ЖАШЫЛ ДАРБАЗА. - 884664993363

ЖАШЫЛ ДАРБАЗА.

Тогузунчу болум.
- Саламатсызбы Зирек Жунусовна!
- Саламатчылык!
- Зирек Жунусовна, майрамыныз менен! Биз областык телевидениядан болобуз. Бизден
кабарыныз болсо керек!
- Рахмат! Ооба кабарым бар, дедим мен алдыман тосуп турган жаш кабарчы кызга.
Бугун биздин кесиптик майрам. Кечээ бизге айтылган болчу. Бугун биздин областык балдар ооруканасына телевидениядан келишип, майрам кунуно карата Врачтар жонундо айтайын репортаж тартылаарын. Алар бизге эрте менен эле келишип, биздин жумушка келишибизди тосуп турушкан экен. Мен жумуштагылар менен саламдашып алган сон, оз ишиме кириштим. Жумуштун журушу менен бизди операторлор камерага тартышып кабарчылар, биз менен маектешип бугунку майрам менен куттуктап жатышты.
Мен он беш жылдан бери ушул балдар оорууканасында врач болуп иштеп келетам. Оз кесибимди жакшы оздоштуруп, жумушума да такмын. Кудайга шугур эл оозуна алынып оз ишин мыкты билген адистерден катарын толуктап келем. Эркин шаардык орууканада иштейт. Экообуздун ортобузда бир кыз, эки уулубуз бар. Ал экообуз баш кошкондон бери турмуштун ыссык суугун чогуу тартып, балдарды тарбиялап чонойтуп келебиз. Айрыкча Эркин мага турмушумда аябай эле чон жолок болду. Ал экообуз баш кошкондон кийин мен жаны эле тороп уйго келгениме бир жума болгондо Зулайка апамдын козу отуп кетпедиби беле! Анын олуму Атама аябай эле оор тийип, Атам озуну колго алалбай кайра-кайра ооруй бергендиктен мен кобунчо алардын уйундо болуп журдум. Эркин мени ошол кундору машина менен качанда болсо бир шаарга, бир айылга ташып
- Зирек, ыйлаба! Озунду жакшы карма Атамдын конулун алып жакшы суйлошуп отур! Анын козунчо бошошпо деп мага акыл айтып, мага дем берип журду.
Бирок арадан торт ай убакыт отуп Атам да Зулайка апамдын артынан бизди таштап кете берди. Мен ошондо аябай жаман болдум. Атам менен Зулайка апамдын биздин торубуздо отуруп, сыйыбызды короордо кетип калгандары мени куйгузуп эле кетти го!. Атамдан кийин мен озумду аябай эле таштап койдум. Тамагымдан эч нерсе отпой уйдо сулк эле жатып калдым. Ошол оор кундорумдо Эркин дайыма менин жанымда болду. Мени аяп бооруна тартып менин конулумду алып сооротуп, тундолору кичинекей кызыбызды Эркин озу карап журду. Убакыттын отушу менен гана мен аран озумо келе баштадым. Мени кайнатам алаксыйт деп акыры жумушка орноштуруп мына ошол кундон бери мен иштеп келетам.
Бугун биз баарыбыз уй-булобуз чогуубуз менен айылга Максаттын уйуно бармакпыз. Биз жолго даярданып жатсак мага Азамат иним телефон чалып
- Ало, Эже даяр болдунуздарбы? Биз силерге жоноп баратабыз, деди.
- Ооба даярбыз. Келе бергиле. Мына биз да чыгып баратабыз!.
Кызым Тайэнесин жетелеп, мен алчуларымды алып сыртка чыктык. Чыксак Эркин эки баласы менен багажга салчуларды салып, бизди кутуп калышкан экен. Биз эшик короолорду бир катар текшерип карап чыгып, дарбазаны ачаарыбыз менен Азамат бизге машинасы менен келип калды. Анын аялы эки кызы менен машинадан тушуп келишип биз менен учурашып суйлошуп турдук. Азамат бизге жаны сатып алган машинасын мактанып, болбой жатып бизди уулаларды озунун машинасына отургузду. Эркиндин машинасын кызыбыз женип балдар оздорунчо бир машинига отуруп, эки машина куушуп айылды карай жоноп кеттик.
Биздин улуу кызыбыз Махабат Бишкекте студент. Ал биринчи курсту аяктап азыр каникульда журот. Уулдарыбыз мектепте окуйт. Азамат инимдин эки кызы бар. Ал да шаарда иштеп, жашап калган. Айылдан мектепти бутуп келгенден баштап эле биздин колубузда жургон учунбу Азамат бизге чон балабыздай эле болуп калган. Анын устуно ал биринчи курста экенде Зулайка Апам менен Атамдын козу отуп кеттип, ошол жылдары мен кээде Азаматты деле кучактап алып ыйлай берчумун. Ал учун да Эркин мени канча урушуп журду. Ошентип журуп Эркин да менин инилериме камкор болуп алар менен мамилеси азыр аябай эле жакшы. Мен аны кээде карап отуруп, Эркинге мени туш кылган Зулайка апама чын дилимден ыраазы болуп кетемин. Себеби турмуш деген биз ойлогондон такыр башкача экенин эми тушунуп отурбаймынбы! Анан да мен инилеримдин жалгыз эжеси болгонум учун, алар да Эркин экообузду жакшы сыйлашып качанда болсо Жездем, Эжем деп турушат. Ал эми биздин ардагыбыз болгон Максуда апам болсо азыркы учурда жетимиш жаштан ашып калды. Кээде апамды карап отуруп ушунусуна да шугур келтирип калам. Себеби торубуздун корку бар! Жакшы кундорубуздо апамды торубузго отургузуп алып ага болгон мээримибизди тогуп келебиз. Анын жашы откон сайын Азамат экообуз Апамды шаарга алып келип жылына клиникаларда дарылантып, сонаторияга, эс алуучу жайларга жаткырып турабыз. Апам аябай эле жакшы карыды. Озу да башынан эле эч кимге жаман созу жок жоош момун аял эмес беле. Азыр деле ал ото жонокой аял. Унчукпай отура берет. Келиндерине да эч бир кайненелик кылганды билбеди. Азаматты уйлогонубуздо да
- Зирек, кызым..., Менден сурап отурбай баарысын озунор билип кыла бергиле! Силер Максат экоон эмне десенер мен ошого ыраазымын деп эч нерсеге кийлигишип аралашпады.
Мен Зулайка апам менен Атамдын козу откондон кийин гана Максуда апама жакындашып ал менен сырдашып суйлошуп калдым. Максуда апам чындап эле кудай берген момун аял экен! деп калдым ичимден. Анын ушунчалык акылы тунук аял экенин эми жакшы тушундум. Ал ошон учун да эч кандай текеберчилик дегенди билчу эмес экен. Корсо чыныгы адамдык касиети бар гана адам ото жонокой болот турбайбы!
Мен ыйлап жургон кундордун бир куну Максуда апам мени чачыман сылап бооруна жакын тартып мени жыттады.
- Зирек....Жаным кызым!
Мен бул созду угуп аябай кызыктай болдум. Себеби биз биринчи жолу мен жыйырма беш жашка келгенде оз энем менен, эне- бала болуп эзилише кучакташып турган элек.
- Кызым Атан менен Апандын тынч жатышын кааласан коп ыйлаба. Сен ыйлап кыйналган сайын, алар да кыйналышат. Сен аларды кыйнап гана жатасын! Андан коро аларга багыштап кобуроок куран окуп жур, деди.
Максуда апам озу да аларга багыштап дайыма куран окуп турат. Ал азыр ушул кундордо да кайсыл жерде болбосун тынбай окуй берет.
- Мен, Атан менен Апана эки дуйно ыраазымын! Мен алардын артынан жакшы кундорду гана коруп отурамын. Кудайым аларга ылайым эле жаннаттан орун берген болсун деп, куран окуганда да узундан узун тилек айтып анан батаа кылат.
Биз машинада жол катар кызуу суйлошуп келаттык. Азамат машинаны айдап жанында Эркин, арткы орундукта келиним Жаныл экообуздун ортобузда Максуда апам отурганбыз. Бир убакта биз Максаттын чон кызын соз кылып калдык. Ага эртен куздо бироолор куда тушкону жатышыптыр. Ошого Максат тез аранын ичинде кызынан мурда уулун уйлойм деп айтыптыр. Аны уккан Азамат жон отурбай дагы баягы тамаша созун баштады.
- Жок андан да мурда мени уйлошунор керек!
Азамат кулуп эле кузгудон артта отурган аялы Жанылды бир тиктеп алды. Аялы анын созун жактыра бербей мурдун чуйруду.
- Койчу Азамат, ушундай тамашанды! дедим мен ага.
- Тамашасы жок эле айтып жатам эже! Озун караштырып издей бер деп Жанылга айтканыма да коп болуп калды!, деди ал каткырып кулуп.
Анын созуно Жанылдын ачуусу келе тушту
- Мен эмне жинди болуптурмунбу, сага катын караштырып! Алсан озун ала бер! Сени ким кармап отурат!
Жаныл бул создорду айтып жатканда анын
коздоруно жаш тегерене тушту.
- Азамат силер али жаш эмессинерби! Жаныл сага уулду да тороп берет. Бираз сабыр кыл! Сен азыр болгону отуз алты, Жаныл отуз торт эле жашта эмеспи! деп мен келинимдин конулун алганга аракет кылдым.
- Кичуу кызыбыз быйыл учунчу классты
бутурду. Торосо ушуга чейин торобойт беле? деп Азамат бурк этти.
Баарыбыз унсуз отуруп калдык. Бир убакта Апам
- Балам, сен бир да Атанды тартпапсын. Атан сага караганда аябай эле сабырдуу киши болчу, деди.
-.Оой Апа! Кана эле мен да Атамдай эркек болсом! Бир суйдургондо, эки аялды бирдей суйдургон. Зулайка апам Атамды катуу суйгондуктон, озу сизди тандап алып берген да?! деп Азамат Эркин жездесине карап козун кысып койду.
Биз бир аз унчукпай отурдук да, анан эле баарыбыз каткырып кулуп жибердик. Карасам байкуш Жаныл да айласыздан козунун жашын аарчып коюп, ал да бизге кошулуп кулуп жаткан экен.
Биз уйго келгенде Максат чоон кылып жашыл дарбазаны ачып, биз эки машина менен короого кирип келдик. Биз баарыбыз машинадан тушкондо Максат аялы, бала-чакасы менен бизди тосуп чыгышып, уйдун алды толтура адам болуп кеттик.
Максат азыр эски уйлорду бузуп ордуна чон кылып эки кабат уй тургузган. Дабазанын бир тарабына узун кылып времянка, андан ары навес ашкана салып, сорулорду коюп койгон. Ал чындап эле Атамдын озун тарткан. Короону да таза тыкан кармайт. Максат эски дарбазаны алып салып, жанысын койдурганда анын тусу башкача эле. Аны коргон Апам бир куну Максатка
- Балам Дарбазанын тусу жашыл болсо жакшы болмок экен. Ансыз да уйлордун баарын озгортуп салдын. Мага жашыл дарбаза дайыма Атан менен Зулайка апанды эскертип турчу. Алардын козу отсо да мен учун алар дайыма жанымда жургондой боло берчу. Жашыл дарбазаны алып салып мен аларды жоготкондой болуп жатам дептир.
Апамдын бул сырын биз эч тушуно албадык. Ал озу башка эч нерсе айтпагандан кийин, ал жонундо биз да сурабадык. Ошентип Максат эртеси эле дарбазаны жашыл туско сырдап чыгыптыр. Апам айткандай эле бул тус менин да бактылуу балалыгымды эки Апам, Атамды уйго келген сайын эскертчу болду. Айрыкча алма бакты айланып журуп Атамдын айтып беруусу боюнча ал экоонун жаш убагында алма кочотторун отургузуп жаткандарын корбосом да элестете берчу болдум.
Биз бугун да Максаттын уйундо уч бир тууган оз уй-булобуз менен чогуу келип Апамды торуго отургузуп, баарыбыз ызылдап откон кундорду эскерип конулдуу отурдук. Максаттын жети баласы бар. Ал да жаш кезинде келинчеги Бегимайды ыйлатып
- Мен да атама окшоп эки аял алам. Сен отуздан ашканда мен бир....,жыйырма жаштагы кызды алам го дей берчу. Анын созуно Бегимай чындап эле ызаланып аны артынан кууп ыйлап алчу.
-Кана алып эле корчу, экоонду тен оз колдорум менен муунтуп олтуруп салам дей берчу. Биз кулуп эле калчубуз. Бирок мен Бегимай келинибизди кобуроок жакшы коромун. Ал биздин уйго жаш келип Атамды Апамды коруп, алардын да тарбиясын алып калбадыбы! Ошондон уламбы ал биздин уй-булонун сырын жакшы эле билип калды. Мен алардын озуно да коп айтып калам
- Силер экоонду мен дайыма Атам менен Зулайка апама окшоштурам. Силер бар менин конулум тынч. Мен силерге коп ишенем деп.
Бугун да Максат иним бизге кой союп чон казанды буркуратып кайнатып, Бегимай жайыл дасторконун толтуруп жайып ал экоо бизди аябай эле коноктошуп отурушат. Балдарыбыз да айылга келсе алма бакты аралашып ойноп, эс алышып жыргап эле калышат.
Биз баарыбыз бакты айланып басып журдук. Карасам Азамат шишкекбекти отко кактап отурган экен. Мен анын жанына басып келип жардамдашып суйлошуп отуруп калдым. Ал мага
- Эже сиз менен коптон бери суйлошсомбу деп жургом. Бугун кечинде бошогонубуздан кийин экообуз суйлошолучу деп калды. Мен ага макул болдум. Ошентип тун кирип жатканы жатып жатпаганы таза абадан дем алып дагы деле сорудо суйлошуп отурушкан. Биз Азамат экообуз четке чыгып озубузчо суйлошуп турдук. Ал мага бугун баарыбыздын балдарыбызды коруп озунчо жаман болгонун айтып келип
- Эже эки кызым болгону менен уулум жок. Мен эмне уулу жок отомбу? Жаныл менен жакшылап суйлошуп корунуз. Мумкун мен да уйлонсом ....? деди ойлонуп
Азамат бир аз да болсо кызуу эле. Мен анын созуно каршы чыктым.
- Азамат иним! Эмне акылындан айныдынбы? Атам бир да баласы жок кырк бир жашка чейин сабыр кылыптыр. Анда да аны Зулайка апам аран кондургон экен. Сен эмне эле болуп жатасын, жаш эле туруп! Уят эмеспи! дедим
- Э-э...эже! Аялдын баары эле Зулайка апам эмес да! Жон койсонуз Жаныл мени ушул бойдон артымдан уулум жок откорот!
Биздин суйлошуп турганыбызды коруп бизге Максат басып келип кошулду. Ал да создун торкунун тушунгон сон Азаматка каршы чыкты.
- Сабыр кыл Азамат. Кызды берген кудайым уулду да берет, деди мостоюп.
- Сен Атам апамдарга тенелбе Азамат! дедим мен.
- Алардай сабырдуу болуу ар кимдин эле колунан кела бербейт. Сен эртен экинчи аялга уйлонуп корчу! Учоон ит мышык болуп тытышып, элге шерменде болосунар! Экинчи аялды алыш учун сен биринчи кезекте Жанылга татыктуу эр болушун керек! Силер аны кайдан тушунмок эленер.
- Эже мени да туура тушунгуло деди Азамат шылкыйып, ичинен бир нерсени айталбай аткансып.
- Макул! Сени эртен уйлон дейли. Сен ошондо кимге уйлоносун! Жаш кызга туурабы?
Азамат унчукпай эле мени тиктеп кулуп койду.
Мен андан ары созумду уладым.
- Экинчи аялга эмне учун уйлонушот? Албетте муктаждыктан! Кимге? Турмушунан кыйналган, багы ачылбай жургон жалгыз бой келиндерге уйлонуш керек. Ошондо гана ал эркек, кудайга туура келген ишти жасаган болот. Сооп да болот!. Мисалга алыс барбай эле озубуздун эле Ата-Энелерибизди алып королу! дедим мен. Инилерим унчукпай эле мени угуп ойлонуп отуруп калышты.
Андан бери уч жыл убакыт отту. Максат иним уул уйлоп кыз чыгарды. Анын азыр эки небереси бар. Биз да жыкында эле кызыбызды турмушка узатканбыз. Максуда апам кудайга шугур торубуздун корку болуп отурат. Бирок ал мурдагыдай эмес. Алдан кучтон тайып карылыкка моюн сунуп отуруп калган. Ал эми Жаныл болсо дарыланып чуркап журуп акыры ал да Азаматка балканактай ак уул тороп берди.. Алардын баласы азыр сегиз айлык болуп калган. Бирок окунучтуу жери ал экоо азыр чогуу жашабай таарынышып журушот. Азамат бизге айтпай жыйырма жаштагы кызга уйлонуп алыптыр. Анысы да уул тороп анын баласы бир жаштан отуп калган.
Азамат ал кызды мага уул тороп берет уйлононуптур. Ал торогон убакта Жанылдын да боюнда бар болуп, анын уул экенин баарыбыз эле уккан болчубуз. Жаныл тороп баласы уч ай болуп калганда, бир куну алардын уйуно жанагы кыз кирип келиптир. Себеби уулдуу болгондон баштап Азамат ал кызга мурдагыдай барбай калса керек да. Ачуусу келген Жаныл Азаматты да ал кызга кошуп экоон бирдей уйдон кууп чыгыптыр. Баарынан да Азаматтын эки кызына кыйын болду. Алар атасын кечирбей такыр оздоруно жакын жолотпой коюшту. Азамат кыздарын сагынып ушул кундору аябай куса болуп журот. Ал да жок жерден ыссык уясын бузуп алды окшойт. Эми кандай болоорун убакыт коргозоор.
АЯГЫ.
Мына ушу менен чыгармабыз аягына чыгып да калды .
Биз сиздер менен сыймыктанабыз урматтуу окурмандар.
Бар болуңуздар дайыма.
Күтүп окуганыныздар үчүн чооң рахмат .
Колдоолор жакшы болсо автор да кубанып калат .
Биз ыраазы сиз ыраазы дегендей 😊

Комментарии