================ - Кулдугубуз бар, кудалар, келиңиздер! - деп үйгө карай жол баштап, конок үйгө киргизип сый көргөзө баштады. Алдына коюлган тамактарды алаар-алмаксан болуп отургандар келгени жылмайбады, суз гана отурушту. Эки аял, үч эркек, сиңдиси кошо келген экен. Аябай сыйлап койдун этин тартып, кымбат арак-шараптарды алып келди эле ичишкен да жок. Эртеси кетээринде алдында ачуу басар деп жетимиш миң сом, андан башка отуз миң менен бирге кийим-кече койду эле бирин да алышпады. Канчалык асты-үстүнө түшүп машинасына салып берсе да албай коюшту. Камила дагы ыйлаган бойдон калды. Акыры анын түрү бузула баштады. Кыял көрсөтүп, туруп-туруп эле ыйлап алат. Денис андайда жалынып-жалбарып: - Камила, капалана бербечи, акыры көнүшөт да, балалуу болсок ошондо өздөрү эле келишет, - деп сооротот. - Денис, мен барбасам болбойт, мен үчүн ата-энем ажырашмак болуп атыптыр, мен ага жол бербейм, андан көрө өз үйүмдөн атама өлүп бербесем, апамды мен үчүн күнөөлөгүдөй, анын күнөөсү эмне? Мен өз бетимче күйөөгө чыгып кетсем эле күнөөлүү болмок беле? - Койчу эми, капаланбай тынчтанчы, эмне сени төркүлөтөлүбү? - Ой, ошондо болмок беле, баарыбызды үйгө киргизбей уят болом да, мен атамдын сырын жакшы билем, айтканын кылат. - Анан кандай кылышыбыз керек? - Мен өзүм барып келишим керек, болбосо апама жаман болот, - деп Камила ыйлап жатты. Денистин аргасы кетти: - Мен сага айткам, баягыда кошо кете берсең болмок, мен өзүм ошол үйдөн алып кетмекмин, эми барсаң уят, бияктагылар эмне дешет? - Билбей, эмне кылаарымды да билбей калдым, эл эмне десе ошо дешсин, кетпесем болбойт. - Кызыксың го, эми чыдай тур да, төрөсөң келбесе анан алып барам, - Денис аргасы кете сүйлөдү. Экөө ары кетип, бери кетип отуруп, акыры төрөгөнчө чыдоого көндүрдү аны. Ичи билинип алты ай болуп калган, болоор-болбостон экөө уруша кетти, Денис жинденип үйдөн чыгып кетти. Камила анын артынан жүгүрүп: - Денис, мени кечирип койчу, эч качан антпейм эми, Денис, бери кел дейм, Денис! - деп кыйкырды. - Барчы ары, чарчап кеттим! - деген Денис колун шилтеп кетип калды. Камила ыйлап жатып алды. Ажар анын жумуш кылбаганына кайыл, төркүндөрүн сагынды деген ойдо анын жанына кирди: - Камила, көп эле ыйлай бербе, балам, ата-эне кечип кайда барат эле, сенин өз каалаганыңа кетип калганың жакпаса керек да атаңа, ичиңдеги балаңа да зыяны тиет, ыйлаба, айланайын. - Апа, мен өзүм барып келейин дедим эле? - Кой, кокуй, салтты билбеген кандай немелер дебейби, мен атаң менен да кеңешип көрөйүнчү, жок дегенде Денис менен бир келинди кошуп, союш союп берсек барып көр. - Өзүм эле барам, кайра келип калам, - Камила жалдырап ийди. - Апа, макул десеңиз, өзүм барып келейин. - Кеңешип көрөйүн, сен ыйлаба балаңа таасири тийет, - Ажар чыгып баратып келинин бир карап алып боору ооруп кетти: "Кудая тобо-о, ушундай да ата-энелер болот экен да, өз баласын жериген, эми мында не күнөө бечара, уулумду сүйүп калганыбы?" - деп ойлуу өз бөлмөсүнө кирип отуруп калды. Калмурат кирип: - Тиги келин дегеле козголбойт да, кемпир, экөөбүздү жыргатпайт го? - деди отуруп жатып. - Акырын, ал да бирөөнүн баласы да, ботом, ансыз деле ата-энесинин кылыгына чүнчүп жүрөт, - Ажар маанилүү сөз айтчудай, - отурчу мындай, келин ыйлап атат, үйүмө өзүм барып келейин дейт, - деп шыбыраганда Калмурат чоочуп кетти: - Өзү барганы эмнеси? - Эми ал бала да, таарынычын өзү барып айткысы келип жаткандыр, өйдө-төмөндү билмек кайда, андан көрө кеңешели, Алмаз менен Динараны, тиги баланы кошуп жөнөтөлү, берчүүндү бер, бирди союп берели, эмне дейсиң? - Ойлонолучу, Бекболуга кеңешейинчи. - Бала сен эмне десең мейли дейт да, андан көрө бир семиз койду камда, мен боорсок жасатайын, бүрсүгүнү жөнөтүп ийели, жалгыз соксойтуп кое бербей, боюнда да бар. - Мейли, кемпир, бул сөзүң да туура, - Калмурат бул сөзгө муюгандай болду. Ошентип алар дагы бир жолу Асылбектин босогосун аттамак болушту. Үчүнчү күнү өзүм эле барып кайра келет элем дегенине болбой Алмаз, Динара, Бекболу анан Денис менен Камила болуп өздөрүнүн машинасы менен жөнөп калышты. Камиланын көңүлү такыр ачылган жок, ичинен сарсанаа болуп баратты: "Апам келди бекен, атам киргизбей койсо канттим, эмнеге менин атам мындай, башкалардын атасындай эмес" деп ойлоп кете берди. Эрте чыккандыктан түш оой, саат үчтөрдө жетип келишти. Камиланын жүрөгү дүкүлдөп өзү чоңоюп өскөн үйүнө аттап кирүүдөн тартынып, короонун эшигинде туруп калды. Бир кезде иниси Насыр келип: - Эже, келдиңизби, эми кетпейсизби? - Эң кичүү иниси аны жалдырай карады. - Апам дагы жок, кетип калган. Инисин кучактаган Камила ыйлап жатты. - Ооба, кетпеймин, апамды алып келебиз, - Экөө ыйлап жатканда Асылбек чыга калып: - Насыр, бас бери! - деп кыйкырды. - Ата, Камила эжем келди, үйгө кире берсинби? - Кирбейт, тез үйгө бас! - Ата, эжемди үйгө киргизеличи? - Насыр атасына жалооруй карады. Баятан бери эмне кылаарын билбей туруп калышкан, Бекболу тайсалдай Асылбекти көздөй басты: - Кулдук, куда, келин силерди сагынганынан алып келдик эле. - Алып кете бергиле, менин андай кызым жок! - Ата, ал эмне дегениңиз, мени эмнеге жек көрүп калдыңыз, өзүңүздүн сүйүктүү кызыңыз эмес белем? - Камила ыйлап жатып ушинткенде Насыр үйгө кирип кеткен. - Бас үнүңдү, мен үчүн сен өлгөнсүң! - Тирүү кызыңызды өлгөнгө чыгардыңызбы, ата, атакебай антпечи! - деп Камила короого кирмек болгондо Асылбек кыйкырып жиберди: - Токто, босогомду аттаба! - Ата-а? - Жогол көзүмө көрүнбөй, - деп үйүнө кирип кетти. Камила ботодой боздоп турганда Динара аны сооротуп жатты: - Кой ыйлаба, ачуусу тарай элек тура, капаланбай эле кой, буларды таштап кете берели, - Динара Алмазга карады. - Жүктү түшүр, инисине берип коюп кете берели, антпесек кеч кирип кетти. - Макул, - Алмаз багаждан жүктөрдү түшүрүп жатканда Асылбек кайра чыга калып: - Кереги жок, алып кет ары! - деди. Бири-бирин карап туруп калышты. Бир убакта Насыр бери карай жүгүрүп келатканда ага жиндене кыйкырды. - Кайда барасың, эй бала? - Эжеме, мен эжемди сагындым, - Насыр ыйлап ийди, Асылбек менен ушул кенже баласы эле калган, Адина Жийде кеткенде кошо кетип калган болчу. Бир убакта бар күчүн жыйнаган Денис Асылбекти көздөй өзү жөнөдү. Эмне болуп кетээр экен дешип беркилер карап туруп калышты. - Ата, мени кечириңиз, бир мен деп кызыңызды өлүк кылгыңыз келбесе алдыңызда турам, менден өч алсаңыз болот! - Эмне-е, сен ким болуп кеттиң мага акыл айткыдай? - деген Асылбек аны жаакка бир чапты. - Менин колумдан өлө элегиңде жоголуп кет, болбосо башыңды тооктой жулуп салам! - Камиланы менден артыкка берет белеңиз, эгер мен сизге жакпасам азыр кызыңызды алып калыңыз, ыйлай берип азап тартып бүттү, мен кайрылып келбеске сөз берем! - Тилиңди тартып кал, өлсө бир бала өлөт, алып кете бер! - Мен аны ыйлатып туруп алып кетпейм, биз жакшы ой менен келгенбиз. - Ой бала, сен… - Асылбек Денисти бир муштап ийди эле, ал теңселип барып токтогондо буттан чалды да, тепкилей баштады. Камила жүгүрүп жетип: - Өлтүргүңүз келсе мени өлтүрүңүз, мен өзүм аны сүйөм уктуңузбу, мени өлгөндөн да артык кылдыңыз, - деп ортого түшүп чырылдап жатканда бир коңшусу басып келип, кайра кетип калды. Алар Асылбектин кыялын билгендиктен эчтеке дешпеди. Денисти өйдө кылып, Бекболу менен Алмаз машинага салды. Камиланы Динара: - Кой, Камила, биз менен эле кете бер, акыры түшүнөт да кайда бармак эле? - деп жетелеп кетип отургузуп, жөнөп кетишти. - Ики-ий, белимди сындырып койду окшойт, келбей эле өзүн жөнөтүп ийбей, кайдан да катын ала койдум эле, - деп Денис ачуулана сөгүнүп алды. - Сый жарашпаган адам экен. Камила унчукпады, не демек, ызасынан көзүнүн жашын үнсүз төгүп кетип жатты. Алдыда келе жаткан Денис кыймылдаган сайын "ий-ий" деп окшоп коет. Ансайын Камиланын жети өмүрү жерге кирди. Анан оюна апасы түшүп: - Аке, мына бул жерге токтой туруңузчу, - деди Сокулукка жеткенде. Алмаз унчукпай токтотту эле түшө калып, жолдун аркы бетине өттү да бир үйдүн эшигин такылдатып жатты. Жийде ошол жерде болчу, эшик ачкан тагасынын кызы менен учурашпай эле апасын сурады. Бир убакта кирип кетип Жийде экөө чыкты, эне-баланын эмне деп сүйлөшкөнү белгисиз, Камила шаша кайра келип: - Аке, тигил үйгө айдасаңыз, - деди. Алмаз унчукпай машинасын буруп, жолдун жээгине токтоткондо Жийде атасы менен апасы, иниси болуп аларды үйгө киргизип коноктошту. Камила апасы экөө сүйлөшүп отуруп: - Сен эми калба, кызым, Денис жакшы бала экен, ал айбан эсине келээр, болбосо мен аны менен ажырашам, Насыр азыр жаш, аерде тура берсин, - деди. - Апа, эми көңүлүм тынды, атамдан аябай көңүлүм калды, неге өз баласын ушундай абалга калтырат? - Аны айтып эмне кыласың, кызым, ушуга чейин силер үчүн чыдап келгенмин, - деди Жийде кейий. Денис болсо отуруп тура албай калды, тепкенде омуртка сөөккө зак кеткен окшойт, аябай кыйналып жатты. Жийде аларды аябай жакшы коноктоп кийит-кече кийгизип жөнөтүп жиберди. Бир аз болсо да көңүлү тына түшкөн Камила эми күйөөсүнүн түйшүгүн тартып жатты. Белин көрсөтүп омурткасы жылып кеткенин билип, аны ордуна салдырып көпкө кыйналып жүрдү. Камила кыз төрөп алды, ал төрөгөндө Жийде келинин ээрчитип, иниси, апасы төртөө бешик алып келип берип кетти. Арадан убакыт өтүп Асылбек Жийденин кылыгын угуп, жини келгени менен эчтеке дей албай, алдына түшүп жатып атасынын жылдыгы болоордун алдында алып кетти. Жийде кызына карап кудаларына айттырып ийди эле алар колдорунан келгенинче чогуу келип калышты. Асылбек унчуга албады, Жийде баарын жайгарып жакшы жөнөтүп Камила калып калды. Кызы Аруужан чоңойуп калган. Асылбек эл кеткенден кийин дагы баштады. - Сен менин тилимди албай күйөөгө тийип, мени уят кылдың, эми күйөөңө айткын, мага үч миң доллар таап келбесе эч жакка барбайсың. - Сен жинди болдуңбу, мына эми минтип кызы турат, жакшы эле аракет кылды, алып келди, өзүң кабыл албасаң, кимдин эле кызынан жетимиш, жүз миң сом келип атыптыр? - Жийде күйөөсүнө жини келе карады. - Эми жаш деги эмессиң, акылың жок, Асылбек, кызыңды кыйнап койдуң. - Кыйналбайт, эгер үч миң доллар алып келбесе кызын өлтүрүп салам! - Эмне дейт, кокуй, Асылбек, сен жинди болуп калгансың го? - Жийде ордунан тура калды. Камила көзүнүн жашын төгүп отура берди. - Эсиңе кел, Асылбек, кайсы кудай ургур өзүнүн кызын сенчилеп кыйнайт, Камилага анча эмне өчөшүп алдың? - Кызың мени ата ордуна көрбөй басып кетти, мени укпады, айтканым айткан, үч миң доллар алып келмейинче кызын ала албайт! - деп туруп кетти. Камила Дениске телефон чалды. Ал кичине жакшы болуп калган. - Алло, Денис, менин сага айтаар жаңылыгым бар, мени атам үч миң доллар алып келбесеңер кызыңарды бербейм деп жатат, мени куткар, Денис! - телефондон ыйлаганы билинип турду. Денис ата-энесине айтты эле, алар жакаларын кармап унчукпай калышты, көптөн кийин гана Калмурат: - Уулум, баш аман болсо мал-дүнүйө табылат, кыз биздин каныбыз, ошондуктан эптеп табалы, азыр алтымыш миңди алып барып бергиле, калганын таап беребиз деп айткыла, - деди. - Капырай эс-акылы ордунда эмес го дейм, өз баласынын баласын өлтүрөм дегени эмнеси? - Ажар ойлуу өзүнчө күбүрөндү. - Уяты жок неме да, өлтүрө деле албайт, жөн эле акча өндүрүш үчүн ошентип жатат да, - Алмаз башын жерге сала айтты. - Ошондо да өлтүрөм дегенге кантип оозу барды экен? - Оорусу бар неме го? - Тобо-о, ким билет аны, мурда билип-көрүп жүрбөсөк, - дешип ойлонуп жатып калды. Бир жумадан кийин карыздап алып, мал-сал сатып, алтымыш миңди алып, эки жеңеси менен Денис жөнөдү. Телефон чалды эле Камила ала коюп: - Денис, эмне болду? Атам мага Аруужанды такыр көргөзбөй жатат, эмне кылаарымды да билбейм, - деди ыйлап. - Мен келип калдым, алтымыш миңди алып келдик, ошого макул болобу? - Билбейм, айтып көрөйүн да, - деп телефонду өчүрүп койду Камила. - Балким Камила атасына кошумча болуп калп эле ошончо акчаны алдыргысы келип бизди кыйнап жаткан болбосун? - Динара ички күдүк оюн кайнисине кыйытты. - Камила андай эмес, атасы жинди неме тура, жолуккандан да коркуп калдым. - Сен көрүнбө, акчаны биз беребиз, анан көрөм мени сабап эле көрсүн, - Динара шымалана билегин түрө күлүп койду. - Кол салып кирсе аны менен күрөшүп өзүн милицияга берип коем. - Кой эми, жеңе, кудабыз менен күрөшүп чемпион болмок белек, иши кылса баары жакшы бүтсө экен, - Денистин телефону чыр эткенинен ала койду. - Алло, Камила, угуп жатам. - Азыр атам жок, Аруужанды апам алып отуруптур, сен көрүнбө акчаны да бербе, мен кызды алып болжолдогон жерге барам. Анын көзүнө чалдыга көрбө, силерди келет деп ойлогон жок, бир жакка кетиптир! - Анда мен Сокулуктагы тайкеңдин үйүнүн жанында болом, сен маршруткага түшө кал! - Макул, - телефон өчтү. Денис машинаны айдап жөнөдү. Эки-үч сааттан кийин Камила келип калды. Алактап алган. Кызын бооруна кыса ыйлап ийди. - Ушуну өлтүрүп коем дебедиби, апам гана кармап жатты, атамын андай жини жок эле. - Сени бир байга бермек болуп жүрсө анан сен өзүм сүйдүм, тийдим деп башкага кетип калсаң ошондой болот да? - Денис кызын алып бетинен өөп, күлүп калды. - Кеттик, Денис, кеч кирип баратат, түндөп жол жүрөт окшойбуз? - Кудай жол берсе, жетип калабыз. - Баса, бул акчаны кудагыйга таштап койсок болот эле да? - Кереги жок, бербей эле койгула, эми эч качан келбейм! - Камила жер карай айтты. - Акылынан айнып калгандай тим эле. - Боло берет, эчтеке болбойт, Камила, бул жашоодогу алгачкы сыноого кабылганыңар, бала экөөңөр жакшы жашап кетсеңер баары унутулат, - дешип сооротуп келатып, - Ай бала, бизди ачкадан өлтүрөсүңбү, Аймира экөөбүз ачкадан өлгөнү калдык, бир жерге токтот, - деди Динара. - Ошону айтсаңыз, сиз айтпасаңыз үйгө жеткиче кете бермек унчукпай, аялы менен кызы колуна тийгенге кудуңдап эле болбойт, - баятан үндөбөй келаткан Аймира күлүп калды. - Ачкадан өлүп калсак акелериңе жооп бересиң. - Кой анда Кара-Балтага токтотоюн, ошол жерден тамактанып алалы, мен деле ачка болдум, - Денис ушинтти да, жолду карап кетип жатты. Аруужан жөрмөлөп калган, ар кайсыны кармап "апа-апа" деп ойноп баратат. - Ээ, ананайын, сен да биздин уругубузсуң да, кызым, сен үчүн кандай гана жетип келдик, - деп Динара Аруужанды өөп койду. - Ананчы, биздин өз балабыз да, Айкөкүл менен Тику кайра-кайра сурай берет, "кана Аруужан, качан келет?" деп, - Аймира да апалап ойноп жаткан кызды ууртунан чымчый эркелетип койду. Аңгыча Кара-Балтага келип токтоп жерге түшүштү да, кафеге кирип тамактанып чыккыча күүгүм кирип кетти. Таң ата үйгө жетип келишти. Денис атасына акчаны берди да: - Алгандарыңызды кайра берип коюңуз, карыз болбой, - деди. - Эмне албай койдубу? - Калмурат уулун таңдана карап сурады. #eki_kuyoolu_ayal https://ok.ru/group/53470710661203
Жакшы группа
Жакшы группа болсун! 💚💜
ЖАКШЫЛЫКТАР АР ДАЙЫМ КОШТОП ЖҮРСҮН☝️
ok.ru/jakshy.gruppa
Жакшы группа
Эки күйөөлүү аял / 7-баракча
================
- Кулдугубуз бар, кудалар, келиңиздер! - деп үйгө карай жол баштап, конок үйгө киргизип сый көргөзө баштады. Алдына коюлган тамактарды алаар-алмаксан болуп отургандар келгени жылмайбады, суз гана отурушту. Эки аял, үч эркек, сиңдиси кошо келген экен. Аябай сыйлап койдун этин тартып, кымбат арак-шараптарды алып келди эле ичишкен да жок. Эртеси кетээринде алдында ачуу басар деп жетимиш миң сом, андан башка отуз миң менен бирге кийим-кече койду эле бирин да алышпады. Канчалык асты-үстүнө түшүп машинасына салып берсе да албай коюшту. Камила дагы ыйлаган бойдон калды. Акыры анын түрү бузула баштады. Кыял көрсөтүп, туруп-туруп эле ыйлап алат. Денис андайда жалынып-жалбарып:
- Камила, капалана бербечи, акыры көнүшөт да, балалуу болсок ошондо өздөрү эле келишет, - деп сооротот.
- Денис, мен барбасам болбойт, мен үчүн ата-энем ажырашмак болуп атыптыр, мен ага жол бербейм, андан көрө өз үйүмдөн атама өлүп бербесем, апамды мен үчүн күнөөлөгүдөй, анын күнөөсү эмне? Мен өз бетимче күйөөгө чыгып кетсем эле күнөөлүү болмок беле?
- Койчу эми, капаланбай тынчтанчы, эмне сени төркүлөтөлүбү?
- Ой, ошондо болмок беле, баарыбызды үйгө киргизбей уят болом да, мен атамдын сырын жакшы билем, айтканын кылат.
- Анан кандай кылышыбыз керек?
- Мен өзүм барып келишим керек, болбосо апама жаман болот, - деп Камила ыйлап жатты. Денистин аргасы кетти:
- Мен сага айткам, баягыда кошо кете берсең болмок, мен өзүм ошол үйдөн алып кетмекмин, эми барсаң уят, бияктагылар эмне дешет?
- Билбей, эмне кылаарымды да билбей калдым, эл эмне десе ошо дешсин, кетпесем болбойт.
- Кызыксың го, эми чыдай тур да, төрөсөң келбесе анан алып барам, - Денис аргасы кете сүйлөдү. Экөө ары кетип, бери кетип отуруп, акыры төрөгөнчө чыдоого көндүрдү аны. Ичи билинип алты ай болуп калган, болоор-болбостон экөө уруша кетти, Денис жинденип үйдөн чыгып кетти. Камила анын артынан жүгүрүп:
- Денис, мени кечирип койчу, эч качан антпейм эми, Денис, бери кел дейм, Денис! - деп кыйкырды.
- Барчы ары, чарчап кеттим! - деген Денис колун шилтеп кетип калды. Камила ыйлап жатып алды. Ажар анын жумуш кылбаганына кайыл, төркүндөрүн сагынды деген ойдо анын жанына кирди:
- Камила, көп эле ыйлай бербе, балам, ата-эне кечип кайда барат эле, сенин өз каалаганыңа кетип калганың жакпаса керек да атаңа, ичиңдеги балаңа да зыяны тиет, ыйлаба, айланайын.
- Апа, мен өзүм барып келейин дедим эле?
- Кой, кокуй, салтты билбеген кандай немелер дебейби, мен атаң менен да кеңешип көрөйүнчү, жок дегенде Денис менен бир келинди кошуп, союш союп берсек барып көр.
- Өзүм эле барам, кайра келип калам, - Камила жалдырап ийди. - Апа, макул десеңиз, өзүм барып келейин.
- Кеңешип көрөйүн, сен ыйлаба балаңа таасири тийет, - Ажар чыгып баратып келинин бир карап алып боору ооруп кетти: "Кудая тобо-о, ушундай да ата-энелер болот экен да, өз баласын жериген, эми мында не күнөө бечара, уулумду сүйүп калганыбы?" - деп ойлуу өз бөлмөсүнө кирип отуруп калды. Калмурат кирип:
- Тиги келин дегеле козголбойт да, кемпир, экөөбүздү жыргатпайт го? - деди отуруп жатып.
- Акырын, ал да бирөөнүн баласы да, ботом, ансыз деле ата-энесинин кылыгына чүнчүп жүрөт, - Ажар маанилүү сөз айтчудай, - отурчу мындай, келин ыйлап атат, үйүмө өзүм барып келейин дейт, - деп шыбыраганда Калмурат чоочуп кетти:
- Өзү барганы эмнеси?
- Эми ал бала да, таарынычын өзү барып айткысы келип жаткандыр, өйдө-төмөндү билмек кайда, андан көрө кеңешели, Алмаз менен Динараны, тиги баланы кошуп жөнөтөлү, берчүүндү бер, бирди союп берели, эмне дейсиң?
- Ойлонолучу, Бекболуга кеңешейинчи.
- Бала сен эмне десең мейли дейт да, андан көрө бир семиз койду камда, мен боорсок жасатайын, бүрсүгүнү жөнөтүп ийели, жалгыз соксойтуп кое бербей, боюнда да бар.
- Мейли, кемпир, бул сөзүң да туура, - Калмурат бул сөзгө муюгандай болду.
Ошентип алар дагы бир жолу Асылбектин босогосун аттамак болушту. Үчүнчү күнү өзүм эле барып кайра келет элем дегенине болбой Алмаз, Динара, Бекболу анан Денис менен Камила болуп өздөрүнүн машинасы менен жөнөп калышты. Камиланын көңүлү такыр ачылган жок, ичинен сарсанаа болуп баратты:
"Апам келди бекен, атам киргизбей койсо канттим, эмнеге менин атам мындай, башкалардын атасындай эмес" деп ойлоп кете берди. Эрте чыккандыктан түш оой, саат үчтөрдө жетип келишти. Камиланын жүрөгү дүкүлдөп өзү чоңоюп өскөн үйүнө аттап кирүүдөн тартынып, короонун эшигинде туруп калды. Бир кезде иниси Насыр келип:
- Эже, келдиңизби, эми кетпейсизби? - Эң кичүү иниси аны жалдырай карады. - Апам дагы жок, кетип калган. Инисин кучактаган Камила ыйлап жатты.
- Ооба, кетпеймин, апамды алып келебиз, - Экөө ыйлап жатканда Асылбек чыга калып:
- Насыр, бас бери! - деп кыйкырды.
- Ата, Камила эжем келди, үйгө кире берсинби?
- Кирбейт, тез үйгө бас!
- Ата, эжемди үйгө киргизеличи? - Насыр атасына жалооруй карады. Баятан бери эмне кылаарын билбей туруп калышкан, Бекболу тайсалдай Асылбекти көздөй басты:
- Кулдук, куда, келин силерди сагынганынан алып келдик эле.
- Алып кете бергиле, менин андай кызым жок!
- Ата, ал эмне дегениңиз, мени эмнеге жек көрүп калдыңыз, өзүңүздүн сүйүктүү кызыңыз эмес белем? - Камила ыйлап жатып ушинткенде Насыр үйгө кирип кеткен.
- Бас үнүңдү, мен үчүн сен өлгөнсүң!
- Тирүү кызыңызды өлгөнгө чыгардыңызбы, ата, атакебай антпечи! - деп Камила короого кирмек болгондо Асылбек кыйкырып жиберди:
- Токто, босогомду аттаба!
- Ата-а?
- Жогол көзүмө көрүнбөй, - деп үйүнө кирип кетти. Камила ботодой боздоп турганда Динара аны сооротуп жатты:
- Кой ыйлаба, ачуусу тарай элек тура, капаланбай эле кой, буларды таштап кете берели, - Динара Алмазга карады. - Жүктү түшүр, инисине берип коюп кете берели, антпесек кеч кирип кетти.
- Макул, - Алмаз багаждан жүктөрдү түшүрүп жатканда Асылбек кайра чыга калып:
- Кереги жок, алып кет ары! - деди. Бири-бирин карап туруп калышты. Бир убакта Насыр бери карай жүгүрүп келатканда ага жиндене кыйкырды.
- Кайда барасың, эй бала?
- Эжеме, мен эжемди сагындым, - Насыр ыйлап ийди, Асылбек менен ушул кенже баласы эле калган, Адина Жийде кеткенде кошо кетип калган болчу.
Бир убакта бар күчүн жыйнаган Денис Асылбекти көздөй өзү жөнөдү. Эмне болуп кетээр экен дешип беркилер карап туруп калышты.
- Ата, мени кечириңиз, бир мен деп кызыңызды өлүк кылгыңыз келбесе алдыңызда турам, менден өч алсаңыз болот!
- Эмне-е, сен ким болуп кеттиң мага акыл айткыдай? - деген Асылбек аны жаакка бир чапты. - Менин колумдан өлө элегиңде жоголуп кет, болбосо башыңды тооктой жулуп салам!
- Камиланы менден артыкка берет белеңиз, эгер мен сизге жакпасам азыр кызыңызды алып калыңыз, ыйлай берип азап тартып бүттү, мен кайрылып келбеске сөз берем!
- Тилиңди тартып кал, өлсө бир бала өлөт, алып кете бер!
- Мен аны ыйлатып туруп алып кетпейм, биз жакшы ой менен келгенбиз.
- Ой бала, сен… - Асылбек Денисти бир муштап ийди эле, ал теңселип барып токтогондо буттан чалды да, тепкилей баштады. Камила жүгүрүп жетип:
- Өлтүргүңүз келсе мени өлтүрүңүз, мен өзүм аны сүйөм уктуңузбу, мени өлгөндөн да артык кылдыңыз, - деп ортого түшүп чырылдап жатканда бир коңшусу басып келип, кайра кетип калды. Алар Асылбектин кыялын билгендиктен эчтеке дешпеди. Денисти өйдө кылып, Бекболу менен Алмаз машинага салды. Камиланы Динара:
- Кой, Камила, биз менен эле кете бер, акыры түшүнөт да кайда бармак эле? - деп жетелеп кетип отургузуп, жөнөп кетишти.
- Ики-ий, белимди сындырып койду окшойт, келбей эле өзүн жөнөтүп ийбей, кайдан да катын ала койдум эле, - деп Денис ачуулана сөгүнүп алды. - Сый жарашпаган адам экен.
Камила унчукпады, не демек, ызасынан көзүнүн жашын үнсүз төгүп кетип жатты. Алдыда келе жаткан Денис кыймылдаган сайын "ий-ий" деп окшоп коет. Ансайын Камиланын жети өмүрү жерге кирди. Анан оюна апасы түшүп:
- Аке, мына бул жерге токтой туруңузчу, - деди Сокулукка жеткенде. Алмаз унчукпай токтотту эле түшө калып, жолдун аркы бетине өттү да бир үйдүн эшигин такылдатып жатты. Жийде ошол жерде болчу, эшик ачкан тагасынын кызы менен учурашпай эле апасын сурады. Бир убакта кирип кетип Жийде экөө чыкты, эне-баланын эмне деп сүйлөшкөнү белгисиз, Камила шаша кайра келип:
- Аке, тигил үйгө айдасаңыз, - деди. Алмаз унчукпай машинасын буруп, жолдун жээгине токтоткондо Жийде атасы менен апасы, иниси болуп аларды үйгө киргизип коноктошту. Камила апасы экөө сүйлөшүп отуруп:
- Сен эми калба, кызым, Денис жакшы бала экен, ал айбан эсине келээр, болбосо мен аны менен ажырашам, Насыр азыр жаш, аерде тура берсин, - деди.
- Апа, эми көңүлүм тынды, атамдан аябай көңүлүм калды, неге өз баласын ушундай абалга калтырат?
- Аны айтып эмне кыласың, кызым, ушуга чейин силер үчүн чыдап келгенмин, - деди Жийде кейий.
Денис болсо отуруп тура албай калды, тепкенде омуртка сөөккө зак кеткен окшойт, аябай кыйналып жатты. Жийде аларды аябай жакшы коноктоп кийит-кече кийгизип жөнөтүп жиберди. Бир аз болсо да көңүлү тына түшкөн Камила эми күйөөсүнүн түйшүгүн тартып жатты. Белин көрсөтүп омурткасы жылып кеткенин билип, аны ордуна салдырып көпкө кыйналып жүрдү. Камила кыз төрөп алды, ал төрөгөндө Жийде келинин ээрчитип, иниси, апасы төртөө бешик алып келип берип кетти. Арадан убакыт өтүп Асылбек Жийденин кылыгын угуп, жини келгени менен эчтеке дей албай, алдына түшүп жатып атасынын жылдыгы болоордун алдында алып кетти. Жийде кызына карап кудаларына айттырып ийди эле алар колдорунан келгенинче чогуу келип калышты. Асылбек унчуга албады, Жийде баарын жайгарып жакшы жөнөтүп Камила калып калды. Кызы Аруужан чоңойуп калган. Асылбек эл кеткенден кийин дагы баштады.
- Сен менин тилимди албай күйөөгө тийип, мени уят кылдың, эми күйөөңө айткын, мага үч миң доллар таап келбесе эч жакка барбайсың.
- Сен жинди болдуңбу, мына эми минтип кызы турат, жакшы эле аракет кылды, алып келди, өзүң кабыл албасаң, кимдин эле кызынан жетимиш, жүз миң сом келип атыптыр? - Жийде күйөөсүнө жини келе карады. - Эми жаш деги эмессиң, акылың жок, Асылбек, кызыңды кыйнап койдуң.
- Кыйналбайт, эгер үч миң доллар алып келбесе кызын өлтүрүп салам!
- Эмне дейт, кокуй, Асылбек, сен жинди болуп калгансың го? - Жийде ордунан тура калды. Камила көзүнүн жашын төгүп отура берди.
- Эсиңе кел, Асылбек, кайсы кудай ургур өзүнүн кызын сенчилеп кыйнайт, Камилага анча эмне өчөшүп алдың?
- Кызың мени ата ордуна көрбөй басып кетти, мени укпады, айтканым айткан, үч миң доллар алып келмейинче кызын ала албайт! - деп туруп кетти. Камила Дениске телефон чалды. Ал кичине жакшы болуп калган.
- Алло, Денис, менин сага айтаар жаңылыгым бар, мени атам үч миң доллар алып келбесеңер кызыңарды бербейм деп жатат, мени куткар, Денис! - телефондон ыйлаганы билинип турду.
Денис ата-энесине айтты эле, алар жакаларын кармап унчукпай калышты, көптөн кийин гана Калмурат:
- Уулум, баш аман болсо мал-дүнүйө табылат, кыз биздин каныбыз, ошондуктан эптеп табалы, азыр алтымыш миңди алып барып бергиле, калганын таап беребиз деп айткыла, - деди.
- Капырай эс-акылы ордунда эмес го дейм, өз баласынын баласын өлтүрөм дегени эмнеси? - Ажар ойлуу өзүнчө күбүрөндү.
- Уяты жок неме да, өлтүрө деле албайт, жөн эле акча өндүрүш үчүн ошентип жатат да, - Алмаз башын жерге сала айтты. - Ошондо да өлтүрөм дегенге кантип оозу барды экен?
- Оорусу бар неме го?
- Тобо-о, ким билет аны, мурда билип-көрүп жүрбөсөк, - дешип ойлонуп жатып калды. Бир жумадан кийин карыздап алып, мал-сал сатып, алтымыш миңди алып, эки жеңеси менен Денис жөнөдү. Телефон чалды эле Камила ала коюп:
- Денис, эмне болду? Атам мага Аруужанды такыр көргөзбөй жатат, эмне кылаарымды да билбейм, - деди ыйлап.
- Мен келип калдым, алтымыш миңди алып келдик, ошого макул болобу?
- Билбейм, айтып көрөйүн да, - деп телефонду өчүрүп койду Камила.
- Балким Камила атасына кошумча болуп калп эле ошончо акчаны алдыргысы келип бизди кыйнап жаткан болбосун? - Динара ички күдүк оюн кайнисине кыйытты.
- Камила андай эмес, атасы жинди неме тура, жолуккандан да коркуп калдым.
- Сен көрүнбө, акчаны биз беребиз, анан көрөм мени сабап эле көрсүн, - Динара шымалана билегин түрө күлүп койду. - Кол салып кирсе аны менен күрөшүп өзүн милицияга берип коем.
- Кой эми, жеңе, кудабыз менен күрөшүп чемпион болмок белек, иши кылса баары жакшы бүтсө экен, - Денистин телефону чыр эткенинен ала койду.
- Алло, Камила, угуп жатам.
- Азыр атам жок, Аруужанды апам алып отуруптур, сен көрүнбө акчаны да бербе, мен кызды алып болжолдогон жерге барам. Анын көзүнө чалдыга көрбө, силерди келет деп ойлогон жок, бир жакка кетиптир!
- Анда мен Сокулуктагы тайкеңдин үйүнүн жанында болом, сен маршруткага түшө кал!
- Макул, - телефон өчтү. Денис машинаны айдап жөнөдү. Эки-үч сааттан кийин Камила келип калды. Алактап алган. Кызын бооруна кыса ыйлап ийди.
- Ушуну өлтүрүп коем дебедиби, апам гана кармап жатты, атамын андай жини жок эле.
- Сени бир байга бермек болуп жүрсө анан сен өзүм сүйдүм, тийдим деп башкага кетип калсаң ошондой болот да? - Денис кызын алып бетинен өөп, күлүп калды.
- Кеттик, Денис, кеч кирип баратат, түндөп жол жүрөт окшойбуз?
- Кудай жол берсе, жетип калабыз.
- Баса, бул акчаны кудагыйга таштап койсок болот эле да?
- Кереги жок, бербей эле койгула, эми эч качан келбейм! - Камила жер карай айтты. - Акылынан айнып калгандай тим эле.
- Боло берет, эчтеке болбойт, Камила, бул жашоодогу алгачкы сыноого кабылганыңар, бала экөөңөр жакшы жашап кетсеңер баары унутулат, - дешип сооротуп келатып, - Ай бала, бизди ачкадан өлтүрөсүңбү, Аймира экөөбүз ачкадан өлгөнү калдык, бир жерге токтот, - деди Динара.
- Ошону айтсаңыз, сиз айтпасаңыз үйгө жеткиче кете бермек унчукпай, аялы менен кызы колуна тийгенге кудуңдап эле болбойт, - баятан үндөбөй келаткан Аймира күлүп калды. - Ачкадан өлүп калсак акелериңе жооп бересиң.
- Кой анда Кара-Балтага токтотоюн, ошол жерден тамактанып алалы, мен деле ачка болдум, - Денис ушинтти да, жолду карап кетип жатты. Аруужан жөрмөлөп калган, ар кайсыны кармап "апа-апа" деп ойноп баратат.
- Ээ, ананайын, сен да биздин уругубузсуң да, кызым, сен үчүн кандай гана жетип келдик, - деп Динара Аруужанды өөп койду.
- Ананчы, биздин өз балабыз да, Айкөкүл менен Тику кайра-кайра сурай берет, "кана Аруужан, качан келет?" деп, - Аймира да апалап ойноп жаткан кызды ууртунан чымчый эркелетип койду.
Аңгыча Кара-Балтага келип токтоп жерге түшүштү да, кафеге кирип тамактанып чыккыча күүгүм кирип кетти. Таң ата үйгө жетип келишти. Денис атасына акчаны берди да:
- Алгандарыңызды кайра берип коюңуз, карыз болбой, - деди.
- Эмне албай койдубу? - Калмурат уулун таңдана карап сурады.
#eki_kuyoolu_ayal https://ok.ru/group/53470710661203