7 июн 2019
1-БӨЛҮМ. - 887874830931

1-БӨЛҮМ.

Адам деген атыбыз бар экен,кудайымдын кудирети менен топурактан жаралып,бир кун келип кайра топуракка айланабыз.Ошол бир "куш канатын каккандай" -кыска омурубузду мазмунсуз кылып кандайгана каталарга жол беребиз.Бир инсанга азап берип жатканыбызда, ал инсандында биздикиндей журогу жана конулуу бар экенин ойлопда койбойбуз... .......
Замандаш мен кечтим махабат дайрасын,мен куйдум жана куйгуздум сезим кылдарын.Издедим, куттум,ыйладым бирок таппадым махабат жыргалын.Бир аялды суйуп,кутуп жашап,бир аялдын тепседим сезим сырларын.Коздорумдо бирда жан калган жок.Келбе суйуу кадырымды билбесен.Келбе суйуу,келип алып ыймансыз деп мени тилдесен..... ......
Замандаш Мен омур дептеримди "Сен эмес кучагымда башка бироо"-деп атадым.Балким адашып жаткандырмын. Сиз акырына чейин окуп чыгып озунуз каалаган ат койун.Омурумдо кандайгана кундор откон болсода мен азыр бактылуумун. Чыныгы суйуу алгачкы жолуу дененди чымыраткан сезимдерде эмес,чыныгы суйуу сени кечире алган балдарындын апасынын коздорундо жанат турбайбы..... .....
Мен уйбулодо эн кенже уул бала болуп чонойдум.Менден чон уч эжем бар болучу.Уй булодо атамдан кийинки жалгыз эркек бала болгондугумдан, ата энем жана эжелерим менин тарбияма ото чон конул бурушчу.Жалгыз бала болсомда мен тентек же эрке бала болуп чонойгонум жок.Себеби биз колунда жок уй булоолордон болчубуз.Кой оозунан чоп албаган атамдын бизди багам деп куну туну тынбай иштегенин коруп,атама боорум ооруп,жаштыгымдан эле атам жана эжелерим менен талаа жумуштарын тен кылышып чыйрак остум.Жокчулук адам баласын тырнактайынан эле тарбиялап койот турбайбы.Атам окобуз канча тырышып корунгондун дубалын уруп,сарайын салбайык барибир эч ишибиз журушкон жок.Тапканыбыз курсагыбыздан артчы эмес болуучу.Канчалык чарчасакда эжелерим менен сабакты так аткарып бирда мектептен калчы эмес болчубуз.Жогорку окуу жайларына барып окууну эжелерим бир омур арзуу кылган болушсада бирида мектептен сон окууга тапшыра алышкан жок жокчулуктун айынан.Тырышчак, эмгекчил болушкандыктанбы билбедимго эжелерим учоосу тен мектепти бутоору менен турмушка чыгып кетишти......
Тан калыштуу тогузунчу класска чейин тиртчилик менен курошуп журуп айланага деле анчейин конул бурчу эмес экенмин.Махабат жазы сен байсын же кедейсин деп илгебейт турбайбы?Кундордун биринде менден уч торт жаш улуу айылыбыздагы бир байеке жардам берчи деп суранып калды.Макул болуп жардамга бардым.Ошондо кун аябай ыссык болуучу.Пешенебизден теерибиз куйулуп отун жыйып жатсак,ал байекенин карындашы бизге муздак чай алып келип калды.Кокусунан колдорум байекенин эрке карындашынын колдоруна тийип кетип,дене бойум ток тарткандай зымырап кетти.Бир мектепте окусакда бул эрке кызга эч конул бурбаган экенмин.Ошол куну озумчо эле башкача боло баштадым.Туну бойу уктайалбай эрке кыз жонундо ойлоп чыктым.Кызык ошол кунго чейин бирда кыздын колун кармап,бир жолуда суйуу жонундо ойлобогон экенмин.Махабат кутулбогондо, кутпогон жактап келет турбайбы. Окучулук кездеги эн алгачкы махабат,наристе кулкусундой тазза,булак суусундай тунук жана уялчак болот эмеспи.Алгач биз бири бирибизден аябай уялып,сурдоп тартынып так суйлошо албай журдук.Мен аны коргум келе берет,ал менден уялып кача берет,деги койчу махабат жашынмагын ойнодук.Канчалык каттуу суйсон,ошончолук магабатка тез багынат экенсин.Бара бара биз бири бирибизгеда конуп,жашырун жолугуша баштадык.Айды этек менен жаап болбогондой биздин суйуубуз бут айылга тарады.Эрке кыздында менинда ата энелерибиз бир оозда соз айтышкан жок.Биздин суйуубуз кызыктуу бир жомоктой уланып жатты.Мен ошондо тируулук озу бир чоон доолот экенин,кембагалдык убактылуу бир сыноо экенин тушунуп озумду дуйнодогу эн бактылуу адамдай,телегейи тегиз баладай сезип жаттым.Коздорумо Эрке кыздан болок эч нерсе корунбойт болуучу.Мектептен келишим менен ата энеме жардам берип баарына жетишип жаттым.Журогумдо жанган суйуу чырагынан уламбы билбедимго жашооубузда онолуп жаткандай болуп жатты.Алтын апакемдин тиззесине башымды койуп олтуруп -апаке сиз эч кайгырбан мен мектепти буторум менен иштеп сиз менен атамды жакшылап багамын.Сиздерге чоон кылып уй салып беремин деп суйлоп келечегим жонундо ойлоп жаттым.Тагдыр экенда классташтарым мектепти буткон сон,ар шаарлардын атын атап окуу жайга отуп окууну энсесе,мен болсо айылдан алыстарга кетип иштеп акча табууну арзуу кылдым......
Журогумду багындырган менин Эрке ханышам менден бир жашка кичуу болгондуктан, мен шаарга иштегени кеттим,ал ыйламсырап окуусун улантып айылда калды.Эх ошондогу биз коштошкон айлуу тун,ары сырдуу,ары табышмактуу махабатыбызды кучагына тартып кетти.Журок айласыздан консода,конулумдогу бир сезим мени андан бир кадамда алыс жылдырбай жатты.Ошол кездеги каректерибиздеги чагылган жалындар таштыда эритет болуучу.Очошконсуп бир муноттой сезилген айлуу тунду кубалап танда сурулуп келип калды.Махабатым Эрке кызымдын каректеринде калган болсода,коздорум бирда алтынымдын ажарына тойбой айылдан узап кеттим.Бактылуу келечек учун мен айылдан кетууго мажбур болуучумун. ..............
Ар бир нерсенин кадырын алыстаганында билет турбайсынбы. Шаарда иштеп журуп эн биринчи апакемдин мен учун дайардаган дамдуу тамактарын сагындым.Тапкан акчаларымдын биринда бее жай коротпой ата энеме жонотуп жаттым.Озумду чон адамдардай сезиб,токтолуп ата-энемди багып жатканымдан сыймыкданып жатсамда,махабат деген ыйык сезимдин алдында алсыз экенимден кусалыкка багындым.Сезимдерим ханышасы болгон Эрке кызымды коргум эле келе берет.Кунду жумуш менен алектенип откозгон болсомда,тункусун бирда уйкум келбей.Жылдыздардан асылымды жок дегенде тушумдо корууну отунуп кирпик кагам.....
Мен шаарда копко чыдап журо алганым жок.Билбедим эмнегедир барибир тулган жериндин топурагы тарта берет экен.Себелеп аппак кар жаап жаткан кезде айылга кайттым.Ата- энемди коруп кусалыгым жайылды.Ошол куну эле Эрке кызым менен жолугуштум. Эх коп кундук айрылуудан сонку жолугушуу кандайгана керемет.Ошондогу, журоктордун соккондорун, конулдордун толкуп ташкандарын, сезимдердин унсуз ыйлагандарын эч бир соз менен жеткизип жазып болбосо керек.Ак карлар уйпалаган Эрке кызымдын чачтарын жыттап тойбой жаттым.Ал болсо мага акырын-эми сени эч жакка койуп жибербеймин, сенсиз жашашым ото кыйын экен деп жатты.Ооба менинда андан бир кадамда алыс жылгым жок бирок турмуш тиричилик деген кыз жигиттин конулуно карабайт экен.Коп отпой мен кайрадан иштегени кайтууга мажбур болдум.Уйубуздогу оокат аштын тугоп баратканы мени айылда калышыма жол койгон жок.Коштошор тунубуз Эрке кызымдын журогу сыгылып аябай ыйлады.Ал менден-кетпен сураныч жок дегенде жазга чейин журунчу деп отунду.Мен болсо аны кучактап опкулоп -менинда кетким жок бирок иштешим керек мени тура тушун.Мага ишен мен албетте келемин.Буйруса биз бактылуу болобуз.Биздин махабатыбыз бизди сынап жатат.Мага ишен,мени кут,сабырдуу бол,ишенич,сабырдуулук бакытка жетелейт.Коросун баары жакшы болот дедим.Ал болсо -мен сага ишенем деп айтып жаткан болсода эмнегедир конулу тынч эмес болуучу.Коздорундогу жаштарда жашырылган бир сырлар бар болуучу.Ошол тун биз учун акыркы айлуу тун болуп бир омурго журогубуздо моордой басылып калды.Алгачкы махабатым менен ошондо бир омурго коштошуп жатканымды сезгенимде эле,балким бугун мынчалык арман куусун чертпеген болот белем.Эрке кызымды акыркы жолу чачтарынан суйуп эркелетип жатканымды журок деген сезгенде кана ошондо? Балким журогум таштай талкаланып, аял затынын кадырын билбеген бир мереске айланбайт белем.Эх махабат суйуп колун жеткенде бир гулдесте,айрылып ыйлап калсан,ыйындыды укпаган бир сынык жарыгы жок чырак турбайсынбы. Эх махабат жалындап жанганында тентектинда меесине акыл учкундарын себелеп даанышман кыласын,кол сунуп жетпей калганында акылдуу жандыда акмак кылып,тубу жок жарга туртот турбайсынбы? .......
Биздин уйбулобуз менен туугандарыбыздын арасында чыккан чырдан айылга кайтууга мажбур болдум.Барсам биздин уйдо болок адамдар жашап жатышыптыр. Эч нерсеге тушуно албай бироонун уйуно кочушуп отушкон ата-энемди издеп таптым.Атам мага баарын тушундуруп берди.Корсо биз уй салган жер атамдын бир туушкан акесине тийешелуу болгон экен.Канча жылдар мурда атам акесинен акча алып кайтара албаган экен.Койчу акыры авам балдары менен биз жашаган уйду жашырын сатып жиберишиптир. Багы жокко дагы жок дегени ушууда.Эми гана жашооубуз оноло баштаганда уйуда жок калдык.Апакемдин тагдырына нааразы болуп ыйлаганын угуп чыдай албай ыйлапда жибердим.Ошол куну мен апекемдин алдында калып Эрке кыз менен жолугушуга барганым жок.Эртеси туну Эрке кыз жолугушуга келе бербегенден алардын уйун коздой басып жонодум.Бактарынын этек жагынан отуп баратып Эрке кыздын апасынын ачуу унунон так токтоп калдым.-Кызым сен эми жаш кыз эмессин.Келечегинди ойлошун керек.Сен тандаган баланы жаман дебеймин бирок уй жайы жок,коросунда бир чычкак улагы жок балага сени кантип берем кызым.Уй жай кыламын деп бир омур кулдай иштеп омурун отот.Ал уйго бир каргыш тийгенби билбедимго койчу мен таныгандан бери тиш тырнактары менен иштешседа теги алардын бири эки болбоду.Эми минтип бироонун уйундо олтурушат.Ошону коруп туруп кантип сени аларга берем кызым.Эч жакка барбайсын уйго кир.Эртен туугандарыбыз келет сага нан сындырабыз деди.Эрке кыздын апасынын создорун угуп жинди боло жаздадым.Эгер кимдир силер жонундо ушентип айтты дегенде эч качан ишенбеген болот элем.Оз кулагым менен угуп калтырап калдым.Шаарга кайтардан алдын Эрке кызга жолукканы канча арекет кылбайын барибир жолуга алганым жок.Ал такыр уйунон чыкпай калды.Болгону бироолордон мага кат жазып берип жибериптир. Кат мындай деп жазылган болуучу"Салам асылым Мени кандай соз менен атасанда озун бил.Сен аксын.Мен сенин тунук махабатын алдында айыптуумун. Мени кечир суранам убадамда тура албадым.Кечир мени ата-энемдин созунон чыга албадым.Эне деген ыйык зат.Сенин апан мага уйлонушуно каршы болгондо балким сен башкача жол тутмак болот белен билбедимго мен суйубуз учун курошо албадым.Мен ата энесинин айтканынан чыкпаган акылдуу кыз,ыймандуу аял,боорукер эне болушума ишенем бирок сенсиз турмушта бактылуу болушума эч качан ишенбеймин, эч качан.Озум болок жан менен жашасамда журогум ар дайым сени менен бирге болот.Мага ишен сени бир омур суйуп жашаймын.Отуном сен бактылуу бол.Мени кечир."-дептир. .......
Мен шаарга кеткен сон Эрке кыздын тойу болуп отту.Дуйнодогу эн бактысыз адам болуп калганымды коруп,аргасыздан тагдырга там бердим.Озумду койорго жер таппай калдым.Олгум келди.Бир гана апамдын коз жаштары мени кармап турду.Ушунчалык жашоодон конулум калган болсода ата-энем учун иштешим жана жашашым керек экенин,алардын бар умуту менден экенин ойлоп,тишимди тилиме басып ташбоор тагдырга тикке карай бастым.Омуру арак менен дос болбогон болсомда аябай конулум арак деп суусап жатты.Апамдын айткан создорун эстеп канча жолу дукондун оозунан кайттым....... .
Коп отпой жакын досум Марат менен иштеп акча тапканы Россияга жол алдык.Кылкылдап поюз жылган сайын кимдир мени кузотуп жаткандай эл арасынан кимдидир издеп жаттым.Журок болду деген мененда конул кургур умут кыла берет турбайбы...
Автордон:Мекендеш Мин турлуу муноз менен мин тирлуу адам болуп жашасакда,Тагдыр жолдорубуз копчулугубуздуку окшошуп кетет турбайбы.Турмуш бул озуу сыноо.Сыноолордун баарысын сабыр менен женген адам гана бактылуу боло алат.Эгер пешененизге алгачкы махабатыныз менен омур суруу жазылбаган болсо,ал суйууну кайтарып алам деп эч ойлонбон.Ооба алгачкы махабатты унутууга болбойт.Бирок ал суйууну кумсап сизди суйгон инсанды азаптап откон омур окунучтуу... .....!"
Убакыт журок жараларын дарылайт дешет.Балким кимгедир ошондой сезилер.А менин жарам тескерисинче кундон кунго ырбап барды.Канча жолуу унутуга арекет кылдым,канча жолу аны эстебеймин деп озумо озум соз бердим.Бирок бир жолуда оз журогумду озумо багындыра албадым.Анын карагаттай коздору,жакшынакай жылмайгандары коз алдымдан кетпей койду.Кулагыма анын шанкылдап кулгон кулкулору угула берет.Ал бироонун суйуктуу жары болгонун билип турсамда аны бардыктан кызганып аны эч кимге ыра коргум келбейт.Баарысы туш болсого,ойгонсом асылым кучагымда болсо экен деп аргасыз уйкуга коз жумам.Досторум болок кыз менен таныштырышты. Башында баарысын унутуп,жашоого жаны коз караш менен багып жашаганы арекет кылдым.Колумдан келгенче ал кызды сыйладым.Аны менен тез тез жолукканы арекет кылдым.Ага арнап белектерди сатып алдым.Бирок ал кызга кылган маамилем жасалма экенин,чын журоктон чыккан сезим жок экенин ал кыз озу байкап калып-байеке мени кечирин,менден капа болбон,экинчи жолу бироону суйуп калып бактылуу болуш учун,алгач биринчи суйууну бутундой журоктон чыгарып салуу керек.Сиз мага жагаз,бирок мен сиздин биринчи махабатыныздан калган жаранызды байлаганы бир сапаттуу мата болууну каалабаймын. Сиздин мага жургон турганыныз, маамилениз,тарбияныз аябай жакты.Кыскасы сиз мен кыйалданган жигитсиз.Бирок кыз бала учун жигитинин журогундо башка бир кыз жашап жатканын билип жургондон артык азап жок.Чыныгы суйгон коздор эч качан калп суйлой албайт.Чынын айтынызчы бир кун келип алгачкы суйгонунуз сизге кайтса,кимдин колун кармайсыз? ............ -Мына кордунузбу? Калп болсода жок деп айтаалбадыныз. Сиз азыркы кунго чейин ал кызды суйуп жашайсыз.Журогунуздо эч кимге орун жоктой....... Менден капа болбон жакшысы биз дос болуп калганыбыз дурусураак. Дос болуп калалы деди.Ооба ал кыздын создору толугу менен чындык болуучу.Бирок канткенде откон кундорду унутуга болот.Эгер журогум ошол кундордо бутундой калып кеткен болсо.Кантип ойлобой койгону болот,Журогумо бир сезим мыктай сайып отуп турса.Кантип? кызганбай,сагынбай жашаганы болот,сенсиз жашай албаймын деген коздор озго жарды суйуп турса,убаданы мага берип,суйуу шамын болок жардын журогуно тутуп турса........... .
Копко ойлонуп журуп акыры бир чечимге келдим.Эрке кыз барибир меники болбойт.Ал жолдошун суйбосода балалуу болсо балдары учунда жашайт.Ал барибир мага кайтпайт.Мен асылым апам учунда башка бироону суйуп калып бактылуу жашашым керек.Ата-энемди мееримдуу,ыймандуу келиндуу кылышым керек деп ойлоп махабатымды бутундой журогумдон алып салганы арекет кылдым.Атама топтогон акчамдын баарын жонотуп -Атаке сураныч болок айылдан уй салганы жер сатып алын.Озунуз арзуу кылгандай тоолуу айылга кочолуу,мал кой менен тиричилик кылабыз дедим.Атам макул болду.Ошентип биз тоолуу айылдардын бирине там сала баштадык.Ата энемди аябай сагынган болсомда уй жайды бутуруп алуу учун жылдап айылга барбай иштегени туура келди.Эжемдер уй жайын бутуп калды келип уйлон,апам байкуш жалгыз кыйналып жатат дешкен сайын кимге уйлоном? деген суроо журогумду оойуй берди.Эртеби кечби барибир уйлонушум керек деген жакшы ойдо кыздар менен танышып журо баштадым.Ушунчалык зарыл болгондо коздоруно карап туруп-мен сени суйуп калдым деп калп айттым.Журогумду бир бычак миизи тилип откондой болду.Мырза жигит мен учун -конулун жок жарга суйомун деп айтуу ушунчалык олум менен барабар экен.Эрке айым мени суйуп туруп кантип башка бироо менен бир жастыкка баш койду экен.Ошол кезде кыр жеринен тилинген журогунон эмне деген гана ойлор отту болду экен.Барибир мени ойлобой жашап жатканына ишенбеймин. Дуйнодо чыныгы суйуу бар экен демек алда мендей азап чегип жашап жатат.Ал да мендей калп айтканы мажбур болуп жашап жатат...
Кучагында сагыныч,тарыныч, кутуу жана саргайуу болгон,коендой окшош кундор отуп жатты.Бир куну эле каттуу уктап кетипмин телефонум улам чыркырай бергенден ойгонуп кетип алсам -Алоо кандайсын? деген ун угулду.Журогум соккондон токтоп калды.Бул унду мен мурда кайдандыр уккандаймын. Бул ун мен жылдап,кумсап издеп таппаган керемет ун.Бул ун кундон кунго суу жетпеген арыктай куруп бараткан конул кочолорумо суу сепкендей болду.Ушул ун менен ондон тайган жузумо кан жугургондой сезилди.Кулагыма аябай жагымдуу угулган унго жооп айталбай унсуз калдым.Болгону кимдиндир ыйлап жатканын сездим.Коздорумдон жашым куйула тушту......
Бул кандай суйуу мени бутундой бир белгисиз ааламга жалгыз сургун кылган.Бул кандай тагдырдын мага берген сыноосу,омурумду бир суусуз чолго багындырган. Бул эмне деген суйуу,кандай барксыз омур,бут жан дуйном бир мунотто бир асылдын дообушуна багынды.Бар умутумда,бар мун кайгымда,бардык акыл ойумда ошол добушта калды.Акылынан адашкан дербиштей болуп телефонду кулагымдан тушурбодум. Алда унсуз ыйлайт наалат айтып тагдырына,менда унсуз ыйладым кайгырып жазмышыма.Копко бири бирибизге бир ооз соз айтууга батына албасакда,биз ак деп,биз тазза деп,биз туруктуу жана тунук деген аппак суйубуз кайрадан журокторубузго уялап,бизге бой бербей сырдашып жатышты.... -Асылым Эркем кандай журосун? деги жашооундан бактылуусунбу? деп сурадым калтырап.Ал бир азга ун катпай туруп -Мен жакшы...... болгону бакыт эмне экенин унуттум.Канчалык арекет кылып бактылуу болууга умтулбайын эч колумдан келбей жатат.Денем жана ыйманым болок жандын кучагында болсода,журогум сен менен кеткен турбайбы.Суйуп калууга бир коз караш жетиштуу бирок унутуга бир омурда жетпейт экен.Уй жайы бар бай адамга турмушка чыкты бактылуу жашап жатат деп мени эсептебе,Конулун жок жандын кучагында тундуу тосуу,журогу жараланган аял учун ар туну бир олуп,бир тирилген менен барабар экен.Мени кечир баарысы учун.Сага берген азаптарым учун кечир.Жоопсуз калган суйубуз учунда мени кечир ардагым.Мен азыр жалгызмын деди.Эмне деп соз айтышымдыда билбей калдым.Кубанычымдыда кайгырышымдыда билбей калдым.Тилиме биринчи келген соз-Кантип эркем,кандайча сен жалгызсын болду.Ал -мага конул бурба,эми сенин конулунду буругада акым жок.Мен тойумдан сон кудайымдан сен менен эч качан тагдыр жолдорубуз кесилишбесин суранган болчумун,сени менен эч качан суйлошуго барбаймын беп ойлогон болчумун.Бирок ойумдун устунон чыга албадым.Азыр апамдардын уйундомун,жаман ойго барба мен болгону сенин унунду уккум келди.Эч бир жанга айталгыз журок сырларымды сага гана айткым келди деди.Чындыгында ошол кезде бир муноттун ичинде мееме кырк бир ой келип кырк бир ой кетти.Мен Эркем башка бироонун кучагында болсода бактылуу болушун каалаган болчумун.Анын ыйлап жаткан унун угуп ого бетер буулугуп кттим.Андан -Эркем жолдошунду токтоо,абирлуу жакшы адам деп айтышкан болуучу.Эмне ал сага кол котордубу? Ачыгырак айтчы?Эгер жолдошундан конулун калган болсо менин сага болгон суйум арзууларым бирда озгоргон эмес.Мен сен учун дуйнонун бардык азаптарына, сыноолоруна дайармын.Болгону сен жанымда болсон озу жетиштуу.Мен сени азыркы кунго чейин кутуп сагынып жашап жатам деп созумду аягына жеткизе электе ал-Жок,жок андай болушу мункун эмес.Менин жолдошумдан конулум ток.Жолдошум дуйнодогу эн бир жакшы инсан.Ал мени келип алып кетишине ишенем.Менин эгер калса конулум махабатымдан жана сенден калсын,жолдошумдан жана турмушумдан конулум калышын каалабаймын. Сенден сураныч менин бактылуу болушумду кааласан,эгер азырда журогундо мага болгон суйун бар болсо тезирек уйлон сураныч.Оз бактынды эртерек издеп тап.Бир кун келип сенин бактын аялын жана балдарын жонундо кеп угуп сени унутарым оной болор.Сени деп жанган умут чырагым эртерек очор сураныч уйлон.Жалгыз бой журсон ойлорум сени менен жашап,мени кыйнап жатат.Башка инсандын кучагында жашап жатып сен жонундо ойлонгонум учунда кудайым мага перзент бербей жатат корунот.Сураныч, мен балалуу болуп бактылуу болууну каалаймын.Отуном сенда бактылуу бол.Омурду артка кайтара албайбыз.Омурубуз артка кайтып махабатыбыз бизге кайрылган тагдырдада мен сеники болбоймун.Мен бир турмушту кордум.Сен ойлогондой мурдагыдай Эрке кыз боло албаймын.Мени кечир дедида ал телефонун очурду.Бар умут тилектери очуп,арзуу жана махабаты шамал менен кошо алыстарга учуп кеткен бир кедей кайырчыдай шалдырай тушуп болмонун дубалына суйонуп олтуруп калдым.Коздорумдун асты тумандап эч нерсе корунбой калды.Эгер теги бир тагдырдан болуп пешенене жазылбаган суйуу болсо,кыйкырсанда, тырмышсанда, ыйласанда барибир колун жетпейт турбайбы. Эх суйуу,суйуу гулдогондо гул десте,солуганда бир тубу жок бир жар турбайсынбы? ......
Досум Марат -Турчу козунду аччы эмне болуп баратасын дос.Бир кызды деп ушунчалык ичкенин эмнеси деген созунон озумо келдим.Башым жарылчудай оруп жатты.Мен адатта эч мынчалык ичип конбогонум учун да башым тегеренип,бут денем ооруп чыкты.Марат -озунду кармачы дос ошол кыздан болок дуйнодо жакын адамдарын жокбу? Сен учун жанында бергенге дайар болгон апанды унуттунбу дос.Дуйнодо ападанда ыйык аял барбы озу дос деди.Ооба мен ата энем жана эжелерим учун болсода бул жолду тандабашым керек деп ойлоп,кичинекейимде апамдын бизди багамын деп кыйналгандарын коруп-апа чонойсом озум сизди иштетпей багамын,сизге эн жакшы койнокторду алып беремин деп берген убадаларым эсиме тушту.Ордумдан туруп жуунуп кийимдеримди алмаштырдым. Мени кайрадан жашоого апакемин ажары,анын тугонгуз меерими кайтарды.Мен оз махабатынын султаны болгон мырза боло албаган болсомда,апакесин жандан азиз суйгон ыймандуу бала болгум келди.Апакемин тиззесине башымды койуп алып,унсуз бар арманымды айтып ыйлагым келди......
Айылга кетишимди досум Маратка айттым.Ал кубанып-туура ойлопсун дос.Мурда эле кетишин керек болуучу.Мага эч кулак салбай койдун дос.Барда уйлон баарысын унутасын.Балалуу болгонундан сон турмушун оз изине тушуп кетет.Дуйнодо баладан артык бакыт барбы дос.Балдарындын апасын чын журогундон суйоо албасанда,аны урматтап сыйласан,ага ыйманын менен мамиле кылсан бактылуу болосун.Чыныгы жашоодо суйгонуно жеткен адамдар саналуу гана досум деди. -создорундо чындык бар дос бирок кимге уйлономун,ким мага турмушка чыгууга макул болот экен дедим.-Андай деп ойлонбо дос пешенене армандуу суйудон болок эч нерсе жазылбаган дейсинби? Ыймандуу намас окуган кызга уйлонсон менин ойумча сени тура тушунуп жашайт.Азыр эжелерине чалып айтып кой.Алар кыз суруштурушуп турат барасын танышасын,жагып калса уйлоносун койосун.Бардык азаптардан кутуласын деп кулуп калды досум.Ошол куну досум окобуз менин тагдырым жонундо копко суйлошуп жаттык.Эртеси мен уйдогулорго чалып ден соолуктарын сурап,уйубуздун кемчилдиктери бутуп апамдар мени келсе уйлондуробуз деп жатышканын угуп,эмнеге экенин билбедимго конулум которулгондой болду.Балким чындыгында баарысын башынан баштагым келгендир.Кенже эжеме -эже менин суйлошкон кызым жок мага кыз караштырып корунуздор ыймандуу,намас окуган кыз болсо танышып уйлономун дедим.Арадан бир жума отуп отпой эжем мага чалып-иним эртерек келсен жакшы болот биз бир сен айткандай ыймандуу намас окуган кыз таптык.Ал кыз апамдаргада, эжемдергеда аябай жакты.Бирок болгону апасы каза болгон огой эненин колунда чонойгон,кембагалыраак жердин кызы экен деди.Мен -эже сиздер турмушка чыгып жатканыныздарда бизда ото жарды жашоочу элекко.Кембагал болсода ыймандуу апам менен атамды картайганда жакшы караган,эн негизгиси апама жаккан кызболсо болгону дедим.......
Ото кыска убакыттын ичинде тойубуз боло турган болду.Мен болочок аялым менен тойубуздан мурда бир гана жолу кордум.Кандай? ойдо,кандай ?сезимде,кандай? журок толгоодо калганымды тушундурупда айталбаймын. Жакында гана мектепти аяктаган бул жаш кыздын жамалы ар кандай жигитти ойго салышы мункун болуучу.Бирок менде жалыны жок жылуулук кана калтырды.Мен барибир уйлонушум керек,ата энеме ыймандуу келин,келечекте торолуучу балдарыма мееримду апа керек деген ойдо баарына макул болдум.Жылдыз толгон асманымда ай болсода дагы бир айдын нур чачышына кадам таштадым.Бирок? .....бирок,жаны гана ачылган гулду жактырбай узуп алуу,аны тепселеп салуу менен барабар экенин ото кеч тушундум.Балким жоопсуз калган суйуусунон умут узалбай таштай катып кеткен бир таш сыяктуу эч качан тушунбогон болот белем,эгер тагдыр коздорумду маштай ачып мени жазалабаганда. Эх суйуу,суйуу адамды алдаганын ас келгенсип азгыратда турбайсынбы?......
Омурумдо бир гана жолу коруп бир жастыкка баш койгон омурлук жарым чындыгында ото ыймандуу жана боорукер,тушунуктуу кыз болуп чыкты.Чын чынына келгенде ал менин Эрке кызымданда сулуулраак болучу.Сулуу сулуу эмес суйгон жарын сулуу болот экен.Таш боор тагдырыма тиштенип,канчалык эркектик намысымды бел кылып арекет кылбайын ак никелуу аялыма жакындашым ото кыйын болду.Бир журканды жамынып,бир тошокто жаткан болсокда,тушалган аттай кыймылсыз калдым.Ал мага жакындашкан сайын кимдир мени андан алыс алып качат.Жылуулап салынган журканда эркек болуп оз бурчунду аткара албай же биротолу ордундан туруп басып кете албасан тирууда болсон гордо жаткан менен барабар турбайбы.Муздай тонгон журогумду коштоп муздай тушту тошогумда.Махабатым бир гана журогумду багынтканы ас келгенсип бардык дене мучоолорумдуда оз жолуна тарткан турбайбы.Эркектик намысымды уурдаган,сай соогумду сыздаткан алгачкы махабатыма ошол туну мин бир наалаттар айттым.Омурумдо биринчи жолу ошол туну,намысыма чыдабаганым учунбу билбедимго Эрке кызды суйгонумо окундум...... Кучагымда ак никелуу бир ак марал туйлап жатса кантип мен аны кучагыма кыса алганым жок.Кандайча? Оз мокумун кандыруу учун ар кандай арам иштерден кайтпаган бир зокурчолукда боло алганым жок.Менин журогум менен бироонун айдай кызынын намысын булгаган зоокурдун журогунун кандай айырмасы калды замандаш.Журогунду жылытар сезим болбогон сон жылмайганында бекер турбайбы..... .......Намысым менен Махабатым ортосунда калдым ошол туну.Бир олуп бир тирилген болсомда ошол туну мен ойлогондой болгон жок баарысы....... ....
Бизди кутукташып келген жакын саналаштарыбыз баарысы бизге суктанышып, бизге жакшы ой тилектерди айтышып,жаны уй, ыймандуу жаш сулуу аял кандайгана бактылуусун дос деп кимдир кулагыма шыбырайт.Ооба сыртан караган адамга биз шакекке коз койгондой бири бирибизге дал келдик.бирок? бакыт бул бир гана баш кошуу эмес андан сонку айлуу тундор менен бааланат турбайбы?.... Кызык бир досум айткан болуучу жаны уйлонгонумдо кун батып карангы тушушун гана кутоо берчимин,ошол тундордо озгочо бир сыйкыр жана керемет бар болуучу дос деп.А мен болсо тескерисинче тандын атышын кутом.Жанымда бир жар жаткан болсода озумду жалгыз сезип....
Мен барибир намысымды колдон бербешим керек,кандайгана жол менен болбосун барибир оз бурчумду аткарышым шарт.Мен пешенеме жазылганына конуп жашашым керек.Эрке кызым мен учун эми жок деген ойлор кечке чейин мени кыйнап жиберди. Ошол табышмактуу тунду кантип баяндап толук айтуунуда мен билбеймин.Болгону музданда муздак тошогумо жатканымды эстей алам.Кийин эле бир заматда коз алдыма Эрке кызым келди.Жузумо кулку жугуруп аны копко тигилип карадым.Аны аябай сагынган экенмин.Анын дуйнодогу эч бир аялдын чачтарынын жытына окшобогон чачтарынын жытына мас болуп,анын алкымынан жыттадым.Баары туштогудой болуп жатты.Мен озумду биринчи жолу ошол туну тошокто эркин жана жароокер сездим.Ушунчалык бактылуу болгонумдан аны кучагымдан эч чыгаргым келген жок.Аны кайра кайра опкулоп жаттым.Андан ал жагын эстей албайм.Болгону коздорумду ачканымда кучагымда Эрке кызым эмес аялым жатканын коруп тошогунон жылан чыккан адамдай ыргып туруп барып токтодум.Аялымда чочуп кетти окшойт коздорун балбылдатып ыйлам сырап мени карайт.Ал мени деп жанып турган коздордо бирда айп жок экенин билип турсамда озумду башкара албай калдым.Кийин ага окшогон тундор уланып жатты.Ким менен жашап жатканымада акылым жетпей калды.Эрке кызым мененби?же айдай сулуу болгон аялым менен жашап жатамбы?. Эрке кызым менен уктасам аялым менен ойгоном,Аялым менен уктасам Эрке кызым менен ойгонуп жаттым.Мындай тушунуксуз тунку жоруктарга менда аялым байкушта конуп жаттык.Барибир эркек турбайбызбы журогундо жубайына деп аталган жылт деген сезим болбосода тошок кумарын зокурлорчо тандайт экенбиз.Кандайдыр бир жан эргиткен жакшы коз караш же суйуу менен тошок кумарына батпаган сон менин зокурдон кайсыл жерим кем.Кете турган жолоочудай тандын атышын кутом.Очошконсуп тундорум тунго уланып тан эч атпай жаткандай сезиле берет.Мени кучактап койуп жибергиси келбей кучагымда аялым жатсада Эрке кызым кантип тунду откозуп жатты экен,менин журогумду эзип жаткан санаалар,анында журогун ойкоп отту бекен,ал да мендей журок суйбогон жандын кучагында кантип жашап жатты экен деп ойлой берем...........
Уйлонсом баары бутот,баарын унутам деп ойлоп адашканымды тушундум.Тойумдан кийинги жашоону коргон сон Эрке кызга болгон арзуу жана сагынычым андан бетер куч алды.Аны коргум аны менен чогу жашагым эле келе бере турган болуп калдым.Эки от арасында калды омурум.Эки эшик арасында калды конулум.Намысым менен махабатым ортосунда куйуп,куйуп кул болду жалындаган жаштыгым.Кучагымда бир жар,журогумдо бир жар жашап,Тагдырымдада калбады баркым,кеч кузгу жалбырактай тогулдум,кубулдум. .............
Акыркы кундору орукчан адамдай ондорум саргайып озумду жаман сезе баштадым.Бул сагыныч кусалык экенин билип турсамда озумду озум алдап жашадым.Кантип алдабайын журокту жалгыз аны деп согуп жатса.Ал болсо досторумдан мени сурап билип,мага келгенде корбой калгандай басып кетсе......Ата энем каршы болгонунада карабай акыры аларды кондуруп кайрадан аз маз болсода алаксып келейин деген жакшы ойдо Рассияга жоноп кеттим жаш аялымды жалгыз таштап......
Мен Россияга кайтканым менен конулум бутундой мекенимде калып кетти.Эн аянычтуусу, эмне гана деген умуттор менен мага турмушка чыккан ыймандуу аялымда эмес,журогумду сыздатып кеткен махабатымда конул кушум калып кетти.Бир кундо бир жолуу аялым жонундо ойлогону убакыт таппасамда, ар мунот сайын алгачкы махабатым конулумдон отуп турду.Кееде жалгыз калганда ойлоп калам.Эх кандайгана тагдыр буткон мага жылдызы жок асмандай.Омурум бир шамга окшойт.Жарыгы болсода жылуулугу жок.Кундон кунго куйуп тугонуп барат умут шоолаларым. Кундорум мазмунсуз отуп жаткан болсода мен озумо ишенгендей Эрке кызымдын мага телефон чалышына ишенчимин.Журогум -кут ал сени албетте эстейт деп согуп жатчу.Айылдан келгениме уч торт айдын жузу болгон болсода аялым менен бир жолуда суйлошконум жок.Кееде гана апам менен суйлошуп жатып аныда журобу деп сурап койчумун.....
Эгер журок бир инсанды ак дилинен суйсо ал тизгини жок аттай адамга баш бербеши мункун бирок журок оз ээсин эч качан алдабайт экен.Кокусунан бир куну Эрке кызым чалып калды.Бул жолу биз копко суйлоштук.Ал ыйлап -Сага чалбаймын жашоона тоскол болбоймун деген болчумун бирок колумдан келген жок.Тагдырымда мага касташкансып бала жытыт жыттаткан жок.Жолдошум канчалык каршы болсода тугандары ортобузда бала болбогондуктан бизди ажыратышты. Сенин жашооуна кируу максатым жок.Болгону сезимдерим кор болгондо сенин унунду уккум келди деди.Менда асылым мендей бактысыз жашап жатканын угуп бут денем бошошуп конулум толуп оксуп кеттим да -Эркем менин,ак куум менин ыйлабачы.Сенин бир тамчы жашына дуйнонун эч бир керемети арзыбайт.Сен ыйласан сени менен кошоо булуттар ыйлап башыма асман тушуп кеткендей болуп жатам.Ыйлабачы асылым бизге келген тагдыр ушундай экен.Эгер сенин ажырашканын чын болсо менинда сени кутуп,ак суйуубузго ишенип,умут менен жашап жатканым чын.Мен бир кун келип сенин мага кайтарына ишенгенмин. Сураныч мага кайт.Калган омурумду да азапка салба суранам.Келе албасан мен жанына баруугада дайармын дедим.Ал-жок жок жаным андай кылба.Сенин аялын бар ыйманду.Мен анын коз жашына бакыт куралбаймын. Сени сыздатып койуп мен бактылуу боло алганым жок.Эми аялынды ыйлатып окобуз бактылуу боло албайбыз мени кечир деди.-Эркем мени тушун мен сенсиз жашай албаймын.Аялым ыймандуу жакшы аял бирок ортобузда суйуу болбогон сон ал бир кун бизди тушуноор.Махабат учунда бизди кечирер жаным дедим.Бир аз унсуз калган Эрке кызым -Мени унут биз эч качан чогуу боло албайбыз дедида телефонун очурду.Ошол кундон баштап журогумдогу умут шооласы тутана баштады.Анын ажырашканын угуп жузумо кан жугурду.Эрке кызым мага так жооп бербеген болсода Ал бир кун келип меники болушуна ишене бердим.Конулум которулуп озумду кубанычтуу сезе баштадым.Тан калган досторум -Ой эмне мынча кубанычтасын теги эле кабагынды аччы эмес эленго дешип тан калышат.Ачыгын айтсам эч бир досум менин суйумду тушунбойт.
Уландысы бар.

Комментарии