баалоо, колдоо, көңүл буруу... Башкаларга караганда түгөйүнүн колдоосу, ишеними адамга чоң күч берет.
Түгөйүңүздү эч качан жамандабаңыз жана башкаларга жамандатпаңыз! Ал түгөйүңүздүн жамандыгынан эмес, сиздин туура эмес тандоо кылганыңыздан, турмушка али жетиле элегиңизден кабар берет.
Коркутуп-үркүтүү! Эгер жан шеригиңизди бир нерсеге көндүрөм десеңиз, эч качан коркутуп, үстөмдүк кылбаңыз. Бул ал адамдын ошол замат коргонуусуна, каяша айтуусуна, натыйжада чыр-чатакка алып келет.
Аралык. Маал-маалы менен сүйүшкөндөр бири-биринен алыстап, эки жакта жүрүүсү (мисалы, командировка) ортодогу мамилени бекемдейт. Алыста жүргөндө сүйүктүүңүзгө сагынып жатканыңызды жазып билдирүү жибергенди унутпаңыз, ал үчүн өтө жагымдуу болот.
Чогуу саякаттоо. Саякаттоо учурунда күнүмдүк жашоонун түйшүгүнөн арылып, экөөнө гана тиешелүү жагымдуу көз ирмемдерди чогулта алышат. Оор күндөрдө жакшы көз ирмемдер маселени жеңилдетүүгө жардам берет.
Ар бир адам күнүмдүк жашоодон тажаган убакыт болот. Мындайда түгөйүңүз канча бир убакыт өзүнө гана жаккан нерсе менен алектене тургандай шарт түзүп бериңиз.
Бала-чаканын түйшүгүнө оролгон түгөйлөрдө “сүйүү балага өтүп кетет” деген түшүнүк бар. Бирок моюнга алчу нерсе, андай түгөйлөрдүн бири көп убакытка көз алдында болбой калса санааркап, үйгө кирбей жол карап калат. Жаш түгөйлөргө караганда көпкө жашаган түгөйлөрдүн сүйүүсү бекем болот. Анткени алар сүйүүсүн түбөлүк сактоонун жолун табышкан. Сүйүү түбөлүк, болгону ал коргоого муктаж.

Комментарии