КАДИМКИ УЙГАКТЫН ПАЙДАСЫ.

Бул чөптү баарыбыз көргөнбүз, билебиз. Корообузда, жол четинде дайым өсүп турат. Көпчүлүк эл тилекке каршы анын дары чөп экенин билбейт. Кудай бул чөптү адамга абдан жакын жайгаштырганы бекеринен эмес, чынында. Биздин дартыбызга даба болчу күчтүү дарылар - аптекада эмес, сетевиктер рекламалап даңктаган башка өлкөлөрдөн келген Баддарда эмес, бут алдыбызда тебеленип жатат. Ошого көңүл бурганды үйрөнөлү, туугандар.
Уйгакты дары осумдуктордун академиги деп айтышат, анткени анын колдонуу сферасы укмуштай кенири. Айтылуу женьшень менен алтын тамырдан касиеттери кем калбайт, бирок кыргыздар тилекке каршы аны отоо чоп катары анча баалабайт. Уйгак же тоо жалбырак - бул жалбырагы чоң, өзөгү бийик эки жылдык өсүмдүк. Анын жалбырагында дарылык кесиети бар заттар көп. Жалбырагын август айында жыйнашат. Элдик медицинада аны куяң (радикулит) ооорусун айыктыруу үчүн колдонушат. Төө жалбырактын тамырын сууга кайнатып, заара, тер чыгара турган дары даярдашат, аны ошондой эле муун жана кызыл жүгүрүк ооруларына каршы да колдонушат. Ашказан жарасын, өнөкөт гастритти айыктырат. Кант диабети менен ооругандарга да пайдалуу.
Кайнатып, тундурма даярдоо үчүн бир аш кашык төө жалбырактын тамырына 1 стакан кайнак суу куюп аралаштырат да, идиши менен кошо эмалданган идиште кайнап жаткан сууга салып 30 мүнөт ысытат. Андан кийин муздаган, даяр болгон дарыга бир аз кайнак суу кошуп 200 миллилитрге жеткирет. Ал салкын жерде 2 суткага чейин сакталат. Кант диабети менен ооругандар жана ички жарасы барлар күнүнө 2 — 3 жолу жылуу түрүндө жарым стакандан ичүү керек. Жалбырагынын ширесин ашказан, боор ооруларына колдонот. Ичкенге жагымдуу, ачуу эмес. Ашказан, бойрогу, боору, оту, уйку бези, муундары ооругандар, диабетиктер, гипертониктер ичип койсо пайдалуу. Тери, онкология ооруларга да женилдик берет...

Комментарии