2-БӨЛҮМ. Айым козун ачса тан сурулуп калыптыр. Нурду ойготуп албайын деп, акырын кучагынан бошонуп туруп, ашканага жоноду. Тунку ойлордон мээси чарчап, конулу кирдеп ойгонду. Эстегиси келбеген эскеруулор аны кыйнап келет ар дайым. Эртен мененки тамакты даярдап,Нурду ойготту. Экоо конулдуу чай ичип, кызын мектепке таштап, озу жумушуна жоноду. Буларда кундогу корунуш ушундай, эртен менен кетишип, туш оой уйго келишет. Коп учурда Нур уйдо жалгыз калат, кичинесинде Уулкыз келип карачу, эми анын да оз турмушу бар, анын устуно Нур акылына кирип калды, апасынын айтканындай кылып, эч кайда чыкпай аны кутуп отура берет уйдо. Эне деле ойлонот кызын, бирок жумуштан калууга да болбойт. Бул жумушун ал жанынан да артык корот, себеби бир учурларда, озун да, кызын да ушул жумуш сактап калган. Болбосо ымыркайы менен жалгыз кайда барат эле? Ар кун эртен менен келип,тарбияланып жаткан балдарды коргондо кубанганын озу да билбей калат. Бул жердеги наристелердин ар кимисинин озунчо тарыхы бар, биринин ата'энеси каза болуп калган, биринин атасы бар апасы жок, кээ бирлерин болсо, эшик алдына таштап кетишкен. Айымдын биринчи жумушу, баары менен саламдашуудан башталат. Аны коргон балдар эркелеп, мойнуна асылып алышат. Айымдын балдарга катуу айтпаган, жумшак мунозун баары билип бутушкон. Алардан убактысын аябайт, чогуу ойноп, арасынан бироо'жарымы ооруп калса, кадимкидей кошо ооруп кыйналат. Кээ кундору уйуно кете албай, Нурду да ушул жерге алып келип, жумушта туноп калышат. Бугун кирип эле кечээги баланы сурады: -Бала жакшыбы? -Туну менен ысытмалап чыкты. -Азырчы? -Бир аз жакшы. Баланын болмосуно кирди, ойгонуп эле эжесин издеп ыйлаган окшойт, коздору шишип турат: -Азык, кандайсын балам? Азык унчукпай дулдуйду. Айым жанындагы кызга кайрылды: -Эртен мененки тамагын бердинерби? -Ичпей койду. -Жылытып алып кел! Озу жайланыша отуруп, Азыктын башынан сылады: -Сен тамак ичпесен, ооруп каласын уулум? -Эжем качан келет? Бала бышактады: -Эжен келет, сен тамагынды ичип, жакшы бала болсон келип, сени алып кетет, макулбу, келегой? Азыкты озу карап отуруп тамагын берди,кечээтен бери эч нерсе жебегенге бала ачыгып калыптыр. Ал Айымдын жылуу создоруно эрээркеп, апасын элестетип жиберди: -Эми эжем келеби ? -Ооба, журогой эшикке чыгасынбы? Азыкты жетелеп короого алып чыкты: -Канчага чыктын Азык? -Алтыга. "Мендей курагын экен" деп койду озунчо. -Мектепке баргын келеби? Бала башын ийкеди: -Бул жерде сени мектепке алып барышат, ал жерде сен сыяктуу балдар аябай коп. -А эжемчи? -Эжен сен чоон жигит болгондо алып кетет, ага чейин келип, сени коруп турат. -Бая эле тамак ичсен келип алып кетет дебединби? Азык ыйлаганга даярданды: Айым энкейип баланы кучактап которуп, отургучтардын бирине отурду: -Тамак жегенин сайын чоноюп бара бересин, сен ыйлаба, ыйласан боюн оспой калат. Бала ээрдин эмшиндетип барып токтоп калды. -Азык , карачы бул жалбырактарды, кел терип ойнойбуз? Айым колунан келишинче аракет кылды, бирок бала эжесин сураганын койбоду. Албетте, азыр анын абалын Айымдай эч ким тушуно алмак эмес, бир тууганын кайра'кайра сураса да ыйлабай калганына кубанып, кеч киргенче баланын оюу менен журо берди. Ал куну Нурду дагы алып келип, жумушунда калып калды. Азыктын конулун алууга болгон аракетин жумшап, жоготуудан оксуп турган конулун толтургусу келди. Эмнегедир ушул баланын коздорунан башкалардыкына окшобогон кучтуу сезимдерди окуп турду. Бугун жуманын башталышы болгондуктан маяна алышмак. Акчаны таркатып берип, Айым куло карады: -Баарына жеттиби? Баштарын ийкеген тарбиячылар Айымга карашты: -Озунузго да жетсин . Тамак даярдаган ашпозчунун суйлонуп жатканын угуп, устуно кирди: -Эже, эмне болду? -Ээ Айым, кумшекерди отконку айга салыштырмалуу азыраак алып келишиптир. Айым чонтогунон акча алып сунду: -Ушул жетеби? Ашпозчу башын чайкады: -Озун жарытылуу маяна алсан да мейли эле, эмне сенде тирилик жокпу? -Эже, балдарга айдын акырына жеткидей кылып кумшекер сатып алыныз! Эртеси жумуштан чыгып, Нурду мектептен алуу учун шашылып чыгып баратып, дарбазанын алдынан Азыктын эжеси менен сузушо кетти: -Сенби? -Эже иним кандай? Айым аргасыз артына бурулду: -Журу мени менен! Азыктын эжеси менен суйлошуп отурганын ичкериден карап турду. Эжеси улам жузунон ооп, коз жашы токтобой жатты. Айымдын журогу кысылып чыкты, бирок тим койду, сабыр кылып кутуп турду. Эшикти акырын ачып, Азыкты которгон эжеси кирди. Акырын шыбырап суйлоду: -Иним уктап калды? Айым баланы озу болмосуно алып барып жаткырып, устун жылуулап жаап койду. Экоо унсуз тиктешип отуруп калышты: -Атын ким? Кыз жашын суртту: -Умутай. -Окуйсунбу? -Ооба, экинчи курста окуйм. Айым кызга тике карады: -Умутай, мени ташбоор экен деп ойлобо, бирок эми мындан ары келбе! Кыз коздорун алайтып туруп калды, ал Айымдан мындай созду кутпосо керек: -Эмне учун? -Кундо келип баланын жарасын жанылай бергенден эмне пайда, качан айыгат анда ал? -Аны апам мага таштап кеткен эже, андан башка дагы торт синдим бар, бул эн кичуубуз, жалгызыбыз. Таштап кете берсем, ал мени жек коруп калат. -Жаш наристени кунуго сое бербегин ар куну келе берип. Андан коро бир жолу жанын оорутуп, башка кайрылып келбе, же алып кете албаганындан кийин? -Эже? -Сен али жашсын Умутай, окуунду жакшылап окуп, келечекте мыкты адам болуп жетиш, Азыктан кыжалат болбо, мен ага оз апасындай боло албасам да , жамандык кылбайм. -Жок эже, мен озум алып кетем.Мен оз апамдай кылып карайм аны? -Кандай тушунбойсун, ата'энен эми жок, сен озун азыр мээримге муктажсын, баланы кыйнап койбогун деп жатам. Эч ким эненин ордун баса албайт, тушун! Бир учур келет, ошондо баарынар бирге болосунар, азыр сен коп нерсени тушунбойсун! Умутай бетин басып копко ыйлады. Бирок Айымдын созундо жан бар эле. Бир туугандык сезимге алдырып суйлоп жатканы менен, азыр аны багууга мумкунчулугу жок болчу: -Каалаган куну алып кете аламбы? -Ооба, эгер мен ушул жерде болсом эле. Умутайдын кайгыдан жуйурто басып баратканын коруп , озу да ыйлап алып, артынан чыкты. Турмушун менен жерге кир,деги буларда эмне куноо десен, же ата' энеден ажырагандардын баары эле, тагдырга да огой болуп калабы Нурду алып кетууго кеч калды, жолдун аркы ойузуно отоору менен эле чуркады. Кээде озунун сабырдуулугуна жаны кашайып кетет, эмнеге аларды таштап атып келе бербегенине жинденип жатты, мындайда куткон автобус да келбей калат. Чебелектеп, отуп бараткан унааларга кол которо кетти, алардын деле токтоор'токтобосу кумон да? Кудай жалгап бироосуно ынсап берип токтой калды: -Кайда барабыз ? Айым Нурдун мектебинин дарегин айтып, арткы орундукка отурду. Жетээри менен капчыгын чукулап калды,айдоочу кулуп койду: -Бербей эле коюнуз,соопчулук деле керек го? -Рахмат! Айым айдоочуга танкала карап коюп, тушуп кетти. Келсе окуучулар дээрлик калбаптыр, дайым апасынын ,озу алып кетээрин билген кызы да ордунан жылбай кутуп турган экен, апасын коро сала аксандап жетип келди: -Кечиктиниз го? Нурду кучактап, которо келген таттуусун карматты: -Кызым кечир, экинчи кайталанбайт ээ? -Келиштик! Экоо кол алышты, жадырай кулуп, жетелешкен тейде автобустардын бирине отурушту. Мына ушуну чыныгы суйуу десе жарашат, эненин балага, баланын энеге болгон суйуусунон , мээриминен откон жакшы нерсе барбы бул жашоодо? Бул корунушту жакын эле жерде турган,азыркы айдоочу да корду: -Деги чыныгы бакыт ушул болсо керек! Ал кыздын аксандап, бир тарабына бираз ооп басып баратса да, энесин коргондо жайнаган коздорунон, озгочо таасирленген эле. Нур экоо ичкери кирээри менен эшик чырылдап калды. Уулкыз экен: Айым суйунуп кетти: -Келдинби? Уулкыз суроосун жоопсуз калтырып, эжекесин бек кучактады. Айым сезди, анткени Уулкыз , жашоодон чарчап кетип, тогулгусу келип калганда гана ушинтчу. -Эмне болду? -Сени сагындым! Уулкыз Нурду бооруна басып, ооп'ооп алды: -Алтын кызым менин, жакшы журосунбу? Нур эжесине эркелеп алды: -Эмнеге Эламанды алып келбедин? -Кийинки жолу келгенде алакелем ээ? Нурду уктатып коюп, копко чейин суйлошуп олтурушту: -Жигитти бекер таштапсын, ал жок уктай албай кыйналасын го? -Элдин баары эле сен дейсинби,карай турган адам толтура го уйдо? -Ошентсе да, сенин ордун башка да баарыбир? -Эже койчу эми, озун кандай журосун? -Жакшымын, менде баары сонун, Нур мектептин "Ардак тактасына" илинди, алдынкы окуучулардын катарында. -Кызындан кутсо болот, зирек эмеспи,мен озун жонундо сурадым? Айым ойлуу жооп берди: -Уулкыз айтчы, эне учун баланын бакытынан артык бакыт барбы бул жарыктыкта? -Албетте жок, бирок сенделе ысык жансын да? -Мен эркек аттуудан конулум калган, эгер алар ошол кызымдын атасындай болсо, анда жалгыз эле журо бергеним артык. -Беш кол тен эмес да, сени коп ойлончу болдум акыркы убактарда. -А сен ойлобо, сен уулунду, Кенжебекти ойло! -Сен эмне Нурдан башка эч кимди ойлобойсунбу? Айым кулуп койду: -Сени да коргум келип турат,сенин бактылуу жашаганынды коруунун озу мага чон дем берет,менда да бир кун келип жакшы кундорго жетээрмин андай дебечи? Бир тууганы, эжесинин мунайым тарткан коздорунон баардыгын окуп турду, дуйнодо, озуно куйоор жалгыз адамы го кантсе да. Уулкыз уйбулодо эн кичуу уулга турмушка чыккан. Ортолорунда уулу бар. Кенжебек мыкты жолдош,камкор ата! Ата'энеси, бир туугандары да жакшы адамдар,Уулкызды оз кызындай жакшы корушот. Баса, Уулкыз кантип мындай кен пейил адамдарга туш келип калды эле, аны да айта кетпесек болбос? . ******** Айымдын кетип калганын угуп,Уулкыз алгач ишенбей карап тура берди, ал учун кутулбогон кабар болчу. Кабар айтып келген адамды улам'улам жузуно тигилет: -Сиз ким болосуз? -Мен жон эле кабар айткан адаммын, мага "Айымдын кабарын билдирип кой!"дешти болгону, мына дареги. Мына сага! Майып кызы менен кандай кун кечирип журду экен? Уулкыз кагаздагы даректи окуганы менен, ал жака жете албастыгын тушунуп эле турду. Айымдын кетип калышы, жалгыз бир тууганынан башкасына коп деле баш оору жаратпагандай. "Теги жамандар, мен силердин айынардан айылда баш которуп журо албай калдым, эч кимиси жоктой болбой уйго келбейби?" деп, эжеси бар кучун Уулкыздан чыгарды . Озу да буулугуп аран жургон кызга бул создор ашыкча болчу. Эмне кылаарын билбеди. Анын абалын тушунуп, акылын айта турган жан адам табылбады. Бир тараптан айыл шартындагы тумон туйшуктон баш которо албаса, экинчиден эжесине болгон кусалык эзди кызды. Кундо жатаарда Кудайдан амандыгын тилеп жалбарат. Оз алдынча Айымды издеп барууга эрки жетпейт эле. Бугун да кундогу жумуш кайталанып, короого келген малдарды байлап жургон. Огой энесинин ачуу унунон зырылдап жетип барды. Уулкыз анын эмнеге ачууланып жатканын билгенге деле улгурбоду, босогодон бери ыргыган идиш жердеги ташка тийип, анын бир болук сыныгы , бутуна келип тийгенде гана эсине келе тушту. Бутунун кызыл ашыгынан бираз жогору жери бираз ачышып ооруп, анан ысык кан жая берди. Уулкыз коркуп кетип аркага кетенчиктеди: -Апа бутум..?. Апасы да коркуп кетти бейм, коздору алайып кетти. Ал кезде ар кимдин короосунда бирден унаа кайдан, а "Тез жардам" унаасы андай тоонун боорундагы айылга жеткенче качан? Эптеп бироону таап келишти, ошол учурда апасы да эмне кылып койгонуна тушуно албай, ичинен коркуп турду. Аймактык ооруканага жетип барганча карангы кирип кетти. Уулкыздын ооруга чыдабай, козунон буурчак'буурчак жаш тогулот. Деги бир Кудай сактаптыр. Эгер бираз эле теренирээк кесип кеткенде, соокко жете тушмок экен. Озу да талуу жер болгондуктан, дарыгерлер шашып калышты. Уулкыз козун ачса буту танылуу жатыптыр. Мандайында турган, ак халатчан жаш эле дарыгер , кызга карап жылмайды: -Абалын жакшыбы? Ооруканада он кундон ашык жатып калды. Озу менен чогуу жаткан жашы элуулордон отуп калган толук жуздуу аял, улам кызга боору ооругандай карай берди. Уулкыз озуно аянычтуу, анан оздорун бийик коюп, устуртодон караган адамдарды жактырчу эмес. Азыр да анын коз карашынан ачууланып отурган. Ангыча медайым эшиктен баш бакты: -Эже, уулунуз сизди коргону келиптир,башчыбыз жогунан пайдаланып киргизе берейин, батыраак чык деп айтыныз! Сырттан кара тору, коздору кулмундогон жигит кирди. Ал апасы менен суйлошуп отурганы менен, эси'дарты киргенде эле мандайынан, озу кабылган Уулкыздын,керсары тарткан жузундо болчу. Чындап эле тагдыр дейбизби, же жон эле дал келуучулукпу, болбосо азыр кобурашып отурган эне баланын оюу бир жерден чыгат деп ким ойлоптур.? Ошол ошол болду. Кенжебек Уулкыздын артынан калбай журуп, кыздын конулун озуно бурууга жетишти. Кыз конулу назик болот эмеспи, жакшы созго, жылуу мамилеге оксук конулу аз да болсо толо тушту. Ал турмуштун кандай экенин билууго жаштык кылса да, тобокелдикке салды. Озунун макулдугу менен эле, Кенжебектин колун кармады. Себеби максатсыз жашап журо берсе, бир кун акылсыздык кылып коюшу мумкун эле, анткени, анын конулу менен эч ким эсептешчу эмес. Балким ал деле келечекте мыкты инсан болуп жетишкиси келгендир, а мумкун анын да толгон'токой арзуулары бардыр эле? Ал эми кыздын ичинде гана кала берди. Уулкыз адашкан жок, ал куткон мээримди, озу энсеп жургон камкордукту жолдошунан, анын ата'энесинен корду. Жашоодо жакшы адамдар да бар экенине аз да болсо ишенди. Анын конулу оксук экенин эч ким эстетпеди бул уйдо, бир аз тумоолоп калса, кайненеси баш болуп уйрулуп тушо калышат. Дары'дармегин ташып, колунан жумушун алып, Кенжебек жанынан чыкпайт. Жакшы адамдардын балдары да жакшы болот, себеби алар мыкты тарбия корушкон, мээримге болонуп чоноюшкан, ал эми камкордкта, бейпилдикте чонойгон инсан, башкаларга да мээрим бере алат. Анын сынары, Кенжебектин бир туугандары да ток пейил адамдар,алар Уулкызга, эч кимиси жок экенин билдиришпейт, барам деген жагынан калтырышпайт, пикирин сыйлап турушат. Алгач бул корунуш кызга оон учураганы менен, акырындап коно баштады. Багбандын мээнети куч болсо, гул да ошончолук кулпуруп бучурун ачкандай,Уулкыз да абдан татына келин болду. Бугун айылда улак болуп, ага катышып келген Кенжебек эчкинин этин алып келди. Эмнеге аны которуп келгенин ким билсин, аны коргон Уулкыз эттин баарын салып, уйдогу эттерден да кошумчалап, жашылчалардан толтура кошуп, дымдама жасады. Тамак даамдуу болуптур, баары келинди алкап эле жегендей болушкан. Бирок кайненеси менен жолдошу улам эле эшикке кирип'чыгып калышты. Кенжебек Уулкызды чакырды: -Мен алып келген эт кана? -Тамакка кошуп салдым? -Кайсы тамакка? -Азыр эле жебединби озун? Кенжебек же ачуусун келтирээрин билбей, же куло албай туруп калды: -Эй, ал деген эчкинин эти да? Уулкыз каамырабады: -Аны кайдан билдим, жумшак, даамдуу экен го? Куйоосу келинчегин мойнунан кучактап, ылдый ийди: -Сени менен анан суйлошом! Дааратканага чуркап бараткан жолдошун карап, Уулкыз ийнин куушуруп койду да уйго кирип кетти. Корсо "эчкинин эти суук келет" деп, такыр жешчу эмес экен, баарынан да кайненеси менен Кенжебектин ичи ооруп кыйналышыптыр ал куну. Ал окуяны копко чейин айтып, кулуп журушту. Корсо аз эле олчомдо, мээрим гана керек турбайбы конулдорго! ? Уулкыз дароо эле Айымды издеп барды. Бир тууганын коргондо кубанганынан ыйлады. Бул жашоо татаалдыктарга бай, бирок ошентсе да адам баласы жашагысы келе берет. Шарт оор болобу, же кыйынбы анын айырмасы жок. Айым перзенти учун жашагысы келсе, Уулкыз да ошол сынары. Кыйынчылык менен откоргон балалык кундору, заматта эле бир жаман туш сыяктуу артта калды. Ооба, эми ал кундорго кайра'кайра кайрылып, эстей бергенден пайда жок. Бирок журокто айыкпас дарт болуп, канча мезгил отсо да кунурттонуп тура берери бышык соз. Ата'энесиз жалгыз эле булар эмес албетте, жашоодо андайлар толтура. Айым эртен менен ойгонсо Уулкыз тамак даярдап коюптур: -Сен жумушуна бара бер, Нурду мен жеткирип коем. -Уйуно кечикпейсинби ? -Сага окшоп кундо шашыла турган жумушум жок го? Айым синдисине бирдеме айтуучудай, оозун таптап туруп калды: -Эмнени сурай албай жатасын? -Уулкыз, атаман кабар албадынбы? Уулкыздын кабагы бурколо тушту: -Жок, сен барып турасын го, жетет ошол, эгер жардам керек болсо.. -Баарыбир атабыз эмеспи? -Анда эмнеге биз куткондо келбеди? -Откон отту да, кекчил болгондун эмне кереги бар? -Мен кек сактаган жокмун эже, болгону "ий атам эле" деген сезим жок менде, аракет деле жасап кордум, болбосо эмне кылайын? Айым улутунуп алды: -Менде бар дейсинби андай сезим, мен болгону перзенттик бурчумду аткаргым келет. -Анда аткара бер, мени зордобо, коргум келбейт ал адамды! Айым унчукпады, бир тууганы менен жылуу коштошуп , жумушуна жоноду. Анын созу деле туура! Кайсы ата' эне баласын унутуп койсун, балдарынын озунун мээримине муктаж экенин билип туруп, эмнеге бир да жолу издеп келбей койду? Атасынын деле озуно жараша себептери болгондур келбегенине, бирок кантип? Айым бул суроолорду нечен ирет берди озуно, атасынын келбесин билсе дагы, дилинде умут оту булбулдоп жанып турчу. Куто берчу. Жетим балдар уйуно келип жашап калгандан кийин, атасын суруштуруп, издей баштады. Эмнеге издеди озу деле билбейт, балким сагынып, ага болгон таарынычын айткысы келди? Анын башка уйбулосу бар экенин билгенде, ото катуу деле конулуно тийбеди, анткени озу божомол кылып, сезип журчу. Айымды коргондо атасы кубандыбы, же жон эле кызынын конулун которгусу келдиби, айтор кучактап алып копко ыйлаган. Аны деле окунуч журогун жеп жургондур ушунча жылдан бери. Ачылып суйлошо албай, коомай сурашып,атасынын кабагын карап отура берди кызы. Алдыларына тасмал жайып, чайын сунуп жаткан аялды, чолуй бир карап алды. Ал деле кыздагы сезимдерди байкап, акырын сыртка чыгып кетти. Айымдын кокурогундогу уюп турган сагынычы, кандайдыр бир ооруну жаратты. Дилинде даярдап келген создору айтылбай, ичтен тынды. Эми оропкоп таарына бергенден эч кандай майнап чыкпасын билди. Апасындай мээримдуу болбосо дагы аялы , аялдын озуно окшош баласы бар экен. Олгондун озунун эле шору тура! Артында калган тируулор, андан ары жашоосуна улантып кете берет. Айым ашыкча соз айталбай коштошуп кете берген. Издеп барганына да окунуп кеткен эле ошол убакта. Бирок бул жашоодо эч нерсе себепсиз болбойт, дарактан бир жалбырак жерге тушсо да, анын да оз себеби болот. Коп отпой атасына дагы барды, бирок биринчи барган даректен таппай калды. Нур ал кезде эки жаштан отуп калган кези болчу. Анын оорулуу буту кеч чыкканына байланыштуу, Айым аны которуп алчу. Кызын жонуна которуп журуп, атасын ар кимден сураштырып журду. Бир эле жолу эмес, далай ирет издеп барып, аран тапты атасын. Коргон коздоруно ишенген жок, коздорунон нур кеткен, арыктыгынан далысы каркайып, ичкиликтен жузу шишип кеткен, таптакыр башка эле адам турду алдында. Кызынын козуно карай албай томсорот: -Ата? -Дагы издеп келдинби? Атасы кызынын абалына боору ооруп, озунун акылсыз ата болгонуна кейип, Нурду бооруна басып оксогон эле. Ичтен эзген куйуттон кыйналгандыр, же кыздарынын алдындагы куноосу тынч койбогондур, жакшына эле жашап жаткан жашоосунан айрылып калаарын сезбей, атасы ичкиликке берилип кетиптир. Андай адамдын кимге кереги бар дейсин? Анан аялы да кол шилтеп басып кетиптир. Айым атасынын бул абалын коруп, унчукпай кетип кала албады. Тамак'ашы, кунумдук керектелуучу нерселерин ташып келип берип журду. Келип кирин жууп, тамагын бышырып берет, бирок атасы ичкенин токтотподу. Акыркы жолу келгенде Уулкызды да ээрчите келди, алагуу болуп отурган атасы кичине кызын коргондо соолуга тушту: -Кы ззым? Уулкыз адатынча буулугуп ыйлабады, аны деле турмуш озгорткон да?: -Кебетен кантет? Атасынын башы шылк дей тушту: -Мен ушинтип калдым кыздарым? -Уялсан боло? -Ошондо апан эмес мен олгонумдо, силер да мынчалык кыйналбайт эленер, кызым? Уулкыз жинденип кетти: -Сен кимсин Жараткандын ишине аралашкандай, ким керек болсо алып кетет да? Билесинби сени канчалык кутконубузду, тундолору жаздыкка башыбызды катып алып , ыйлап тан атырып жибергендерибизди? Айым айтпаса, мына мен айтам ата! Бизде таптакыр башкача жашоо болмок, апам олсо, сен тируу элен го, эми карачы бизди? Кимбиз биз? Бул создордон эч кандай пайда чыкпаса да айтам мен сага, жетишет ушунча которуп жургонубуз, эми мындан ары сен котор! Айым Уулкызды токтотууга аракеттенди: -Болду дейм? -Эмнеге озунду акылдуу коргозгун келет эже, калп эле менде баары жакшы дей бересинби? -Уулкыз? -Мына эми карачы атамды, акыры тубу келип экообузго коз каранды. Эмнеге билесинби? Анткени ал сен экообуздон башка эч кимге кереги жок, тируунун олугу! Атасы кош колдоп бетин жаап, бир ооз соз кошууга жарабады. Кыздарынын аны куноологонго укугу бар болчу. Уулкыз ачууланып ордунан туруп, Нурду которуп эшикке бет алды. Айым да атасына дагы келээрин айтып, артына бурулду: -Мынчалык катуу кетуунун кереги жок болчу Уулкыз? -Билем эже, озумду кармай албай калдым, адилетсиздикке чыдай албай кетем да! Ошондо эмнеге мынча катуу суйлоду экен, деп ойлоду Уулкызды. Ойго алдырып, жумушуна жетип калганын байкабай калыптыр: -Ой токтотуп коюнузчу! ? Автобустан шаша тушуп,бат' баттан басып жоноду. Себеби аны, тупсуз ойлордун кучагынан сууруп чыгуучу, кулмундогон чексиз куноосуз коздор кутуп турат. Шашылбаса болбойт. Уландысы бар.
Жакшы группа
ОКСУК КОНУЛДОР.
2-БӨЛҮМ.
Айым козун ачса тан сурулуп калыптыр.
Нурду ойготуп албайын деп, акырын кучагынан бошонуп туруп, ашканага жоноду.
Тунку ойлордон мээси чарчап, конулу кирдеп ойгонду. Эстегиси келбеген эскеруулор аны кыйнап келет ар дайым.
Эртен мененки тамакты даярдап,Нурду ойготту. Экоо конулдуу чай ичип, кызын мектепке таштап, озу жумушуна жоноду.
Буларда кундогу корунуш ушундай, эртен менен кетишип, туш оой уйго келишет. Коп учурда Нур уйдо жалгыз калат, кичинесинде Уулкыз келип карачу, эми анын да оз турмушу бар, анын устуно Нур акылына кирип калды, апасынын айтканындай кылып, эч кайда чыкпай аны кутуп отура берет уйдо.
Эне деле ойлонот кызын, бирок жумуштан калууга да болбойт.
Бул жумушун ал жанынан да артык корот, себеби бир учурларда, озун да, кызын да ушул жумуш сактап калган. Болбосо ымыркайы менен жалгыз кайда барат эле?
Ар кун эртен менен келип,тарбияланып жаткан балдарды коргондо кубанганын озу да билбей калат.
Бул жердеги наристелердин ар кимисинин озунчо тарыхы бар, биринин ата'энеси каза болуп калган, биринин атасы бар апасы жок, кээ бирлерин болсо, эшик алдына таштап кетишкен.
Айымдын биринчи жумушу, баары менен саламдашуудан башталат. Аны коргон балдар эркелеп, мойнуна асылып алышат. Айымдын балдарга катуу айтпаган, жумшак мунозун баары билип бутушкон. Алардан убактысын аябайт, чогуу ойноп, арасынан бироо'жарымы ооруп калса, кадимкидей кошо ооруп кыйналат. Кээ кундору уйуно кете албай, Нурду да ушул жерге алып келип, жумушта туноп калышат.
Бугун кирип эле кечээги баланы сурады:
-Бала жакшыбы?
-Туну менен ысытмалап чыкты.
-Азырчы?
-Бир аз жакшы.
Баланын болмосуно кирди, ойгонуп эле эжесин издеп ыйлаган окшойт, коздору шишип турат:
-Азык, кандайсын балам?
Азык унчукпай дулдуйду.
Айым жанындагы кызга кайрылды:
-Эртен мененки тамагын бердинерби?
-Ичпей койду.
-Жылытып алып кел!
Озу жайланыша отуруп, Азыктын башынан сылады:
-Сен тамак ичпесен, ооруп каласын уулум?
-Эжем качан келет?
Бала бышактады:
-Эжен келет, сен тамагынды ичип, жакшы бала болсон келип, сени алып кетет, макулбу, келегой?
Азыкты озу карап отуруп тамагын берди,кечээтен бери эч нерсе жебегенге бала ачыгып калыптыр. Ал Айымдын жылуу создоруно эрээркеп, апасын элестетип жиберди:
-Эми эжем келеби ?
-Ооба, журогой эшикке чыгасынбы?
Азыкты жетелеп короого алып чыкты:
-Канчага чыктын Азык?
-Алтыга.
"Мендей курагын экен" деп койду озунчо.
-Мектепке баргын келеби?
Бала башын ийкеди:
-Бул жерде сени мектепке алып барышат, ал жерде сен сыяктуу балдар аябай коп.
-А эжемчи?
-Эжен сен чоон жигит болгондо алып кетет, ага чейин келип, сени коруп турат.
-Бая эле тамак ичсен келип алып кетет дебединби?
Азык ыйлаганга даярданды:
Айым энкейип баланы кучактап которуп, отургучтардын бирине отурду:
-Тамак жегенин сайын чоноюп бара бересин, сен ыйлаба, ыйласан боюн оспой калат.
Бала ээрдин эмшиндетип барып токтоп калды.
-Азык , карачы бул жалбырактарды, кел терип ойнойбуз?
Айым колунан келишинче аракет кылды, бирок бала эжесин сураганын койбоду.
Албетте, азыр анын абалын Айымдай эч ким тушуно алмак эмес, бир тууганын кайра'кайра сураса да ыйлабай калганына кубанып, кеч киргенче баланын оюу менен журо берди.
Ал куну Нурду дагы алып келип, жумушунда калып калды.
Азыктын конулун алууга болгон аракетин жумшап, жоготуудан оксуп турган конулун толтургусу келди.
Эмнегедир ушул баланын коздорунан башкалардыкына окшобогон кучтуу сезимдерди окуп турду.
Бугун жуманын башталышы болгондуктан маяна алышмак.
Акчаны таркатып берип, Айым куло карады:
-Баарына жеттиби?
Баштарын ийкеген тарбиячылар Айымга карашты:
-Озунузго да жетсин .
Тамак даярдаган ашпозчунун суйлонуп жатканын угуп, устуно кирди:
-Эже, эмне болду?
-Ээ Айым, кумшекерди отконку айга салыштырмалуу азыраак алып келишиптир.
Айым чонтогунон акча алып сунду:
-Ушул жетеби?
Ашпозчу башын чайкады:
-Озун жарытылуу маяна алсан да мейли эле, эмне сенде тирилик жокпу?
-Эже, балдарга айдын акырына жеткидей кылып кумшекер сатып алыныз!
Эртеси жумуштан чыгып, Нурду мектептен алуу учун шашылып чыгып баратып, дарбазанын алдынан Азыктын эжеси менен сузушо кетти:
-Сенби?
-Эже иним кандай?
Айым аргасыз артына бурулду:
-Журу мени менен!
Азыктын эжеси менен суйлошуп отурганын ичкериден карап турду. Эжеси улам жузунон ооп, коз жашы токтобой жатты.
Айымдын журогу кысылып чыкты, бирок тим койду, сабыр кылып кутуп турду.
Эшикти акырын ачып, Азыкты которгон эжеси кирди. Акырын шыбырап суйлоду:
-Иним уктап калды?
Айым баланы озу болмосуно алып барып жаткырып, устун жылуулап жаап койду.
Экоо унсуз тиктешип отуруп калышты:
-Атын ким?
Кыз жашын суртту:
-Умутай.
-Окуйсунбу?
-Ооба, экинчи курста окуйм.
Айым кызга тике карады:
-Умутай, мени ташбоор экен деп ойлобо, бирок эми мындан ары келбе!
Кыз коздорун алайтып туруп калды, ал Айымдан мындай созду кутпосо керек:
-Эмне учун?
-Кундо келип баланын жарасын жанылай бергенден эмне пайда, качан айыгат анда ал?
-Аны апам мага таштап кеткен эже, андан башка дагы торт синдим бар, бул эн кичуубуз, жалгызыбыз. Таштап кете берсем, ал мени жек коруп калат.
-Жаш наристени кунуго сое бербегин ар куну келе берип. Андан коро бир жолу жанын оорутуп, башка кайрылып келбе, же алып кете албаганындан кийин?
-Эже?
-Сен али жашсын Умутай, окуунду жакшылап окуп, келечекте мыкты адам болуп жетиш, Азыктан кыжалат болбо, мен ага оз апасындай боло албасам да , жамандык кылбайм.
-Жок эже, мен озум алып кетем.Мен оз апамдай кылып карайм аны?
-Кандай тушунбойсун, ата'энен эми жок, сен озун азыр мээримге муктажсын, баланы кыйнап койбогун деп жатам.
Эч ким эненин ордун баса албайт, тушун!
Бир учур келет, ошондо баарынар бирге болосунар, азыр сен коп нерсени тушунбойсун!
Умутай бетин басып копко ыйлады. Бирок Айымдын созундо жан бар эле. Бир туугандык сезимге алдырып суйлоп жатканы менен, азыр аны багууга мумкунчулугу жок болчу:
-Каалаган куну алып кете аламбы?
-Ооба, эгер мен ушул жерде болсом эле.
Умутайдын кайгыдан жуйурто басып баратканын коруп , озу да ыйлап алып, артынан чыкты.
Турмушун менен жерге кир,деги буларда эмне куноо десен, же ата' энеден ажырагандардын баары эле, тагдырга да огой болуп калабы
Нурду алып кетууго кеч калды, жолдун аркы ойузуно отоору менен эле чуркады. Кээде озунун сабырдуулугуна жаны кашайып кетет, эмнеге аларды таштап атып келе бербегенине жинденип жатты, мындайда куткон автобус да келбей калат.
Чебелектеп, отуп бараткан унааларга кол которо кетти, алардын деле токтоор'токтобосу кумон да?
Кудай жалгап бироосуно ынсап берип токтой калды:
-Кайда барабыз ?
Айым Нурдун мектебинин дарегин айтып, арткы орундукка отурду.
Жетээри менен капчыгын чукулап калды,айдоочу кулуп койду:
-Бербей эле коюнуз,соопчулук деле керек го?
-Рахмат!
Айым айдоочуга танкала карап коюп, тушуп кетти.
Келсе окуучулар дээрлик калбаптыр, дайым апасынын ,озу алып кетээрин билген кызы да ордунан жылбай кутуп турган экен, апасын коро сала аксандап жетип келди:
-Кечиктиниз го?
Нурду кучактап, которо келген таттуусун карматты:
-Кызым кечир, экинчи кайталанбайт ээ?
-Келиштик!
Экоо кол алышты, жадырай кулуп, жетелешкен тейде автобустардын бирине отурушту.
Мына ушуну чыныгы суйуу десе жарашат, эненин балага, баланын энеге болгон суйуусунон , мээриминен откон жакшы нерсе барбы бул жашоодо?
Бул корунушту жакын эле жерде турган,азыркы айдоочу да корду:
-Деги чыныгы бакыт ушул болсо керек!
Ал кыздын аксандап, бир тарабына бираз ооп басып баратса да, энесин коргондо жайнаган коздорунон, озгочо таасирленген эле.
Нур экоо ичкери кирээри менен эшик чырылдап калды.
Уулкыз экен:
Айым суйунуп кетти:
-Келдинби?
Уулкыз суроосун жоопсуз калтырып, эжекесин бек кучактады. Айым сезди, анткени Уулкыз , жашоодон чарчап кетип, тогулгусу келип калганда гана ушинтчу.
-Эмне болду?
-Сени сагындым!
Уулкыз Нурду бооруна басып, ооп'ооп алды:
-Алтын кызым менин, жакшы журосунбу?
Нур эжесине эркелеп алды:
-Эмнеге Эламанды алып келбедин?
-Кийинки жолу келгенде алакелем ээ?
Нурду уктатып коюп, копко чейин суйлошуп олтурушту:
-Жигитти бекер таштапсын, ал жок уктай албай кыйналасын го?
-Элдин баары эле сен дейсинби,карай турган адам толтура го уйдо?
-Ошентсе да, сенин ордун башка да баарыбир?
-Эже койчу эми, озун кандай журосун?
-Жакшымын, менде баары сонун, Нур мектептин "Ардак тактасына" илинди, алдынкы окуучулардын катарында.
-Кызындан кутсо болот, зирек эмеспи,мен озун жонундо сурадым?
Айым ойлуу жооп берди:
-Уулкыз айтчы, эне учун баланын бакытынан артык бакыт барбы бул жарыктыкта?
-Албетте жок, бирок сенделе ысык жансын да?
-Мен эркек аттуудан конулум калган, эгер алар ошол кызымдын атасындай болсо, анда жалгыз эле журо бергеним артык.
-Беш кол тен эмес да, сени коп ойлончу болдум акыркы убактарда.
-А сен ойлобо, сен уулунду, Кенжебекти ойло!
-Сен эмне Нурдан башка эч кимди ойлобойсунбу?
Айым кулуп койду:
-Сени да коргум келип турат,сенин бактылуу жашаганынды коруунун озу мага чон дем берет,менда да бир кун келип жакшы кундорго жетээрмин андай дебечи?
Бир тууганы, эжесинин мунайым тарткан коздорунон баардыгын окуп турду, дуйнодо, озуно куйоор жалгыз адамы го кантсе да.
Уулкыз уйбулодо эн кичуу уулга турмушка чыккан. Ортолорунда уулу бар.
Кенжебек мыкты жолдош,камкор ата!
Ата'энеси, бир туугандары да жакшы адамдар,Уулкызды оз кызындай жакшы корушот.
Баса, Уулкыз кантип мындай кен пейил адамдарга туш келип калды эле, аны да айта кетпесек болбос?
. ********
Айымдын кетип калганын угуп,Уулкыз алгач ишенбей карап тура берди, ал учун кутулбогон кабар болчу. Кабар айтып келген адамды улам'улам жузуно тигилет:
-Сиз ким болосуз?
-Мен жон эле кабар айткан адаммын, мага "Айымдын кабарын билдирип кой!"дешти болгону, мына дареги.
Мына сага!
Майып кызы менен кандай кун кечирип журду экен?
Уулкыз кагаздагы даректи окуганы менен, ал жака жете албастыгын тушунуп эле турду.
Айымдын кетип калышы, жалгыз бир тууганынан башкасына коп деле баш оору жаратпагандай.
"Теги жамандар, мен силердин айынардан айылда баш которуп журо албай калдым, эч кимиси жоктой болбой уйго келбейби?" деп, эжеси бар кучун Уулкыздан чыгарды .
Озу да буулугуп аран жургон кызга бул создор ашыкча болчу. Эмне кылаарын билбеди.
Анын абалын тушунуп, акылын айта турган жан адам табылбады. Бир тараптан айыл шартындагы тумон туйшуктон баш которо албаса, экинчиден эжесине болгон кусалык эзди кызды.
Кундо жатаарда Кудайдан амандыгын тилеп жалбарат. Оз алдынча Айымды издеп барууга эрки жетпейт эле.
Бугун да кундогу жумуш кайталанып, короого келген малдарды байлап жургон.
Огой энесинин ачуу унунон зырылдап жетип барды. Уулкыз анын эмнеге ачууланып жатканын билгенге деле улгурбоду, босогодон бери ыргыган идиш жердеги ташка тийип, анын бир болук сыныгы , бутуна келип тийгенде гана эсине келе тушту.
Бутунун кызыл ашыгынан бираз жогору жери бираз ачышып ооруп, анан ысык кан жая берди. Уулкыз коркуп кетип аркага кетенчиктеди:
-Апа бутум..?.
Апасы да коркуп кетти бейм, коздору алайып кетти.
Ал кезде ар кимдин короосунда бирден унаа кайдан, а "Тез жардам" унаасы андай тоонун боорундагы айылга жеткенче качан?
Эптеп бироону таап келишти, ошол учурда апасы да эмне кылып койгонуна тушуно албай, ичинен коркуп турду.
Аймактык ооруканага жетип барганча карангы кирип кетти. Уулкыздын ооруга чыдабай, козунон буурчак'буурчак жаш тогулот.
Деги бир Кудай сактаптыр. Эгер бираз эле теренирээк кесип кеткенде, соокко жете тушмок экен. Озу да талуу жер болгондуктан, дарыгерлер шашып калышты.
Уулкыз козун ачса буту танылуу жатыптыр.
Мандайында турган, ак халатчан жаш эле дарыгер , кызга карап жылмайды:
-Абалын жакшыбы?
Ооруканада он кундон ашык жатып калды. Озу менен чогуу жаткан жашы элуулордон отуп калган толук жуздуу аял, улам кызга боору ооругандай карай берди.
Уулкыз озуно аянычтуу, анан оздорун бийик коюп, устуртодон караган адамдарды жактырчу эмес. Азыр да анын коз карашынан ачууланып отурган.
Ангыча медайым эшиктен баш бакты:
-Эже, уулунуз сизди коргону келиптир,башчыбыз жогунан пайдаланып киргизе берейин, батыраак чык деп айтыныз!
Сырттан кара тору, коздору кулмундогон жигит кирди.
Ал апасы менен суйлошуп отурганы менен, эси'дарты киргенде эле мандайынан, озу кабылган Уулкыздын,керсары тарткан жузундо болчу.
Чындап эле тагдыр дейбизби, же жон эле дал келуучулукпу, болбосо азыр кобурашып отурган эне баланын оюу бир жерден чыгат деп ким ойлоптур.?
Ошол ошол болду. Кенжебек Уулкыздын артынан калбай журуп, кыздын конулун озуно бурууга жетишти.
Кыз конулу назик болот эмеспи, жакшы созго, жылуу мамилеге оксук конулу аз да болсо толо тушту. Ал турмуштун кандай экенин билууго жаштык кылса да, тобокелдикке салды.
Озунун макулдугу менен эле, Кенжебектин колун кармады.
Себеби максатсыз жашап журо берсе, бир кун акылсыздык кылып коюшу мумкун эле, анткени, анын конулу менен эч ким эсептешчу эмес.
Балким ал деле келечекте мыкты инсан болуп жетишкиси келгендир, а мумкун анын да толгон'токой арзуулары бардыр эле?
Ал эми кыздын ичинде гана кала берди.
Уулкыз адашкан жок, ал куткон мээримди, озу энсеп жургон камкордукту жолдошунан, анын ата'энесинен корду.
Жашоодо жакшы адамдар да бар экенине аз да болсо ишенди.
Анын конулу оксук экенин эч ким эстетпеди бул уйдо, бир аз тумоолоп калса, кайненеси баш болуп уйрулуп тушо калышат. Дары'дармегин ташып, колунан жумушун алып, Кенжебек жанынан чыкпайт.
Жакшы адамдардын балдары да жакшы болот, себеби алар мыкты тарбия корушкон, мээримге болонуп чоноюшкан, ал эми камкордкта, бейпилдикте чонойгон инсан, башкаларга да мээрим бере алат.
Анын сынары, Кенжебектин бир туугандары да ток пейил адамдар,алар Уулкызга, эч кимиси жок экенин билдиришпейт, барам деген жагынан калтырышпайт, пикирин сыйлап турушат. Алгач бул корунуш кызга оон учураганы менен, акырындап коно баштады. Багбандын мээнети куч болсо, гул да ошончолук кулпуруп бучурун ачкандай,Уулкыз да абдан татына келин болду.
Бугун айылда улак болуп, ага катышып келген Кенжебек эчкинин этин алып келди. Эмнеге аны которуп келгенин ким билсин, аны коргон Уулкыз эттин баарын салып, уйдогу эттерден да кошумчалап, жашылчалардан толтура кошуп, дымдама жасады. Тамак даамдуу болуптур, баары келинди алкап эле жегендей болушкан. Бирок кайненеси менен жолдошу улам эле эшикке кирип'чыгып калышты.
Кенжебек Уулкызды чакырды:
-Мен алып келген эт кана?
-Тамакка кошуп салдым?
-Кайсы тамакка?
-Азыр эле жебединби озун?
Кенжебек же ачуусун келтирээрин билбей, же куло албай туруп калды:
-Эй, ал деген эчкинин эти да?
Уулкыз каамырабады:
-Аны кайдан билдим, жумшак, даамдуу экен го?
Куйоосу келинчегин мойнунан кучактап, ылдый ийди:
-Сени менен анан суйлошом!
Дааратканага чуркап бараткан жолдошун карап, Уулкыз ийнин куушуруп койду да уйго кирип кетти.
Корсо "эчкинин эти суук келет" деп, такыр жешчу эмес экен, баарынан да кайненеси менен Кенжебектин ичи ооруп кыйналышыптыр ал куну. Ал окуяны копко чейин айтып, кулуп журушту.
Корсо аз эле олчомдо, мээрим гана керек турбайбы конулдорго! ?
Уулкыз дароо эле Айымды издеп барды. Бир тууганын коргондо кубанганынан ыйлады.
Бул жашоо татаалдыктарга бай, бирок ошентсе да адам баласы жашагысы келе берет. Шарт оор болобу, же кыйынбы анын айырмасы жок.
Айым перзенти учун жашагысы келсе, Уулкыз да ошол сынары.
Кыйынчылык менен откоргон балалык кундору, заматта эле бир жаман туш сыяктуу артта калды.
Ооба, эми ал кундорго кайра'кайра кайрылып, эстей бергенден пайда жок. Бирок журокто айыкпас дарт болуп, канча мезгил отсо да кунурттонуп тура берери бышык соз.
Ата'энесиз жалгыз эле булар эмес албетте, жашоодо андайлар толтура.
Айым эртен менен ойгонсо Уулкыз тамак даярдап коюптур:
-Сен жумушуна бара бер, Нурду мен жеткирип коем.
-Уйуно кечикпейсинби ?
-Сага окшоп кундо шашыла турган жумушум жок го?
Айым синдисине бирдеме айтуучудай, оозун таптап туруп калды:
-Эмнени сурай албай жатасын?
-Уулкыз, атаман кабар албадынбы?
Уулкыздын кабагы бурколо тушту:
-Жок, сен барып турасын го, жетет ошол, эгер жардам керек болсо..
-Баарыбир атабыз эмеспи?
-Анда эмнеге биз куткондо келбеди?
-Откон отту да, кекчил болгондун эмне кереги бар?
-Мен кек сактаган жокмун эже, болгону "ий атам эле" деген сезим жок менде, аракет деле жасап кордум, болбосо эмне кылайын?
Айым улутунуп алды:
-Менде бар дейсинби андай сезим, мен болгону перзенттик бурчумду аткаргым келет.
-Анда аткара бер, мени зордобо, коргум келбейт ал адамды!
Айым унчукпады, бир тууганы менен жылуу коштошуп , жумушуна жоноду.
Анын созу деле туура!
Кайсы ата' эне баласын унутуп койсун, балдарынын озунун мээримине муктаж экенин билип туруп, эмнеге бир да жолу издеп келбей койду? Атасынын деле озуно жараша себептери болгондур келбегенине, бирок кантип?
Айым бул суроолорду нечен ирет берди озуно, атасынын келбесин билсе дагы, дилинде умут оту булбулдоп жанып турчу.
Куто берчу.
Жетим балдар уйуно келип жашап калгандан кийин, атасын суруштуруп, издей баштады. Эмнеге издеди озу деле билбейт, балким сагынып, ага болгон таарынычын айткысы келди?
Анын башка уйбулосу бар экенин билгенде, ото катуу деле конулуно тийбеди, анткени озу божомол кылып, сезип журчу.
Айымды коргондо атасы кубандыбы, же жон эле кызынын конулун которгусу келдиби, айтор кучактап алып копко ыйлаган. Аны деле окунуч журогун жеп жургондур ушунча жылдан бери.
Ачылып суйлошо албай, коомай сурашып,атасынын кабагын карап отура берди кызы. Алдыларына тасмал жайып, чайын сунуп жаткан аялды, чолуй бир карап алды.
Ал деле кыздагы сезимдерди байкап, акырын сыртка чыгып кетти.
Айымдын кокурогундогу уюп турган сагынычы, кандайдыр бир ооруну жаратты. Дилинде даярдап келген создору айтылбай, ичтен тынды. Эми оропкоп таарына бергенден эч кандай майнап чыкпасын билди. Апасындай мээримдуу болбосо дагы аялы , аялдын озуно окшош баласы бар экен.
Олгондун озунун эле шору тура! Артында калган тируулор, андан ары жашоосуна улантып кете берет.
Айым ашыкча соз айталбай коштошуп кете берген. Издеп барганына да окунуп кеткен эле ошол убакта. Бирок бул жашоодо эч нерсе себепсиз болбойт, дарактан бир жалбырак жерге тушсо да, анын да оз себеби болот.
Коп отпой атасына дагы барды, бирок биринчи барган даректен таппай калды. Нур ал кезде эки жаштан отуп калган кези болчу. Анын оорулуу буту кеч чыкканына байланыштуу, Айым аны которуп алчу. Кызын жонуна которуп журуп, атасын ар кимден сураштырып журду. Бир эле жолу эмес, далай ирет издеп барып, аран тапты атасын.
Коргон коздоруно ишенген жок, коздорунон нур кеткен, арыктыгынан далысы каркайып, ичкиликтен жузу шишип кеткен, таптакыр башка эле адам турду алдында. Кызынын козуно карай албай томсорот:
-Ата?
-Дагы издеп келдинби?
Атасы кызынын абалына боору ооруп, озунун акылсыз ата болгонуна кейип, Нурду бооруна басып оксогон эле.
Ичтен эзген куйуттон кыйналгандыр, же кыздарынын алдындагы куноосу тынч койбогондур, жакшына эле жашап жаткан жашоосунан айрылып калаарын сезбей, атасы ичкиликке берилип кетиптир. Андай адамдын кимге кереги бар дейсин?
Анан аялы да кол шилтеп басып кетиптир. Айым атасынын бул абалын коруп, унчукпай кетип кала албады.
Тамак'ашы, кунумдук керектелуучу нерселерин ташып келип берип журду. Келип кирин жууп, тамагын бышырып берет, бирок атасы ичкенин токтотподу. Акыркы жолу келгенде Уулкызды да ээрчите келди, алагуу болуп отурган атасы кичине кызын коргондо соолуга тушту:
-Кы ззым?
Уулкыз адатынча буулугуп ыйлабады, аны деле турмуш озгорткон да?:
-Кебетен кантет?
Атасынын башы шылк дей тушту:
-Мен ушинтип калдым кыздарым?
-Уялсан боло?
-Ошондо апан эмес мен олгонумдо, силер да мынчалык кыйналбайт эленер, кызым?
Уулкыз жинденип кетти:
-Сен кимсин Жараткандын ишине аралашкандай, ким керек болсо алып кетет да? Билесинби сени канчалык кутконубузду, тундолору жаздыкка башыбызды катып алып , ыйлап тан атырып жибергендерибизди? Айым айтпаса, мына мен айтам ата!
Бизде таптакыр башкача жашоо болмок, апам олсо, сен тируу элен го, эми карачы бизди?
Кимбиз биз? Бул создордон эч кандай пайда чыкпаса да айтам мен сага, жетишет ушунча которуп жургонубуз, эми мындан ары сен котор!
Айым Уулкызды токтотууга аракеттенди:
-Болду дейм?
-Эмнеге озунду акылдуу коргозгун келет эже, калп эле менде баары жакшы дей бересинби?
-Уулкыз?
-Мына эми карачы атамды, акыры тубу келип экообузго коз каранды. Эмнеге билесинби?
Анткени ал сен экообуздон башка эч кимге кереги жок, тируунун олугу!
Атасы кош колдоп бетин жаап, бир ооз соз кошууга жарабады. Кыздарынын аны куноологонго укугу бар болчу.
Уулкыз ачууланып ордунан туруп, Нурду которуп эшикке бет алды. Айым да атасына дагы келээрин айтып, артына бурулду:
-Мынчалык катуу кетуунун кереги жок болчу Уулкыз?
-Билем эже, озумду кармай албай калдым, адилетсиздикке чыдай албай кетем да!
Ошондо эмнеге мынча катуу суйлоду экен, деп ойлоду Уулкызды.
Ойго алдырып, жумушуна жетип калганын байкабай калыптыр:
-Ой токтотуп коюнузчу! ?
Автобустан шаша тушуп,бат' баттан басып жоноду.
Себеби аны, тупсуз ойлордун кучагынан сууруп чыгуучу, кулмундогон чексиз куноосуз коздор кутуп турат.
Шашылбаса болбойт.
Уландысы бар.