Аноним...

Сенсиздикке көнө албай койдум...
Унутасың көп болсо 6 айда дешкен. Жок сен жок жашоомду баштаганыма 2 жылга чукулдап баратат, тескерисинче сага деген сагынычым күчөп, өзүмө өзүм батпай баратам. Унутуш үчүн баарын кылдым. Башка мамлекетке кеттим. Оюмда сенден качтым деп ойлогом, жок сенсиз жашап баштаган өзүмдөн качыптырмын. Эмнеге сага анчалык байланганмын билбейм. Жарашалы деп келгениңде чогу кетбегениме өкүнөм, өмүр бою өзүмдү ошол үчүн күнөөлөп өтсөм керек өмүрдөн. Сен да намыстанып экинчи жолу келбедиң. Чогу жашап өмүр бою апаңдын жемесин укканча, бир жыл кыйналып сени унутуп койгонум жакшы дегем, адашыпмын... Сени ойлобош үчүн 24 саат да иштей берем. Эс алгандан корком. Оюмдун баарын сен ээлеп аласың. Бир аз чыдап койсом балким баарын жеңип чыгат белек. Балабызды карап бир аз өзүмдү басып отуруп калам. Турмушка чык дешет. Ушул сөздү укбаш үчүн, тууган тааныш эч ким менен сүйлөшбөй калдым. Сенден башка адам менен жашаганымды элестете албайм. Кийин ушул күндөрүңдү эстеп күлөсүң дешти, жок менин жүзүмдөгү күлкүм сени менен чогу кеткен. Менин ордума өздөрүн коюп көрүшбөйт. Жүрөгүңдө башка адам болуп туруп, кантип башка адам менен жашайсың. Суйүү никеден кийин деп айтышат, сен менин никеден кийинки сүйүүм экениңди билишбейт.Унутум деп сыртымдан сыр бербегеним менен, ичимдеги эзилип жок болуп баратам. МЕН СЕНИ САГЫНДЫМ...

245561470_211001571115182_8520982600471386265_n (1).mp4
00:14
245561470_211001571115182_8520982600471386265_n (1).mp4

Комментарии